Читать книгу Бабалардын жанырыгы (Кадыр Абакиров) онлайн бесплатно на Bookz (14-ая страница книги)
bannerbanner
Бабалардын жанырыгы
Бабалардын жанырыгыПолная версия
Оценить:
Бабалардын жанырыгы

5

Полная версия:

Бабалардын жанырыгы

***

Ошентип мезгил өтүп, ак булуттар тоого көчүп жатты. Күн ысып желеге жакын жерде башын кыймылдатып, беелер ылоолойт. Уйлар сайгактап, сууга карай качып, кара жаны менен алек болот. Чөпкө тойгон койлор жуушаш үчүн көлөкө жерге ык коёт. Тоолордун башындагы булуттар гана аскаларга байланып тургансыйт. Карыялар мындан ары күн ачык болот деп божомолдоп жатышты. Тоо чабалакейлери тынымсыз саз өрдөй сызып абада баратып чымын-чиркейлерди кармап жейт. Суу тарптагы көлмөдөн биз дагы барбыз деп каз-өрдөк каркылдай үн берип жатты. Түркүн-түстүү калдыркан көпөлөктөр гүлдөн гүлдү тандап, кооздук таратып учуп жүрүшөт.

Тоонун этегиндеги шар аккан суунун жээгинде бугу уруусунун баатыры Белектин үйлөрү. Аялдар бээ саап, май сызгырып, курут жаят. Балдар козу кайтарып, энелер кийиз бышырып, төшөк каптайт. Байбичелер ийик ийрип бошошпойт. Кыскасы ар бир киши өзүнүн иши менен алек. Ошол күндөрдүн биринде чептен боз үйлөргө ала топу, сары чапан кийген белине жоолук курчанган үч сарбыз келди. Жана дагы байланган канжарлары салпактап жүрөт. Белек баатырдын элинен салык алып кетмек болуп келишти. Белек баатыр:

– Салык бербейбиз силер биз үчүн эмне кылып жатасыңар. Жада калса тирек болуп, калмактардан да коргой албай жатасыңар,-десе, Ала топучандар: – Анда биз силерден күчкө салып барымтага ак үйгө адам алып кетебиз,-деп чыр чыгарды.

– Силер менен биз алыша албайбыз уулубуз Төрөкочкор эмне болду,-деп аксакалдар кайрылат. Ошондон кийин Кокон хандыгына элдин жүрөгү сууп калган эле. Ал кезде кокон хандыгы бир-бирине каршы болуп өз айласын таппай жаткан учур болчу. Алардын негизги максаты элден салык жыйнап алуу болгон. Куржун атасынын куну үчүн үч сарбазды садага чаап жок кылгысы келди. Анын жүрөгүндө Кундуз сулуунун элеси уялап алган эле. Кыздын жаркын элеси жүрөгүндө түбөлүк кетпей калгандай болгон.

Салык жыйноочулар саруу уруусуна карай жол тарткан. Күн так төбөгө келип, мезгил чак түш болуп калган. Алар эч кимге көрүнбөгөн бадал чердин арасындагы булактын жээгине отуруп, тамак ичкенге киришип, баштыгынан нан, эт, жер жемиш алып чыгып тамактанууга отурушту. Куржун атасынын кунун кууш үчүн аларды аңдып келатат. Колунда учкул жаңы жасалган жаа, кылыч, канжар. Сарбаздар аттарын тушап, тамакта тоё ичип, уктап эс алганга киришти. Куржун да ушул маалды күттү. Ушул кезде Куржун жаасын октоп, алардын ичиндеги эң чоңун меелеп атып калды. Ок тийгенде алиги адам чалкасынан кетип жыгылып калды. Экөө аны тегеректеп кармалап жатты. Куржун дагы мээлеп туруп, бирөөн атты ал дагы алы кетип сендиректеп барып жерге жыгылды. Үчүнчү сарт кылычын алып атты карай чуркады. Куржун дагы аны атты эле, ал ичин кармап жерге карай өбөктөп жыгылды. Куржун ага жетип барып, кылыч менен кежигеге тартып-тартып жиберди. Ал жерге жыгылып күм-жам болду. Берки экөөнө келсе, бирөө кыймылдап жаткан экен. Аны кылыч менен моюнга чаап бир жолу тындым жасады. Ал отуруп демин ичине тартып эс алууга өттү. Бул окуя көз ачып жумганча болуп өттү.

Ал эс- учун жыя албай отуруп калды. Анан бир аздан кийин эсине келди. «Бул окуяны бирөө көрүп айтып коюушу мүмкүн»– деди да адамдардын сөөгүн бир жерге жашырыш керек экендигин түшүндү. Ал суунун жээгинен чуңкур жерди издеп, андай жерди тапты. Жаны жок денелерди ошол жерге сүйрөп келип чуңкур жерге жаткырып, жардын топурагын уратып көөмп салды. Сарбыздардын денелер өөр экен аны сүйрөгөндө чарчап калды. Атардын ээрин алып калың чердин арасындагы адам барбас жерге катты.

Жылкыларды адам барбас коктуга айдап барып салды. Куржун шашып- бушуп энесине болгон ишти айтып берди. Токтоайым калтаарып коркуп,-«Кокуй билип калса анык балакет болот,– деп болгон ишти Белекке баяндады. Белек жанына бир сырдаш досун ээрчитип, эки күрөктү алып, Куржун үчөө баягы суунун жеегине келе жатышты.

Үчөө суунун жээгине келип сарттардын денесин адам тапкыс чуңкурга көөмп, үстүнө ача алгыс кылып таш бастырып салды. Ал эми аттарды түн ичинде айдап келип союуп алышты. Булар калмактардан айдап келген жылкылар болчу дешти. Чүйдөн беш сарбыз келип, жок болгон береги үч адамды таба албай жүрүштү. Кайдан табылат. Кекенген бала атасынын кунун кууду.

Эми ошол окуя болгондон бери бар канча кылым өттү. Бирок бабалардын санжырасы унутулбай айтыла берет. Бир гана аны унутулуп калбас үчүн кагазга түшүрүп коюуш керек. Ошол иш ошол болду. Мезгил болсо закымдап өтүп жатат. Бирок кагазга түшкөн санжыра эч убакта унутулбайт. Аны кийинки муун кагаздан окуп аны санжыра-жомок кылып айта берет.


ТОРГОЙ БААТЫР


Берен Торгой атанын

Баатырдыгы дакталган

Аты болуп улама,

Артында өлбөс ыр калган.


Куржун атанын улуу баласы Торгой Жараткан Алаанын ырайымы менен беш уул, үч кыздуу болду. Алар Беккулу, Майназар, Бектемир, Муса жана Бекназар эле. Торгой кудайга жалынып «Ушул капсалаңдуу заманда элди эр жигиттер коргоп, журт жоонун колуна түшүп калып, кор болбосо экен»– деп келечекке өй жүгүртөт. Жер айланып, убакыт жылып, Торгой атанын беш баласы бат эле чоңоюуп, бой тарта келишти. Алар Чоң Нарын, Кичи Нарын, көл өрөөнүндө бир жерден экинчи жерге мал менен көчүп-конуп жүрүшкөн.

Жашы өтүп калган Торгой ата көп нерсени ойлонот, анын калмак чапкынында түшкөн он кулу болуп, баардыгы жан-этин жеген иштемчил жандар эле. Атанын үй-бүлөсү да ошону каалаган.

Тоо капталындагы булуттар улам өйдөлөй жылып, аскаларга илинип, анан калың катмарды пайда кылып, далай жолу кара нөшөр жамгырды сабалата төгүп кирет. Жаандан таштын бетине жайнап түркүн гүл өсүп, алар караган, пенденин көз жоосун алып турду. Адамдар быйылкы жай өтө жаанчыл болгонун кеп кылып айтып калышат.

Биз эми өткөн бир уламаларга кайрылалы. Куржун ата алты балалуу болду дебедикпи. Анда Торгой атанын бешиктеги чагы экен.

Бул убак беш оона айынын орто чени эле. Айлана салкындап, бат эле күн улуу тоолордун артына жашынып кеч келди. Анан жыбыт-жылгага күүгүм түшүп, караңгылык акырындап аралай баштады. Андан кийин алоо жана балбылдап алтын табактай болуп, жер бетине текши нур тарата түн сулуусу калкылдап ай чыгып турду. Айлуу түндө жалгыз ат кишенеп кайсыдыр бир тарапка кетти окшойт. Алыстан түн жырткычы үкү шектүү үн берди, жамангабы, жакшылыкабы ким билет? Арыдан кой мекиренип козусун чакырып жатты. Козу маарай чуркап келип энесинин эмчегин какшыта эмген шекилденет. Бобереги келишкен боз үй Куржун атаныкы. Ата аялы экөө жылуу төшөктө жатат. Төрдөн ары бешик, бешикте Торгой мемиреп уктап жатат. Бир кезде кандайдыр шектүү дабыштар чыкты. Ошол үндөн экөө ойгонуп кетип, чыккан үнгө кулак төшөп калышты. Сак жаткан адамдардын уйкусу эрте эле канып калат эмеспи. Түндүк жабуу чала тартылып калыптыр, айдын үч бурч шооласы жердеги көлдөлөңгө чачыла төгүлүп турду. Ошол алакандай нур үйдүн ичин жарык таратып турат. А бешикте бала мемиреп уктап жатканда күтүлбөгөн окуялар башталып кирди. Эшик аяр ачылып, чаар ала күрсүйгөн чоң жолборс күркүрөп кирип келди. Жаныбар кирип келатканда боз үй ала салып кетчүдөй болуп, карс-курс эте үн чыгарып жөн турбай кыймылдап турду. Катуу шамал башталып жаткандай элес сезилет. Түшкөн ай жарыгынан баардыгы даана көрүнүп жатат. Жолборстун күрүлдөгөн үнүнө чыдай албай, үзүк, туурдук, уук, кереге, шамал соккондой үч көтөрүлө делпилдейт. Эне коркконунан кыйкырып ийгиси келет. Ата аны колу менен катуу басып тынчтандырып үч жолу келме келтирди: « Кул хувал-лоху ахад, бисмиллахи вассалоту вассаламу ахад. Шүк жат, бул касиеттүү жаныбар баланын коргоочусу,-деди аялына Куржун ата эскерте шыбырап.

Касиеттүү айбаттуу жаныбар бешиктин жабуусун ачып баланы тили менен сылап жаткандай туюулду. Анан коломтодогу күйүп бүтө элек отту алдыңкы буттары менен асман-айга чапчып чача баштады. Чаңдан үйдүн ичи будуң чаң алай-дүлөй тартып, эч нерсе көрүнбөй калды. От учкундары боз үй ичине жылдыз болуп учуп жатты. Жолборс баарын кыйратып сыртка чыгып кеткендей болду. Бирок кетип баратканда жолборстун күрүлдөгөн үнү кадимкидей угулуп турду. Короодогу кой кыймыл салып ары үрккөндөй сезилди. Иттер бир тарапты карай чуркап ажылдап үрүп жатты.

Эненин денесин токтобой калтырак аралап турду. Куржун ата аялына:

– Үн чыгарбаганың жакшы болду, арбак жардам берди. Добуш берип кыйкырсаң, баланын коргоочусу карматпай качып кетмек. Кудайым чоң колдоду, колдоочу келгенде, бир нече жолу келме келтирип, тынч туруу керек. Ал адам баласынын тынчтыгын сүйөт. Экөө үйдүн ичин карады. Чын эле коломтодогу күл эшиктен бери айланасына чачылып калыптыр. Коломтодогу күлдө кадимкидей жолборстун бадырайган изи калыптыр. Боз үйдүн эшиги бир ыптасына кыйшайып ачылып жатат. Жолборстун боз үйгө киргени чын эле белгилүү болду. Экөө туруп бешикти ачып баланы карады, ал эч нерседен капары жок наристе тердеп-кургап пейпил уктап жатыптыр.

– Баланын коргоочусу жолборс тура,– деди ата.

– Болсун ден соолугу сак арбак колдоп, аман-эсен чоңойсун, быйыл жолборс жылы эмеспи, айбаттуу жаныбар биздин үйгө кирип, ырыскысын чачып кетти,– деп эне жаадырай беш энеси төгүлө кубана жылмайды.

Алар бул сырдуу аянды көз тиет деп эч кимге айтпады. Эртеси эне тогуз токоч бабеедин жасап, жараткандан жардам сурады. Касиеттү Куржун ата ак боз бээ чалып, журтту чакырып бата алды.

Ошол иш ощол болду.

Андан кийин далай убакыт зымарап өтүп, келгиндер учуп келип, кайра учуп кетип далай кыш, далай жаз бири-бири менен алмашты.

***

Ошентип Торгой атанын колдоочусу эч нерседен кайра тартпас баатырлыгы ашкан жолборс болду. Чын эле ошондой болду. Бир четинен душмандарына өтө сүрдүү, элге өтө күйүмдүү болду. Ал учурда күч алып турган калмактарга Торгой кадимкидей баатыр жигиттерди курап нечен жолу чабуулдарды коюп, калмактардын эсин оодарып мизин катарып таштады. Далай жолу калмактар көч көчүрүп баратканда көчүн ашуунун белинен чечебиз деп чабуул коюуга камынды. Айласы кеткен калмактар Торгой атага тизесин бүгүп, ылдый жүгүнүп, «бизге ырайым кылып кой» деди. Калмактар кандай эл эле Жунгарлар деген чоң өлкөнү түзүп, айланасындагы кытайларга, уйгурларга, кыргыздарга, монголдорго чоң эзүүсүн жүргүзүп жаткан журт эмес беле. Алардын каардуу эзүүсүн кыргыздар, казактар эч убакта унутпайт.

Уламада «Кыргыз кайың саап» деген сөз бар эмеспи. Калмактардын эзүүсү улама, санжырада арман болуп кала берген. Алар биздин көлдү, Ала Тоону ээлеп алып, калкыбызды башка жакка сүргүсү келген. Ошондой эле болгон. Кыргыздын баатырлары калмактарды башка жакка айдаган, айласы кеткен калмактар Россияга кайрылып, азыркы Калмакстан деген жерди алып бизден такыр башка жакка сүрүлгөн. Манастагы Коңурбай менен хан Жолойдун баянын эсте эмеспи.

***

Ошол мезгил токтобой өтүп жатканда касиеттүү Торгой ата Чүй жерине барып келгиси келет. Ошол жакта анын Атабек деген белгилүү бай кудасы бар эле. Ал кенен Чүйдүн атактуу бай кишиси эле анын миңге жакын жылкысы, короо-короо койлору, тоодо тооздору, созулуп жаткан талаасында жүздөгөн адамдар иштөөчү экен. Кудасы атайын Торгойду бир канча күнгө конок болуп эс алып кет деп чакырган. Ошол кезде Чүйлүк баатырлар жигиттерин топтоп өзүнчө кошуун курап, басып алуучуларга каршы күрөшүп биринин артынан бирин сүрүп чыгарып жаткан учурлары эле. Торгой да ошолордун кошуунун тартибин үйрөнүп, жигиттерин алардай кылып уюуштургусу келген.

Атабек атаны көп жерге ээрчитип барды, ал эл – жерди коргоп уюштуруп жаткан жигиттерин көрсөттү. Алар Талас жерине чейин барып, далай аймакты кыдырып көрүп, акыры ата көлгө кайтаар учуру келди. Торгой дагы Атабекти орум-жыйым бүткөн эмки күз мезгилинде сый конокко кел» деп чакырды. Алар бир-бирине ыраазы болуп коштошту. Торгой ата конокко үч кишиси менен барган эле. Үчөөнө келишкен үч жорго мингизип, келишиимдүү ичиктерди кийгизип ыраазы кылып узатты. Алар бир топ күн болуп, эс алып, кайра кайтып келатышты. Негизи Атабек куданын сыйына ушунчалык ыраазы болушту. Алдыда созулуп жол жатат. Күн аябай ысык. Аларды жолдон бир чаар кулун болбой ээрчип алды. Кулунду жигиттер айдап отуруп, үйгө желенин жанына айдап келди. Муну көрүп Атабаек:

– Ой, котур болгон немеге карабай эле кете бергиле, бул өзү талаадан биздин жылкыларыбызды ээрчип келди. Бул эмнеге жарамак эле маа десе талаада калып, карга –кузгун жеп өлсүн, ансыз деле ушунча малды бага албай эзибиз ооп отурат.-деди.

Жолочулар аттарын желдирип жол жүрүп келатышты.

Көптөн бери жаан басылбай жаап кара таштын бетине да гүл өскөн. Жол боюнда жалбыз, кызыл гүлдөр, жоогазын гүлү көзгө жугумдуу көрүнөт. Ары жакта коко тикендүү аймак созулат ал жерде беш-алты төө жайылып жатат. Саздуу жээктерде бой керип өсүп келаткан камыштар. Тигинде торгой куш көккө көтөрүлүп сайраса, калың бактуу жерде күкүк бир ырын токтобой төгүп жатат. Ал эми бобу карагайлуу черде кол башындай жапан куштар өзүнчө бир керемет ыр төгүп жатат.

Жолочулар токтобой жол келатат. Күн ысыгына ымшып тердеп кетишти. Алар артын караса, баягы чаар кулун дале токтобой ээрчип келатат. Жолочулар:

– Ой, бобу чаар кулун эмнеге бизди токтобой ээрчип келатат.

– Тим кой, ага биздин эмнебиз кетип жатты эле бир кезде баса албай артта калып өлүп, карга кузгунга жем болот.

– Биз эмне ушуга карамак белек, алыска жол жүрүп айлыбызга ылдам жетишибиз керек.

– Өлсө өлө берсин ага биздин эмнебиз кетип жатты эле.

– Кой ылдам кетели жол жүрбөсөк болбой калды.

Алар тынбай кетип баратты.

Баягы кулун артынан калбай ээрчип келатат.

Үч жолочу жол жүрүп келатат. Үчөө тең элдик санжырага жакын эле айрыкча Торгой ата санжыра дегенде жантыгынан жата калчу. Ал кишинин үнү өтө коңур келип, кепти маңыздуу баштап, анан улап жүрүп отурчу. Эч убакта бир сөздү кечке кайталап адамды чарчатчу эмес. Анын санжырасын укканкиши «дагы айта берсе» деп самоочу. Ырас Атабек куда да, санжыраны арбын билип кебин ушунча уккулуктуу айтат экен. Торгой ата ал кишиден солто, кушчу, найман, черик, нойгут урууларынын санжырасын кызыгып угуп алды. Айрыкча ал Солто, Курманбек, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Үчкө, Түлкүлөрдүн санжырасын сай медиреп айтса жөн эле бир укмуш ширин. Атабек менен Торгой далай түндө уктабай санжыра айтып чыгышты. Экөө кээ бир жеринен талышып да кетип жатты. Торгой ата бул жактан дагы көп санжыраны үйрөнүп алды. Атага Атабек куданын сөз сүйлөгөндө чечендиги укмуштуудай жагып калды. Ал куйма кулак бир сөзүн кайта кайталабаган кепти мааниси менен айткан чоң санжырачы болчу.

Үчөө сапар улап кетип баратат, асмандагы күн да кетип баратат. Булардын баардыгы өз өмүрүн өтөп жаткан жолочу болчу. Ал үч жолочуну чаар кулун да ээрчип келатат. Сапардагылар жолдон калбай ашыгып самаган жерге батыраак жетели деп аттарын текирең таскакка салып, жолду бир топ арбытып алышат. Канчалык ылдам жол жүрсө да баягы даакысы түшө элек чаар кулун болбой эле ээрчип келатат. Жолочулар кулунду баса албай жолдо калып өлөт деп ойлошкон, бирок жаныбар өлбөй, карга кузгунга жем болбой басыгы тың аттар менен тең келатпайбы. Алар жолдо келатып, эл жок жерге түнөп калышат жолдо тулга асып чай ичип, тердигин жая салып, ээрин башына жазданып, көрпөчө, чепкенин жамынып, чарчаган адамдар терең уйкуга кирет. Чаар кулун аларга жете келип, айланада оттоп эс алат. Эртеси кайра таң агарып, жолочулар сапар арбытканга камынат. Антпесе өмүр токтоп калган жатпайбы. Эми жолочулардын көңүлү чаар кулунга түшө баштады. Ар бири «Артыбыздан чаар кулун калбай ээрчип келе берсин»– деп самап калышты. Баардыгы кулунда бир касиет бар экенин билишти. Жолочулардын минген аттары артын карап кулунга карай кишенеп дабыш берет, кулун да ичке назик үнү менен кайра кайрылып жооп берет. Жаныбарлар бири-бири менен үн алышып жүрүп отурду. Эгер кулун артта калса, анда жолочулардын минген аттары артына кайрылып үн берип чакырат. «Ылдам бас, артта калба, бизге жете келгин», деп добуш берип жаткансыйт.

Жолочулар тынымсыз жол жүрүп отурду. Торгой атанын жанында Карбоз деген жигит келаткан, анын колунда жаасы бар эле, жолдон чер камыштын арасынан бырпырап кыргоол учуп калат ал аны атып алып, токтогондо ошону шишкебек кылып бышырып жеп ырахаттанышат.

Алар өтө кеч калып бир чоң боз үйгө келишти. Үйдүн адамдары өтө боорукер жакшы адам экен: «Жол жүрүп келаткан кудай конок экенсиңер түнөп кеткиле» деп бир козу союуп коноктойт. Жолочулар ырахмат айтып, ал үйгө конуп, эртеси жолго чыгат. Ошол үйдү жети жашар эркек бир баласы бар экен. Ошол бала кечке эле кулунду карай берет. Торгой ата:

– Эмне сага кулун керекпи ушул кулунду кармап байлап ал,– дейт.

Ошентип ошол кулун ал жерде калып калат. Эс алган жолочулар эртеси жол улантып чыгышат. Алар бир күн боюу тынбай сабалата жол жүрүп келаткан болот. Баары бир демеси калгансып эмнегендир артын карап келе жатышты. Анысы аз келгенсип алардын минген аттары да артын карап кишенеген болот. Баары артынан бир нерсе келеби деп күтүшкөндөй болушат. Сапар тартып кетип баратышты, асмандагы ыйык күн да сапар тартып жол улантып келатат. Баардыгы тынымсыз жол улантып калган. Алар сапар улабаса өмүр токтоп калган жатпайбы. Өмүр уланбаса анда жер бетинде жашоо токтоп калган турат. Жолочулар эмнегендир бир нерсесинен айрылгандай болду, алар артын карап калышат. Эмнени карап, эмнени күтүп жатышат. Бүгүнкү жол анча уланган жок, жол түз болсо да аттар чарчап адамдар да чаалыгып калгансыды. Алар сапар жүрүп отуруп, бир чоң таштын түбүнө түнөп эс алып эртеси жөнөмөй болушту. Тамактанышып, чарчаган адамдар бат эле уйкуга киришти.

Түн ортосу болуп, тарапка айран төгүп салгансып ай сүттөй жарык, жердеги өскөн өсүмдүктөр адамдын көзүнө даана көрүнөт. Жолочулар дагы эс алмакка камынып кызуу уйкуга киришти. Бир кезде эле карышкыр, чөөлөрдүн улуп-уңшуган үндөрүн угушту. Жапайы жырткычтар бир нерсени жеп жаткандай болду. Адамдардын үндөрү, кыйкырыктар угулду. Анан эле баягы кулундун ичке сызылып чыккан үнү жаңырды. Ал дабыш басылып, анан күлүктөрдүн чуркап келаткан жер жарган үндөр чыкты. Бир топко адамдардын күлүктү сүрөгөн үндөрү басылбай турду. Анан кулундун кишенеген үнү угулуп, Торгой ата Карбоз жигитине санын укуп кайрылды:

– Барып карачы баягы чаар кулундун үнү угулат, эмне ал ушул түндө бизге жете келдиби,– деп кеп салды. Жигит бир топ жерге көз жүгүртсө, аттардын жанында баягы чаар кулун турган экен. Чоң жылкылар кулунду тегеректеп алып, аны эркелеткенсип жүнүнөн жалап жуктап жаткан экен. Карбоз кайра келип, чаар кулунду аттардын жанында турганын айтты. Баардыгы таң калышты. Түндөгү жырткычтардын үнү кайдан угулду, бул жерде арбактардын мүрзөсү жокпу деп шекшиништи. Үн жок алар бир нерсе жөнүндө ойлонуп жатышты.

Сопу-садык өтүп, түн жарымы башталып, жылдыздар суюлуп кирди. Анан эле бир аз туруп толук караңгылык кетип, жер ак шам болуп, чыгыш жак алоо жаркырап күн чыкканга камынды. Эртеси жолочулар эрте туруп караса чаар кулун жылкылардын арасында турган экен. Алар кулун жөнүндө эч нерсе айтышкан жок. Кулунда бир касиет бар экенин сезишти. Тамактанып, тиш какшаткан муздак булактан суу ичип сапар жолго аттанып кетип баратышты. Ошентип бир канча күн-түн тынбай жүрүп отуруп Түпкө жете келишти. Артынан баягы даакысы түшө элек чаар кулун ээрчий келди. Туугандар солтолордун сыйына аябай ыраазы болду. Алар солто эли элдин тогу деп мактап жатышты. Торгой атанын Бакал деген күлүктөрдү таптаган саяпкери бар эле ал жылкы сырын мыкты билген адам болчу. Анын атасы да саяпкер болуп, бул ыйык кесипти ошол атасынан үйрөнгөн экен. Ал жылкы таптоонун көп өнөрүн билип аны башкаларга айтчу эмес. Торгой атанын да мыкты күлүктөрү бар эле. Мисалы: «Желжетпес», «Торкашка», «Торуайгыр», жана башка күлүктөрү болгон. Ал эми «Алатуяк», «Арчатору» деген жорголору дубанга таанымал эле. Саяпкер чаар кулунду карап аябай таң калып кубанды:

– Торгой аба солтолордун белегине ырахмат сизге ченемсиз күлүк берген тура.

– Эмне берген жорголорунан күлүк чыгабы?

– Жок кеп андан эмес, мен бобу даакысы түшө элек чаар кулун жөнүндө айтып жатам.

– Ал эмне экен, ошондон кантип күлүк чыксын даакысы түшө элек бир жүдөө жаныбар тура – деп Торгой ата таң калды.

– Жок аба бул убагы келгенде буга эч бир күлүк караандабайт, бул жаныбар чөл жылкысы менен көл жылкынын ортосундагы аргын жаныбар тура, мындай күлүккө эч бир баатыр оңой менен ээ боло койбойт.

– Анысын кайдан билдим, мен бир жөн эле жүдөө кулун экен деп ойлогом, артка калтырсак да калган жок бизден калбай ээрчий келди. Жарыктыктын сызылып чыккан үнүчү. Мен муну талаада өлүп, тарпын каргы-кузгун жейт го деп ойлогом.

– Мен күлүктөрдүн сырын жакшы билем. Манас баатыр жаралганда ага тагдыр Аккула жаныбарды, Алманбет баатыр жаралагнада уй куймулчак Саралыны, калмактын ханы Коңурбай бул дүйнөгө келгенде канаты бар Алгараны, Жолой дөө бул дүйнөгө келгенде Ачбууданды, Төштүк баатыр бул дүйнөгө жаралганда сүйлөйүн десе тили бар, адамдан артык акылы бар Алла Таалам Чалкуйрукту берген экен. Күлүк аты жок баатыр мекен чегин коргой албайт. Балким сизге жаратканым ушул даакысы түшө элек жүдөө тайды ыйгарса керек,– деп экөө тең боору эзиле күлүп калышты. Эртеси Торгой ата өзүнүн Чүйгө аман-эсен барып келгенине жана чаар кулунга арнап ак боз бээ чалып, эл чакырып бата алды.

Он күндөн кийин саяпкер Бакал даакысы түшө элек кулунга кам көрө баштады. Анын даакысы түшө элек жүнүн жулуп таштап, котуруна дары сыйпап айыктырды. Аны эл көрбөс тоонун түбүндөгү үңкүргө алпарып таптап жатты. Эки жылдын ичинде эле береги жаныбар ат жетпес укмуш күлүккө айланды. Күлүккө «Закым» деген ат койду. Ал жөнүндө элде мындай ыр жаралды

Көп жолу түштү эң алыскы жарышка,

Адамдан эстүү акылман жаныбар.

Марыбай чуркап берген алыска,

Маңдайында күйүп турган шамы бар.

Чаар бууданга бүт калайык көз салган,

Баатыр жанга кайыбынан кабылган.

Ойноок атты «Закым» деп атады,

Ошол бойдон «Закым» болуп аталды.


Закым күлүк кайып болгон жаныбар,

Анын эки капталында канат бар.

Алыс жерге закым болуп тез бараар,

Анын даңкы бүт ааламды аралаар.

Карылар айтчу экен «Кээ бир баатырга энчини төрөлгөндө эле берилет экен. Торгойго Жаратканым энчини өтө кеч берди», деп, анткени ал «Закым» деген күлүккө өтө кеч жетпедиби. «Закым» деген күлүк мезгил менен жарышып закым болуп турду. Анын саяпкери дагы аябай талантту адам эле. Ал ат тапаганда өзүнүн ичкен ашын жерге таштап салчу. Ал адам күн-түн тынымсыз иштеп жатты. Ошонун натыйжасында көп жылдар боюу «Закым» деген күлүккө ат жетпей турду. Чоң аш тойлордо эл алыс жактан «Закым» күлүктү көрүш үчүн атайын келишчү экен. Элде «Закым деген күлүгү бар Торгой баатыр» деген анын ысымы алыска тараган тура. Даңазалуу байлар биринчи келген күлүккө көп жылкы, беш жүз койду берген күндөрү болуптур. Ал тиягы Нарын, түндүгү Казактарга чейин барып башкы мөрөйдү утуп келген күндөрү болгон экен.

***

Эми калмактар кутура баштады. Алар кыргыз жерин көлдү ээлеп алгысы келди. Ошол үчүн тынымсыз ууруга же чабуулга өтүп жатты. Торгой ата элди коргоодо Чүйлүктөрдөн көргөн ар кандай өнөр менен ыкмаларды жигиттерине үйрөтүп аларды чабуулга даярдай баштады. Эмки кезек калмактарга келди. Күчү кетсе да бирин-экин кыргыздарды чаап жүдөтүп жиберди. Ошондо Торгой баатыр ар кайсы жерден чоң кошуун курады. Аларга кылыч чаап, найза сайганды, жаа атканды эң жакшы үйрөттү. Акыры салгылашууга калмактан Кутунай дөө баштаган кошуун келди. Салгылаш Каркыра жайлоосунун жанында чоң дайранын түндүк тарабында түз жерде болмой болду. Эки жоо бир-бирине кек сактап катуу турду. Айрыкча калмактардын көңүлү жаман кыргыздарды көлдөн сүрүп салып, касиеттү жерди ээлеп алгысы келет. Эки кошуун бир-бирин карап турат. Бир кезде калмак тараптан бир жигит Торгой баатырга чаап келип:

– Торгой баатыр Кутунай жекеге чыгууну каалап жатат,– деди.

– Макул ошондой болсун баатырыңарды камдагыла!

Калмак тарап кичине буйдала түштү да, анан Кара аргымагын каргытып бирөө чыкты. Кебетеси дөө сыяктуу чоң адам, аты да ыргыштап токтоно албай турат. Кыргыз тарап кичине сестене түштү.

– Калмактын кайсы баатыры, денеси эң эле чоң экен?

– Каапыр кебетеси суук, такыр башкача тура.

– Бул ким ия?

– Ой, бул калмактарды баштап келген Кутунай алптын өзү тура.

Кыргыздар кимиси чыгаары белгисиз жымжырт болуп калышты.

Калмактар катуу кыйкырып:

– Жабуу, жабуу, жабуу,-деп үн чыгарып жатышты.

Ошондо Торгой баатырга Шыгай баатыр аты менен келип:

–Торгой аба Кутунайга каршы мен чыгайын,– деди найза кылычын кармалап.

– Кой болбойт тиги тараптын кошуунду баштап келген баатыры чыгып жатса, мен быякта турганым болбойт, мен силерди баштап келгем мен чыгам.-деди да, аттан түшүп, басмайлын, көмөлдүрүгүн бекемдеп, кылыч, найза, чокмор, калканын кармап жаныбар Закымга минип, Кутунай тарапка куюундаткан тейден кетти. Кырыгыздар:

– Кыргыз!

– Кыргыз!

– Манас!

– Манас!

– Торгой!– деп үн чыгарып жатты.

Эки баатыр кармашканга өттү. Алар бир пас сүйлөшүп калышты.

Торгой баатыр Закым аттын үстүндө туруп, кезекти Кутунай алмай болду. Кутунай баатыр Кара аргымагынын үстүндө Найзасын мелжите мээлеп, Торгой баатырга каршы келатты. Торгой баатыр калканын белендеп, найзасын Кутунай тарапка каратты. Кутунай күч менен урууга камынды, ошол кезде калмактын найзасын калканы менен тосуп, албарс кылыч менен найзаны чапты эле найза кылычка туруштук бере албай бөлүнүп кетти. Анын үстүнө Закым жаныбар да буйт берип секирип кетти. Кутунай багытынан адашып, найзаны жакшы ура албай калды. Эмки кезек Торгой баатырга келди. Кутунай дөө кара аргымактын үстүнөндө куралдарын белендеп турат. Торгой баатыр найзасы мелжите мээлеп катуу чаап келатты. Кутунай калканын жакшы тоскон эмес экен найза калкангы тийип, анан сүрүлүп барып, Кутунайдын оң каруусуна сайылды. Калмак аз жерден аттан кулап кете таштады. Анан барып боюн түзөдү. Бирок калмактын оң колу жакшы күч бербей калганы байкалды. Торгой баатыр ошону билип эми чабуулга катуу өттү. Калмак дагы алынын келишинче коргонуп жатты. Бир кезде Торгой калмактын оң колун кыя чапты да карууга катуу уруп калды. Калмак ат үстүндө тура албай тоодой болуп кара аргымактын үстүнөн кулап түштү. Торгой баатыр калмакты аяп тийген жок. Ошол кезде кыргыз кошуун «Манас!», «Манас» деп ураан чакырып чабуулга өттү. Кутунайдан айрылган калмактар эмне кылаарын билбей качып калды. Кыргыздар жете келип калмактарды ат үстүнөн торойто чаап жатты. Иши кылып кыргыздар далай калмакты аттан оодара сайып, аябай алын кетирип салды. Калмактар жан айласы кылып качып калышты. Ошол майданда бир топ калмак каза болуп, далайы катуу жарадар болду. Береги чабуулдан кийин калмактар такыр баш көтөрө албай калды. Анын үстүнө алардын биримдиги жок сандалган калмактар ар бир коодо өз турмушун өтөп жаткан эле. Ошол майдан ошол болду.

bannerbanner