Читать книгу Бабалардын жанырыгы (Кадыр Абакиров) онлайн бесплатно на Bookz (15-ая страница книги)
bannerbanner
Бабалардын жанырыгы
Бабалардын жанырыгыПолная версия
Оценить:
Бабалардын жанырыгы

5

Полная версия:

Бабалардын жанырыгы

Эмки кезек казактарга келди окшойт. Чек арада турган казактардын жигиттери кутуруп, кыргыздарга каршы аттанып, жылкыларын айдап кетип турду. Бир канча жолу Торгой баатыр: – Бир тууган элбиз, биз силерге тууганбыз, тили- дилибиз бир,– деп далай жолу эскертти. Бирок казактардын көпкөн жигиттери көнө турган эмес ансайын күч ала баштады. Ошондо Торгой баатыр кырк жигити менен жылкыны кайтарууга алды. Ай караңгы түн. Торгой баатырдын жигиттери көрүнбөй жылкы четинде куралдарын алып даяр турушту. Бир кезде аркы жактан топ караандын келе жатканын көрүштү. Жигиттер бир-бирине кабар беришти. Казактар үн сала жылкыларды кууп киришти. Даяр турган жигиттер чокмор менен казактын жигиттерин торойто чаап аттан кулатып жиберишти. Жыйырмадай жигит келиптир анын жетидей эле түн жамыа качып житип жоголду. Торгой баатыр жылкыларды кайра адап келип, казактын колго түшкөн жигиттерин чыккыс кылып бекем жыгач үйгө камап салышты да кароолду бекемдеп койду. Эртеси эле түштө бир айгыр үйүр жылкыны айдап казак баатыры Элдос Торгой баатырга келип, башын ийип кечирим сурады. Торгой баатыр:

– Канча жолу айттым, силер эмне калмак болуп кеттиңерби, тили- дини бир эл экенбиз, бирөө укса эмне дейт,-деп Элдос баатыр тарапты уяткарды. Жыгач үйдөгү жигиттерди бошотту. Пейли кенен Торгой баатыр жылкынын этин салып Элдос баатыр тарапты жакшы коноктоп, айдап келген айгыр үйрүн албайбыз деп кайра берди казактар ырахмат айтып уят болуп кайра кетишти. Ошентип баардык эл менен достукта жашап кыргыздардын жашоосу жакшы өтүп жатты. Ошол иш ошол болду. Андан башкача болгон жок.

***

Күндөрдүн биринде Торгой ата ойго батып, санаасына бир нерсени салып жүрдү, «жЖашым да өтүп баратат, кокус көзүм жумулуп кетсе, балдарым мал талашып элге-журтка кеп болбосун»– деп балдарына анча-мынча жыйган дүйнөсүн бөлүп берүүгө шашылды. Күндөрдүн биринде ал балдарын жанына чакырып кемпиринин көзүнчө айтты :

– Төрөкочкор чоң атам өлүп, андан жалгыз Куржун төрөлдү, атам мени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай жакшы өстүрдү анысына ырахмат. Атам мени акылдуу уулум дап эң жакшы көрчү. Бир олуттуу иш жасаарда менин менен кеңешип калчу жарыктыгым. Ал балдарын «Бөлтүрүктөрүм» деп эркелетер эле. Элде «Карынын кебин капка сал, улуунун кебин угуп ал» деген асыл макал бар эмеспи. Колумда бирин-экин байлык турат, көзүм өтүп кетсе, балдарым мал талашып элге-журтка уят болот. Жашым улам өйдөлөп баратат ошол үчүн энчи бөлүп берейин,– деп демиккенин басып токтолуп калды. Анан бир паска эс алды да:

– Мына баарыңар арай-чарай бул жерде отурасыңар, бизде Чолпон ата туягы үч короого жетет, Камбар ата саны төрт үйүр, топоз, уйдун саны жүздөн ашат. Аларды баарыңар бирдей бөлүп алгыла, колумдагы ак жоргону улуу балам Беккулу сен ал, аны менен кошо Ак шумкарды алып кең талаада жорго салдырып жүрө бер. Экинчи балам Майназар сага «Алааяк» күлүгүмү анан аң улаганга кызыгасың, сага мылтыгымы, жана бүркүтүмү берейин.

Карыя бир азга сүйлөбөй эс алып алды. – Андан кийинки уулум Муса сен дагы бар эмесиңби, сен капкан салганга маш элең мен сага экинчи кара мылтыгымы жана «Качырбас» деген шумкарымы берем. Буларды алып улуу тоолордо аң уулап жүрө бер. Андан кийинки балам Бектемир сен мында турасың. Сага Кашка жоргому, Боз ылаачынымы жана кийик кууган эки тайганымы берем. Улгайган ата балдарынын баардыгына энчисин ойлогондой кылып бөлүп берди. Ата бир азга эс алды да анан:

– Балдарым мен улгайып калдым таарынбайсыңарбы?

– Таарынбайбыз ата ыраазыбыз.

– Сиз баарыбызды нааразы кылбай ойлодуңуз.

Майназар:

– Ата калмак кулдарды эмне кылабыз?

– Баса мен аларды унутуп баратыпмын, Менде он кулум бар эмес беле. Улуу балам Беккулу Каабын кулду жана дагы үч кулду сен ал, Майназар балам сен дагы үч кулду ал, калганың төртөөң эки экиден бөлүп алгыла,-деди.

Кулдарга өтө этият болгула, бир балакет кылып, калмактарга карай качып кетпесин. Тынымсейит туугандардын Алжанбайын билесиңерби аны өлтүрүп калмак кулу калмакка карай качып таптырбай кетпедиби. Беккулу сен Каабынга өтө сак боло көр,– деди ата катуу эскертип.

Ал демигип калды окшойт азга эс алып, алдындагы турган кымыздан кылкылдата жутту.

Анан карыя эс алып, бир топко сүйлөбөй отурду. Сырттан бир келин сорпо алып келип суна баштады. Карыя такыр сүйлөгөн жок. Ал эмнегендир өткөн өмүрүн эстеп жаткандай туюулду.

Бир азга эс алып анан асыл карыя сөз сүйлөй баштады:

– Балдарым силерге айта турган осуят сөзүм бар баягы Торгойдун балдары ынтымагы жок деген сөз айтылбасын. Жана дагы күздүн ортосунда биринчи кар түшкөндө эл калың кийинип калгада тиги дүйнөгө кетет окшойм. Мага жаратканым ошондой аян таратты. Сөөгүмдү Нарындагы Ала Мышык тоосундагы Кара Үңкүрдүн маңдайына койгула. Денем Бугу энем баскан тоонун аймагында турсун. Кары адам осуят –керезин көпкө сүйлөп койду окшойт демигип алы кетип калгансыды.

– Ата эс алчы, баары силер айткандай болот,– деп аны балдары тынчытты.

Баардыгы жай-жайына кетти. Торгой атанын башына жаздык коюп үстүнө карышкыр ичикти жапты. Карыя бат эле коңурук тартып уйкуга көшүлдү.

ТОРГОЙ АТАНЫН КАЙТЫШ БОЛУШУ

Анжиянга кеткен соодагерлер ишин жакшы бүткөрүп, кайра аман-эсен кайтып келишти. Бала бакырага мейиз, набат, кант, шайы кийимдер, маасы, көлөч деги койчу баарын алып келишти. Баарынын үстү-башы жаңырып эле жатып калды. Айрыкча аялдардын кийми жашыл, кызыл, сары түскө бөлөнүп, тулку боюу жаңырып жыргап калышты. Беккулу атанын сүйгөн жары Ак келин, Сулуу келин, Наз келин деп аттарынан айтпай эркелетип айтышчу эмес беле. Бул келиндердин үстү-башы жаңырып, ого бетер сулуу тартышты. Ишмер энелер үй-бүлөсүнө түркүн кийимдерди тигип киришти. Ак келин менен Наз келин кийимди келиштирип тиккен ишмерлер эле алар Торгой атага кымбат терилерден келиштирип тебетей жасап беришти.

– Асыл ата муну кийип алыңыз,– деди атасына сылык түрдө.

Ооруп жаткан касиеттү ата тебетейди кийип күлүп шаттана:

– Кагылайын келиним, мени он жылга жашарттың го, сени Бугу эненин арбагы колдосун,-деп эки алаканын жайып сонун батасын берди.

Бирок Торгой атанын ал-абалы күн өткөн сайын начарлай берди. Кыраакы адам алдыны даана билген пенде эмеспи, кайтаар күнү баягы өзү айткан күнгө туш келип баратты. Муну сезген Беккулу туугандарына айтты:

– Атабыздын абалы начарлоодо, өзүнүн кереези боюнча, Ала Мышык тоосунун маңдайындагы Алсейит, Тынымсейит аталар коюулган Арчалуу Булакка коёлу дешти. «Кокус карыя кайтыш болсо, сөөктү унаага жүктөп, убара болобуз». Ошондуктан атаны жоош күлүк жоргого мингизип, көчүп жүрүп отурушту. Малды балдар айдап, көчкө Майназар, Муса, Жолчоролор көз салып келатты. Алар Ала Мышык тоосуна жетип, шамалы жок ыктоо жерге көчтү кондурушту. Кыраакы Торгой ата мунун баарын билип турду. «Баягы менин айткан кереезим боюнча көчүп келди» деди.

Көчүп келген күнү бийик дөбөгө чыгып, карыя эки жакты ойго батып телмирип карап турду. Жарыктык бул жерде өткөргөн ата-бабаларынын өмүрүн, өзүнүн мурунку жаш чагын, дагы кайтып келбес убагын эстеп жаткандыр. Алсыз карыянын бети колу ызгаар суукка үшүп, денесине кан жүгүрбөй калгандай сыяктанды. Ал эки колун жеңине катып, үшүгөн кулагын колу менен мыжыга кармалады. Анан ал Ала Мышык тоосун карап кобуранып койду, анын көзүнө бир нерселер үрүл-бүрүл күүгүмдөнө көрүнгөнсүдү. Он алты айры мүйүздүү бугу эненин элеси тартылды. Бирде бугу бирде элечекчен эненин элеси көз алдына даана көрүнгөнсүдү. Касиеттүү баатыр карыянын көз алдына ошондой элес көрүнсө көрүнгөндүр. Же бугу эне өз тукумун «чарчадың эми биз менен бол» деп ээрчитип кетип жаткан элестир. Ал Алсейит, Тынымсейит аталары жаткан жерге барып куран түшүрдү. «Карганымда балдарымы кыйнабай кете берсем» деп ойлонду

«Элге журтка жыгылып калып уят болбойлу» деп Майназар атасын карап жатты. Жоош ак боз жоргону минип, ата үйүн карай келаткан экен. Баласы карыяны аттан түшүрүп, боз үйдүн эшигин ачып үйгө киргизди.

– Бабаларыбыз жаткан жерге куран түшүрүп келдим,– деди карыя.

Ошол күндөн баштап атанын ден соолугу болбой баратты. Туруп-туруп эле демигет. Бир жөтөлсө бир далайга жөтөлүп, тынчы кетет. Балдары ага кайнак жылуу суу ууртатып турду. Көзү үргүлөп кетет да, «Куржун, Кыдык, Белек, Бооке» деген сөздөрдү элес-булас сүйлөп жатты. Анан эле көзүн бакырайта ачып, « Кайрандарым мени чакырып жатпайбы» дейт. Угуп тургандар жакасын кармап таң калышты. Анан бир кезде көзүн чоң ачты да:

– Балдарым, менин сөзүмү уккулачы, менин кетеер күнүм жакындады айтаар кебим ынтымактуу болгула! Мүйүздүү эненин арбагын сыйлап, жер үстүндө жакшы өмүр сүргүлө, бирге болбосоңор ырыскыңар кетет. Башка эл силерди бат эле каратып алат. Айланаңарда кара кытайлар, уйгурлар, өзбектер жана башка элдер турат. Карыя сүйлөп жатып, алы кетип демикти. Көзү анан илинип уктап кетти. Ошентип бейшембинин күнүндө, жуманын түнүндө белдүү карыя жалган дүнөдөн чын дүнөгө узап кете берди. Санжырачы карыялар күн санатын сүрүп келсе, бугу эненин узаган күнү менен тушма- туш келгенин баамдап чыгышты. Ошонун эле түнүндө кыламык кар жаады. Бугу эне да кетеерде ушундай кыламык кар жааган эле. Ошол түнү наристе балдар түшүндө бугу энени көрүшүп анын үнүн угушуптур. Адамдар шашып-бушуп Торгой атаны чоң боз үйүн тигишти. Карыяны майрам сууга алып, кыбыланы баштантып жаткырышып, балдар боз үйдүн тегерегинде «атакелеп» өкүрүп жатышты. Чабагандар, чар тарапка чапкылап, «белдүү адам өттү» деп кабар таратып жүрүштү. Кемеге оюулуп, чоң тулга коюулуп, келиндер боорсок бышырып, бата кылып, мал союулуп жатты. Атанын узатуу ариетин кылып алыс жакын тараптан тааныш адамдар, сөөк жакындары, кудалар баардыгы келип жатышты. Үчүлүк, жетилик, кырк ашын берип, сакалын ак баскан молдо дайыма куран окуп турду. Анан башка жылуу жактарга көчүп кетишти. Кийинки жылы күзгө жуук тартканда, мыйзамдын гүлү учуп турганда, мал семирип нык тартканда арбакты эскерип бир жылдык ариетин өткөрүштү. Баардык ариетти өткөрүүдө Торгойдун баласы Беккулу тикеси менен тик турду. Эл ага аябай ыраазы болду. Ошондон мындай деген ыр калыптыр:

Торгой чалдын ашында,

Беккулу турду башында.

Толгон күлүк чабылды,

Далай аттар байге алды.

Жарды жалчы этке тоюп,

Үйүнө кайтты топоюп,

Ашты жакшы өткөргөн,

Балдарына ырахмат.

Өкүм болуп токтобой,

Өтөөр мезгил ыраактап.

Ошондо ат үстүндө жар чакырган ырчылар жамактап ушул ырды ырдаган экен. Бул ошол узун ырдын бир үзүмү гана экен. Ырдын калган бөлүгүн карт тарых унуттуруп салыптыр.


БЕККУЛУ АТА

Беккулу деген атадан,

Үч шумкар өсүп жаралган.

Үмүт жанып алдыга,

Үчөөнөн үч жол тараган.

Беккулу деген атанын,

Үч уулу чыгарды атагын.

Үчөөнөн үч жол таралып,

Алыска кетти жол алып.

Касиеттүү Торгой ата Беккулудай уулду болоордо бир түш көрүптүр. Ал кезде Торгой ата Кичи Нарын жерин жердеп турган экен. Ата талаадагы малын көрүп, келип аялына кайрылат:

– Мал деп жүрүп, чарчадым го, балдарым болсо ошолор карабайт беле,– кейиди.

- Сен эмнеге кейийсиң, кулдарың бар эмеспи, ошолор деле карап жатпайбы.

– Балага жетеби алар малдын ээси болот да.

Ошол күнү күн бүркөлүп, чагылган уйгу-туйгу түшүп, айлана даңгыр-дүңгүр болуп, жаан тынымсыз чакалап келип куйгандай болду.

Чарчап келген ата тамакты чала-була ичип, « чарчадым» деп тынч уйкуга көшүлдү. Уктап жатып ошол түнү бир кызык түш көрдү. Бой керген өтө бийик эки тоо анын ортосунда, созулган көз жоосун алган кооз өрөөн. Өрөөндүн ичинде алмабы, алчабы, анарбы иши кылып бир сыйкырдуу дарак өсүп турат. Түшүмү жөн эле төгүлөт адамдын көз жоосун алат. Жердин баарында мөмө-жемиш жөн эле жайнайт. Дарактын айланасында ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер, ат минип күлүк чапкан жигиттер, келишимдүү келиндер, сулуу кыздар жүрөт. Күн жаадырай тийип, кандайдыр бир өлбөстүктүн элеси келип тургансыйт.

Ата аларды карап таң калып:

– Булар кимдер эмнеге жүрөт,-дейт.

Анан эле жеерде ат минген бир киши чыга келип салам берет. Ата андан:

– Кадырлуу мейманым бул эл ким болот?-деп сурайт.

– Бул сенин тукумдарың болот ошону билбей турасыңбы,-алиги киши кетүүгө камынат.

Ата тиги кишиге кайрылат:

– Сен ким болосуң?-дейт.

– Мен Кыдыр алейсаламмын,-деп көздөн кайым болуп жоголот.

Ата касиеттүү Кыдыр алейсаламды сыйлап конок кыла албаганына катуу өкүнөт. Бирок аны көрүп, жолукканына жана сүйлөшкөнүнө аябай сүйүнөт.

Ошол көргөн түшүн энеге айтат эне турмуш менен алышып жүрүп көргөн түшкө анча маани бербейт. Бирок ошол көргөн түшүн ата өмүр боюу унутпай эсинде эстеп жүрөт.

***

Акылман Торгой ата тиги дүнөгө узады. Нааразы кылбай балдарына өз энчисин бөлүп-бөлүп берди. Балдары атанын калыстыгын баалашып энчилерин бөлүп алышты. «Балдарымын үй-бүлөлүк жумушуна кулдарым жардам берсин» деп аларды да бөлүп берди. Чоң калмак Каабын кул Беккулу атанын энчисине тийди. Каабын өтө күчтүү, сом билек, узун бойлуу, колдору шадылуу, денеси тарамыштуу, бир беттешкенин бербеген кара өзгөй адам болчу. Адам менен алышканда бир адамдын алы такыр жетчү эмес, аны менен күчтүү эки-үч киши кармашканда ошондо араң алы жетчү. Анын ойлогон оюунан кайра тартпаган кара бет ак санабаган эң жаман мүнөзү бар эле. Ал ойлочу «кыргыздар мени кул кылып жумшап жатат»– деп элдешпеген жаман жактары болгон. Анын мээсинде кыргыздарга шакардай кайнаган кастыгы кетпей туруп алды. Адам өзүн чебердеп, жакшы жүрүш-туруш менен алып жүрбөсө андай жаман сапат аны өлүмгө алып келиши мүмкүн эле. Анын акыл эсинде кыргыздарга элдешпес сезим пайда болду. Беккулу ата да Каабындан чочуп «бир нерсе кылбаса экен»– деп ойлонот. Каабынды аңдыш үчүн Майназардын кичүү уулун тыңчы кылып койду. Бир күнү Каабын берки жолдоштору менен биригип «кыргыздарга бир балакет шойкомдуу иш кылып, калмактарга качалы» -деп кеңешип жатты. Бирок калмак балдар анын оюуна көнө турган эмес.

– Беккулу ата жакшы качып кайда барабыз.

– Калмактар бизди такыр карабайт.

– Тирүү болсок ушул эл менен бирге эле бололу.

– Мени менен качпасаңар силерди жок кылып коём өзүңөр билгиле-деди Каабын түнөрүп.

Алар Каабын күчтүү болгондуктан, андан коркушуп, унчугушкан жок.

Айланага күздүн кабары жакындап, мезгил өтүп булуттар ката баштады. Чөптөр саргыч тартып, баягы алтын жай артта кала өтүп кетип, күз ата келатты. Эртең менен тарапты кыроо басып, түнкүсүн бир топ эле суук боло баштап, суунун үстү кичинеден айнектей болуп тоңо баштады. Быйылкы жай жакшы эле болду, малдын жонунан жылуулук өтүп, жаанда өскөн чөптөр жетиштүү эле болду. Төрт түлүк мал нык семирип, жаз менен жай берекелүү тартып, эл журтка жугуму тийчидей болду. Байртадан бери ата-бабаларыбыз мал менен жашап, мал менен келатпайбы.

Эми биз санжыра жомок баяныбызды уланта берели. Адамдардын турмушу жай өтүп, ал эми санжыра жомок баян бат айтылып ылдам эле бүтүп, турмуш өзгөрүлө берет эмеспи.

Беккулу атанын балдары кеңешип, үч жумадан кийин суук түшө электе кой айдап, түштүккө барып соода кылып келмей болушту. Түштүккө Каабын кул да кой айдамай болду. Ал кескин каршылык көрсөтүп, калмактарга качып кетүүнүн жолун ойлоп жатты. Каабындын ойун баардыгы айттырбай шекшимел болду. Айрыкча Майназар мунун баарын байкоого алды. «Баардык аттарды айдап кетип жөө калабызбы»-деп жылкыга мыктап кароол койду. Анын кыймылын Майназардын кичүү баласы аңдууга алды.

Малчылар жөнөөрдө ата катуу эскертти

– Бул калмак дөбөткө ар дайыма сак болгула, бир балакет иш кылбасын,-деп табыштады.

Каабындын мээсине шакардай кайнап катуу кастык туруп алды. Ал дөөгүрсүп күчүнө таянды. Акылы жок күч баары бир эмне кылат. Андай кем акыл ой адамды өлүмгө алып келиши ыктымал.

Күзгү күн ысып, малчылар тердеп-кургап кетти. Бирок жылыш керек, малды сатып, суук түшө электе, Ысык-Көлгө өз жерине барыш керек. Жолдо анда-мында сапар улаган салт атчан жолочулар. Ар кандай чоңдуктагы коңулдан чыгып алып, томураңдап чуркаган кемирүүчү жаныбарлар. Малчылар малын жай айдап кетип баратат. Малды катуу сүрдүктүрүп айдаса кызыл эт болуп калаары белгилүү эле. Тээ ободо жай каалгып сызган булуттар. Алар өз жашоосун өткөрүш үчүн кайсыдыр бир жакка ашыгып жаткансыйт. Алар ошентип шашпаса турмушу өтпөй калчудай.

Торгой атанын тукумдары кулдары болуп он бештей киши баратат. Бирин-экин каракчылар жолугуп калабы деп, кылыч, жаа, а түгүл бир атма мылтыктары да бар. Аларды коштоп күчтүү сак ажаан иттери келатат. Соодагерлер малын сатып пулдап кайра үйлөрүнө кайтышмак. Мал айдоочулар Жалгыз Булак деген жерге келип конуп калышты. Жалгыз Булак атына окшош жер экен. Булак жайкалып агып жатат. Жээгинде тал, жийде ар кандай бак дарактар. Жайкалып өскөн шибер чөптөр.

***

Турмуш, жашоо өтө жай жылат, ал эми жашоо жомок бат айтылып бат жылат эмеспи.

Түн ичинде бирөө аттарды кайтарса, бирөө уктап жаткан кишилерди кайтарат. Алар бири-бирин кайтарат. Ошол он беш киши кайсыдыр бир адамдан шектенет. Алар кимден шектенет. Эмне үчүн шектенет. Ушундай улуу жолдо, баратып баардыгы бир жаманчылыкты күтүп жаткансыйт. Алар эмнени күтүп жатат. Булардын арасында кимдир бирөө баарысынын душманы болуп жаткансыйт. Ошол душмандын элеси кайсы тараптан келет? Эмне үчүн келет? Ошол табышмак болуп жатпайбы. Баарынын элесинде буларга каршы бир душман келаткансыйт. Ал душман ким?

Түн ортосу болуп калган. Алыстагы улуу тоолор сүрдүү болуп көрүнөт. Ай жарыгы жерге күмүштү чачып ийгенсип кереметтүү көрүнүп жатат. Анын нуру жердеги чөптө, гүлдөрдө чачыла шаң таратып жүрөт. Бир караан туруп акырын эки жакты карап, баарына көз жүгүрттү. Эмнеге көз жүгүртү экен. Акырын туруп, ал аттарга карай уурдана басып баратты. Ат кайтаруучунун оюуна бир жаман нерселер келип, балакет болуп, аттарды айдап кетеби деди. Жылкыларды ылдам айдап, уктап жаткан адамдарга жакындатты. Калмак акырын келип, атын кармап аны токуп, ошондо Майназардын уулу бир балакет болоорун билип, уктап жаткан кишилерди карай чапты. Ал үнүн бийик чыгарып ашыга айтты:

– Жолчоро, Каабын кул атын токуп жатат.

Баардыгы оорундарынан жапырт турушту да аттарын карай чуркады. Майназардын уулу арыда турду эле Каабын кул атчан чаап келип аны шылк этме менен аттан оодара чапты. Ушул кезде жигиттер бат атма мылтык менен Каабынды атып калды. Ок калмактын үстүнөн кайып учуп өттү. Сестенген калмак атчан ары карай качты. Жигиттер шашып-буша калмакты карай чабуул коюп калышты.

– Каабын куралыңы ташта, биз сени эчтеке кылбайбыз. Сен биз мененсиң, караңгы түндө кайда барасың? Качпа! Атам сени дайым сыйлоочу, өз баласындай көрчү эле, атанын үмүтүн жерге таштаба! А кишиге шек келтирбе капа болуп калат.

Каабын сөз укпады, курал жарактарын шалдырата, түн аралй качып, анын артынан куугун калбай баратты. Торгой атанын тукумдары Каабындан такыр эч нерсени үмтөтө албай калды. Калмак Желгара аргымагы камчылана жүрүп кетти. Эки жигит чапкылап отуруп үч күндө айылга келип, Каабындын жоругун айтышты. Жигиттер ат минип сак болуп калышты. Караңгы түн келип, айдын шооласы жерге араң төгүлөт. Жолчоро баатыр эки жакты карап, айылды күзөтүп турат.

Адамдардын баардыгы бир жаманчылыкты күтүп жакткансыйт. Каабынга керек болсо, төрт жигиттин да алы жетпейт, ошол үчүн сактаныш керек болуп калды. Айрыкча Каабынды багып чоңойткон Беккулу ата шектенип турду.

Атанын ар бир тукуму Каабындан жаманчылык күтөт. Ал кимди жок кылат, кимге азап келет ушуларды ойлоп ар бири ойго батат. Караңгы түн келди, ай асманда жок, баардык тарап караңгы. Жел соккондо бадалдар гана шектүү шыбырт берет. Анда – мында уйкусунан ойгонгон куштар үн салат.

Жолчоро жакын жигитине:

– Алыста бир атчан келатат ким болду экен.

Жигиттер чуркап барып аттарын миништи. Тиги келаткан атчан бир нерседен шек алып калды. Атчан атын тык токтотуп, эки жакты абайлай карады. Ал аяр берилей боз үйгө карай жакындады. Ошол кезде Каабындын аты тык токтоп кишенеп жиберди. Жаныбардын үнү жай чыгып сызыла, анан басылды. Анын үнү Каабындын кара атынын үнүнө окшоду. Баардыгы ошол атчандын Каабын экенин билишти. Түн жарымында келип, боз үйлөрдү чаап, аттарды айдап, каалаганын иштеп кетмек болгон. Көп өтпөй жигиттердин аты кошкуруп, аны аңдып жаткан адамдар бар экенин сезип, жылкынын башын шарт артка буруп качып жөнөдү. Куугун анын артынан калбай баратат. Бир калмактын артынан беш жигит түштү. Качкын караңгыда из жазгырып, кетти. Ал бул аймакты коёндун жатагына чейин билчү. Негизги максат кандай да болсо аны жок кылуу болчу. Же болбосо кекенген калмак кыргыздарга дагы көп кырсыктарды алып келмек. Түн өтүп, жерге жарык төгүлө баштады. Чыгыш жактан кашкайып күн чыгып келүүгө камынды. Чаначка сүзмө жана эт алып алыптыр, аттан түшүп, тамактанышып анан качкынды издей башташты. Качкын дагы артынан куугун келатканын билди. Эч жакта шыбаа билинбейт, куйту калмак күндүз изин жашырып, түн ичинде акырын билинбей качып кетүүнү ойлогон окшойт. Каабындын артынан Жолчоро, Абат, Кичимолдо, Үсөнкул жана Шыгай келатат.

– Бул Байкалмак карай тарапка кетти,– деди Шыгай.

– Анда кайсы тарап менен өтөт.

– Саяк Айрык тарап менен кетеер,– деди Үсөнкул колун жаңсап ошол жакты көрсөтө.

– Балким Таш Кыядагы чоң таштардын түбүнө жашынып жатпасын.

– Ай ким билет кыйды калмакты кантип колго түшүрөбүз.

– Аны колго түшүрүш керек эмес, атын атып, өзүн жарадар кылыш керек.

– Ал бүгүн болбосо да эртең келип бизден өч алам деп келет, ошол үчүн ал эч бирибизди аябайт.

– Аны эмне жок кылышыбыз керекпи, ошондой кылыш керек го.

– Анда аны чоң ашуунун түбүнөн аңдып жатып колго түшүрүш керек.

– Ошондой кылалы.

– Бизге ниетин бербеди го.

– Муну жок кылыш керек же болбосо кол жыйып келип бизди чабат.

Беш атчан дүрбү менен чар тарапты карап, Чолок- Төр тарапка келатышты.

Күн чайыттай ачык, тоо суулары небак тартылган учур. Тамак издеп учуп жүргөн каргалар, курк-курк этип жол улап бараткан кузгундар. Тээ береги тик тарашадан таш кулады. Топ кийиктер Ашуу Төрдү карай токтобой закым салып кетип баратат. Тээ береги Кашка Сайдын жанындагы жылгадан эрбейип кетип бараткан жалгыз атчандын карааны көрүндү. Жолчоро дүрбүнү жанындагы Абатка берип:

– Жарыктык Желгара тулпардын үстүндө дардайып кадимки Каабын кетип баратат.

Абат дүрбүнү карап жатып айтты:

– Ошонун дал өзү экен.

– Артынан куугун түшкөнүн билген тура.

– Кыйды неме колго түшөөр бекен.

– Түшөт биз куугунду жакшы уюуштурушубуз керек.

– Кой, муну туугандарына жеткирбей жок кылалы.

– Беккулу ата буга кандай болушуп, кандай көтөрчү эле, ар дайыма сыйлап анын алдынан өтчү эмес, эми кылып отурганын карасаңар. Ал Беккулу атанын үч баласын жок кылгысы келет.

Бешөө көрүнбөй кычыкты айланып өтүп, Каабынды астынан тосмой болушту. Качкын эч кимден шек санабай, бешөөнө жакын келди. Каабын артымда эч ким жокпу деп тарапты кылчак-кылчак карап коёт.

Абат шашма киши эле:

– Атып салалы муну эмнеге маанаке-саанаке кылабыз, биз элдешкен күндө да бир балакет кылып, бизге такыр ыркын кошпойт.

– Коё туралычы акыркы сөзүн угалычы.

– Эмне деер экен качкын калмак.

Ошол кезде Каабындын аты жылкылардын дабышын алды окшойт тык токтоп, шыңгыр кишенеп жиберди.

Жолчоро үнүн бийик чыгарып:

– Эй, Каабын эми каякка качасың эсиңе кел, биз сага душман эмеспиз, эсиңе кел. Биз сага душман кылгандай эмне кылдык эле? Дитиңи бизге бер! Каабын башын көтөрүп, таштын ортосунда турган куугунчуларды карап жиндене:

– Ал менин ишим, кыргыз канчыктары.

– Биз итбизби, же сенби?

– Силер итсиңер бир кишинин артынан көп киши куугун куубайт.

– Эсмңе кел Каабын биздин нанды жеп, тузубузду татыдың эле, сага биз жаман иш кылган жокпуз го.

Каабын өзүн токтото албай зиркилдеп үнүн жоон чыгарып ачууланды:

– Мен силерди баары бир жок кылам калмактарга жетип, кошуун курап келем.

Ошондо Жолчоронун жаны күйүп кетти:

– Эсиңе кел Каабын Беккулу атанын тузун татыдың, биз сага жаманчылык кылбайбыз. Кара ниеттик кылсаң өзүңө жаман, түбөлүк оңбойсуң.

– Жетим калган бала чагыңан бери Беккулу ата кор кылбай бакты, бизден эч бир жаманчылык көргөн жоксуң.

– Эй, кыргыздар, силерди мен жок кылам, коё тургула калмактар башынан күчтүү алар силерди чабат.

– Азыр сени жок кылыш керек итке иттей мамиле кылабыз.

– Силер бешөөсүңөр мага асылбагыла, андан көрө баатыр болсоңор, жекеме-жекеге чыккыла. Мен жеңсем силер унчукпай кете бергиле.

Жолчоро буга макул болду.

Абат үнүн катуу чыгарып айтты:

– Ой, Жолчоро аба антпей эле атып салалы, калмакка биздин алыбыз жетпейт, ал күчтүү бизди майып кылып салат. Акыры түбү душман, жерине барып күч курап келип бизди чабат.

Жолчоро айтты:

– Канча кылса да биз менен бирге өсүп калды эле эми буга жоодой мамиле кылбайлы, баатырлар кыл чайнашып күрөшөт дейит, буга биз баатырдай мамиле кылалы.

Беш баатыр түзөңгө түшүп келишти. Каабын түктүйө найзасын айбалтасын алып, кана кимиңер эр сайышка түшөсүңөр дегенсип, теңине албай күтүп турат. Кечөө эле тууган эле эми душман болуп чыга келбедиби. Тагдыр деген ушул экен. Колуна түшсө бир дагы киши аячудай эмес. Териси тарып, жедеп душмандыгы күчөп башынан ашып түшүптүр. Ат үстүндөгү Каабындын элеси өтө коркунучтуу сезилип, беш баатырдын жүрөгү сыздап кетти. Күчтүү кул биздин башыбызга кандай балеени алып келет деп санаага батты. Бирок берки баатырлар да оңой эмес эле.

bannerbanner