
Полная версия:
Бабалардын жанырыгы
– Касиеттүү Кара күлүк кандай?
– Ал катуу ысыкка чыдай албайт.
–Карбоз жаныбар бар эмеспи.
– Ал асманда уча албайт. Эки капталында канаты жок.
Отургандар күлүк таба албай тунжурап калышты. Бир карыя айтты:
– Анда эмесе Желжетпести тандайлы. Аны эч бир буудан кууп жете албайт. Анткени анын эки капталында канаты бар. Душман жакындаганда канатын жайып учуп карматпай кетет. Минип жүргөн ээсин алыстан тандайт. Ал кишисинен башкага келбейт. Жарыктык Желжетпес күлүк чөл жылкысы менен көл жылкысынын ортосунан жалгашкан. Аны караңгы түндө келип кайып чабандес ата таптап жүргөн жайы бар экен. Айлуу түндө Кайып Ата келип касиеттү жаныбардын жал куйругун сылап эркелетип кеткенин көп эле адамдар көрүптүр. Жарыктыктын эки капталында эки канаты жайып, эки үч кишини көтөрүп учуп кетет. Бугу элинин таалайына бүткөн башкача тулпар. Ал жарыктык буудан Манастын Тайторусунан кем эмес.
– Бугу эненин ырысына жаралган алты ай минсе арыбас, он ай минсе чарчабас канаты бар жаныбар.
– Алыс сапарга Желжетпес гана жарайт.
Ошондо жанагы ак сакалчан карыя:
– Балдарым туура масилет курдуңар. Кыйынчылыкта алыс сапар жолго Акүчү баатыр жарайт аны эр жигиттин пири Шаймерден колдосун эми ал минүүчү тулпар касиеттү Желжетпес күлүк аны жылкынын пири Камбар ата колдосун. Айланайын эл журт Мүйүздүү эненин тукуму акылдуу уулубуз алыс жакта Төрөкочкор каза болуптур аны баласы менен алып келишибиз абзел. Биз эми Акүчү баатырдын аман-эсен барып келишин чын дитибизден каалайбыз ата бабанын арбагы колдоп эсен-соо барып келсин баарыңар батаңарды бергиле кана эмесе Оомийин!
Баары жабыла бата беришти. Кээ бирлери атадан калган туякты алып келгенге кубанса, көпчүлүгү баатырдын каза болгонун эстеп көзүнөн жаш төгүп ыйлап жатты. Көлдүн чыгыш жагындагы Мүйүздүү эненин тукумунда ушундай окуя жүрүп жатты. Көптөрү ичинен «Мүйүздүү эненин арбагы колдоп ишибиз алга жылса экен» деп жатты.
Акүчү баатыр касиеттүү Желжетпес күлүктү минип түштүккө карай «чу» койду. Касиеттүү күлүк көптөн бери жолго чыкпай буулугуп калган экен жаныбар булуттуу көктүн алдында, муңдуу чөптүн үстүндө жаадай сызып учуп кетип баратты. Аны көргөн элдер айтты:
– Бул касиеттүү бугу уруусунун күлүгү Желдетпес.
– Алар ушул күлүгү менен сыймыктанат.
– Жаныбардын учуп баратканын карагылачы. Жоон санында касиеттүү бугу уруусунун белгиси жүрөт.
– Бул бугу уруусунун ай тамга белгиси.
– Муну минип бараткан кайсы чабандес.
– Ары чабандес, ары атка жеңил, тайга чак, кыргыз баатыры Акүчү.
– Анын денеси чылгый тарамыш көп күрөшкө түшүп жеңип чыккан.
– Ат минип найза алып чыкса эч кимге алдырбайт. Жоого каршы кыйкырганда анын сүрдүү дабышынан жанында эч ким тура албайт.
– Баатырдын жолу болсун!
– Баатырды ата бабасынын арбагы колдосун!
– Аны Бугу ънесинин арбагы колдосун!
Желжетпес жаныбар абада учуп баратат. Аны менен жарышкан куштар ободо аргымак менен катар баратат. Кээде куштар ашып кетсе, кееде жаныбар алдыга озот.
«Самаган жериме ылдам жетейин»– деп Акүчү баатыр камчыланат. Артта созулуп жылжып аккан дарыялар, мейкин талаалар, аскалуу бийик-бийик тоолор, ысып кайнаган чөлдөр, багы бар карарып дүмпүйгөн айылдар калып жатты. Чарчабас бугу элинин ай тамгасы бар жаныбар алдыга кетип жатты, кетип жатты.
Касиеттүү күлүк Желжетпес,
Катуу чуркап алганда,
Жел жетеер бирок ат жетпес,
Бул турмушта чоң атак,
Бугунун аты Желжетпес.
Тарамыштай Акүчү баатырдын канча күн, канча түн жол жүргөнү белгисиз. Ал бат эле Коконд калаасына жетип келди. Чоң калаага көп жакындабай, атты суук көздөрдөн көргөзбөс үчүн чер токойлуу суунун жээгине келип конду. Акылдуу жаныбарды эч кимге көрсөтпөй бош койду. Жаныбар ошону билип чер токойдун арасында курсагын тойгузуп, бир кишиге көрүнбөй эс алып жатты. Акүчү үн салса гана келет, же болбосо бир жанга да көрүнбөйт. Душманга көрүнбөй бат эле көздөн кайым болуп жоголот. Акүчү Кокондук сарт болуп, үсүтүнө сары ала чепкен, бутуна маасы, башына ала топу кийип колуна таяк кармап жалгыз аяк жол менен кетип баратты. Аны көргөн кишилер өз жанын эптеп багып жүргөн бир пенде дубана го деп ойлоду. Ал көчөдөн көчө аралап жүрүп хан ордосун таап жана үч бөлмөлүү Төрөкочкордун үйүнө келип Токтоайым менен ыйлап жолугушту. Акүчү болгон окуяны угуп, жалгыз аяк жолду өрдөп Төрөкочкордун мүрзөсүнө келип эчкирип үн чыгарып ыйлап отурду.
– Кагылайын курдашым, ушинтип чет жерге келип жок болмок белең.
Үн жок бир гана айланада улуу тынчтык жашап турат. Акүчү мүрзөнү карап тууганын таппай томсоруп, ойго батып отурат. Ушул кезде күндү булут каптады. Ушул кезде Акүчү Төрөкочкордун айлындагы өткөн өмүрүн эстеп турду. Арманга батып экөө өткөргөн балалыкты эстеп турду. Экөө козу, улак кайтарган күндү эстеп турду. Арманга батып баарын эстеп турду…
Ушул кезде чөл тараптан сапарлап ысык жел согот. Арыраакта кара жыгач дарагы өсүп, анда бир куш конуп назик сайрап турат. «Асыл курдашым, жаткан жериң жайлуу топурагың торко болуп, чын дүйнөдө бейишке чык». Акүчү үйүлгөн боз топуракты ойлуу карап турат. Ал ары барып чоң ташты көтөрүп келип, эстелик катары орнотуп, куржунундагы топуракты мүрзөгө себе баштады. Ал мүрзөгө чоң таштардан беш –алтыны катары менен тизип: -«Менин эстелигим ушул болсун, көл тараптан келген туугандарың жаткан жериңи таппай калбасын». Анан эле арыдан ырчы торгой сайрап, Акүчү ага көңүл буруп жатты. Ал көл кылаасында Төрөкочкор менен козу-улак кайтарганда үн салган торгой үнүн эстеди. Куш бирде алыстан, бирде жакындан, бирде бийиктикке көтөрүлүп, назик сонун үнүн айланага төгүп жатты. Ал ойлонду « Жолдошумун жаткан жер менен акыркы ирет коштошуп жатамбы», эчкирип токтобой ыйлап жиберди. Куштун үнү бирде алыстан, бирде жакындан кайрат айтып төгүлө баштады. « Сенин азыр бул жерде тура турган учуруң эмес, бешиктеги баланы анын энесин туулган жерге аман алып кетишиң керек». Ал Төрөкочкордун элесин көз алдына келтирип узакка ойго батты. Ойлоп жатып, ачуу тагдырга капа болду. «Ушундай болот экен ээ. Ушундай болот деп ким ойлоптур». Жанагы назик куштун үнү улам-улам алыстап бара жатты. Акүчү да бул жерден бир аздан кийин алыстаарын сезип турду. Ал өткөн өмүрдү эстеп, анан эчкирип ыйлай баштады. Анан туруп басууга аракет кылды. Ушул кезде асманды булут каптап, түнөрүп турду. Ыйык жердешинин жаткан жайы менен коштошуп, калаага карай адымдоого камынды. Ошондо жанагы ыйык куш өзүнүн жердеши болуп үн чыгарды:
– Кош бол досум мен кетейин.
– Кетсең жакшы бар, тагдыр экен ушундай болду.
– Эмне кылабыз жазмыштын жолу ушундай тура.
– Мени унутпай эстей жүрсөң. Себеби улама тарых өткөндөн башталат эмеспи. Адамдардын көбү жакындарын, жан жолдошторунун элесин бат эле унутуп салышат.
– Сени кантип унутабыз, биз сени ар дайыма эскерип жүрөбүз, жана дагы арман менен эскере беребиз.
– Анда эмесе жакшы бар калкың менен жакшы өмүр өткөрө бер. Тагдыр мага жалган дүйнөдөн ушунча эле өмүр берген тура.
– Өзүң да тиги чын дүйнөдө бейишке чык, асыл досум. Бизден кемчилик кетсе кечирип кой. Сен барган жерге эртедир-кечтир биз да барабыз. Ага чейин жалган дүйнөдө жашообузду өткөрүп туралы.
Акүчүнүн денеси салмактанып, араң эле басып баратты. Ал бир топ жерге барып, анан артын бурулуп карады. Ал сөзсүз артын карайт болчу. Кантип карабай коёт эле карайт болчу. Себеби артында ыйык досу, жердешинин жаткан жери, элеси калып жатпайбы. Ошол артында ушул жердеши менен өткөргөн өмүрү калып жатпайбы. Анан кантип карабай коёт эле. Сөзсүз карайт болчу. Жанагы куш дале токтобой сайрап жаткан экен. Жердешинин мүрзөсүнүн жанынан куштун назик үнү Акүчүнү узатып жатты. Ал куштун үнү эмес эле кайрат айтып, жердеши узатып жаткандай болгон. Бул белги болсо, адамдар өлгөн менен тирүүлөр үчүн дагы эле жашоо бар, дагы эле өмүр бар деген жышаана болчу. Тирүү адамдар оорчулукка багынбай жашооңорду уланта бергиле деген белги болчу. Ошондой болчу.
Хамиракун Токтоайымды нике кыйдырганга мажбур кылып жаткан экен. Анын чукул келип калганы өтө жакшы болду. Ошонун эртеси күүгүм талаш Токтоайымды жана кичинекей баланы куржунга салып качмай болду. Токтоайым эне Хамиракундун эмне кылганын баарын айтып берген. Ал ошол кишиден да өч алмай болду. Ошол кезде ордодо тынчтык жок болуп жаткан. Так талашып адамдар эки жаат болуп согушуп, пенделер саат сайын бири экинчисин өлтүрүп жаткан эле. Бул жагы да жакшы болду. Алтын казык жылдызы эчак чыгып, айланада караңгы айсыз түн. Жашоо өтө кооптуу. Канкор адамдар бийлик үчүн бири-бирине карабай адамдарды өлтүрүп жатты.
Батыштан мелүүн жел акырындап согуп турат. Кайсы бир жерде дарактын башынан жапан куш үн салып муңканат. Бул үн адамдардын жүрөгүн сезтендирет. Ушул кезде түн жамынып, бирөө келатты. Ал кадамын өтө аярлап басат. Мындай кооптуу түндө адамдардын басышы да коркунучтуу. Ал келаткан Акүчү баатыр болчу. Ал Хамиракундун эшигинин алдына келип дарбазаны аяр какты. Ит ажылдап келип үрдү. Дарбазадан эркек чыгып ал колдураган үнү менен:
– Ким бул караңгы түндө келген? Сага ким керек?
– Хамиракун акенин үйүбү?
– Ооба ошол кишинин үйү.
– Сизди тетиги жерде Токтоайым чакырып жатат.
Бул сөздү угуп көңүлдөнүп жаткан экен деп эркек жым этип кубанып кетти.
Акүчү кетүүгө камынды.
– Ой, коё тур мени ага жолуктуруп койгун.
Токтоайым экөө кыла турган ишти небак эле сүйлөшүп алган.
– Жүрүңүз мен сизди жолуктуруп коём. Анан кетейин.
Экөө ээрчишип отуруп Токтоайымга келди.
Аял эрекке салам берди. Хамиракун алик алды. Ал Токтоайымдын колун кубана катуу кысты.
– Жүрүңүз салкын түндө кичине басып келели.
Экөө ээрчишип, чоң терең кудукка карай басты. Алардын артынан билинбей Акүчү келатты. Ушул кезде Токтоайым кудуктун жанындагы таш үстүнө отура кетти. Ошол кезде эптүүлүк менен Акүчү баатыр Хамиракунду бөйрөк тушка уруп калды. Канкор үн чыгарбай жерге кулап, Акүчү дагы жүрөк тушка канжар урду. Анын бир пастан кийин үнү чыкпай калды. Ал жарык дүнө менен кош айтышты окшойт. Денени терең кургап калган эски кудукка таштап үстүнө топурак чачып, калың кылып чөптөн үйүп салышты. Эч нерсе байкалбай калгандай болду. Акүчү эртеси токойго кетти. Алар түз эле качса, бир нерсени шектенип калышмак. Эки күндөн кийин туугандары Хамиракунду издеп жүрүштү эч жерден табылбады. Аны издеп Токтоайымдын үйүнө да келди. Күйөөсү өлгөн алсыз аялдын үйүнөн эмне табылмак. Ошондон бир жума өткөндөн кийин энени ээрчитип, баланы азыгын алып, Желжетпес турган токойго келишти. Акүчү «Желжетпес» деп үн салды эле жаныбар кайдадыр калың чөптүн арасынан үн салып чыга келди. Бекем каткан чөптүн арасынан ээрди алып чыгып токуп, алдына өзү минип, Токтоайымды учкаштырып, баланы куржунга салып, аргымактын оозун коё беришти. Аргымак кубанычтуу үн салып, айлуу түнү Теңир Тоого карай учуп жөнөдү. Кетеерде бала ыйлады.
Акүчү айтты:
– Атасы өлгөн жер менен армандуу коштошуп жатат, ал сөзсүз ыйлайт болчу- деди.
Желжетпес шамал менен жарышып кетип баратат. Кокон шаары итапкан эле артта калды.
Акүчү ойлонду «Асман менен учпай жер менен бастырайын канаттуу жаныбар бат эле чарчап калат»,– деди. Таштак жолдо ат келатат. Бала куржунда келатат. Баары келатат. Бир гана арман Төрөкочкор баатыр келбей артта калды. Ошондо чөлдөгү топ бөрүлөр атты кууду. Күлүк бир заматта канатын жайып асманга учуп кетти. Учуп жүрүп отурду Токтоайым эне:
– Буудан чарчап калат андан көрө жер менен бастыралы алар жол арытып, сапар картып келатты. Кайдан-жайдан белгисиз топ кабыландар пайда болду, алар тиштерин арсайтып күлүктү кууп калды жаныбар бат эле канатын жайып учуп кетти эле кабыландар артта ал эми карга, кузгундар аргымак менен тең жарышып келатты. Канаттуулар чарчашты окшойт уча албай артта калды.
– Курган карга, кузгундар биздин артыбызда калды алар бизге жетмек кайда;– деп зоңк зоңк этип күлүп койду,– Акүчү.
Аргымак энени жана баланы алып закымдап кетип баратты. Мезгил да токтобой өтүп жатты. Эртеси агарып таң атат анан күн өйдө көтөрүлүп түшкү маап келет, анан күн тоолордун же түздүктөрдүн ары батып коңгуроо кагылып кеч келип, кайрадан көз ачып жумганча жымыңдап ай тоодон чыгып түн келет. Ушинтип эле бири өтсө бири келе берет. Ушинтип эле адамдар да жаныбарлар да карый берет. Ушинтип эле бөбөктөр төрөлүп, адамдар улгайып, пенделерди муңга салып карыялар тиги дүнөгө жол кетет. Ушинтип эле жер күндү айланып, ушинтип эле күндөр өтө берет, өмүр токтобой өтө берет.
Жолочулар жер менен кошо айланып сапарын улантып жолдо келатат. Аларды көргөн адамдар айтты:
– Касиеттүү Мүйүздүү эненин тукумдары бараар жерине жетип кайра келатыптыр.
– Куржунда эркек баланын башы чыгып, ыйлаган үнү угулат. Бул бугу уруусунун тукумун улайт. Өмүрү узун болсун.
– Бугу уруусунун талыбас аргымагы Желжетпес абада учуп баратат. Бул талыбас аргымак бул уруунун атагын чыгарат.
– Аргымак үстүндө Акүчү баатыр жана эне сапарлап баратат.
– Булардын сапары байсалдуу болуп, каалаганы аткарылсын.
– Жараткан Теңирим адамдарга бейкуттук жана тынчтык арнасын.
Аргамак аркайган тоолордун үстүнөн арыбай канатын кагып учуп өтүп,
талаалардан, түздүктөрдөн чарчабай кайкып өтүп, баратты аларды тоонун кыраан бүркүттөрү узатып жатты. Ал эми кыраан шумкарлар, куштун пири буудайык коштоп жүрүп отурду. Алардын баары сапар бараткан жолочулардын колдоочусу болгон. Ошол жердеги торгой көкө көтөрүлүп жолочуларды карап сайраса, бак башына конуп күкүк күкүктөп салтанаттуу ырын төгүп жатты. Ушундай күүнүн, ушундай салтанаттын аркасында биздин жолочуларыбыз өзүнүн ата-конушуна бат эле жете келди.
***
Береги көлдүн чыгышындагы бугу уруусунун адамдары «биздин жолочуларды качан келет» деп чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ак элечекчен энелер, ак калпакчан аталар, абалар, апалар биздин жолочуларыбыздын жолун карап күтүп жатышты. Чабандес Акүчү атты элге жеткирбей токтотуп, баланы колуна алып, Токтоайым эне башына кара жоолук салынып, токтобой арманданып ыйлап, көзүнөн буурчак-буурчак жаш төгүлүп, сыздап кошок кошуп келатты. Башында муңун арманын кошок менен айтып жатты.
Акүчү баатыр баланы койнуна катып «тууганыман айрылдым» деп, ыйлап, боздоп келатты. Алардын ыйын угуп, Акүчүнүн чепкенинин ичиндеги бала дагы бар-бар этип «атакелеп» ыйлап боздоп, армандуу өлгөн атасын жоктоп келаткандай болду. Кыскасы баары ыйлап, баары боздоп арманданып жакын кишисин жоготуп кайгылуу келатканын жарыя кылды. Ошондой кылды. Эмчек эмген бала «бар-бар» этип ыйлап көпкө басылбай сыздап турду. Аны сооротсо да ыйык энелер эмчегин берсе да эмчек эмбей басылбай боздоп жатты. Анын үнүн угуп, жер үстүндө муңдуу чөп ыйлап, кайын ыйлап, тал ыйлап,карган жандын баары ыйлап жаткандай болду. Аны атасын жоктоп ыйлап жатат» деп карыялар, энелер айтты. Бала качан чарчап бүткөндө ыйын токтотуп тынч уйкуга көшүлдү.
Ак элечекчен энелер, ак калпакчан аталар качкындарды ыйлап боздоп тосуп алышты.
Ошол кезде күн ачык эле туруп жаан себелеп токтобой жаап жатты. Булардын ыйын көрүп жаратылыш эне да ыйлап, муңканып жаткандай болду. Ошол ошол болду. Төрөкочкор ата басып өткөн, балалыгын өткөргөн Каркыра жайлоосунан, көлдү тескей-күңгөй тоолорунан сууктун илеби келип, муздак жел денени үшүтүп муңдантып турду.
Ак элечекчен эне баланы бетинен сүйүп, аны кийинки байбичеге берди, ал дагы баланы өпкүлөп ал кийинкисине берет. Ошол кезде бала бир эненин колуна барды, баркырап ыйлап, катуу булкунуп ыргып кете таштады. Эне чочуп:
– Апей, көтөк, татай бул кандай бала эле жөн бала болбойт го,– деп кудайга жалынды.
Бала энелерди аралап жүрүп отуруп, карыя баланын бетинен өөп, аны кайра энеге берип сөз алды:
– Айланайын журт, Мүйүздүү бугу эненин тукум өлгөн жок Төрөкочкор өлгөн жок андан уланып тукум калды. Баатыр өлсө да анын жолун улаар баатыр калды. Бала сапар жолдо куржунга салынып өз жерине аман-эсен келди. Уулубуздун атын Төрөкочкор айткандай Сейит коёлу.
– Сейит болсун!
– Сейит!
– Сейит!
– Алыс жактан аман-эсен куржунда келди, эркелеткен атын Куржун болсун , -деп да чакыралы.
– Мейли эркелеткен аты Куржун болсун ,-деп чакыралы.
– Куржун!
– Куржун!
– Куржун!
Ошентип берекелүү карыя небересинин атын эл алдында койгон экен.
Андан башкача болбоду. Куржун атанын: Бешенбай, Ырыс, Торгой, Чолпоке, Султангазы, Түлөсүн деген алты баласы болуп, андан башка ай чырайлуу күн десе күндөй, ай десе айдай үч кыздуу болуп, алардан тукум уланып кете берди. Бул баян биздин ата-бабаларыбыздын уламасы экен. Ага жомок да чындык да аралашып жана санжыранын өзү ошондой болот экен. Ошол иш ошол болду. Андан башкача болгон жок. Бирок а дей электе эле жомок-санжырабыз бат эле бүтүп калып жатпайбы. Анда айла жок Алла Тааланын жардамын күтүп, башка жомок санжырага өтөлү
КУРЖУН
Куржун деген атанын,
Айта кетем атагын.
Куржунга салып ташылган,
Кужулдагы чуу жарган.
Ошентип Жамангул баатыр көчкүнүн алдында калып каза болду. Ал беш балалуу болду. Белек, Итбай, Төрөкочкор, Кыдык жана Бооке беш эркек андан башка атанын койможуган кара көз арасы эки жаштан төрөлгөн ай десе айдай, күн десе күндөй үч кызы бар эмес беле.
Бир кезде Коконд хандыгы бүтүндөй көлдү, Нарынды каратып, зекет садага алып кыргыздарды эзип жиберди. Хан ордого деп, канча сулуу кыздарыбыз жашын төгүп ыйлап кетип жатты. Ошол эзүүчүлөргө каршы ар кандай нааразычылыктар жарала берди. Кыргыздар да башка элге оңой менен багынбаган эл эмеспи. Хандыктын камчы чабарлары колу жетип тындырбай зекет жыйноого аракет кылат. Бугу уруусунун билермандары зекет төлөбөйбүз деген сөздөрдү айтып жатты.
– Андай болбойт барымтага киши бергиле аны ордого кармап турабыз, зекет чогултуп келип анан адамдарыңарды ала бергиле.
– Барымтага киши бере албайбыз, барымтага берген кишибиз Төрөкочкор кана таап бергиле,– деп кокондук сарбаздарга каршы чыгып жатты.
Алар бугуларга көп каршылык кыла албай калды.
Мезгил өтүп бала кичне чоңоюп калды. Ай десе айга келбей, буй десе буйга келбей билинбей убакыт өтүп жатты. Бапа дагы Белек, Бооке баардыгы аңчылыкка кызыгып, куш салышчу. Алардын үйүнүн жаныдагы туурда сөзсүз куш байланып турчу. Талаа, суунун жээгинде илбеесинден көп неме жок аларды куш салып кармаса эң сонун. Бир четинен көңүлүн ачат, бир четинен жей турган тамагың даяр. Төрөкочкордун боз кушун Белек кээде салат, көпчүлүгү байланып туурда отурат. Токтоайым эне аны ачка кылбай багып турат. Кушту бош койсо деле эч жакка кетчү эмес. Учуп а түгүл азык кармап жеп, анан бир кезде тууруна конуп отурчу. Копчүлүгү ал Куржундун бешигин аягына барып конуп отурчу. Үйдөгүлөр буга көнүп калган, куш кайда отурат, аны менен эч иштери болгон эмес.
Жай айы сонун болуп жаадырап тийип турат. Эне чаканы кармап аркы жактан суу алганы кеткен. Ошол кезде боз үйгө бир кара чаар жылан жакындай берди, бала болсо бешикте уктап жаткан. Ал боз үйдүн эшигине улам жакындады. Үйгө кирсе эмне болот бешикте магдырап уктап жаткан баланы чагып албайбы. Уулу кара чаар жылан экен. Жыланды көрүп куш дагы чаркырап тынымсыз үн берип жатты. Эне жыландын боз үйгө жакындап калганын сезип, чакасын таштап кыйкырып чуркап келе жатты. Эмне окуя болуп кетер экен. Ошол кезде баланын бешигин аягындагы конуп отурган куш жыланга атырылып качырып кирди. Жылан соймоңдоп кушту чагып алганга аракет кылды. Куш ага жакындабай айланып качып турду, эми куш менен жылан кармашка өтчүдөй болду. Оңтоюу келе калды окшойт, куш жыланды куйруктан тиштеп, асманга көтөрүлуп учууга аракет кылды. Жылан абада салпактап, ары-бери кыймылдап кетип баратты. Кайда кеткени белгисиз. Эне бул көрүнүштү баарын өз көзү менен көрүп туруп таң калып, кичне эс алып:
– Ой, жаратканым, асылымы жылан чагып ала таштады эле атасынын кушу аман алып калбадыбы,– калтыраганын токтото албай кудайга жана кушка жалынып жатты.
Коңшулар бат эле жетип келип болгон окуяны көрүштү.
Ошол күнү куш кечиреек келди кайда барганы белгисиз. Келип ал баланын бешигинин аягына конду. Белек бул окуяны угуп, үйгө келип колуна кушту кондуруп, анан тумшугунан өөп койду:
– Жарыктык акылман куш баланы жыландан куткарды, бул куштун пири буудайык болуш керек, акылдуу ыйык жаныбарым,– деп жонунан сылап койду.
Ошол күнү бир кой союп, Төрөкочкор атага куран окутушту.
Элдин баары бул баланын колдоочусу Боз шумкарбы, – деп ойлошту.
Эне кудайга жалынып:
– Айланайын боз шумкар баламын колдоочусу боло көр сенден балага бир жакшылык нерсе сезилип турат,– деп кудайга улам-улам жалына берди.
Жай айы болчу. Эл жайлоого көчүп өздөрү каалаган жерине отурукташып, бээ саап кенелеп калган учур эле. Токтоайым эне бир аял менен бээ сааганы кеткен эле, ошол кезде кошуна кыз эне турган үйдөн илегенге очогун тутантканы очоктон күйгөн тезектен алып кетет. Ал кетип баратып, күйгөн тезекти чийдин түбүнө түшүрүп салып кете берет. Чий күйүп бара-бара боз үйдүн бир капталы күйө баштайт. Ошол кезде Боз куш ай асманга атып чыгып кайра келип чаркырап үн чыгарып айлана баштайт. Эненин жүрөгү бир жаманчылыкты сезип, «Куш мындай кылбайт эле» деп боз үйгө карай чуркайт. Чуркап келатса, көзүң жаманчылыкты көрбөсүн, боз үйдүн кыз түшүрүп кеткен тезектен чий менен кереге жалбырттап күйө баштаптыр. Эне кыйкыра өкүрүп келип, чакадагы сууну от күйгөн жерге жаба төктү ага дагы боло турган эмес, ошондо эне жерге салган көлдөлөңдү ала калып, өрттү басып өчүрүп салды. Жалын бетин, чачын аймалап кетип маңдайкы чачы күйүп калды. Бирок алышып жатып өрттү өчүрдү. Бешикти ачып караса, эч нерсени билей Куржун уктап жаткан экен. Курган эненин араң дегенде жүрөгү оордуна келди. Катуу улутунуп, өзүн эң жаман сезип жатты. Кушту карады, канаттуу туурунда конуп тынч отурат, чаркырап жатып чарчап калган окшойт.
Эне кушту канатынан сылап:
– Жарыктыгым, сен болбосоң эмне окуя болот эле баламын коргоочусу, акылманым,– деп кушту куйругунан сылады. Куш эненин кыймылын жактырган жок окшойт, ал бешиктин аягына конуп алып тынчтанып калды. Аңгыча боз үйдүн ичине адамдар толуп кетип өрттөнгөн боз үйдүн керегесин, чийин карап жатты:
– Жарыктык куш бул сенин балаңын коргоочусу экен.
– Касиеттүү куш баланы сактап калды.
– Өрт бешикти каптап кетсе эмне болот эле.
– Атасынын кушу, атасынын арбагы наристени сактап калды.
– Куш болбосо, баланын тагдыры эмне болмок.
– Жаратканым жакшылыгыңды бере көр.
– Бир гана жараткан Теңирим ыйык.
Эртеси эне тогуз токоч бабеедин жасап, кудайдан жардам тиледи. Бапа ата ак боз бээни сойдуруп Төрөкочкор атага дагы куран окутту.
Мезгил өтүп бала чоңоё берди.
Күндөрдүн биринде аксакал карыялар Токтоайымдын үйүнө кирип келишти. Эмне үчүн келгенин эне айтпай эле билип турду. Ошондо эң кары ак сакалчан карыя айтты:
– Айланайын Токтоайым балам, сөөгүң сарбагыш уруусунан болгон менен кан-жаның бугулук биздики болуп калды, тагдырдын буйругу ошол экен Төрөкочкор уулубуз бизди таштап жол кетти. Жазуу буйрук ушул экен. Жеке сен эле эмес биздин ичибизден да кан өтүп ушул кезге чейин өзүбүздү токтото албай жегенибиз желим, ичкенибиз ирим болуп турат. Өлгөн өлөт экен, өлбөгөн калат экен эмне кылабыз. Ата бабабыздын салты ушул. Күйөөсү өлгөн аялды бирөөгө баш байлап коюу парз. Ал үйгө бирөө ээ болуп, ургаачы ошону менен бир жашаш керек тура. Бул күйгөн очок ээн калбасын дегени экен. Анын балдары атасы жок жетим калбаш керек окшойт. Ал ата-бабанын салты экен. Ошол үчүн сени Кыдыкка баш байлайлы,-деп чечтик.
Эне бул сөздү угуп бышактап ыйлап жиберди. Дагы бир карыя:
– Кой, Токтоайым балам, эстүү адамсың, эстүү адам өзүн токтоо кармаш керек.
– Ал менден жаш го
– Эч нерсе эмес, жаш болсо жетилет жашоону көрөт. Сенин үйүңдөн эркек танаа кирип -чыгып турсун. Балам сен дагы бирөөгө жармашып түтүн булатып, эл-журтуң менен бол!
Ошентип молдо нике кыйып, ак боз бээ союулуп эл бата берди.
Мезгил өтүп, куржун эс тартып, кайрат күчкө чыңалып чыкты. Ал жаш чагынан эле мекенчил элин сүйгөн пенде болуп чоңоюуп келе жатты. Канча кылса да акылман баатырлардын тукумунан эмеспи аларды тартпай койбойт экен. Ал атасы Төрөкочкорду эстегенде арманы башынан ашып түшүп эмне кылаарын билбей калчу. Ошол үчүн бала кезинен эле балдар менен күрөшкө түшүп, айрыкча жаа тартып, аны түз атканга аябай үйрөндү. Өзү жааны эң сонун кылып жасап алчу. Ал асманда учуп бараткан канаттууну түз атканга аябай үйрөндү. Бул үчүн ага көп эмгек талап кылынды. Далай жолу аракеттенип машыкты, акыры жааны көздөгөн жерине атып калды. Буга ал аябай сүйүндү. Бала бой жетип, баатыр чалыш болуп чыга келди. Эл аны Төрөкочкорго окшош, ошонун эле кичирейтип койгон түрү деп айтышчу. Ошол үчүн аны энеси Токтоайым дайыма үйрүлүп ага көз салып аман-эсен болушун каалаган.
Андан бери кыргыз жерине эчен жолу кыш келип, эчен жолу жаз кетти. Убакыт биринин артынан бирин куушуп өтүп жатты. Далай жолу ак кар басып кыш келип, эчен ирет жаз келип, жер түрлөнө көркү чыгып жатты. Жаштар чоңоюп бой тартып, карылар аларга орун бошотуп берип жатты. Жашоонун заң закону ошондой болуп, анан адам пендеси эмне кылмак.
Кокон хандыгынын эзүүчүлөрү дале бугу уруусунан алык-салык зекеттерди жыйып алып кетип жатты. Баягыдай эле хан ордосуна кыздарды алып кете берди. Анын эсине төмөндөгүдөй бир окуя эстен кеткис болуп калыптыр. Анда баланын жетидеги чагы эле. Азыр мезгил өтүп жыйырмага чукулдап калбадыбы. Ошолордун айлына жакын жерде сару уруусунун боз үйлөрү бар эле. Алардын Кундуз деген кызы болгон. Кундуз кундуздай эле аябай сулуу экен. Куржун экөө ар дайыма жолугуп, сөз бекитип келечекте үйлөнөбүз деп,жакшылыкка бел байлап жүрүшкөн. Кырдач муруну бетинин аппактыгы мойнунун узундугу, көзү бакыракай олоң чачын беш көкүл кылып өрүп, татынакай ак жүзү жаратлышынан жигиттердин эсинен кетпей өтө сулуу кыз болгон. Ошол сулуу кыз да Куржунду жактырып, аппак жүз аарчыга гүлдүн жана жүрөктүн сүрөтүн жип менен сайма кылып, белек катары берген. Жигит аны аарчынып булгабай эле анда-санда ошол жүз аарчыны карап дайыма караса кыздын элесин көз алдына келе берчү. Анын атасы катуу оорудан өлүп, эки бир тууганы жана сүйүктүү энеси бар эле. Кокондон келген сарбаздар ошол кызды алып кетебиз дешти. Кыздын энеси буга такыр көңүлдөнбөдү «андан көрө мени өлтүрүп кеткиле» деди. Кыз да айтты: « Мен барбайм» деп болбой койду. Бирок Кокондук жигиттер кызды сордуктап арабага салды. «Мейли» деп кыз көңүлдөндү. Анан чоң шаркырап аккан сууга келгенде кыз арабадан түшө калып сууга денесин таштады. Эки сарбаз жигит артынан сууга кошо кирди. Катуу кирген суу үчөөн тең таштан-ташка уруп дайынсыз агызып кетти. Кийин кыздын денесин суунун ортосундагы аралчадан таап келип жайына беришти. Куржун атасын эстеп, андан кийин бул арман анын көңүлүндө түбөлүк каар болуп жашап калды. Ал Кокондук сарбаздардан кандайдыр бир жол менен өч алууга даярданып жүрдү. Анын эсинде кетпес кек, каар жашап калбадыбы. Бирок такыр билгизбеш керек билсе чыр чыгып, сепилден кишилер келип бүткүл айылды балакетке салат. Бой жетип калган жигит бул жагын да аныктап чыкты.