Читать книгу Мезгил ажырымы ( Алтын Иниятовна) онлайн бесплатно на Bookz (5-ая страница книги)
bannerbanner
Мезгил ажырымы
Мезгил ажырымыПолная версия
Оценить:
Мезгил ажырымы

5

Полная версия:

Мезгил ажырымы

***

Руслан менен Денис тез эле теңтуш болуп алышты. Ар түрдүү жаңылыктардан кеп салып Денис офисте бутун столго сунуп илип тулкусун креслого таштап, колундагы алакандай кагазды ар кандай кылып бүктөп эрмектеп коюп чалкалап отурат. Бойдоктордун сүйлөшкөндөрү кыздар болуп Руслан “өз тажрыйбасынан” бөлүшүп, эки жигит анда санда каткырып калышат. Руслан баягы Тулиева көчөсүндөгү тажрыйбасынан кеп баштаганда Денис аябай күлкүсү келип “койчччу…ээээй…дос…ошояка барчу белең” деди мыскылдагандай. Алгач Руслан мыскылды деле аңдабай “ооба…эмне болуптур” деп Денисти карады. Жаш жигит өзүнөн улуу бул жигитке “Тууй..ат-т-та…жетишиптирсиң…” деп айтып жибере жаздады да “Эээээ…тээ мурда мен да бир жолу баргам. …бл....ары жактагы ичине түрмөдөй кылып темирден эшик орнотуп кыздарга ошол жакка киргизишет экен го. Ажылдаган эже акчаңды төлөгүчө жанынды сууруп алат экен. Ичине кирсен ....ме!…с-сага....бир бөлмөдө экиден-үчтөн жайылган төшөк, бөлмөнүн ичи сасык жүрөктү айлантып, төшөк-шейшептери өл-лл-ө кир, балит…” деди бетин тырыштырып. “Ал жакта “нормальный” деле кыз жок, далдыйган, дүңкүйгөн, былтыйган, капкара кыздарды көргөм. “Серьезный” эле байкелер барат экен ошол Тулиевага....айткың келет эй…”эй “братан”…өзүңдү сыйлачы”…депчи”-деди Денис сөзүн улантып. Руслан Денистин сөзүнөн кийин унчукпай калды. Башкасын айтпаганда да, Руслан бул офисте иштеген аз убакытта эле мурдагы жашоо чөйрөсүнөн жогору деңгээлдеги чөйрөгө келгенин тымызын сезип, боюн түзөп калганы чын. Жардамчы кыз Жибекке келип кетип жаткан маралдай керилген кыздарды көргөндө Руслан өзүнүн баскан турганына, манерасына, кийимине өзгөчө көнүл буруп калган. Мурун кандай эле?…көңүлүнө жаккан келин-кыз болсо ырсактап тийишип, ыкка көнгөндөрүн ары-бери жетелеп эптеп бир күндүк болсо да кумарын кандырып алганга аракет кылып, спорт менен иши да жок, көрүнгөн жерге какырып-түкүрүп коюп шалпылдап жүрө берчү эмес беле. Кудай берген өн-келбетти барктай албай, тамекини өчү бардай чегип, анда-санда жуулган сары тиштерин ырсайтып күлүп койчу. Атыр, бет май жана башка эркектерге тиешелүү косметиканы мындай эле кой, өз колтугунун жытына кээде ээ боло албай калчу. Буттун “жыпар” жыты Руслан үчүн эркектерге тиешелүү кадимки эле “касиет” болчу. Айрым достору деле ушундай алкакта жашап келе жатышат. Эркектердеги мындай кебете-кешпир, жүрүм-түрүм коом тарабынан кадимки эле көрүнүш катары кабыл алынып, калыптанып калганы талашсыз. Көпчүлүк эркектердин мындай жашоо образы айрым кыздарга жакпай, бул кээ бир кыздардын чет элден бактысын издеп кетип жатканына себеп эмеспи деген ойлор да эл арасында жок эмес.

Денис Асянын телефондогу өтүнүчү менен машинени техникалык кароодон өткөрүү үчүн чыгып кетти. Денис кеткен соң, Руслан тапшырмага алган коммерциялык сунуштардын алгачкы элесин иштеп чыгуу аракетин улантып, компьютерин тиктеп калды. Компьютерде иштөөнү мурда жакшы билбесе да, интернет аркылуу маалымат табууну телефонунда мыкты өздөштүрүп алгандыгынын пайдасы тийип, жалгыз жардамчысы интернет болуп Русландын жумуштан чарчап баштагандай түрү бар…

***

Чоң апасын Канат атасы экөө ооруканага жаткырып келишти. Атасынын маанайы чөгүп, кыжынып кыйкырынып алган. Бардык көйгөйлүү маселеге аялы Атыркүл күнөөлүүдөн бешбетер атырылып чыр баштачу кейиптенип калыптыр. Мындай абал сөзсүз арак менен «кооздолот». Бул Канатка бала күнүнөн тааныш. Эми кеч киргенде «концерт» күтө берүү керек. Атасы мас болуп алып апасынан күчүн чыгарып чачтан алып сүйрөп, үйдү башына кийип бакырчу. Бутуна туш келгенди талкалай тээп, колуна келгенди терезеден чыгара ыргытаар эле. Мындай чырлардан жүрөгү өлүп калган апасы Атыркүлдүн абалын сүрөттөп берүү кыйын. Кыпылдап, кыйпычыктап айласы кетип, өңү бозоруп, кайсалап калат. Күйөөсүнө алы жетпей, болгон аракети балдарга колу тийбесе экен, өлтүрө чаап алып балакет кылбаса экен деп жан чыдатпаган чон муштумга чыдап баарына кайыл болуп, күйөөсүнүн бут алдында топтой тоголончу. Атыркүл жаш кезинде балдарын коргоп алуу үчүн, мындай чыр жыттанган кырдаалда аларды кийинтип «Атанарга көрүнбөгүлө, чакырса ошол замат баргыла, “балдар менден качат, жек көрүндү кылдың” деп ого бетер күчөйт, эгер сабай турган болсо качып кеткиле, макулбу» деп даярдаар эле. Былчылдаган муштум, зыпылдаган камчы жонунда ойноп жатса да көзү менен балдарын акмалап «апалап келе калышып камчыга кабылышпаса экен» деп айласы куруп кетээр эле. Апасын тепкилеп жатканын шыкаалап карап турган балдардын улуусу кичинекей Канат быйтыйган манжаларын тиштегилеп, мына азыр канаттуу кушка айланып апасы менен асманга учуп кеткиси келчү. Кийинчерээк атасына карата жек көрүү сезими пайда болуп, мындай учурда кичинекей муштумдары түйүлүп ызырынып тиштенип, мына азыр абдан күчтүү боло калып, атасын жыга койгусу келип кетчү. Үй-бүлө кептелген кыйын учурда ата болуп аска зоо болуп, үй бүлөгө кыйынчылыктан чыгууга жол көрсөткөндүн ордуна, тескерисинче ички алсыздыгын үй бүлөсүнөн чыгарып Жакшыбек жашап келди. Ушундан уламбы, айтор, Канаттын бир туугандары анда-санда гана апасы, чон апасы менен кабар алышпаса жээндерди жетелеп үй толтура болуп конокко деле келишпейт. Уядан учуп кеткендерине чексиз ыраазыдай ар ким өз тирлиги менен алек. Бала кездеги тамчыдай жек көрүүдөн келип чыккан кайдыгерлик, мерездик аралашкан балдарынын өзүнө кылган салкын мамилесине Жакшыбек азыр маани деле бербейт.

Атыркүл далай ирээт ажырашып кетип калгысы келген. Балким, акылман, уюган алтындай болгон кайненеси болбогондо кетип деле калмак. Уулунун кемчилигин мойнуна алгандай келинине бир жаман сөз келтирбей жаманын жашырып, жакшысын ашырып бүтүндөй бир үй-бүлөнү сактап келген бул аялзатка балким алкыш гана жарашаар. Айрымдардай болуп сүйлөп жаткан сөзүнө маани бербей, ысык чайды ууртагыча ойуна келгенди айтып койгон кайненелердей болбой келинине колуна кол, бутуна бут болуп келди. Жаны үйлөнгөн алгачкы айларда Жакшыбек «Иии…апа…келиниң кандай экен?» деп сурады. Чон эне «Мыкты балам мыкты. Адашпаптырсың. Буюрса жакшы келин болот ананайын» деп койгон. Ошондон бери чон эне бир да жолу келинин баласына же мактап же жамандап сөз кылган эмес. Чынында, камыр жууралбаган, тамак жасай албаган, элеңдеген энөө келиндүү болгонун сезген. Чоң эненин эсинде, ал кезде эненин жашыраак кези, бир жолу көшөгөдөн чыга элек келини тамак жасады. Өнү жармадай тамакты көргөндө шашып майды кызыта салып, пиязды майда туурап таттуу калемпир менен кыпкызыл кылып кууруп жиберди. Келини тамак куюп жатканда «Бери жылдыра бер балам, мына мындан бир кашыктан кошуп ичкиле» деп куурулган нерсени бир кашыктан куюп берип жатты. Откуйган тамактын өнү оңолуп, чоң эне ичинен кымыңдап калган. Куурмач кууруп убара болбой деле койсо болмок, бирок капилет келген айылдаш абысыны анан бир маалда шыпшынып-шыбырап «Ай…келиниң тамак жасаганды билбейт го» дегенин уккусу келбеди. Себеби, келинине жан тартып сүйлөсө кийин балким ойдогудай болбой калса “карап кой…келинин мактап жатты эле, минтип калды го” деген таба сөз болушун, эгер абысынына кошулуп кеп кылса, кептен кеп чубалып айыл аралаган ушакка айланышын каалаган эмес.


***

Жакшыбек көчөгө чыгып кетип эле кечке жоголду. Мындай учурда Атыркүлдүн тынчы кетип, колу-бутун билинээр билинбес майда калтырак басып үй иштерине көнүлү келбей кайсактап ары бери басып калат. Өмүр бою болуп келген ушундай абалдан улам бул аялзат кыздарына, Канатка жетиштүү тарбия берип көңүл бура алган жок. Балдары мектептен угуп келген ар кандай өнуктүрүү курстарына барууну айтканда, аларга жооп кылып “Койчу, балам, кулак мээ тынч жашайлычы. Атаң укса урушат. Кайдагыны чыгарасың деп менден көрөт” дечү. Ичинде энелик дили менен балдарына мындай кошумча курстар зарыл экенин билип турса да, Жакшыбектин каарынан коркуп, ашыкча маселе жаратпай тынч жашоону туура көрчү. Бирди эки кылалы деп аракет кылып насыя алып, аны төлөп бүткөнчө ичкени ирим, жегени желим болуп жашаган жылдар балдарынын тестиер, өспүрүм курагына туш келип, эне ал жылдары балдарына такыр эле көңүл бура алган эмес. Кредит төлөнбөй, үйдү алдырып жибере турган болсо Жакшыбек аялын тирүүлөй эле жерге көөмп салмак.

Кайненесине ысык тамак киргизүү керек эле, бирок Жакшыбек үйгө келбей кеч кирип бара жатат. Атыркүл ооруканага кетип калайын десе, күйөөсү мас болуп алып артынан барып элдин көзүнчө беймаза кылабы деп жүрөгү түпөйүл. Каары калбаган Жакшыбекке чатак жагынан атаандаш жок болсо керек. Уулу Канатты ооруканага барып кел десе, Канат да кылчактап турат. Бала күнүнөн жүрөгү калган Канатка мындай чыкса эле атасы апасын өлтүрүп салчудай сезилет. Атыркүл уулуна “Атаңды барып акмалап, байкап келчи. Көзүнө көрүнбөй кайра кел. Баягыдай “көчөдөн таап жетелеп келгидей, мен силерге алкаш болуп калдым беле” деп балээсине калбайлы” деп жөнөттү. Абысынына бүгүнчө ооруканага барып турчу деп айтайын деп ойлоп кайра “Тигилер энеңден кутула тажашкан го. Ооруканага жеткирип салып, тамак киргизгенге да жарабай калышыптыр” деп абысыны кайнисине айтып сөз көбөйөт деп ойлоп ал оюнан айныды.

Кайнене келини Атыркүлдүн коңгуроосун алды. Кулагындагы аппаратына телефонун такап алып угуп жаткан энеге келини “Апа…эртең таң эрте ысык шорпо алып барайын. ....Жакшыбек....жок....Канат карап акмалап кетти…” дегенинен үйдөгү аба-ырайы түзүк эмес экенин сезди. «Мейли…балам…» дегенден башка эч нерсе айтпады. «Ал…өлүгүңдү көрөйүн ичип алган го…башыңды жегир…» деген сыяктуу сөздөрдү келинине эч качан айтчу эмес. Дегеле, өз кайненелик алкагында уулун келинине мактап же жамандаган же келинин уулуна мактап же жамандаган жойпу сөздөр болчу эмес. Эч качан кыздарына же башка уулдарына деле ашыкча бирдемелерди сүйлөп кеп көбөйтпөгөн. Эгер азыркы мезгил ажырымындагы айрым жеңил кайненелердей болгондо, отуруп алып кыздарынын бирине телефон чалмак (же кызы чалып калса) «Үйдөн киши келе элек. Врачы да жок. Отурам палатада» демек. Аны уккан кызы апасы такыр каралбай калгандай түшүнүп, Атыркүлгө ачуусу келип кызып алып көчөдө жүргөн Жакшыбекке телефон чалмак да “Апама качан барасыңар?. Врач да көрө элек экен. Дайындадыңар беле врачка?” демек. Муну уккан Жакшыбек: “Тээтиякта жаткан кыздар эмне деп жатышат, апамды мен эле карап багып жатам го” деп жулунуп үйгө келмек. Анан баары башталмак. Эгер кыздарына “Тиги шүмшүк ичип алып дагы чырлап жаткан го. Үйдөн киши келе элек. Келин телефон чалды” десе, кызы Жакшыбекке жини келип ага телефон чалып “Карыганча ичесиңерби?!” деп чаңкылдамак. Муну уккан Жакшыбек “Энеңди урайын мени жамандайсың сен!!!” деп кайра эле Атыркүлдү күнөөлөп сабап жатып калмак…Баарына…Атыркүл…Атыркүл гана…күнөөлүү…болмок.

***

Уулунун жумуш таап иштеп кадимкидей салабаттуу, олуттуу боло түшкөнүн Русландын апасы Назым байкады. Анда-санда гана маанилүү бир жакка барарда ак байпагын кийип жасанып калганы болбосо, демейде жынсы шымы, көк көйнөгү жонунан түшчү эмес эле. Эми болсо бир топко күзгүгө каранып кичине кезиндегидей болуп сыланып калчу болуптур. Сыланып демекчи үй бүлөдө эркек бала күзгүгө каранып калса “сылаңкорооз”, “көйрөң” деп анын оз бойуна тыкан караган аракетин баалабай, өз үй бүлөсүндө келеке кылгандар жок эмес. Ошондон уламбы, айтор кичинекей эркек балдар беттерин жууса жууп, жуубаса жуубай деле чакалай болуп жүрө бергени адамдарга эрөөн-терөөн болбогону ушундан болсо керек. Анан, кийин соң өз келбетине кам көргөндү билбеген туурдук бет жигиттер өсүп жетилээрине далилдин деле кереги жоктур. Руслан 4-5 жаштарында чачын оңду солду суулап тарап калчу. Кийинчерээк үй бүлө мүчөлөрү “кыздардай болуп”, “өпкөлөнүп” “күзгүдөн чыкпайт мобу бала” дей бергендиктен бала тарткынчыктап калган. Бирок, баары бир дилинде болгондуктанбы көнүлү чындап келсе койкойуп таптаза болуп, таранып чыга келчү. Ошенткен бир күнкү аракетинен улам бир көргөн Асылкүлгө (Ася) жагып таза-тыкан жигит катары өзгөргүз таасир калтырып мына минтип жумуштуу болуп отурбайбы. Русландын аракети учурунда колдоо таап, туура нукка багытталганда балким бул каш десе каштуу, чач десе чачтуу жигит деле кыздар суктанган кино сериалдардагы жигиттерден кем калышмак эмес. Тескерисинче, өз келбетине кам көрүү адатка айланбай кадимки эл арасындагы бир жигит болуп чонойду.

Назым эне уулун үйлөнтүүнү ойлой берет. Жашы отуздан эбак оосо да, уулу минтип дагы эле жалгыз бой. Апасы Русландын сүйлөшкөн кызы барбы жокпу биле албай жүрөт. Суроо берсе уулу тамашага айлантып “Кыз толтура апа. “Илибой” учурда жетелеп келем” деп коет. «Кыз толтура» деген олутсуз мамиле ар бир 3чү жигитте болсо керек. Сүйүп же сүйдүрүп үйлөнбөй иши кылып тааныша калып 3-4 ай жетелешкен болуп жүрүп үйлөнөт, же бирөөлөрдун айтканы боюнча «жакшы кыз» деген «бренди» бар кызга башын байлайт. Ошол жакшы кыз менен кыял жоругу, табити туура келеби, аны бара көрөбүз да деген тымызын көнүл коштук бар. Ал эми сүйүү жаатындагы маселе бардык учурларда ачык талкууга алынбаган маселелердин бири болуп келе жатат. Кыз менен эненин, уул менен атанын ортосунда бул маселе боюнча акыл-тарбиялык суйлөшүү жок болгондуктан, ар бир өспүрүм махабат темасын алы жеткенче, кабыл алуусуна жараша башка булактардан түшүнүп алат. Мунун натыйжасы мезгил ажырымында оркойуп эле көрүнүп калгандай. Себеби жаштар интернеттен алган менталитетке туура келбеген маалыматтар, улуу журттун уюткулуу насааттарына каршы келип жаштар кайсыл туура же туура эмес экендигин анык түшүнө алышпайт. Айрымдар үчүн сүйүү бул үй-бүлө болуп бирге бактылуу өмүр сүрүү болсо, айрымдар үчүн чогуу төшөккө жатуу, ал эми дагы бирөөлөр үчүн кинодогудай жетелешип басуу, белек-бечкекке көмүлүп жашоо деген түшүнүк экени талашсыз. Эмнегедир, дээрлик бардык үй-бүлөлөрдө сүйүү темасын арткы планга калтыруу кадимки эле көрүнүш. Бул тема үй бүлө ичинде балдар тарабынан козголуп калса, уккандар мыскыл аркылуу «сүйүүнү сага ким коюптур» деп каткырык салышат. Чынында, ар бир үй бүлө мүчөсүнүн (керек босо 5чи класстын баласы болсо да) жан дүйнөсүндө бул тема өтө аяр темалардын бири, ал туура багытоого муктаж экенин жана бул бийик сезимди негиз кылып балада көп жакшы нерселерди калыптандырууга болоорун эч ким байкабагандай. Балада сүйүү сезиминин пайда болушу бул өзү керемет экенине маани берилбегени анык. Себеби бул тууралуу эч ким ачык сүйлөшпөйт, бул жарыяланбайт. Өзгөчө кыздар махабат тууралуу үй бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшө албайт. Себеби «уят». Кыздардын «сүйөм» деп жигитке ачык билдириши күнөө кылган менен барабар. Мындай жасалма ыймандуулук махабат жаатындагы тарбияга кедергисин тийгизип, кыздар маалы келгенде өзүнө түшүнүксүз сезим жагдайында турмушка чыгышып, үй бүлөнүн туруксуз болушунун себеби балким ушул. Назым апа да махабат, сезим темасына көнүл бурбаган эл арасындагы ата-энелердин бири. Уулу Русланга отуз жылдан бери шеринелеш болуп жүргөн аяшынын кызын алып бермекчи болуп белсенип алган. «Ата-энеси жакшы кишилер. Кызы билимдүү. Уулума ылайык келет» деп өз оюна бекип жүргөн кези. Руслан ал кызды сүйүп алабы же сүйбөй эле “апама жагыптыр” деп үйлөнүп алабы, аны менен жумушу жоктой. Иши кылып уулу үйлөнсө болду… Калганын бара көрөт го…

***

Нурик үйдөн чыгып бир нече чакырым жөө басып дүкөн издеди. Чөнтөгүндөгү Ырыстын паспортун таштап, Саадатка бир нерсе алып алгысы келгендей. Тинанын дүкөнүн жандай өтүп дагы бир нече аралык ары жайгашкан чакан дүкөнчөгө кирди. Дүкөндө отурган жаш кыз “Мен сизди тааныбайм. Паспорт деген бизде толтура. Эч нерсе бере албайм” деп телефонун чукулап отуруп алды. Ары бери басып эмне кылаар айласын издеген Нурик дүкөндүн астында бир аз турду да жашылча жемиштерди жайып саткан базарчаны көздөй жөнөдү. Базарчы байке паспортту алып 200 сомго чейин эле соодага макул экенин айтты. Алмадан тарттырып, эсептетип алып Нурик машрутка тосту. Саадаттын үйүнө жетти. Бир короодо бир нече квартиранттар жашаган бул чон үйдүн 2 бөлмөсүн Саадат ижарага алып жашайт. Короо толтура чурулдаган балдар. Серүүдө буттарына желим тапичке илип алып, учкаштырып силкилдетип отурган халатчан келиндер да көп экен. Саадат үйүндө жок болуп чыкты. Телефон чалса өчүк деп, Нурик бир аз күтүп бактын түбүндөгү көк чөпкө отуруп калды. Аңгыча тээ көчөнүн башынан илмеңдеген Саадат көрүндү. Жакындап калганда Саадаттын жаагы шимилип, көздөрү ары кирип, баягыдан бир топ эле арыктап калганын Нурик байкады. Байкаганда эмне Нурик андай маани берип чара көрүп жиберчү сезимтал жигит эмес да. Учурашып көрүшүп, колундагы пакеттин бирин Саадатка карматкан Нурик босогону аттады. Керебеттин бурчуна көк пакетти жөлөп койду да жерге салынган төшөкө отуруп бөлмөнүн ичин бир сыйра карап алды. Догдурга барып келгенин айткан Саадат дасторкон жайып чай даярдоого киришти. “Эмне болду? Бүттүбү? Таптакыр урушуп кеттиңби?” деп сурады Саадат. Нурик “Ээээ....э…урайын…бүттү…” деди да жыйылып турган жүккө жөлөнүп чалкалай калды. Эрди катын болуп бирге түтүн булатуу экөөнүн тең дилинде болгондуктанбы, айтор сөз сөзгө деле уланбай, калган маселе экөөнө тен түшүнүктүү болгондой. Селки кезинде өзү ашык болгон бир жигитке окшоштурган Саадат Нурикти чындап жактырып жүргөн шекилдүү. Догдурга эмне үчүн барганын Нурик кызыгып сурабады. Нуриктин тереңдеп сурабаганына женилдеп, жаны эле врачтын “кургак учукка шек бар” деп атайын дарылоо борборуна кайтадан жөнөткөн кабарды туугандарга, тааныштарга эмне деп айтаарын билбей, жолду катар ичинен кыжаалат болуп келген бул келин ичинен тынчый түштү. Канча жылдар жүрөгүндө катып койгон жан дүйнөнү дирилдеткен улуу сезим кайра жандангандай, Саадат бир аз күйүгө дем алып сүрдөп турган сыяктанат. Экөө чайга отурушту. Чайын ууртамакка чыныны көтөргөн Саадат чынынын кырына көзүн жашырып Нурикти улам уурданып карап алат. Нуриктин ылдый караган көздөрүн, мурдун, чачтарын кайра кайра уурдана тиктеп жүрөгү толкуп, ааламы ажайып боло түшөт. Чыныны аярлай сунуп, дасторкон үстүн кайра-кайра сүрткүлөп толкунданат. Керемет сезим Саадаттын көздөрүнө нур берип, кош карек жалжылдайт. Алоолонгон бетинин оту кызгылтым тартып келин сулуусуна тарта түшкөндөй. Ыйык махабаттан артык аялзаттын сулуулугун артырчу бул дүйнөдө эч нерсе болбосо керек. Эмне балакет болсо да, бул адамды эч кимге бербесмин деген Саадаттын ичине кызганыч уялап, Нуриктин каалаганын аткарып, өмүр бою кол кызматчысы болууга да даяр болгудай абалда. Саадат Нурикке арзып калды. Ичинде бакыт көпөлөгү ойноп, келин бир жагымдуу абалда кечки тамак бышырды. Экөө маңдай-тескей отуруп тамактанышты. Саадат эпилдеп-жепилдеп Нуриктин астына калыңдап төшөк салып, буту бутуна тийбей жүгүрөт. Нурик эч жакка кетпей ушинтип эле маңдайында отура берүүсүн самап кетти. Анын жанында болуудагы табышмактуу да, жагымдуу да бир сезим Саадаттын уйкусун качырып, өзүн алдаганча сергек сезет…

***

Ырыс Нурикке кайра-кайра телефон чалып жатты. Алгач коңгуроо кетип, бирок Нурик басып койгон үчүн өчүп калып жаткан номер эми таптакыр өчүрүлүп, ортодогу автомат оператор “бир аздан кийин чалыңыз” деп мазесин алды. “ Эмне албай жатат?” деп ызалана түшкөн Ырыс, бөлмөдөгү жүрөк үшүткөн жалгыздыкта тунжурап ээгин таянып ойлуу. Баятан үйгө келгенчекти ичиндеги үмүткө жетелеп дегдеңдеткен жылуулук, жигер, көнүлдөгү жаз, муздак сары дубалдарга сиңип кеткендей жоголуп кетти. Бир аздан соң, электр чайнегинин жанындагы эски тамак бышыргычы түйүнгө кошулуп, бирок иштебей турганын көрдү. Аны ары бери карап оодарып, “бузулуп калган турбайбы, эртең базардагы акы-чүкү оңдоп саткан жайма базарга барып оңдотойун же Нурик келсе жиберейин” деп ойлоп Ырыс эс алууга кам урду. Нуриктин үйдө жоктугу шаабайын суутуп, ыңгырана төшөгүн жамынып бүрүшүп жатып калды.

Таң эрте жанында төшөктө Нурик жок экенин көрүп, кайра көшүлүп уктап калган келин жумушка барууга да көнүлү келбей, шашкеде ышына жаңы күндү баштады. Курган келин түндүн бир оокумунда аны келет деп тымызын күткөн эле. Маанайы чөгүңкү телефонун өчүрүп таштады да, бузулган тамак бышыргычын көтөрүп алып базарды көздөй жөнөдү. Уйдү бекитип ачкычты бут сүртмөнүн астына “Нурик келет” деген ойдо жашырып катып койду. Базардагы соода эчак кызып, эл көбөйүп калыптыр. Катарларды аралай баскан Ырыс, көпүрөнүн алдындагы майда чүйдө темир тезек саткан жайма базарга келди. Бутун сунуп отуруп алып, чач жасалгалоочу аспапты оңдоп жаткан жашы 60ка чамалап калган сатуучунун жанына келип аярлай туруп калды. “Чон кыз эмне болду? Сатасыңбы? Же оңдотосуңбу?” деди сатуучу. “Момуну карап оңдоп бересизби?”. – “Азыр. Мына бул жердеги чач тарачтагы кыздар таштап кетти эле тез бүтүңүз деп. Мына буга отуруп алчы. Кел бери, ары бери өткөндөргө тоскоол болосуң” – деп майланышкан кичинекей отургучту Ырыска көрсөттү. Ырыс айлананы ойлуу карап, отуручка отурду. Ортодогу бир аз жымжырттыктан соң, сатуучу “Каякта жашайсың? Атың ким карындашым” деген суроолорду жаадырды. Ырыс ыңгырана жооп берип коюп отура берди. Ырыстын баласы жок бойдок келин экенин билген бул байке ичине ой пайда болуп, өзүн жакшы жагынан көрсөткөнгө аракет кылгандай түрү бар. “Суу ичесиңби?” деди байке. Ырыс “жок, жөн эле коюңуз” деген болду. Негедир Ырыс менен чогуу жашаган күйөө сыяктуу жан үйдө отурса деле ушундай жагдайларда “күйөөм бар” деп айтпай калган. Таанышуулар, эркектер менен түзүлгөн жаңы мамилелер көнүмүшкө айланып Ырыска мындай учурлар жаңылык болбой калган сыяктанат....

Ырыстын тамак бышыргычын кармалап карап көрүп “Муну таштап койбойсуңбу. Мен даяр болгондо телефон чалып коейун” деди уста байке. Бул анын келиндин номерин алууга болгон аракети болчу. Ырыс:– “Азыр эле оңдоп бересизби. Мен күтүп турам. Шашпайм” деди. Уста байке келинди сөзгө тартып, жакшылап таанышууга убакыт бар экенине ичинен кубана түштү. Келип кеткен кардарларга жооп берип товарларын көрсөтүп, ондоо үчүн аспаптарды алып калып, алып кетчү убактысын так айтып уста байке жумушу менен алек. Анда санда Ырыска суроо берип коюп, уста байкенин бүгүнкү жумуш күнү көнүлдүү уланып жатты. Капилет аялы каза болуп 1 жылдан ашык убайымда жүргөн бул эркек баласы жок бир аялзатка баш байлоону тилеп жүргөн. Кайтадан төшөк жаныртууда, балалуу аял балээлүү аял деген ойдогу бул устага Ырыстын минтип келип калышы тилегин кудай бергендей болду. Негедир бул келин макул болбой коет деп таптакыр ойлогон жок. “Балмуздак “чайнап” тур ээ” деп ары жактан балмуздак алып келип Ырыска сунду. Ырыс “Жооок..жөн эле коюнуз” деп чочуп кетти…


***

Көчөнүн аягынан чалыштап басып Жакшыбек келе жатат. Кимдир бирөөгө ачуусу келип муштумдарын жазып, түйүп тиштерин кычыратат. Эртеден бери көчөгө улам чыгып күйөөсүн карап тынчы кетип жаткан Атыркүл Жакшыбекти көрүп жүрөгүнүн соккону өзүнө угула баштады. Ылдамдап үйгө кирип, чай коюп, тамак жылытып, үйдөгү бутка, колго илинчү нерселердин баарын ары бери түртүп жыйнап жиберди. Элтеңдеп ары бери себепсиз басат, сол ыптасы алсыздангандай болуп жатканын сезип, оң колу менен сол ийнин чыканакка чейин улам улам кармалап коет. Терезеден Канатты акмалап карап койду. Короодо дөңгөчтө башын жерге салып ойлуу отурган уулу бар экенин көрүп бир аз тынчтана түштү. Кудай уруп Жакшыбек эски адатын карматып чачтан алып, муунтуп, бычак такай турган болсо Канат келип ажыратат деп уулуна таянган түрү бар. Уулу чоңойгондон бери таянып жашап келет…Ангыча Жакшыбек дарбазаны калдыратып кирип келди. “Эне..ди....зек…отурасынбы?” деп Канатка ызырынды. Канат эч нерсе дебей молодой катып отура берди. Жакшыбек бут чечменин тепкичине жетти да, чала була отуруп “Ай…э…ди…” деп алып бышактап ыйын баштады, бул ыйга үңүлдөгөн үн кошуларын үй-бүлө жакшы билет. Бул аларга тааныш. Атыркүлдүн буткөн бою муздап, коркконунан колдорунун калтыраганы эртеден бери эле басылбайт. Канча жылдар…канча жылдар…кайталанган бул абал Атыркүлдүн ден соолугун жеп, айрыкча жүрөгү оорулуу болуп калганын билбей жүрөт. Күйөөсүнө жакындоого болбойт. Жакшыбек арак ичсе эле анын көзүнө желмогуз көрүнүп калары чын. Эл ичиндеги “Аял жакшы эр жакшы; жакшы аял эрди хан кылат, жаман ал эрди жер кылат” жана башка ушул сыяктуу аялзатка эбегейсиз жоопкерчилик жүктөгөн кептер Жакшыбектин көөдөнүндө жадыбалдай жатталганы чындык. Ошондон уламбы, айтор үйдөгү ийгиликсиз жагдайдын баарын адатынча аялынан көрүп, азыр ичинде ачуусу буркулдап турган кези. “Эне…и....окуган окуудан жок, же алган аялдан жок, алдына машине мингизип койсо да анын баркын билбей, киши сүздүм деп келип кунга калтырып…карачы тээтиги энеси жаман эшекти…!” деп ичинен тиштенип Жакшыбек адатынча “чоң казатына” даяр шекилдүү. Жылдар бою үй бүлөдөгү жагдайдын калыптанышына, мына минтип Канаттын үй бүлө күтпөгөнүнө, окубаганына баарына өзү негизги себепкер экенин Жакшыбек эки дүйнөдө мойнуна албайт. “Качан келиндүү кыласың” деген суроо Канаттын кулагынын сыртынан кетчү. Жигиттин муюбаган себеби бир нерсе туура эмес болуп калса эле үйдө идиш аяк сынып, чыр кетпей турса аялыма мындай жагдайды эмне деп түшүндүрөм деген намыска уюган түпөйүл ой бар эле.

Атыркүл төркү үйгө өтүп терезеге жөлөнүп туруп калды. Курган алсыз аял карышкырдан корккон коендой бүрүшүп, өнү бозоруп, ушул абалдан кутулуу үчүн жерге житип кеткиси бар. Ушундай абалдан тажады. Мына азыр Жакшыбектин колуна өлүп бергиси келип кетти…

Жаны келин болуп келгенде үйгө келген айылдаш апа кайненеси менен дасторкон үстүндө отуруп раматылык болуп кеткен абышкасы тууралуу “Өлүгүн көрөйүн ошонун. Далай токмогуна чыдадым. Ызырынып жүрүп ал да өттү дүйнөдөн. Кылыктарын эстесем көрдөн тургузуп алып мен да аны келиштире муштагым келет” дегенин угуп “Опеей…өмүр бою бирге жашаган күйөөсүн ушинтип айтабы” деп ичинен таң калган. Анын да себеби бар экенин эми туюп келет. Туулуп өскөн үйүн таштап, баарын таштап, тагдырын тапшырып башын байлап, балдарды төрөп берип, коломтону сактап, түгөй болуп өмүрүн арнап турса да муштум көтөрүп этин оорутуп, көңүлүн муздаткан эркекти аялзат өмүрдүн акыркы жылдарында ушинтип эскерет окшобойбу… Көңүл демекчи, Атыркүлдүн көңүлү эчак калган. Жакшыбек сүйлөсө кээде уккусу келбей калп эле баш ийкеген болуп коет. Жакшыбектин үйдө жоктугу Атыркүлдү эс алдырат…

bannerbanner