Читать книгу Мезгил ажырымы ( Алтын Иниятовна) онлайн бесплатно на Bookz (7-ая страница книги)
bannerbanner
Мезгил ажырымы
Мезгил ажырымыПолная версия
Оценить:
Мезгил ажырымы

5

Полная версия:

Мезгил ажырымы


***

Күндөр өтүп жатты. Нурик Саадаттын ижара үйүндө белен жай, белен ашка бат эле ык ала түштү. Саадат да аны акча сурап кыйнабады. Тамак ашты колунан келишинче өзү сатып келип, өзү камдап Нурикти сыйлай турган болду. Айтор, алынын жетишинче Нурик менен үй бүлө болуп жашап кетүүгө аракетин жасай баштады. Ичкен жегени кайсыл акчага келип жатканы менен Нуриктин жумушу жоктой болуп жүрдү. Эртен менен туруп бактын түбүндөгү серүүдө күнгө кактанып чылым чегип, кобурашкан киши болсо убактысын ошол жерде өткөрүп, күн шашке болгондо үйгө кирип уктап алып, бир маалды кайра сыртка чыгат. Оюнда «иштеш керек эле жакшыраак жумуш болсо» деп коет. Кээде бир жакка кетип кечке маал келет. Курсагы ток. Эч санаасы жок. Ал эми Саадаттын ден соолугу күндөн күнгө начарлап түнкүсүн ич кийими денесине жабышкансып, нымдалышып калат. Кыймылдаса тез эле алы кетип, анда санда кургак жөтөлөт. Баягы бойдон ден соолугун текшертип кайра барбады. Догдурда аны журналга белгилеп жазып алышканы менен эч ким издеп да келбеди. Жүзү кара көк тартып, өтө арыктап кетти. Маал маалы менен денеси ысып кара тер баскандай болот. Тамагы тез-тез ооруйт. Саадат айлана чөйрө үчүн өтө кооптуу болуп калды. Саадат мурдагы тигүү цехиндеги жумушун таштап, тааныш келиндин жардамы менен борбордун чон базарындагы кафеге идиш жуугуч болуп орношту. Эмгек акысын күнүго кечинде беришет экен ошого кызыкты. Тигүү цехинде арбытып иштей албагандыктан, эмгек акыны башкаларга караганда кыйла аз алчу. Айдын аягында гана алгандыктан, айлык тийгенче эле ар нерсеге карызга жазыла берип, тапкан айлыгы кайда кетип жатканын түшүнбой да калчу. Тигүү цехине ар түрдүү товарларды көтөрүп келип саткандар абдан коп болоор эле. Майда, арзан көрүнүп жазылып ала берип аягында айлыгынан чөнтөгүндө болоор болбос тыйын калаар эле. Кафеде Саадаттын ден соолугу боюнча документ сурашпады, расмий түрдө келишим түзүшпөдү. Саадат барган күндөн баштап анда санда жөтөлүп коюп иштей баштады.

Нурик Саадатты үйүнө алып барып апасы менен тааныштырууну ойлонуп Саадатка айтса кубануу менен макул болду. Эртеси жетелешип Нуриктин үйүнө барышты. Нуриктин апасы уулунун жакшынакай болуп тыкан таза кийинип калганына кубанып жүргөн эле. Саадатты жакшы кабыл алып башына жоолугун салып ырымын кылды. Карыган кезде бир үйдүн жоопкерчилигин тарткан апага Саадаттын келиши майдай жагып «Деги эмнеси болсо да жашап кетсинчи айланайын» деп баягы кычыкы сөздөрдү айтпаска өзүнө өзү убада берип, үйдө эле калып чогуу жашоону буюрду. Апанын сунушу Саадатка да, Нурикке да абдан жакты. Саадаттын анча мынча оокатын Нуриктин үйүнө көчүрүп келишти. Баягы Таланттын эжеси келинди мурда жашаган жеринен таппай, ал ошол бойдон байланышын үздү. Кемтик бүтөлгөндөй, баары өз жайына келгендей болуп калды. Бирок, жашоо шары менен өз тирлигин жаман болсо да, жакшы болсо да улантууга далбастап жаткан Берметтин ак пейил аракетине кылган кесирлигине бул апа сөзсүз жооп берүү буюрган беле, айтор Саадаттын бул үй-бүлөгө бүлө болуп келиши жакшы жөрөлгө болгону менен, аны менен кошо жугуштуу дарт кошо келгенин, ал баарын өзүнө курчап аларын кесирлүү апа сезбеди. Саадат бул кичи мамлекетке кара мышык сымал жаман илдетти ала келди. Нуриктин мурдагы аялы Бермет кайындарында калган балдары эринин кеңкелестигинин айынан, кургак учук менен ооруп каларын ал биле элек. Кандай шарт болсо да чүрпөсүн таштабаган бийик энеликти аттап, балдарын таштап баса берген бул жорукка тагдырдын Берметке кылган жообу ушул болмокчу окшойт…

***

Ырыс атасын жерге берип өзөгү өрттөнүп үйдө жалгыз отурат. Жука, ак аралап калган чачтары, көзүнүн тегерегиндеги бырыштар эч түйшүк тарпаса деле карып кеткендей көрсөтөт. Ырыстын ааламы урады. Эч нерсеге жетишпегенин жада калса бир орто окуу жайды 2 жыл окуп болсо да бүтүп албаганын, күнүмдүк тапкан акча менен эртенки белгисиз нерсени күтүп жашаганын эстеткен ойлор кайра келе баштады. Ушунча жашка келгенче дагы эле өзүн баладай сезээрин ойлонду. Убакыт зымырап учуп турмушта болуучу ар бир учурдун өз убагы өтүп кеткен сон океандагы бурганакта эмне болсо да, жаным аман калсынчы деп колуна илинген нерсеге жабышып далбас урган адамдай, тандабай жана тандай албай жан дүйнөсүндө көзүнө көрүнгөн жакшыраак нерсеге илээшип калганга умсунуп жаткансыйт. Ырыс азыр кандай, эмне болсо да иши кылып ушул жалгыздыктан, жан дүйнө боштугунан кутулгусу келип кетти. Адатынча пиво ичкиси келип кетти. Ал Ырысты жеңилдетет…алаксытат…Бирок, Ырыс ошол ичимдиктин айынына курсагы салаңдап, бети бышаргандай кызыл болуп кеткенин байкабайт. Ангыча телефонго келген коңгуроо Касым устадан экен. «Ырыс жакшысынбы? Тиги…ны оңдоп койдум. Сага качан алып барып берейин?» деген конур жана мээримдүү үндү тыншады…

***

Асылгүл, Руслан жана Денис сапарларын жыйынтыктап жолдо келе жатышат. Жасала турчу бир нече иштерди күнүмдүк дептерине белгилеп алган Ася рульду Дениске тапшырган. Денис машинени улам окуйтуп, кайкытып өтө тездик менен айдап кең жолдо башка машинелер менен «шахмат» ойноп келе жаткандай. Эки ирээт айтылган Асянын эскертүүсү Денистин кулагына кирбеди. Денистин жанындагы Руслан талыкшып улам үргүлөп, ойкуштап кеткен машиненин кыймылына башы бир тиги жака, бир бул жака ооп көзүн жүлжүйтүп алдыны карамыш болот. Чек арадан кийинки машиненин тыгыны Денисти жүдөтүп өзүнчө нааразы. Тыгындан суурулуп чыгып бир аз бошой түшкөн жолдо Денис машинени катуу айдап келе жатты. Жашыл күйүп өчүп жатып, кызыл күйгөн белгиден үлгүрүп өтөм деген Денистин шайтан оюн капталдан келип катуу сүзгөн, дал өзүндөй тигил көчөдөгү жашыл жарыктын күйүшүнө карай демитип айдап келе жаткан жаш жигит тоскоол болду…

Жашыл күйдү…

Жарык өчтү…

Кызыл өчтү…

Жашоолор өчтү…

***

Жакшыбек ооруканага кызуу абалында жөөлөп кирип, үстүнө халат кийбестен ар кайсы палатага башын салып карай баштады. Ары жактан чыга калган санитарка эже «Ай! Эмне кирип алдынар? Чыккыла эшике. Халатың кана?» деп чанкылдайт. Аны укмакпы Жакшыбек, эжени жөөлөй андан ары умтулду. Палатадан чыгып барат жаткан келин менен бетме бет капташа калган Жакшыбек, апасын көрүп дардактап кирип келди. Эне уулунун ботала кебетесин көрүп чочуп кетти. Артынан чаңкылдап ээрчип алган санитар эжени карап Жакшыбек «Кетчи ары!» деп бакырык салды. Жакшыбектин бакырыгынан палата да, зал да саамга жымырай түштү. Санитар эже врачка арызданганы залдын башын жөнөдү. Уулунун элди козүно илбей, үйүндө жүргөндөй ээнбаш жоругуна кары Эне абдан уялды. Палатадагы келиндер элейе карап баары жымжырт боло калышты. Чоочун элдин козүнчо бакырык салып кирип келген уулу энени тебелеп таштагандай…

Врач «Ай! эмне ызы чуу салып жатасыңар!» деп кирип келди. Абдан кызуу Жакшыбек «Оой…догдур эже саламатсызбы?» деп ырсайа врачка кучагын жаят. Врач Жакшыбектин колун түртө «Ай чыккыла эшике. Болбойт мындай. Халатыңар кана? Бул жакты оорукана дейт» – деп Жакшыбекти каруудан кармап сыртка чыгармакчы болду. Жакшыбектин ачуусу келе түштү мушташа тургандай колун булкуп алып «Мен апама келдим! Дарылагыла. Болбосо мен арызданам» деп жанагы жылмаюусу жүзүнөн жоголуп, бир аз темселе түштү. Врач «Ай чакыргылачы кароолдогу бирөөнү. Чыгарсын мобу немени» деп коюп кетип калды. Жакшыбек апасынын жанына керебетке эптеп илине отура кетти «Апа кандай жакшысызбы? Өзүңүздү жакшы сезип жатасызбы?» деди. Эне уулуна «Жакшы балам» деп башын ийкеди. Эне ушул мүнөттөрдө элейип бардык көңүл коюу менен карап турган адамдардан алыстап уулун жетелеп чыгып кеткиси бар. Уулунун жаш баладай ботала кейпи абдан уялтты. Аялзат өзү төрөп, багып өстүргөн уулу үчүн эл алдында башын көтөрүп, өйдө карай албай жатты…

Залда калып калган Канат отургучта кудум бала кезиндей эки колун мыжып отурат. Ичтеги кажы кужуну боолголоп койду. Ушул абал эмнеге керек эле? Эмне үчүн ушундай болот? Ушуга чыдашыбыз керек беле? Эмне үчүн бир адамдын каарына, көңүлүнө, каалоосуна башка адамдар макул болуп келген? – деген канча жылдан берки жообу жок суроолор Канаттын аң сезиминде дайыма айланат. Эки күндөн кийин эле Эне ооруканадан үйүнө келип алды. Ал жакта калгысы келген жок. Бирок абалы жакшы болбой шайы кетип, алсырайт…


***

Сабыр өмүрлүгүн ээсине тапшырды. Жүрөгү күйүп, көзүнөн жашы салаалап ыйлаган Сабырдын жанында досу Карып ойлуу отурат. Сабыр үчүн өмүр кызыгы өчкөнүн, максаттар бүткөнүн …баары бүткөнүн түшүнүп турду…

Эми Атыркүлдү себепсиз эле атаандашындай көргөн Сабырдын апасы үчүн да бүтпөс тема неберелүү болуу да козголбойт. Себепсиз Асяны жаман көрсөткүсү келген кычык сөздөр айтылбайт. Келинине кекээрлеп тийишип алса мөрөй алгандай болгон сезимдер эми бул кайненеде болбойт…

Өмүр убактылуу…

Өмүр ченелүү…

***

Көчө башынан милиция кызматкеринин машинеси Канаттын үйүн көздөй келе жатты. Канат абал жагдайга эчак көнгөнсүп өзүнүн маселеси тууралуу ойлобой башы маң тарткандай дендароо. Тирүү өлүк сымал максаты мааниси жок бир нече күндөр өтүп кеткен. Дарбазадагы коңгуроо кагылганда бет маңдайындагы милиция кызматкерин көрүп Канат эч нерсеге таң калган да, кейиген да жок…

Атыркүл кайненесинин өмүрүн тилеп отурат. Уулунун окуясына кайненесин эш кылып отуруп эптеп чыдап, көтөрүп баш ийди. Канат кеткен соң, чон эненин абалы өтө начарлап төшөк тартып жатып калды. Ичээр суусу түгөнөөрүнө аз калганын сезген эне келини Атыркүлдү маңдайына отургузуп көп нерсени айткысы келет. 18ге толуп толбой элеңдеген баео кезинде эле башына ак жоолук салып келин кылып алганын эстейт. Уулунун муштумуна, токмогуна чыдап келген келинине боору ооруйт. Жалгыз уулу Канат темир тор артына кетти. Ал эми жанагы күйөөсү-Жакшыбекке элүүдөн ашканча акыл кирбеди. Таалайсыз бул аялзаттын таалайсыздыгына чоң эне өзүн күнөөлөйт. Зөөкүрлүккө чыдоого багыттап отуруп жакшы кылдымбы? Эркектин кыялын көтөрө билүүнү айта бергеним туура болгонбу? Бир аялзаттын бүтүндөй бир өмүрүн мен себепчи болуп маанисиз кылган жокмунбу? Башың баш, багалчагың кара таш деп өз жайларына койсом, балким Атыркүл өз алдынча, Жакшыбек өз алдынча таалайларын таап бактылуу болушат беле? Көзүм өтүп кетсе Атыркүл эмне болот? Тиги менин акмагым менен сабашып, соттошобу? Ансыз да Атыркүл Жакшыбектин жоруктарын көтөрө албай бара жатканын сезет. Зомбулук, зөөкүрлүк бар жерде эч качан сүйүү болбосун, сүйүү бар жерде зомбулук болбосун жана сүйүү болбогон жерде бакыт да таптакыр жолобой качарын Сыйдагүл эне көрдү…Аялзат зомбулукка чыдоо менен өзүнө бакыт жасай албасын да түшүндү…

(Аягы)


* Урматтуу окурман, аңгемедеги бардык дал келүүлөр кокустук деп кабыл алыңыз. Автор.

1...567
bannerbanner