
Полная версия:
Мезгил ажырымы
– «Эмки балдар тил албайт экен. Акырын айда деп такай айтам. Укпаса эмне кылайын. Токтолгуча такыр эле машине айдатпай койгондо болмок экен. 20 жашынан рульга отуруп, эми өзүн абдан тажрыйбалуу айдоочу сезет» – деди жооп кылып Канаттын атасы. Атыркүл эженин жүрөгү бат-бат согуп, үйгө эми канча калды деп кыжаалат боло баштады. Негедир эле бир балээни сезгендей…
***
Руслан менен сапар тууралуу такташып алып Ася үйүнө келди. Жолдошу өзүнүн столунда эрмеги (хобби) болгон жыгач кутучаларды жасоо менен алек экен. Ася эшикти акырын ачып абдан берилип алып, жакшы көргөн эрмеги менен алектенип жаткан Сабырбектин тынчын албайын деп кайра жаап койду. Жумуш деп жүрүп үй-жай чачылып-ачылып, кир кийимдер, идиш аяк додо болуп, мебелдер чаңдап кеткен экен. Ася шапа- шупа чай жута салып үй ирээттөөгө киришти. Асылкүл (Ася) күйөөсү Сабырдын мүнөзүн жакшы көрөт. Аялдык ишке быжылдап кийлигишпей, чачылган дасторкондун чекесин өзү тазалап алып, бар нерсени ичип, жеп курсагын тойгузуп, кезмектелген жумушуна барып, кайра келип үйдөгү эркекке тиешелүү тирлик менен алек болот. Бир мүнөз, көп сүйлөбөгөн Сабыр атына заты жарашкан сабырлуу, ичине ээр токумдуу ат баткан кенен, токтоо жигит. Балким, камгактай жеңил, сөз көтөрө албай кызаңдаган эркек болгондо, Ася өзүнүн тез эле сирпилдеп кеткен мүнөзү менен бир күн да жашай алмак эмес беле ким билет. Бирок, Сабырдын бир ачуусу келсе токтотуу кыйын.
Асянын келгенин байкап Сабыр бир топтон кийин бөлмөсүнөн чыкты. Сабырдын дал кашынын ортосундагы бир бырышы тереңдеп, кабагы түйүлүп калган экен. Муну Ася байкап түндө абдан кеч келгени, бүгүн идиш аяк жууганга да жарабай үйүп коюп, таң атпай кетип калганы жакпай калганын сезди. Чай даярдап, жолдон кайрылып ала келген күйөөсү жакшы көргөн тандырга бышырылган гриль тоокту, кытай рецеби менен эт, бадыран кошулуп жасалган салатты дасторконго коюп Сабырды чайга чакырды. Чай үстүндө Денис экөө барган жумуш сапары тууралуу айтып берип жатты. Ася «Руслан тууралуу айтсамбы же азырынча 1-2 күн кое турсамбы. Руслан туруктуу иштейби, иштебейби белгисиз. Балким эртең иштебейм деп айнып кетип калсачы. Күйөөгө деле ашыкча бир нерсени божурай берүү туура эмес дечи, бирок…. же айтсамбы? Балким Дэнис менен сүйлөшкөн болсочу? Кой, эмнеси болсо да бардык нерсени өзүмдөн уксун»-деп ойлой калып, Руслан аттуу жигитти убактылуу жумушка алганын, коншу өлкөгө сапарга Дэнис, Руслан үчөө барганы жатышканын кошумчалады.
Асяны кунт коюп уккан Сабыр «Шаардын өзүнөн бекен?» деп сурап койду. Ася «Чүйдүн айылынан экен» деп жооп берди. Кээде турмушта кездештирген эркектердей болуп «Аны эмнеге алдың жумушка? Жагып калдыбы? Эмне кыздар иштей албайбы ал жумушту? Ойнош болуп кетпе! Жөн жүр!» деген сыяктуу суу кечпеген сөздөрдү сүйлөп, эч качан Сабыр өз сөзүнүн баркын кетирчү эмес. Эгер ошентип майдалана турган болсо, «кулак укса курсак кайнайт» демекчи, жылкы кыял Ася да жөн калбай тиешелүү жообун берип, экөө ыжылдашып, аягында кубалашып, сабашып калышы толук мүмкүн эле. Үй-бүлөсүнө сөзү өтпөгөн кээ бирлердей мас болуп алып, өз үйүнө чаң салып айгайлаган эркектердей болбой, кабагы менен, калбаат жүрүш турушу менен үй бүлөсүн жетектеп алган мындай эркек чанда болсо керек.
Ася үй ичин мизилдете тазалап, күйөөсүнүн кийимдерин ирээтеп, үтүктөп илип, бардык тирликти жайгарды. Эртең түнгө чейин дагы жумуштан бошобой калсам да, күйөөм курсагын тойгузсун деп 2 түрлүү тамак, салат жасап муздаткычка салып койду. Кечки тамактан соң телевизор көрүп жатып уктап кеткен Сабырды жанына барып, бетинен сүйүп, колунан акырын тартып «Жүрү, уктайлы» деген Асянын үнү ойготту…
***
Жан дүйнөсүндөгү ааламатка туруштук бере албай, Канат сыртка эптеп чыкты. Кетип бара жаткан жигитти милиция кызматкери бөлүмгө келип кетип жаткандардын бирөөсү го деп терезечеден обдулуп көңүл кош карап коет. Бөлүмдөн чыгып Канат бир аз басып арык жээгине отура кетти. Эки жагын маанисиз карап, эмне кылаар айласын таппай заманасы куурулат. Жакындарына айтып көйгөйүн тең бөлүшүү Канат үчүн мүмкүн эмес. Атасы да, апасы да салган жерден эле жекирип, жарышып урушуп калаары бештен белгилүү. Канат өмүрүндө бир да жолу атасы же энеси менен маңдай-тескей отуруп, сыр бөлүшүп, өз көйгөйүн чечип көргөн эмес. Тескерисинче, аларга билдирбегенге аракет кылып жашап келет. Маселени билдирбөө аракетинин натыйжасы жакындарына калп айтууга көндүрүп, бул Канат үчүн кадимки эле жүрүш-туруш болуп калыптаган. Эсинде, 12 жашар кезинде каникул учурунда туугандарынын бири «базар күнү сатабыз» деп таштап кеткен тайды минип кетип, кечке жүрүп келгенде, атасы Канаттын жоругуна ызырынып кабырга тушка муштумдары менен былчылдата койгулап, жерге жыгылган Канатты чоң буту менен туш келген жерге тээп сабагандан кийин, Канат атасынан алыстап, көнүлү ооруп калган. Ошондо мал сарайга кирип алып ичи муздап, өксүп-өксүп ыйлаганын алигиче унута албайт. Соолуктап, сооронуп алып кара көк тартып ооруган капталын улам сыйпалап, мурдун шыр тыртып, чыбыктын сыныгы менен жерди чийгилеп бир далайга отурган. Балалык назик жан дүйнөсү аңгырап бошоп калгандай, эч нерсе тууралуу ойлонбой, ойлоно албай, курсагы ачканына кайыл болуп ошондо бир топко сарай ичинде болгон. Окуядан кийин деле Канат жарым айча өзүнө келе алган эмес. Бир нече жума тамакка табити тартпады. Жаны жер тартып жаткысы келип, оозгу бөлмөдөгү терезе түбүнө жер төшөктү жая салып, дубалга карап ыктап бир колун төбөсүнө алып бетин калкалай, эч бир ойу жок боштук ааламга сүңгүп, дубалдагы тырнактай тешикти карап үнсүз жатып калып жүрдү. Канаттын шалдырай түшкөнүн туйган чоң эне «Балакетин алайын, күн өтүп калып жатабы?. Жат, жата гой. Эшикке көп чыкпасаң боло» деп күйпөлөктөп небересинин үстүнө жамынгыч алып келип жапчу. Чоң энеси жамынгыч жаап жатканда имерилип чоң апасынын мойнуна асылып, бугун чыгарып ыйлап алгысы келип кетчү да, манжалары менен жамынгычты тарта жамынып терең үшкүрүнүп койчу. Ошол кезде атасы да, энеси да Канаттын балалык жан дүйнөсүнө бырыш түшүп, сыздап калганын таптакыр билишкен эмес. Таңдан кечке жумушта жүргөн апасы Атыркүл да, атасы Жакшыбек да уулунун дегеле эмне менен алек экенине маани беришчү эмес. Канат 6-класстан баштап эле мектепке тийип качып окуп жүрдү. Класс жетечиси алгачкы жылдары үйүнө 4-5 ирээт келип, анын аягы Канаттын атасынан же апасынан шапалак-муштум көрүшү менен аяктаганына күбө болгон мугалим ал үйгө келгенин токтоткон. Канат сабакка кеттим деп, 2 сааттан соң, өзүнө окшогон балдар менен базар кыдырып, бөтөлкө, желим баштыктарды чогултуп өткөрүп акча кылып, андан ары барып сууга түшүп, керели кечке ойноп, апасы менен атасы жумуштан кайтаар мезгилге туштап үйдө болуп калчу. «Сабака барып атасыңбы…Эй?!!…» деп атасы кээде бир сурап койчу. Апасынын да, атасынын да санаасын санга бөлгөн уулунун калыптанышы жана тарбиясы эмес, 2 жыл мурун олчойто алып алган насыя болчу.
Класс жетекчиси окуудан чыгарабыз деп коркутканы менен Канатты окуудан чыгарып салуу мүмкүн эмес эле. Директордун көрсөтмөсү менен жыл башынан тарта бүтүрүүчү класстарда 2-3төн өмүрү мектепке келбеген «жел окуучуларды» класс жетекчилер журналга катташчу. Бул мамлекеттик бюджеттен мектепке жан башына бөлүнүүчү акчаны көбүрөөк суммада алуу үчүн болгон мектеп директорунун аракети болсо керек. Бул «жел балдарга» караганда Канат сабакка келбесе да бул жашоодо жашап жүргөн окуучу эмеспи. Текшерүү келип калса «Мына окуучу» деп көрсөтө койгонго мектеп үчүн Канаттын сабакты өздөштүрүүсүнөн да, анын туруктуу бир даректе тирүү басып жүрүшү көбүрөөк маанилүү болгон окшойт.
***
Жерде жаткан сөйкө, шакегин илип алган Ырыс маселени айттырбай эле түшүндү. Маанайы бузула Нурикти жөөлөй өттү да, унчукпастан алдыга басты. «Бул дагы мурдагы эле талаада калгыр желмогуздарга окшоп өз үйүнө кол салып көнгөн тентимиш турбайбы» деп ойлоп тез эле башы ооруп чыкты. Ырыс мына азыр колунан келсе жерге кирип кетип жок болуп, бул сандалган акмактан бир заматта кутулгусу келип кетти. Мурдагыдай кыйкырып уруш салуу пайдасыз жана да өзүнө зыяндуу экенин Ырыс билет. Экинчи күйөөсү капчыгына кол салып акча уурдаганда урушуп тарбиялайм деп жатып аягында өз башын аман алып калганына сүйүнгөн. Ырыс ээрчий баскан Нурикти кылчая карап 20 сом сунду. Нурик талмоорсуп «Кеч кирип кетти, эртең барайын» деп акчаны алды да, ылдамдай Ырыска жанаша басмакчы болду. Ырыс ичинен «Тигини, сөйкөмдү өткөрөйүн деп бараткансың да. Билбей калчудай болуп»-деп ээрдин кесе тиштеп жиндене түштү да башын жерге салып алдыга умтулду. Артынан ээрчий баскан Нурик «Эне....-и-и…билип калды…» деп ыңгырана Ырыстын аркасынан жайлап кадам шилтеди.
Ырыс үйүнө жетип, алып келген тамак ашты стол үстүнө коюп Нурик экөө чай ичишти. Келин Нурикти кирпигин көтөрүп тик карагысы келбей, башын жерге салып, чынынын кырын сөөмөйү менен айлантып бир аз отуруп бир чыны чай ичип, жердеги тапталганынан улам бир кат болуп калган жер төшөктүн үстүнө бүкүлү жатып алды. Баятан жумуштан келе жатканда «Азыр үйгө жетип жакшылап лагман жасайын» деген ойунан айнып, көңүлү эч нерсеге тартпай калды. Ырыстын оюн кантип эми бул немеден кутулуу керек деген суроо тырмалай баштады. Кубалап жиберген күндө да мындай немелер мас болуп алып, эстеген күнү эле кайра кайра эски дарбазаны сындырчудай калдыратып келе берээрин Ырыс билет. Ырыс бир аз жатты да, алыс эмес жердеги дүкөндө иштеген өзү курдуу келинге жөнөдү. Ичиндеги бугун айтып, кеңеш сурап, качантан бери чогулган нааразылыгын төгүп алгысы келет. Дүкөнгө кирсе Тина жалгыз отуруптур. Тина далай ирээт Ырыс кыйналган учурда тамак ашты карыз дептерине жазып коюп берип ажаат ачып келет.
«Кел, Ырыс, көрүнбөй кеттиң го»-деди Тина
«Жумушта эле, эрте кетмей, кеч келмей» – деди Ырыс.
Ырыс чай ичкен чакан столчо тарапка өтүп отурду. Кээде келгенде алдыда турган чон айнектүү музаткычтарды айланып өтүп, ушинтип отуруп кобурашып кетет. «Бир маселе болуп жатат. Кандай кылсам?. Меники эми баягы эле да. Менин тарыхымды угуп жүрүп тажап деле бүттүң болуш керек ээ…» -деди Ырыс. «Жо-о-ок ай. Айтып бугуңду чыгарып алган жакшы да. Же болбосо депрессияга түшүп, баягыдай күнүгө пиво ичкенди адат кылып аласың. Колуман келген жардамымды аябайм» – деп жооп берди Тина. Ырыс сөйкө-шакек тууралуу айтып берди. Окуяны кунт коюп уккан Тина «Ырыс, эртең мен дүкөндү эрте жаап, эс алайын деп жаткам. Эртен жумушундан кийин үйгө келчи. Экөөбуз сырдашабыз. Сенин окуяң менин Саматымдын кылыгына абдан окшош экен. Эртен жолдошум бир жакка кетет. Азыр убакыт тар болуп калат. Ишенесиңби билбейм. Бирок мен жолдошумдун 3чү аялымын…»-деди Тина. Ырыс ичинен бул үй-бүлөгө суктанчу. Чон кызматта иштеген кишидей болуп кериле басып, олутуу жүргөн Тинанын күйөөсү Саматтын 2 аял өткөргөн, анан да өз үйүнөн ууру кылган эркек деп таптакыр ойлогон эмес эле…
***
Милиция бөлүмүндо айтылган кабинетке кирип дүкөнчү эже билген маалыматын айтып берип, жаз дегендерин жазып берип чыгышты. Мойнундагы чон жүктөн арылгандай жеңилдей түштү. Жабыркаган адам азыр ооруканада экенин билип, анын аман калганына сүйүнүп алды. Уулу экөө унчукпай жөө бери басышты. Эже уулуна «Кызык, айдоочу сөрөй адам баласын каран түнгө жабырлантып жалгыз таштап, кайсыл ыйманы менен жер басып жашап жүрөт болду экен. Балам, көңүлүңө түйүп ал, укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба деген. Эч качан жаман нерселерди жасаба, адамга зыян келтирбе, адам баласына эч качан кедергиң тийбесин, кайтаар дүйнө бар нерсе, уулум унутпа ошону. Мына бул ичкич немедей болбой арактан алыс бол. Карачы жапжаш болуп алып мас болуп көчөдө отурганын»-деп арык жээгинде үңкүйүп отурган Канатты ээги менен экчеп көрсөттү. Канаттын жаагынан ылдый аккан көз жаш тапталып калган көк чөпкө таамп жатканын дукөнчү эже көргөн жок…Көрө да алмак эмес…
Канатка окшош ата-энелүү, бир туугандуу, бирок жан дүйнөсүндө жапжалгыз адамдар бар экенине сулууча эже ишенбейт эле.
***
Руслан Асянын айткандарынын баарына башын ийкеп макул боло берди. Тээ мурда сырттан окуу бөлүмүн окуп бүткөн соң, атасы бир чоң компанияга таанышы аркылуу сүйлөшүп финансы бөлүмүнө инспектор кызматына киргизген. Заманбап офиске барып өзүнүн ордуна отурган соң, HR адисимин деп өзүн тааныштырган сымбаттуу кыз Русланды ээрчитип офисте отурган бардык кызматкерлерге тааныштырып чыккан. HR кызматкерин ээрчиген Руслан өзүнө өзү ишенбей « «крутой» жер турбайбы, иштей албайм го» деп бушайман болгону аз келгенсип, Русланды олуттуу караган жаңы коллегаларын көргөн жаш жигит колу-буту узарып кеткенсип, деги бир батпай ушундай бир сүрдөгөнү эсинде. Алгачкы жумуш күнү коопсуздук боюнча жооптуу кызматкердин кабинетинде техникалык коопсуздуктар менен таанышып, журналына кол коюп берип; HR кабинетинде ички тартиптер менен таанышып эптеп күн кечкирткен Руслан эртеси «иштебейм» деп караманча айнып жумушуна барбай койгон. Сессия сайын баа алуу үчүн шытыратып акча санап берип жүргөндө келечекте кесибимди иштеп кете аламбы деген ой эч болбогон эле. Кандай жол менен болсо да, эптеп дипломдуу болсо эле кызматка отуруп калчудай ойлогон ата-эненин тилеги таш каап, «уят кылдың мени»-деп аюудай бакырган атасы уулу үчүн экинчи кызмат сүйлөшкүз болуп бекиген. Окуп жүргөндө бут кийим жыртып эмне максат менен жүргөнүн Руслан түшүнбөй, убакыт да өтүп кетиптир.
Жарыяланган бош орунга резюме тапшырып, төрт тарабы төп келип ылайык болгон жаш адис Акылбекке Русландын түздөн түз кедергиси тийди. Атасы таанышы аркылуу Русланды компанияга кептебегенде, Русландан билимдүү, тажрыйбалуу, өз күчү менен өсүп келе жаткан кесипкөй жигит Акылбек бул кызмат орунга ээ болуп калмак. Акылбек жумуш берүүчү талап кылган шарттарга толук ылайык келээрине ишенбегени, конкурстун жыйынтыгына кызыгып, артынан түшпөгөнү Русландын пайдасына болгон. Бирок кийин Руслан жумушка чыкпай калган соң финансылык директордун сунушу менен бөлүмдө жаңы ачылган инспектор кызматкеринин бош оруну жетекчилик тарабынан кайрадан каралып, азырынча зарылдыгы жок деген бүтүм менен кайра жабылып калган. Эми ага караганда бул жер Руслан үчүн бейиш болуп жатпайбы. Жалгыз өзү бир кабинетти ээлеп, ашып кетсе 4-5 киши менен гана коллега болот экен; бул жумушта иштей албай эмне болуптур десең. Иштешкени жалаң мен-мен деген сулуу кыздар болсо…
Ася таң эрте Руслан жайгашкан офиске жөнөдү. Күн кечке документтерди ирээтеп, сапарга даярданып, эгер убактым болсо коммерциялык сунуштардын болжолдуу текстин жазып даярдап койсом деп шашат. Сапардан келген соң расмий юридикалык каттоодон өтүү, жарнамалык иштер, чыгаан стилист-визажист, мастерлерди таап иш алкагын аныктоо, офистеги уюштуруу иштери деги койчу Асянын пландалган иштери чачтан көп…
***
Ырыс сыртка чыгып кеткен сон Нурик «эмне кылсам» деп ойлоно баштады. Үйүнө баргысы келбейт. Ал жакта аялы «өзүн бак» деп таштап кеткен үч бала бар. Апасы болсо күнүгө «Бермет менен жараш» деп кулак мээсин жейт. Иниси үйлөнгөн сон Нурик такыр эле үйгө батпай калган. Неберелерин эптеп пенсия менен баккан апасы акыркы жылдары оорукчан болуп калды. Жарыктык киши, Нурик келинчеги Бермет менен жакшынакай болуп жашап жүргөндө ортолоруна от жагып, экөөнүн ажырашып кеткендигинин бир себеби дал өзү болгонун дилинде туюп калат. Нурикке «Катыныңдын көзүн карайсың, өйдө карап сүйлөй албай жер тиктейсиң. Эмне башыңды айлантып алды беле?. Жанагы сары катындын кызы биздин үйдү бийлейт бекен! Менин көзүм тирүү турганда бийлетпейм ал сүйрөңдөгөн немеге! Тилин сайраткандан көрө бутун көтөрүп бассынчы тарпылдабай» деп эки күндүн биринде эле Нурикке үстөмөндөй берип, акыр аягы Бермет төркүнүнө кетип, андан сон Россияга кеткен бойдон бир кайрылган жок. Эми Нуриктин апасы Бурулча келини-уулу мурдагыдай колтукташып жашап калса дегенде эки көзү төрт. Кыйратып жумуш иштебей, же балдарын бага албай, көрүнгөн жерге конуп-түнөп сандалып калган Нурикти көргөн сайын энелик жүрөгү ооруп эми «тизесин бүгүп алып тарпылдап» баскан келини Бермет келип «Баарыңды башкарам» десе да «ой…мейли» деп отуруп бере турган абалга жеткен.
Бөлмөдө жалгыз калган Нурик тигүү цехинде иштеген Саадат аттуу бойдок келинди эстеди. Эгер Ырыс азыр келип ызылдап мээни жеп, кубалай турган болсо Саадаттын конушуна жайланышууну ичинде мелжеп койду. Бирок…Саадат кургак учук дартынын жугуштуу формасы менен жабыркаарын Нурик билчү эмес.
***
Ырыс эртеси Тинанын үйүнө келди. Таза, тыкан үй ичине. Баары өз орду менен жайгаштырылган үй буюмдарына көз чаптырып койду. Тина күрүч басып коюптур. Даамы сонун экен. Ырыс жалпылап баарын карап отуруп Тинанын мыкты кожойке экенин баамдады.
Тамактанып отурганда башталган сөз учугун Тина үй бүлөлүк альбомду алып келип сүрөттөрдү көрсөтүү менен улантты. «Мына Самат экөөбүз жаңы үйлөнгөндөгү сүрөт. Саматтын кейпин карасаң көчөдөгү эле бир үйсүз байкуштан айырмасы жок. Атайлап чогуу сүрөткө түшүп койгом эстелик болсун деп. Экөөбүз таанышканда тээ темир жол жактагы эмгек биржасында иштечү. Керели кечке бактын түбүндө «ким келип мага даараткана каздырат» де-е-еп күтүп отурчу экен. Тапкан биртке акчасына барып жүз грамм ичип алып, кайра эле ошол жерге барып, аябай мас болуп калса бактын түбүнө уктап калып таң атырчу экен. Мен ошол жерге жакын ооруканада иштеп калдым. Бир жолу келе жатсам жолбун иттер мени талай турган болгондо, ары жакта отурган Самат чуркап келип иттерден арачалап коргоп калган. Эки чоң иттен коркпой мени коруп аябай аракет кылганына ичим жылып, экөөбүз таанышып калганбыз. Анан Саматты жуунтуп, тазалантып өзүмө минтип күйөө кылып алгам» – деп жылмайды Тина.
«Ууру кылчу беле?» деп сурады Ырыс. «Ооо-оо-й, сурайсың да. Менин көзүм мындай болсо эле майда чүйдө бирдемелер жок болуп кетчү. Алгач башында байкаган эмесмин. Кийин байкап калдым. Мен деле абдан капа болуп, үйүмдөн кубалап, чыр салып да көрдүм. Бирок, бир нече ирээт атайлап айткан ачуу тилимди көтөрүп унчукпай, чекеме бир чертпей туруп берген соң, кайра ойлонуп калдым. Демейде, эркектер анча мынча сөз көтөрө албай ызырынып кетишет. Мага Саматтын сөз көтөрүмдүүлүгү жакты. Чынында жанга батчу ачуу сөздөрдү айттым. Башка эркек болгондо мен азыр тирүү жүрөт белем…ким билет ». Тина сүрөттү карап саамга ойлоно калып сөзүн улады. «Чынында, ойлоп көрсөм, көр оокатты коруп, кайсыл дүнүйөнүн тешигин бүтөмөк элем. Буюрган оокат-тирлик өтөт деп ойлоно баштадым да. Буюмдарымды кайтарганды да, түгөлдөгөндү да, алар үчүн капа болгонду да токтоттум. Демейде, үй бүлөдө көр оокаттын айынан эле уруш чыгат. Баары бир Кудай насип кылгандан башка ашык нерсеге деле ээ боло албайбыз. Андан ашам деп аракет кылсаң, буйрубай, сапаты менен болбой, айтор кайра эле убара болосун. Же бирдеме-сирдеме болуп ооруп сыркап жатып эле ашыгыраак кылган кирешең кайра чыгып кетет. Андан көрө бар нерсеге тобоо кылып, бири бирибиздин көңүлүбүздү аяп, акырын кылдырап эл катары тирлик кылгандан өтөөрү жок. Жанында жакшы адамдар болсо мына ошол байлык. Сен деле уурдап жатат деп ойлой бербей маани бербе. Жумушуңа алаксы. Жакшы мамилеңден жазбай, тирлигиңди кылып жүрө бер. Эң башкысы сенден ката кетпесин. Нурик кетсе кайра жалгыз каласың, кийин дагы бир мындан өткөн ашмалтайга жолугуп азабыңды жейсин. Андан көрө ушу Нурикти эле оңдоп түзөп күйөө кылып ал»-деди. Ырыс унчукпай угуп отуруп: «Мен жаман сөз айтпайм. Айта да албайм. Тескерисинче Нуриктин тили ачуу экен. Кызуу күндөрү калп эле уктап жатканда жөөлүгөн киши болуп «…Ырыс жалап… эй жалап…» дей берет. Кара жаным кашайып тура калып далыга муштап-муштап жиберем» – деди Ырыс. «Анысы жаман экен. Эркек кишинин тили ачуу болгону жаман да. Саматтын андайы жок. Балким ушул сапатына карата минтип менден өз бактысын тапкандыр. Бирок, чынын айтканда. Бирөөнүн кемчилигин көрүү оной. Өзүбүздү эле карайлычы, сен деле, мен деле зымга тарткандай идеалдуу эмеспиз. Менде да бар толтура кемчилик. Сенде да бар толтура кемчилик, туурабы?. Башканын кемчилигин баса көрсөтүп, мыкты болушун талап кыла берүү калыстык эмес да. Нуриктин кемчилигин байкаган учурда «мен өзүм аруузатмынбы?» деп өзүңө өзүн суроо берип өзүңдү өзүн туура ойлонууга багыттасаң жеңил болот. Түгөй болуп, бири-бирин түшүнүү, кубанычта, кайгыда эриш-аркак болуу жана ден соолукту сактай билүү эн башкы нерсе. А, калганы өзү эле табылат»-деди Тина…
***
Канат алдынан өткөн сыздан улам гана узак убакыт ным, муздак жерде отура бергенин сезди. Көзүнөн аккан жаш бетине сызык салып ага берип, бети тартылышып кургап калыптыр. Мурдун жаш балача манжалары менен жанып алды да, ордунан туруп үйүнө бет алды. Унаага түшкүсү келбей, башы кеңгиреп, буту чалыштап кетип бара жатат. Жөө басып жетиш үчүн өтө көп убакыт керек. Бирок Канат негедир сезими бул дүйнөдөн бөлүнүп калгандай башын жерге салып, узун буттары менен арыштай берди…Бул жашоодон чарчагандай түрү бар, эми ага эч нерсенин кызыгы жоктой. Алдынан чыккан адамдарды жөөлөй өтүп, алдынан ажал чыкса да баарына моюн сунуп кай тарапка болсо да бул дүйнөдөн жок болуп кеткиси келет. Бул ааламда ал өзүн жапжалгыз жардамсыз сезди…
Бир нече чакырым баскан соң буттары ооруп кетти окшойт, жол жээгине тура калып туш келген маршруттук таксиге кол көтөрдү да, бирин экин адамдар менен жөөлөшүп түшүп, алдыңкы бош орунга шалдая тарта тулку боюн таштап, терезени маанисиз тиктейт. Унаанын чайпалганынан көөнү айнып кускусу келип кетти. Башы басылбай жарылчудай ооруй берди. Үйүнө туштап маршруттук таксиден түшүп калды да, жолун жөө улантып бара жатат. Оюна ар нерселер келет…ата-энеси билсе үйдө азан-казан ызы-чуу болоорун, атасы адатынча уулунун эчак бой жетип чоң эле адам болгонун унуткандай «Эне…и урайын…сен тарбиялаң балаң…» деп апасын кошуп ызырынып, курун сууруп же союл көтөрүп чыгаарын билет. Кайгырса башын жөлөөр, кубанса тең кубанаар бир туугандары алыста. Канатка азыр өз жанын кыйуу менен, ушул азап-тозоктон кутулуу жеңилдей сезилип кетти. Уйдөгү ызы-чуудан да, корунганы – адам катарынан чыгып соттолуп түрмөдө отургусу келбейт. Баарынан тажап кетти…Үйүнө жетти да баягы бала кезде далай ирээт ыйлап отурган сарайга бет алды. Ал сарай андан бери кайра оңдолуп башкача кылып жаңыртылган. Канат сарайдагы чөп боолаган эски жиптерди издей баштады. Апасы мүшөккө салып оозун бекем бууп койгон экен. Казык бооч кылып туруп, чие тарта байлап койгон мүшөктүн оозун чече албай Канат буйдала калды. Кыжыры келип капты жулкуп жулкуп жиберди да кылтыйып көрүнө тушкөн жиптин учун тартып чубай баштады. Бир аз чубалып сөөмөй баткыдай тешикке калган бөлүгү кептелип калган жипти күчтөп жулкулдата баштады. Оюндагыдай болбой, толук чыкпай калганына ачуусу келип мүшөктү тоголото тээп жиберди. Бир буту менен басып туруп жипти күчтөп тартып жибергенде каптын оозу толугу менен ачылып ичиндеги шыкалган жиптер жерге жайнай түштү. Жипти кулачтап чубап алып илмек кылып байлады. Ары жакта турган курулушка пайдаланган чаканы көмөрө тепти да, үстүнө чыгып илмек жиптин экинчи үчүн шыптагы устунга байлай баштады. Оюна чоң апасы кылт этти. Колдору шалдая сыйыртмак болуп турган жипти кармай бетин колдоруна басып селкинчек кылып саамга ойлоно калды. Ичи эңшериле өзөгү муздап колдорун майда калтырак аралайт. Бала күнүнөн жүрөгүнө мээрим уялаткан жалгыз адам чоң апасын кыя албай турган шекилдүү… Селкинчек болуп асылып турган колдоруна жүзүн сүртүп-сүртүп алды да. Чаканын үстүнөн жерге түшүп дубалга жөлөнүп отурду. Башын чалкалатып көздөрүн жуумп чоң апасынын элесине балалыгы кошулуп көз алдына тартылат. Канат аны кучактап көкүрөгүнө башын жөлөп мээримге балкып эркелеп алчу. Чоң энеси Канаттан эч нерсени аябай ою менен болуп күнүгө таң эрте бетинен сүйүп, чачынан сылап ойготчу. Ансайын Канат эркелеп, мактап койсо көкөлөп дагы көп жакшы нерселерди жасагысы келип эдиреңдеп кетээр эле…
Далай ирээт Канаттын кылыгын жашырган чоң апасы небересинин тарбиясына кайдыгер эмес болчу. Жаман, жакшыны алы жетишинче айтып түшүндүрүп «Берекем, экинчи мындай кылба ээ…» деп көкүлүнөн сылап коер эле. Апанын ою боюнча балалынын балалык жүрөгүндө мээрим канчалык көп орносо, чоңойгондо ошол мээримди ата-энеге кайтарып берет деп ишенчү. Канат эч качан өз апасына же атасына ыктап, кучактап эркелеп көргөн эмес. Чоң эне кээде «Баланын көңүлү өссө акылы өсөт дейт экен. Көңүлүн көтөрүп кучактап эркелетип койсоңор боло… » дечү. Канат өзгөчө атасы экөөнүн ортосунда билинбеген аралык бар экенин сезчү. Тарбия ошондой эле.
Аңгыча короо тараптан кобур-собур угула баштады. «Эшиктин баарын ачык таштап кайда кеткен жанагы балаң»-деген атасынын үнү угулду. Канат шап ордунан тура калды да, чаканын үстүнө чыкмакчы болуп жаза басып калды. Калдырай түшкөн чаканы кайра ордуна коюп үстүнө чыкты да сыйыртмакка мойнун салды…
***
Дааратканага өтүп бара жаткан атасы Жакшыбек сарайдагы дабышка карай басып, каалгадан баш бакты. Канат ошол маалда бут алдындагы чаканы тээп жиберди. Кичинекей бир түйүнгө такала түшкөн жип сыйыртмак болбой шакекче болуп жигиттин мойнуна илине түштү. Көз алдында упузун болуп асыла түшкөн Канатты көрүп «Эй!!!» деп кыйкырып жиберди да аттап-буттап келип баласынын тулкусун тикесинен өйдө көтөрө «Атыркүл! Атыркүл! Атыркүл!»» деп бакырып жиберди. Күйөөсүнүн үнүн уккан Атыркүл жүгүрүп келди. Жипке мойну илинип шылкыйган Канатты, көздөрү чанагынан чыга чакчайып, бир колу менен жипти чече албай тырмышып жаткан күйөөсүн көрүп, Атыркүл чаңырып жиберди да уулунун тулкусун көтөрүп жабыша калды. Күйөөсү ары тоголонуп кеткен чаканы көмөрө коюп, устундагы илмекти тартып жипти чечип жиберди. Канаттын салмагын апасы көтөрө албай жерге таканчыктатты. Дагы деле акыл-эс, жаны бар Канат тизелери бүгүлүп жерге алгач отуруп, андан сон башы айлана жантайа жатып калды…