
Полная версия:
Мезгил ажырымы
Канат көзүн ачпай бир кызык абалда. Тили чоңойуп кекиртегине тыгылып калгандай катуу какап, окшуп жиберди. Көмөрөсүнөн эңкейип, оозунан илээшип аккан шилекейди түкүрө албай колунун сырты менен аарчууга аракет кылды. Күйүгүп, энтиккен ата-энеси Канатты тиктеп, эмне кылышты билбей дендароо болуп туруп калышты. Атасы Канатты колтугунан сүйөп тургузмакчы болду. Атасынын колун мыкчый кармаган Канат буулугуп ыйлап жиберди. Бул ый канча жылдар Канаттын көөдөнүндо катталып калган муктаждык ыйы эле. Ал муктаждык – аталык мээримге болгон муктаждык, атасы менен ээрчишүү жана сырдашуу муктаждыгы, атасына балалык таттуу кыялдарын, өспүрүмдүк ойлорун, жигиттик максаттарын айтып берүү менен туура багыт алуу муктаждыгы, жана атага ишенүү, таянуу муктаждыгы эле. Канаттын көз жашын өзөгүнөн чыккан муңдуу үн коштоп, жигит токтоно албай эчкирип ыйлай берди…
Уулу колун кое бербей бетине басып, ийиндери сүлкүлдоп ыйлап жатканына Жакшыбектин аталык жүрөгү өмүрүндө биринчи жолу бир башкача сезимдерге чырмалды. Эмне кылаар айласын таппай колун тартып алалбай, өзүнүн да ыйлагысы келип, тамагына бир нерсе туруп калгандай кулагы да тунжурап кетти. Аттиң десен, уулдуу болуу бактысына тунган адам аталык милдет уулга машине мингизүү, курсагын тойгузуу же үйлөнтүп коюу эле эмес, аталык милдет уулунун муктаждыгын уулу төрөлгөндөн тартып эле талдай билүү, аталык насаатка сугарып өнөр үйрөтүү, уулуна өйдөдө өбөк, ылдыйда тээк ишенимдүү чеп болуп берүү жана тукум атын булгабаган, эл керегине жараган инсан калыптандыруу экенин билсе ээ…
Келин уулу дарбазадан кирип эле кайра чыкпай жатканынан бир нерсе болгонбу деп чоң эне шекий түштү. Айдоочу менен жүргүнчү тууганы капот ачып машинени чукулап жатышат. Ортончу уулу аялы менен жолдогу базарда калып калышкан. Чоң эне бийик машинеден түшө албай бир бутун эптеп сунуп жерге коймокко аракет кыла баштады…
***
Асылкүл (Ася) коңшу өлкөдөн кабар алды. Лицензия жана башка тиешелүү документтер болбосо, негизги иш чарага катыша албай турганын билип маанайы жок. Ишим ийгиликтүү болобу же болбойбу деген күмөн саноо болуп шалдая түштү. Эң алгачкы маселе болгон ижара боюнча келишим алигиче түзүлбөй турат. Зал офисти ижарага берген адам үй бүлөсү менен Америкага жол тартып, үйүндө кары апасы гана калыптыр. Ал кары адам менен болгон сүйлөшүүсү оңдуу болбой жатат. “Ай, кызым “догувур-согувурунду” билбейм. Уулум анысы жок эле ижарага берип жүрчү. Эч кандай кагазыңа кол койбойм. Эртең дагы бирөө келип “салык төлө, кагаз ал” десе эмне дейм. Ушунун ижара акысы менен тирлик кылып жатам” деп таптакыр муюбай койду. Жарым жылдык ижара акыны тил кат менен эле кармата салбай, келишим түзүп алсам болмок экен деп кейип кетет. Күйөөсүнө кеңешпей энтеңдеп шашып кеткенине Ася өзүн өзү тилдеп алды. Паспортун көтөрүп барса эле каттала калып иши башталып кетчүдөй ойлогон Ася, түнт токойдо адашкан немедей бир катар мамлекеттик мекемелердин эшигин түрткүлөшү керек экенин кеч түшүндү. Ася кайрылган айрым мекеменин сүйлөөр-сүйлөмөксөн, айтаар-айтмаксан болуп ыңгыранган, ашыгыраак суроо сураса “билбейм эже…”деп кутулгуча шашкан кызматкерлерине ичи жылыбай турат.
***
Нурик шкафтарды аңтарып Ырыстын анча-мынча каткан акчалары болушу мүмкүн деп акча издей баштады. Текчелерди оодарып, кийимдерди аласалдырып жатты. Желим баштыкка салынган Ырыстын паспорт жана башка документтерин үстүңкү текчеден көрдү да, дүкөнгө же дагы бир пайдалуу нерсе чыга турган жерге алып барып күрөөгө таштоо ойуна кылт эте калды. Нурик кийимдерди шаша-буша ордуна коюп, документтерди ары түртүп үстүн шарф менен жаап койду. Аңгыча сырттан бирөө келе жаткандай дабыш чыкты. Нурик ордуна барып, ары карап эки колун бооруна алып уктамыш болуп калды. Ырыс сырттан кирип Нурик тарапты бир карап койду да дубалга жөлөнүп отура кетти. Ичиндеги кыжаалат сезим кетпей азыр баарын түп тамырынан өзгөртүп салгысы келип кетет. “Эми аңдышып кантип жашайм” деп ойлонуп коет да, кайра Нуриктен бөлүнгүсү келбегендей аны актагысы келип турат. “Тинанын деле күйөөсү башында ушундай неме окшобойбу, эми карасаң депутаттан айырмасы жок зыңкыйып жүргөнүн. Балким Нурик деле жаман адатын таштайт. Айылга апама чейин ээрчитип барып элдин баарына жарыялабай эле алгач бир жылдай жашап көрсөм болмок экен. Эми апам эмне дейт. Дагы кейийт да” – Ырыс тунжурап ойлуу отурду. Көздөрүн жумганы менен ичиндеги каректери ойноктогон Нурик “документтерин Ырыс башка жакка катып салбаса экен” – деп эки колун бооруна алып жаткан бойдон ичинен кыпылдап, сыртынан былкылдабай жатты.
Ырыс Нуриктин жанына келди да каруудан тартып “Чыныңды айтчы. Сөйкө-шакегимди каяка алып бараттың эле?”-деди. Нурик ичинен “Башталды…” деп ойлоду да “Эмне мени ууру тутуп атасыңбы? Эмне кылам мен сенин сөйкө-шакегиңди!? Аларың баа деле болбойт. Алтын болсо бир жөн!” – деп атырылып бир тийди. Жалгыз журуп ызы-чуу, уруштан жүрөгү үшүп калган Ырыс унчукпай калды. Нурик Ырыстын унчукпай калганына эрдемсип кетти да, сөгүнүп алып эшике тура жөнөдү. Сыртка чыккан Нурик көчө тарапка басты. Дилине ар кандай ойлор келип, көнүлү Саадатка ыктап калгандай. “Эээ..эми бул неме быжылдап эзилип, бирдемеси жоголсо менден көрүп ит кылат болуш керек кишини. Андан көрө эртең кийимдеримди алайын да кете берейин” деп ойлоп телефонуна “Садык дос” деген ат менен каттап койгон Саадатка чалды. Саадат конгуроону шак эле алды. Учурашып ал жай сурашкан экөө жылуу маанайда сүйлөшүп жатышты. Жарма достордун жаратылыштагы эс алуусунда таанышкан экөө телефон аркылуу үчүнчү ирээт байланышып турган кербездери. Саадат бир нече жылдардан бери жалгыз жашап келет. Аялдык бактысын табууга үмүт байлап бир катар таанышуу, мамилелешүүлөрдү башынан өткөрдү. Акыркы мамилелешүүсү Талант аттуу жигит менен болуп, бир топ убакыт телефон аркылуу гана байланышып жүрдү. Талант алгач Саадатка “алыстамын, азыр бара албайм” дечү. Бара-бара Талант алыста эмей эле борборго жакын түрмөлөрдүн биринде камакта экени билинип, ал кайран эпчил жигит Саадатка бир топ түйшүк жараткан. Телефондун ары жагындагы бал тилге муюган Саадаттын “махабат дастаны” бир топ аялзатка сабак боло турган дастан болгон…
***
Таң эрте чыны-табактын кылдыраганынан көзүн ачкан Нурик, Ырыс жумушка камынып жатканын туйду. Чалкасынан жатып шыпты тиктеген Нуриктин ойуна ар нерселер келип, ичиндеги кайнап жаткан ойлорду чагылдыргандай каректери ойноктоп жатты. Жоопкерчилик алып көнбөгөн Нурикке Ырыс анчейин жакпай жүргөн. Демилге көтөрүп жоопкерчилик ала билген Берметтей (мурунку аялы) тирликке тың болбой Нурикти эле карап турган Ырыстын мажирөө мунөзү кээде итиркейин келтирчү. Жалкоо мүнөз, жанынын тынчын самап көнгөн Нурик Берметтин жетеги менен элден калбай тың тирлик кылып жүргөндө апасы аялын жактырбай “сөөдүрөп алып башкаруучу болгонун кантейин, байдын кызы болсо күн көрсөтмөк эмес турбайбы. Аял деген эркектин сөзүн угуп, баш ийиш керек” деп жатып Берметинен бөлүнүп калбады беле. Апасынын келинине болгон нааразылыгы: “Чакыраар замат келип калбайт. Жумасына бир келип үй-жайды карап учурашып кетпейт. Бир туугандары тебелеп тепсеп жүрөт. Куураган Нурик жанагы неменин бир туугандарын багып эле келет жатат. Өгүнү, кудагый жанагы Ош базардагы арзан чапан кийгизди. Ал чапандарды азыр эч ким кийбейт. Модадан калган. Баягүнү болсо мукур устукан тартты” – деп деги койчу айтып отурса түгөнбөгөн “нааразычылыктар”. Берметтин бир тууган инилери тез-тез келип турганынын да себеби бар эле. Жатак Нурик эч нерсе кылгысы келбей ышынып басып жүрө бергендиктен, үйдөгү эркек кишиге тиешелүү жумуштар жасалбай калчу. Бермет улам бир инисин “Кампанын (склад) эшигин оңдоп берип койчу, көмүр ташышып койчу, суу чыкпай калыптыр карап берип койчу, чатырдан аккан жаан үйдүн түбүнө түшүп жатат арыкчаны оңдоп берип койчу кышындагы кардын оордугунан кыйшайып калыптыр, дааратканага эшик салып берип койчу бала-бакырага кооптуу болуп жатат” деп жана башка түгөнбөгөн түйшүктүн айынан чакыра берчү. Нурикке айтканда жыйынтык чыкпасын билчү. Алгач айтса “ии макул” деп коюп. Кайталап айтса “Болгарка керек, электрот керек, баландай ачкыч керек, чон дөңгөлөктүү араба (тачка) керек, чоң балка керек” деп жок нерсени айтып жооп кылчу. Дагы кайталап айтса сөгүнүп бакырып бир тийчү да, эшикке чыгып жүз грамм жутуп келе калчу. Андан да, кайнилери жасап бүтүрүп кеткен жумуштун жанына барып бир колу менен бөйрөгүн таянып, бир колу менен башын кашып “туура эмес жасап коюптур, мындай кылыш керек болчу” деп “сынчы” болгондо Берметтин күйбөгөн жери күл болуп кетээр эле. Инилери бош убактыларына жараша келип жардам берип кетишчү. Кээде алар келгенде кычаштык болуп кайындары да келип капташып, кайненесине Берметтин инилери оокаты өтпөй калып, Нуриктин эсебинен курсактарын тойгузуп эптеп жан багып жүрүшкөндөй көрүнчү.
Ырыс анчалык тын-тарс эмес. Жанын кыйнагысы келбеген “касиет” Ырыста да бар. Мүмкүнчүлүк болсо жата калып уктагысы келип турат. Жумушунан катуу чарчап калса, эртеси жумушуна барбай да коймойу бар. Ошентип барбай коюп өткөн жылдары бир жылда беш жолу жумуш которгон. Өзү негизи дилинде Нурикке сүйөнүп жашайт. Ырыс жумушуна жөнөдү. Кетип баратып Нурикке “Кечинде кеч келем. Магазиндеги келиндин үйүнө барам” деп кетти. Нурик ага ичинен жооп кылып “Келбей деле кой” деп койду. Ырыс кетээри менен Нурик шапа-шупа турду да дааратканага барып келип көчө тарапка чыкты. Көчөнүн эки жагын карап үйүнө кирди. Тээ көчөнүн аягында Ырыс бурулуп кетип көрүнбөй калды.
Кечээ ысык тамак ичпей, курсагы курулдап калган неме казан табакты калдыратып, капкактарын ачып жаап жегенге бирдеме издеди. Жалгыз жумуртканы таап алды да, чырылдатып кууруп жеп, эптеп курсагын тойгузду. Бир аз жатып, кийимдерин көк пакетке тыгып салды да, үйдү айланта бир карап алды. Ырыстын документтеринен паспортун чөнтөгүнө салды, калган кагаздарды баштыкчада калтырып, текчеге ары тыгып түртүп койду. Эшикти жаап бекитти да, ачкычты бут сүртмөнүн алдына коюп, дарбазадан чыгып кетти. Тамак жасалуучу эски тамак бышыргыч кайра өчүрүлбөй ошол бойдон калды…
Ырыс маршруттук таксиде ойлуу термелип кетип бара жатат. Тинанын кечээки “менин күйөөмдүн адатына окшош экен” дегени Нуриктин уурулук аракети анчалык деле чоң маселе эместей туюлуп, аялдык назик жан дүйнөсүнө үмүт жанып, көңүлү көтөрүңкү…
***
Канатты карап турган Жакшыбек аны ушунчалык аяп кетти. Азыр аялы жанында болбогондо уулун кучактап алып, өзү да ыйлап жибермек. Жакшыбек аялынан тартына түштү. Тартынчаактык сезим ар бир адамда калыптанып калаары анык. Өзгөчө жакындарга карата болгон мээримди билдирүүдө пендеде өзүнө баш ийбеген абал пайда болуп, тарткынчыктап калат окшобойбу. А балким айрым пенде мээрим сыяктуу жакшы нерсени өзүнүн жан дүйнөсүнөн таппагандыктан, жок нерсени башкалар менен бөлүшө албай калаттыр. “Тур ой!..эмне болуп жатасың?…тур!…” деген Жакшыбек колун сууруп алып, уулун тургузмакка эки колтугунан таяды. Соолуктап ыйлаган Канат жеңи менен кайра кайра бетин сүртүндү. Көзүнөн жашы салаалап аккан апасы “Ай…эмне болду сага?…айтчы бай болгур” деп Канаттын ийинден кармап, маңдайына тура калды. Канат соороно атасынын колдоруна сүйөнүп турганга аракет кылып жатып кирпигин көтөрүп апасын карады да “Апа, мен киши өлтүрдүм” – деди. “Эмне дейт кокуй!!” деп чаңырган апасы бир күйөөсүн, бир баласын алмак салмак карап, беттери титиреп кетти. Кандай гана жагдай болбосун мээримин ачык жарыя кылып турган жалгыз адам- эненин жүрөгүн уулунун абалы эзип жиберди. Уулун бул абалдан алып чыгып алуу үчүн бул эне бүт ааламга өрт коюп жиберүүгө даяр эле.
Уулунун балалыгында Атыркүл куйөөсүнө бир нече жолу “Атадай болуп уулуңа жакын болсон боло. Жаныңа ээрчитип жүрүп, өнөр үйрөтүп, жакшы-жаманды түшүндүрүп тарбияласаң боло. Илгери ата-бабалар дөбөдө жыйын курганда уулдарын ээрчитип барып жанына отургузуп кеп тыңшатып, санжыра айтып, баатырлар тууралуу айтылып, ушулар аркылуу эркек балдардын дүйнө таанымын, түшүнүгүн калыптандырышчу экен ”– деп калчу. Жакшыбек болсо “Уулунду эрке талтаң кыласынбы. Эркек деген темирдей тартипке көнүшү керек. Эмне? уулуңду илгеркидей комуз черткенге, Манас айтканга үйрөт деп турасыңбы?!” – деп аялына мажыкыйланып корсулдаса; уулу туура эмес бир нерсе кылып алса “Эй! эне..ди…мындай кылбайсыңбы!!! Эркек деген чыдамкай болуш керек, эркек деген ыйлабайт катынга окшоп!” деп корсулдап оюнда уулун тарбиялап жатам деп ойлочу.
Атасы Канатты бир колтугунан алып, коштоп сыртка алып чыкты. Уккан кулагына ишенбеген Жакшыбек же уулуна ачууланарын же аны аяп бешенесинен сылаарын билбей дендароо. Сыртта “Жакшыбек!!” деп бир нерсе болгондой калтаарыган үн менен ылдамдап басып келе жаткан тууганын байкабай Канатты дөңгөчкө отургузуп “Эмне дейсиң ыя? Кимди өлтүрдүң? Эмне болуп?” деп сурап жиберди. Канат башын жерге салып “Ата, мен киши сүзүп өлтүрүп алдым” деди. “Айй!!! Эне…ди… акмак!!!” деген атасы ачууланып заманасы куурулуп, ары бери басып катуу үшкүрүп алды. Жанына жетип келген тууганы Жакшыбекти чыканактан тартып “Чыкчы көчөгө. Жеңемди карачы” деп сүйрөп жөнөдү. Сарайдын босогосуна жөлөнгөн апасы дендароо абалда Канатты үнсүз тиктеп турат.
Ангыча сырттан апаны эки колтугунан, эки бутунан алып көтөрүп келе жатышты. Көздөрүн жуумп кырылдаган эненин өңү бир башкача болуп калыптыр. Канат чон апасын көрө койду да ордунан атып туруп аттап арыштап жетип, көтөрүшө калды. Атыркүл жүгүрүп келип үйдү ачып апаны ордуна жаткырышты. Сунала калган чоң апа билинээр билинбес дем алып жатты. “Эмне болуп кетти?” деген Жакшыбектин баш кийими кыйшайып далдырай түштү. Тууганы “Биз ар жакта кыймылдаткычтын өтө титирегенин карап жатканда машинеден түшө албай кулап кетиптир” деди. Канат чоң апасынын жанына чөкө түшүп колун кармап отура калды да. “Апа! Апа! Көзүңдү аччы!” деди. Канаттын тааныш колдорун сезген чоң апа эриндерин билинээр билинбес кыймылдатып, Канатка бир нерсе дегиси келгендей. Чоң апасынын манжалары саал ийрейип, бырыш баскан колун кармап бетине басып “Апа, үнүңдү чыгарсаң” деген Канаттын аянычтуу үнү каргылданып кетти…
***
Ася жумушка кеткен соң күйөөсү Сабыр да жумушуна камына баштады. Кийим гардеробду ачканда өмүрлүгү Ася жууп, мелтирете үтүктөп, тизип илип койгон кийимдерин көрүп жылмайып койду. Жуунуп-таранып алып муздаткычтагы түрлөп даярдалган тамактарды тандап, жылытып жеп курсагын тойгузду. Кийим тандап кийип жумушуна жөнөдү. Жумуштан сон бильярдка барууга бир чети курсташы, бир чети көчөлөш кошунасы Карып менен сүйлөшүп койгон.
Кеч кирди Сабыр Карып менен кафе-бардан жолукту. Пиводон жутуп кобурашып отурушту. Ангыча Сабырдын телефону шынгырап, Ася чалып жаткан эле. Ася офистин кожоюну кетип калганын, апасы келишим түзбөйм деп жатканын, жарым жылдык ижара акыны алдын ала берип салганын айтты. Сабыр Асянын сөзүн бөлбөй, аягына чейин тыңшап укту да “Кол коет, койбогондо кайда бармак эле. Кейибечи. Мен эртең барып сүйлөшүп келем. Санааркабай башка жумуштарыңды бүтүрө бер. Азыр Карып экөөбүз барда отурабыз. Мен үйгө кеч барам. Ачкычтын бирөөнү ала кеткем. Эшикти бекитип алып уктай бер”-деди.
Сабыр телефонун өчүргөн соң жанында отурган Карып “Сен аялынды кызганбайсыңбы?” деди. “Кызганам, бирок ага деле себеп болчу жагдай болгон эмес”-деп жооп берди Сабыр.
Карып: “Такай эле аялың машинесинде бир жаш жигитти салып алып жүрөт”-деди. Сабыр “....аа…ал жээн болот. Экөө чогуу иштейт. Механиги, катчысы да ошол жээн”-деп жооп берди. Айткан сөзү тескери пикир салбайбы деп ойлобойбу же атайын эле айтып жатканыбы айтор Карып Сабырга “Аялды кызганыш керек. Ойноп кетет. Балким ошол жээниң менен ойноп алса кантесиң” деди. Сабыр Карыптын жапайы сөзүнө ичинен тырчый түштү. Турмушунда мындай “стратег акылгөйлөрдү” көргөн да. Ойлоп койгон чолок ойун айтып койуу уккан адамдын ичине тескери пикир салаарын аңдабай сүйлөгөн ээн ооздор бул мезгил ажырымында көп эмеспи. Сабыр сөздү башкара буруп кетти.
Бүгүнкү маселени Сабырга айтайын деп үйүнө ичи бышып келген Ася, күйөөсү бильярдда болоорун эстеп ага телефон чалганы ошол болчу. Ася Сабырдын жагдайларды токтоо кабыл алып, туура кадам кылаарын билчү. Айрымдардай кепти аягына чейин укпай, маселени чечмелей албай акчаны “бекер кетти” деп секунд ичинде жыйынтык чыгара салып “Көк мээ…эне…ди урайын!!!келесоосуңбу!!!ойлонуп туруп бербейсинби!! Демейде тилиңди сайратасың, ошого мээң жетпей калдыбы!!!…иштебей эле койчу!!!элдин баарын банкрот кылып!!” деп бакырып, андан кызуулануусу ашып кетсе столду муштап, үйдүн үрөйүн учурган бөксөлөрдөй эмес экенин Асылкүл (Ася) жакшы билет эмеспи. Балким, азыркы мыкты аял Ася деле ошондой бөксө бирөөнүн аялы болгондо үй бүлөнүн тынчтыгы үчүн бул деле көйгөйдү күйөөсүнө билдирбешке аракет кылып, бирөөдөн карыздап акча алып, ал акчадан кутула албай баратса дагы бирөөдөн үстөгү менен акча ала коюп, карызга белчесинен батып, алы жетпей калганда чиеленишип кеткен маселени чечүү үчүн тескери ишке да макул болууга даяр болуп сөзсүз чалмакейин чалмак. Бардык жагдайда салмактуу чечим кабыл ала билген, аялзаттын алсыздыгын, жеңилдигин, жан дүйнөсү назик жан экенин мыкты түшүнгөн Сабырга келинчеги Ася ишенет, көйгөйлүү жагдайларды чечүүдө жашырбай ачык айтып, ага таянып өмүр сүрүп, бакытка балкып жашап келет. Аттиң ай, бакыттары толук болушу үчүн жараткан экөөнө перзент бербеди…Сабырга көйгөйүн айтып алып, жаны жай ала түшкөн Асылкүл кыңылдап обон салып, тамак даярдоого киришти. Маселе пайда болгондо курбу келиндерге телефон чалып кеңеш сурап сүйлөшмөй деген Асылкүлдө жок. Кеңеш сурап, колдоо издеп эмне кереги бар? Жыгылса тургузаар, кыйшайса түздөп коер, жоо чабам десе коргоп алаар жанында ишенимдүү чеби турса. Демек, Асылкүл айрым “акылмандардын” адамдын турмушун бузууга чейин жеткирип, адаштырып да коер “бекер” кеңештеринен оолак…
***
Нуриктен кетип калгандан бери Берметин жан дүйнөсү жанчылып келет. Москвага келгенден бери ар кайсы жумуштарда иштеп, эми подъездерди тазалоочу жумушун бир мигрант келинден сатып алып иштеп жүрөт. Балдарын сагынып жүрөгү эзилет. Көнүлү эч нерсеге чаппайт; бирине бири окшош күндөр өтүп жатат. Эптеп жер алып алсам балдарымды өзүмө алып жашайм деген үмүттүн, максаттын артында күн батырып, таң атырып жашап келет. Кээ бир кыз-келиндердин шайыр шатман жүргөндөрүн көрүп суктанып да алат. Ыңгайы боло калса, кобурашып калган кыздарга “Эээ…кыздар жакшылап ойлонуп чыккыла турмушка. Жигиттин кулк мүнөз, тарбиясына көнүл бургула. Аны менен өмүр бою жашайм деп олуттуу акыл калчап тийгиле. Таз, маңка болсо да күйөөсү бар аялдардын даражасы бийик болот экен. «Бойдок келин» деген ат жаман экен. Жашап көрөм болбой калса кетип калам деп жеңил ойлобогула. Жаман күйөөдөн кетип кутулсаң болот. Бирок андан төрөп алган боор этиң менен тең баладан эч кайда кача албайсың. Мына мен таштай качкам. Бирок жашоом жашоо эмес эле тозокто жашап келем. Балдарымды мүнөт сайын ойлойм. Сагынам. Ойлобой да, сагынбай да кое албайсың. Такыр эле адашып туура эмес адамга туш келгениңди сезсең, жок дегенде 2чисин, 3чүсүн төрөбөй кое тургула. Удаалатып тууп алып 3-4 баланы тирүүлөй жетим кылгыча, бир баланы жетелеп алып жалгыз жүргөнүң артык.”-деп үшкүрөт.
“Ииий..эже кайра барып эле жашай бербейсизби” де элейген кыздарга. “Кайра барганда “кара жаныңды бага албай мурдундун суусу этегиңе жеткенде келдиңби?. Ии…кыйын болуп кетпедиң беле.Ошо…ошо…мен билгем ушундай болоорун” – деп күйөөм баш көтөртмөк беле. Кайненемдин чырагына май таамп, алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп элге жайбайбы. Күйөөм эле сөзүнө маани берип сүйлөгөн уюткулуу, түшүнүктүү эркек болгондо эч нерсеге карабай, балдарым менен кошо бул жака ээрчитип келип алат элем. Бирок күйөөм андай эмес…ыр эмес же жомок эмес маңызданып, эзиле берет. Башка жаман жагы мейли эле, анын заар тилин көтөрө албайм, көтөрө албай деле бараткам…Кайра барбайм. Жер алып, эки бөлмө салып алсам балдарымды өзүмө алам. Бир гана кейигеним балдарыма башка адам ата болуп бере албайт. Балдарымды колума алсам күйөөсү жок эле өмүр бою жалгыз жашайм. Балдарымды бутуна тургузам” дейт. Оюн ичинен улап “Башында эле Нуриктин мажирөө, заар эркек экенин билип туруп эмнеге удаалата туудум экен” деп тунжурай калат да, кайра «Койчу…балдарымды кесир кылгандай болбойунчу....жөжөлөрүм менин..эмне кылып жүрүшөт болду экен…” деп көзүнөн жашы куюлуп кетчү.
Дайыма көнүлү пас, ойлуу жүргөн Берметти мурутчан бир жигит шынаарлап жүрдү. Жигит десек жарашабы, айтор жашы 40тан өткөн, аялы менен ажырашып кеткен дагы бир таалайын издеген адам болчу. Кээде сүйлөшүп отуруп калышчу. Кептен кеп чубалып эмне себептен аялы менен ажырашканын сураганда, ууртунан шилекейи буртулдап аялын жамандагыдай болсо жанына адам тура алгыдай эмес эле. Кайненесин кошо жамандап сөзгө да чечен окшобойбу, айтор Бермет угуп отуруп таң калып талып калчу. “Жакшы уйдун муйузу сынбайт” демекчи өзүн аппак көрсөтүп актана берген адам кандай болот деп, негедир Бермет көңүлү келчү эмес. Ал жигит ошол эле Москвада мигрант болуп жүргөн бир келинге үйлөнө калып, жарым жыл жашабай эле кайра ажырашып, ушул тапта ар кайсы келин-кызды ээрчип ылжыңдап дале жүрөт. Акчасы топтолуп ойлогон ойу ишке ашаарына аз калган Берметке күн өтпөй да, таң атпай жүргөн кези. Аялдын чырагы кырк эмеспи…
***
Ырыс Тинанын айтып бергендерин жол бою акылына сиңирип, башын жерге салып жай баракат ойлуу келе жатат. Тина болсо Ырыс кеткен сон өзү да “Баары биз ойлогондой жеңил эле боло калса кана. Бой тарткыча түшүнүгү да, тарбиясы да калыптанып калган адамды өзгөртүү кыйын. Канчалаган эмгек, чыдамкайлык талап кылынат. Коломтоң бузулбашы үчүн көп нерсеге көз жуумп коюуга туура келет. Ошол керт башыңды, убактыңды садага чаап, кылып жаткан аракетиңди түгөйүн барктап койсо го жакшы. Ал эми барктабаса эмне кыласың?…Ырыс бактылуу эле болсо экен. Ичимдикке да жакындап кетти эле. Эми өңү оңолуп калыптыр”-деген түркүн түрлүү ой чубап бир топко отурду. Чынында адамдын сыртын өзгөртүп алса болоорун, бирок калыптанып калган адамды өзгөртө албастыгын Тина өз жашоосунда көрдү. Адаттары калды деген менен, ыңгайы келген учурларда бирөөнүкүн унчукпай менчиктеп алууну жолдошу кадимки эле көрүнүш катары кабыл алат. Күйөөсүнүн бул адаты Тинаны далай жерде ынгайсыз абалга кептеп коерун боолголоп дили үшүп кетет…
Ырыс жүрөгүндө жылуулук пайда болуп, Нурик менен бактылуу болооруна ишенип кетти. Ой чабыт таттуу кыялга жетеленген Ырыс башка классташ курбулары сыяктуу балдарын ээрчитип, базарлыгын көтөрүп алып, жолдошун колтуктап үйүнө ата-энесине бапырап барууну кыялданып бара жатат. Ошол сонун күндөр болоорун элестетип көңүлүнө жаз кылайып, көөдөнүндө кубаныч пайда болду. Азырынча кыял болсо да балалуу болгондогу учур, Нуриктин кубанычтан жүзү жадырап колуна гүл алып тосуп алаары көз алдына тартылып, жылмайып терең дем алып алды. Ырыс деле үйүнө толтуруп конок чакырып....Ырыс деле конокко камынып жакшылыктын түйшүгүн тарткысы келет. “Эми..болду..Нурик менен эмне болсо да түбөлүккө жашайм. Жаман жагын байкабаганга аракет кылам. Баары жакшы болот. Биз бактылуу болобуз” деген көздөрү чарчаңкы келин үйүнө жакындап калды.
Ырыс үйүнө жакындагында үй капкараңгы экенин көрдү. Дарбазадан кирип, бүт сүртмөнүн алдына катылган ачкычты алды да үйдү ачып кирди. Караңгы бут чечменин жарык күйгүзгүчүн колу менен сыйпалап таап, жарыкты күйгүздү. Бүт нерсени бирөө көтөрүп кеткендей тунжураган куту жок жымжырттык. Үйдө эч ким жок. Томсоргон дубалдар. Жан дүйнөнү үшүткөн ээндик. Үйдү айланта карады. Бөлмөнүн саргарган дубалдары, стол үстүндөгү капкара болуп кирдеп булайып жаткан майлык, ирээтсиз коюлган казан-аяк, идиштердин сыртындагы кир-майларды келин азыр байкады. Жаңы эле барып келген үй менен салыштырса, асман менен жердей айырмасы бар бул үйдө аялзат жашабагандай кейиптенгенине уяла түштү. “Азыр Нурик келсе үйдү тазалап баштайынчы” деп ойлой калып, бут кийимин чечип чай койду. Качан келээрин билмекке күйөөсүнө телефон чала баштады…
***
Чоң апаны ооруканага алып келишти. “Орун жок, залга жата тургула” деп эки саат залга жайгашкан апа ары бери өткөндөрдү көз кыйыгы менен карап жатты. Оорукана деген эле аты болбосо коммуналдык жатаканадан кем калышпай, ээн эркин кирип-чыгып жүргөн кишилер көп. Чекилдеген санитар эже алыскы райондордон жакынын көргөнү келип, батына албай коомайланган адамдарды чаңкылдап киргизбей сыртка чыгарган болот да, баятан колуна элүү сом, жүз сом карматып кеткен адамдарды көрмөксөнгө салып, андайлар үстүнө халат жаппай эле сүзө качырып кирип чыгып жатышат.
Палатага которулган чоң эне бир топ убакыт керебетинде жатты. Же медайым же врач келип ал жайын сурабай эне өзүн кароосуз калгандай сезди. Антейин десе, башка адамдарга деле келип илгеркидей жанына отуруп ал жайын сураган врач көрүнбөйт. Ал күнү ошентип эшик тарапты карап догдур күтүп кеч киргизди. Таң атты. Баягыдай “”кароо” болот азыр, тургула, жыйнангыла” деп даярданып палатанын полун сүртүп жүгүргөн санитар деле жок, палатадагылар каалаган убакта ышынып турушуп, бөлмөнүн ичинде көрүнгөн жерде баштык-үштүк булайып, бөлмө көзгө өтө эле самтырак көрүнөт. Шашке болду. Догдурун күткөн чоң эне палатага кирип төрдө жаткан оорулуунун ал жайын сурап кетип бара жаткан практикант жигитке кайрылып “Эээ…балам…” деди. Кылчайып караган жигит “Апа, сиздин врач башка…азыр келет” деп койду да кетип калды. Жигиттин жообун дааналап уга албай апа аны узата карап кала берди. Жетимсиреп өз абалы менен өзү алек болгон оорулуулар. Врач келсе айтайын деп кебин даярдап, эшиктен бирөө баш бакса “врачымбы?” деп үмүттүү тигилген көздөр…