Читать книгу Бабалардын жанырыгы (Кадыр Абакиров) онлайн бесплатно на Bookz (20-ая страница книги)
bannerbanner
Бабалардын жанырыгы
Бабалардын жанырыгыПолная версия
Оценить:
Бабалардын жанырыгы

5

Полная версия:

Бабалардын жанырыгы

– Абалар силерге ырахмат, байкуш күйөөмүн өлгөнүнө мына эртең кырк күн болот. Колдо болбогондон кийин жарытылуу эч нерсе соё алган жокпуз, эми анча-мынча туугандарды чакырып бата алалы. Абалар шашпай арбакка куран окуп, эт жеп кеткиле!

– Жок кыгылайын карындашым, биз алыс сапар баратабыз, шашып баратабыз.

– Түмөнбай, Абадан байке силерге ырахмат, силер кайсы уруудан болосуңар?

– Бугу уруусунанбыз, Жети өгүздө турабыз, карындашым жакшы кал! Балким кайтып келе жатканда сага келе кетеербиз.

– Келе кеткиле абалар, каалаган тилегиңерге жеткиле,-деп кара жоолук салынган аял жолоочуларды жалооруй карап узатты.

Жалгыз атты жетелеп эки жолочу келатты. Алар көп жерди кыдырды, эч бир жерде отурууга ылайыктуу жер жок экен. Алар түбөлүк орун алуучу жердин шартын абайлап карап келатышты. Бир жеринде суу жок, суу болсо кыштакка ылайыктуу жери жок. Ошонун баарын байкап келатышты. Кээ бир жер кыштакка ылайыктуу жер экен, ал жердин билермандары аларды кондурганга макулдук бербейт. Алар бирде ар кайсы үйлөргө консо, бирде адамдарды кыйнабай, ай талаада жылдыздуу түндүн алдында конуп келатышты. Жашынан экөө тең жаа тартканга ылайыктуу болгон жолдон ар түрдүү канаттууларды атып алып куйкалап жеп сапар тартып келатышты.

Бүгүн күнгө жума. Күн ачык анын ыйык нуру жансыздан топуракты, таштарды, жандуудан чөптөрдү, гүлдөрдү, жаныбарларды жылытып, магүрүм жер үстүнө жашоо себилип турат. Күн нуру адамдын жашоосуна чоң кубанычка бөлөп, пенденин турмушу күн менен коштошуп аяктайт. Эки жолочу эрбең-сербең ээн талаада кетип баратат. Алар көп өтпөй кап көтөрүп, бала ээрчиткен бир адамга жолукту. Ат жетелеген эки жолочу буларга бат эле жете келишти. Эркек киши эки жолочуну элейе карады. Алардын кийими суу болгон.

Бала ээрчиткен жигит таң кала жолочуларга салам берди.

Алар учурашты.

– Тоо тараптан келатам, жалданган адаммын.

– Кимге жалдандың эле.

– Сакалы жок көсөө Оңолбай байга, туура бир жылы кой бактым, бир жылга төрт кой берем деген. Бир эле кой берди, тамак ичтиң,– деп калганын бербей койду.

– Жөө келатасыңбы?

– Ооба атым бобу дөбөнүн түбүндөгү сазга тыгылып калды чыгара албай койдум.

– Өлдүбү же өлө элекпи?

– Билбейм.

– Билбейм, эртең мененден тартып чыгара албай койдум, кой кайтарып жүрүп, алым кетип калыптыр.

– Ме бобу атты минип ал.

Эки атчан желдирген тейден дөңдү ашып, сазга тыгылып калган атка келсе араң эле жаны калыптыр.

Түмөнбай, Абадан экөө күчкө салып тыгылган атты чыгарды.

– Ой, туура эмес жерден өтүпсүң тее-тетига ылдыйкы кургак жеден өтсөң болмок экен. Эми бул атты минбе, эпеп айдап отуруп үйүңө алпар. Кимдин баласызың, канча бир тууганың бар.

– Атым Айкулет, Кулкишинин баласымын. Бир атадан жалгызмын.

– Өзүң кайда турасың?

– Тээ береги кара тоонун ары жагында.

Эгинчилик кылып, таруу арпа, айдайм.

– Канча малың бар?

– Беш кой, беш эчки, Бир уюм бар, атым аз жерден өлүп калаардасилерди кудай айдап келбедиби.

– Анча-мынча малың бар экен канча балаң бар?

– Бобу эркек адгы эгиз эки уулум бар.

– Жакшы ушул уулдарың чоңойсо колуң узарат.

– Бул атты көптөн бери жетелеп келатабыз, ушуну балдарыңа таштап кетебиз, -деди Түмөнбай.

Берки адам эки жолочуну карап таң калды. Чын эле ушундай да болобу? Мага кыдыр адамдар жолуккан экен деп ичинен таң калып жатты.

– Үйгө жетелеп кетсек болбойт беле,– деди Абадан күлүп.

– Ой, койчу басыгы өтө начар чобур сыяктуу мал экен мынтип отурсак качан үйгө жетебиз, унааны ылдам бастыра албай, жолубуз арбыбай жатат.

– Мейли,– деп Абадан макул болду.

– Атың ким,– деди Түмөнбай жоон үнү менен.

– Элебес.

– Элебес сага бобул атты ээри менен таштадык. Жал куйругу начар экен,-деп курч бычагын алып чыгып, куйрук жалын тааныгыс кылып кесип таштады. Ат такыр эле башка жылкы болуп калды.

– Эмне багып турайынбы.

– Ал ала бер, сага бир жолу бердим.

– Жакшы адамдар деги силер кимсиңер?

– Мен Баястандын уулу Түмөнбай,

Бул Балбактын уулу Абадан.

Башынан баатыр жаралган

Тийшип жүргөн кишини,

Тишин жулуп таштаган.

– Чоң атабыз Беккулу деген киши.

– Ырахмат Беккулу атанын балдары. Жолуңар байсалдуу болсун!

– Сен кайсы урпактансың?

– Тынымсейитмин.

– Тынымсейит менен Алсейит бир тууган эмпспи билесиңби?

– Билем Мырзакул атанын балдары эмеспи.

– Ошентип жети ата тегиңди биле жүр, биз көлдөн келатабыз.

– Үйгө барбайсыңарбы, бир кой союуп берейин.

– Бир койду союуп берсең төртөө эле калат анда жарды болуп аласың го,– деп Түмөнбай барбалактан тамашалай күлдү.

– Эми Элебес баатыр кыргызда «Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» деген элде сөз бар эмеспи биз кеттик,– деп Түмөнбай атын катуу камчылады.

Элебес эки адамды жакшы көзү менен карап:

– Жакшы баргыла, сапар жолуңарга кудайым жардам берсин, – деп алкады.

Жолочулар аттарына камчы уруп закымдай кетип баратышты.

Элебес «бул мага ат берген Кыдыралейсалам эмеспи деди да: – Ии…аллах Мухаммад… рассуллах,– деп кудайга жалынып койду.

Эки жолочунун бактысына көптөн бери күн ачык болду. Тоо башында булут жок, аба ырайын жакшы билген кыраакы Түмөнбай ушул учурду тандап алган эле. Алар Кочкор жерин жакшы эле кыдырышты эки суусу бар кенен жерге туш келишти, бирок ал жердин манап, бийлери бул аймакты Беккулу атанын тукумдарына ылайык көрүшпөдү. «Бул жерге өз тукумубуз отурат» деген сөздү айтты. Алар Кочкордон ашып, Тоңдун үстүнкү өрөөнү менен кыдырып кайра Жети Өгүз тарапка кетмей болушкан. Сапар жолдо келатып экөө байыркы санжырадан кеп уруп келатышты. Абаданга Касиеттүү Кара Үңкүр жөнүндө, Бугу эне жөнүндө санжыраларды айтып келатты. Экөө санжырага аралашып узак жолдун кантип кыскарганын билбей калышты. Алар үстүнкү өрөөн азыркы Ала-Баш, Коңур Өлөң жерлерин көрүштү бул жерди өзүнчө аймак экен деп жактырып да калышты. Бирок ал жердин саяк манаптары өзүбүздүн жер укум-тукумбуз отурат, байыркы учурдан бери отурукташып келатабыз» деп такыр сөзгө келбей койду. Алар азыркы Тогуз Булак, Жер Үй аркылуу биз турган жер Касиеттү Көңдөйдүн бош турганын көрүшөт. Ушул жерге отурукташып, кыштак курууну самашат. Ал кезде саздын аянты чоң болуп, камыш, төө кирип кеткенде көрүнгүс чий бар экен. Талаада түркүн куш сайрап, тоолордо кекилик чил батпайт. Коён, элик ары-бери чуркайт. Чийдин арасында коркулдап каман жүрөт. Тиги жерде кашкулак чуркаса, бу жерде оролуп жылан жатат. Арыдан тоодак безеленип чуркаса, бу жерден кыргоол канат кагып көрүнбөй черге кирип кетет. Жер Үи суусунун алабында калың черде булбул таңдан кечке, үн безеп чыгат. Ал эми берки сазда, эчки маарак үн салса, ызгыт куш учуп жүрөт, каз-өрдөк каркылдайт. Өрөөн тынч тири укмуш жаныбарларга бай экен. Түмөнбай менен Абадан ушул жерди жактырып калды. Кышкысын эки тоонун ыктоо тартып, чөбү малга оттуу келет. Кышкысын кар аз түшүп, кургак келет экен. Тоого жайылып, мал чөптөн кор болбосун дагы билишти. Тоо бүтүндөй бадалга ширелип, калдайган колотто токой өсүп созулат. Бул жерге мындай өсүмдүктүн кайдан келгени дагы белгисиз. Топурагы кап-кара өсүмдүк айдаганга ылайыктуу болуп, тоонун ортосунда шылдырап булак агып жатат. Кыш, күзү конуштаган жери жакшы экен эми жайкысын мал бакканга жери кандай болду деп, Кичи Тепши, Чоң Тепши, Чоң Ташка чейин жетишип, Андан ары имерилип Ат Жайлоону көрүп, кайра артына кайрылып келе жатышты. Алар жаа менен кекилик чил атып алган эле. Күн кечтеп калгандыктан аттарын отко коё берип чоң таштардын түбүнө түнөмөй болушту. Аттарын тушап коё беришип, күндүз атып алган кекилик, коёнун куйкалап жеп, курсагын тойгузуп жатты. Ээрин жазданып, көрпөчө чепкенин айкара жамынып, чарчап келген адамдар коңурукту кош тартып чоң уйкуга кирмей болушту. Асмандагы жылдыздар шоола чачып жымыңдайт. Күркүрөп аккан чоң суунун үнү аларга байыртан атам замандан бери тааныштай сезилип, ата-бабаларынын санжыра-жомогунан баян айтып жаткандай өңдөндү. Күркүрөп-шаркырап агып жаткан суунун үнү аларга ак элечекчен энелериндей бешик ырын ырдап жаткандай туюум болду. Анан эле жолочуларды таңданткан кандайдыр бир үндөр, элестер келип-кетип турду. Бейтааныш, тааныш да үндөр кулактарына угулуп турду. Алар бул күтүлбөгөн кереметке туш болуп, кандайдыр кооптонуу сезимине кабылышты. Балдардын назик үндөрү, аялдардын кереметтүү ырлары, энелердин, карыялардын добушу баардыгы угулуп турду. Ошол үндөр ушул эле жакын жерден чыгып, бир аркан боюу эле жерде адамдар жашап, өмүр өткөрүп жаткандай көрүнүш келет. Койлордун маарап, жылкылардын кишенеп, койчу, уйчу, жылкычынын үндөрү угулуп, алар кайсы бир атам замандан калган элдик ырларды ырдап жаткандай туюлду. Ошондой болду. Эки жолочу таң калды. «Биз кайсы жерге келип алганбыз, бизге эмне керемет үндөр угулуп жатат» деп сезтеништи. Ошентишти. Эки жолочу түн ичинде сүйлөбөй ойго батып ошол керемет үндөрдү тыңшап жатты. Тоо түбүндө ар кайсы өтөктөрдөн ай, жылдыздын жарыгында боз үйлөрдүн карааны закым болуп көрүнөт. Боз үйлөрдөн үл-бүл эткен оттор жанып адамдар бир нерсени бышырып жатканы эшилгенсийт. Эшикти ачып адамдар кирип- чыгып өз жумушу менен алек болуп, бүтпөгөн жашоосун бүткөрүп жаткансыйт. Ошол үндөрдү угуп, ошол көрүнүштү угуп жолочулардын элесине канча бир заман, канча бир кылым өтүп жаткандай болуп туюулду. Алар өздөрү баса элек, өздөрү көрө элек жерден кийинки Беккулу атанын тукумдарынын үндөрүн угуп жаткандай сезилди.

Ошол көзү ачык адамдарга, бизге конуш издеп эки бабабызга ушул жерде өтүүчү биздин турмушубуздун үнү угулуп жаткан жок бекен? Аларга бабалардын урпагынын келечектеги турмушунун элеси көрүнүп жаткан жок бекен? Ошондой болгон жок бекен? Ошол түн аларга бир сыйкырдуу, бир укмуш элестер менен жанып өттү. Алар эртеси түндөгү сыйкырдуу көрүнүштөр жөнүндө сүйлөшкөн жок.

Чарчаган жолочулар өз үй, өлөң төшөгүндө бут серппей тынч уктаган экен. Эртең менен улар, кекилик, мукам добуш салып, суурдун аңкуштаган үнү биздин сапар келаткан жолочуларыбызды ойготту. Алар көп түн, көп күндөн бери тынымсыз өздөрүнө конуш издеп келатып аябай чарчаптыр. Өмүрүндө ушунчалык керилип уктаган эмес. Кадимки эле үйлөрүндө жаткандай эч капарсыз магдырап уктаган экен. Эки жакты караса, өтөктөрдө, тарашаларда, апай беттерде аркар-кулжалар койдой болуп жайылып жүрөт. Алар асман жакты карады кыраан бүркүт бутуна бир чоң жаныбарды илип алып, аскалар жакты карай ашыга учуп баратат. Ошол жакта анын уясы бар шекилденет. Ошол иш ошол болду.

Эртеси туруп дагы эт бышырып жеп дагы көп жерди көрөлү дагы кандай жер бар экенин билгизи келишти. Алар эртеси Чоң Ашууга чейин Коргонду Булакка келип, кайра эле баягы эки тоонун ортосундагы көңдөйгө карай жол улашты. Экөө көп жерди басып келгиче бир топ убакыт өттү. Керели кечке жол жүрүп чарчаган экен.

Абадан Түмөнбайга кайрылды:

– Кайсы жерге жатып конуп алалы.

–Тетиги кызыл дөбө турат ошонун ары жагында шибер чөптүү, бадалдуу колот бар экен ошол жерге конолу.

Экөө ошол коктуга келип, аттарын тушап коё беришип, майда барат кургак отун чогултуп атып алган кекилик, чилдерин куйкалап эт жегенге кирип бат эле уйкуга киришти. Чарчаган жолочулар ылдам эле тынчтыкка көшүлүштү. Ошол түнү Абадан ата бир укмуш түш көрдү. Андай түштү ал өмүрүндө көргөн эмес эле. Касиеттүү адамдын көргөн түшү төмөндөгүдөй болчу.

Берегиде бүгүнкү өздөрү көргөн дөбө турат. Беккулу ата ошол дөбөнүн айланасында бир жумуш кылып жүргөн экен. Ары жакта суу агып жатат. Атанын жанында кайың, тал ар кандай өсүмдүктөр ыргалып турат. Анан эле бир жактан атага үч боз үй алып келет. Беккулу атанын балдары жанында турат ата:

– Балдарым бекер басып жүрбөй жерге тал тиккилечи,– дейт. Ал талды алып берет. Балдар тал тиге баштайт. Анан эле ата үч баласына үч боз үй берип:

– Бобул боз үйлөрдү тетиги түзөңгө тигип оокатыңарды кылгыла,– дейт. Балдары боз үй тигип киришет. Өрөөн бүт боз үйгө толуп кеткен экен.

Эртеси күн жаадырап чыга келип, жолочулар өтө кеч ойгонду. Алар аттарын токуп чоң сапарга аттанмай болушту. Бул жерден кетеерде жалпы ата бабанын арбагына багыштап куран окушту.

Алар Жер Үй жакта Абдыраман деген киши бар экенин уккан ошого карай сапар улады. Абдырамандын чоң боз үйү Жер –Үй суусунун жээгинде экен. Ошонун үйүнө келип эки жолочу жакшылап учурашып, аларга ал-абалын келген жайын карыяга айтып беришти. Карыя:

– Силер деле касиеттүү уруудан экенсиңер, бул жер бизге караштуу эле, бирок мен силер сурасаңар берем, келип отурукташа бергиле, түз жол менен жүрүп отуруп, Бор дөбөдөн бурулсаңар Калматай деген ажы бар. Ошого барып жолуккула андан дагы бир ооз өтүнүч сурагыла,– деп биздин жолочуларды жакшы маанайда узаткан экен. Эки жолочу карыяга аябай ыраазы болуп жол тартышты. Карыяга ырахмат айтып Бор Дөбөгө карай келатты. Жол жүрүп келатып Кулгунанын аркы түшө калышында өгүз минип келаткан бир балага жолукту. Бала сылыктык менен атчандарга салам узатты. Жолочулар:

– Алматай деген ажы кайсы жерде турат.

Бала ажынын үйүн көрсөтүп берди. Атчандар атын камчылап ошол жакка карай ашыга баратышты.

Алматай ажы касиеттүү киши экен. Биздин адамдарыбызды жакшы тосуп алып сыйлады.

– Мен ал жерди Абдыраманга көз салып тур дегем, силер деле биздин жакындарыбыз экенсиңер көчсөңөр көчүп келгиле бир эл, бир журт болуп жашайлы,-деп жакшы кеңешин берди.

Экөө Алматай ажыга ырахматын айтышты. Көчүп келиш үчүн Жети Өгүзгө карай жөнөдү. Алар эки күн болот дегенде өз туугандарына аман-эсен келишип, өз баштарынан өткөн окуяны баардыгын айтып беришти. Эмки сөз ошол жакка көчүү жөнүндө болуп жатты.

Адыл:

– Ал жакты билем, мал жайганга тар болуш керек.

– Ар кайсы жерге көчүп-конуп эле жүрөбүз, ал жерге көчүп барып жакпаса башка жакка көчүп кетеби. Биз Жети- Өгүздүктөргө кор болдук андан көрө кете берели анан калганын көрөбүз.

– Ошол жакка кетели Саруулуктар бизге ыдык көрсөтүп жатат. Беккулу атанын тукумдары бир жерге чогулса жакшы болбойт беле,– деп Табылды айтты.

Ошентип баары кеңешип отуруп баары көчмөй болушту. Бирок ар бири өз шартына карашты. Барскондун тоо жагындагы өтөктө акбоз бээ чалынып кудайга жалынып бата тилешип көчкөнгө камынып киришти.

Бул кез 1850- жылдардын ар жак бер жагыбы ким билет. Биз көп эле адамдардын сурадык бирөө дагы анын жообун так айта албады. Бул учур Столыпиндин жер реформасынан кийин болгон болуш керек. Бир киши да айта албайт Беккулу атанын тукумдары баардыгы бир кезде көчүп келип отурукташкан деп, эч ким айта албайт. Алардын ар бири ар кандай шартта көчүп келап жай алышкан. Андагы кездеги санжыраны ким билет совет маалында санжырага көңүл бурчу эмес, болгону биз карылардан гана угуп калчубуз. Санжыраны кеп салса улутчул, өзүмчүл деп айтылган. Кээ бир санжыра жөнүндө кеп козгогон окумуштуулар ишинен куулуп көрбөгөн кордуктарды көрүп, айрымдары итап болуп айдалып кеткен. Биздин айылда санжыраны мыкты билген адамдар болгон алардын сөзүн учурунда баалабай укпай калбадыкпы. Бирок балалыкта алардын кээ бир сөзүн тышаганбыз ошол кереметтүү санжыранын бүркүмдөрүнүн кээ бири жоголуп кетпей биздин эсибизде калган экен. Мен силерге ошонун кээ бирин баяндап берип жатам.

КӨЧҮҮ

Улуу даражалуу география коомунун жетекчисинин кабыл алуу бөлмөсү. Кенен ары жарык. Дубалдарга ак шам илинген. Тигил жерде Россия империясынын желеги жана герби турат. Андан бери сүрдүү эң сонун чеберчилик менен жасалган бүркүттүн статуясы орун алган. Дубалдын оң жагында даңазалуу падыша Улуу Пётрдун сүрөтү. Анын жез атчан сүрөтү Россия өкүмдарынын улуу сүрүн элестетет. Пол жылтылдап катуу кымбат жыгачтар менен жасалгандыгы билинет. Бөлмөдө стол, стул, жумшак мебелдер жайгашкан. Комната жөнөкөй ошонусу менен шаңдуу. Ашык эч нерсе жоктой сезилет. Өлкөнүн генерал губернаторлору, генералдары, чек арасына байланышкан адамдар кирип келишти. Төштөрүндө тагынган сыйлыктары жаркырайт. Алардын колдорунда ар кандай папка, кагаз салынган сумкалар, докладдар. Алар менен бирге кочкор мурун, узун бойлуу, чачтуу, аскер кийимчен киши отурат. Бул адам Россиянын география коомунун мүчөсү. Ал бир канча жолу Ыраакы Чыгышка, Борбордук Азияга, Кытай жерине барып келген. Анын жардамчысы чоң картаны дубалга илди.

Орустар көп жерди колония кылып каратып алуу саясатынын араандай оозу ачылып турган кези. Алардын ойлогон жери Ыраакы Чыгыш жана Борбордук Азия жана башка жактар болгон.

Европадагы Англия, Испания, Португалия, Франция өлкөлөрү кандай жер каратып, колония кылып алса, Падышачылык Россиянын да максаты алардан айырмаланган эмес.

Баардыгы тымтырс болуп география коомунун жетекчисин жана падышанын ишенимдүү адамын күтүп турду. Бүгүн бул жерде Н. М. Пржевальскийдин баяндамасын түбүнө жеткире талкуулап анан аны падышанын алдында талкууга коюушмак. Бул жерде Россиянын саясатын жактаган мен-мендеген төрөлөр, улуу адаммын деген пенделер отурат. Бир кезде жетекчи да келди. Эми булардын кызуу талкуусу башталды. Чогулушту алып баруучу Александр Иванов генерал губернаторго сөз берди. Ал ыраакы чыгыштагы абалды баяндап айтып берди. Деңизге чейин жетүү керек, Россиянын чек арасын кенен мухитке чейин алпарын ар жагы Аляска, Американын түндүгүн ээлеп алгысы келет. География коомунун жетекчиси ар бир кишиге сөз берип жатты. Сүйлөгөндөрдүн оюу төмөндөгүдөй болуп турду. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзүнүн мааниси: Жаратканымын алдында Россиянын чек арасын кеңейткиле, Сибирде якуттар, чукчалар, хакастар, алтайлыктар жана башка толгон майда элдер бар. Ошолордун жерин алып андан ары жол улантуу болуп калды. Америка, Британия, Франция жана башка элдердин алдында чек ара боюнча тең келе албай калсын, чек араны кеңейтүү эмне оорбу, жапайы элдер эч убакта каршылык кыла албайт. Аларды кааласаң атып сал, кууп такыр жок кыл, алар кире албас кылып чеп сал, Россиянын желегин илип, солдаттарды кайтартып кой, Ыраакы Сибирь жак талкууланып, экинчи маселе Борбордук Азияга келди. Борбордук Азияны кыдырып чыккан саякатчы М. М. Пржевальский сүйлөй баштады:

– Улуу даражалуу сиздердин өтүнүчүңөр менен жана сиздердин урматыңыздарга Борбордук Азия чөлкөмүн кыдырып чыктым. Кытайга чейин андан ары, Далай лама турган Лхасага чейин барууга аракет кылдым. Тоолор, түздүктөр, өрөөндөрго маршурут жасап, 225 географиялык, геологиялык, экономикалык аныктамаларды киргизип чыктым. Алардын калкынын турмушун аныктадым,

Ал дагы көптөгөн мисалдарды келтирип аргументтүү түшүнүктөрдү берди. Анын айткандарынын баардыгы туура келгендей болду. Баян толук болбой калды окшойт бирөө сурап калды.

– Сиз барган Ошол Борбордук Азияда кимдер жашайт экен?

– Жөнөкөй кара кыргыздар алар жыгач жана жүндөн жасалган боз үйлөр менен бир жерден экинчи жерге мал менен көчүп жүрөт экен.

– Алардын курал жарагы барбы? Канча кылса да Чынгызхан жана башкалар менен күрөшкөн эл эмеспи.

– Ишенмдүү куралдары жок экен кээ бирлеринин гана мылтыгы бар. Аларды басып алыш үчүн биздин бир эле батальон жетиштүү окшойт. Же анын деле кереги жок. Аларды согушсуз эле тынчтык жолу менен каратып алууга болот экен.

Бул сөздү угуп баардыгы ичтеринен кубанып калышты. Буюрса Россия аябагандай көп жерди ээлейт тура. Дагы бирөө сурап калды:

– Алар балким бизге индеецтер сыяктуу каршылык кылбайбы?

– Улуу даражалуум, андай эмес, анын үстүнө алардын ич ара ынтымагы жок. Бийлик, жер талашып ансыз деле алардын алы күндөн-күнгө кетип жатат. Алар өздөрүнүн алын өздөрү кетирген эл экен. Алардв күч жок таш доорундагы адамдарды каратып алуу бизге эң оңой.

Казак орус Михаил Коружный мен сүйлөйүн деп кол көтөрдү.

– Улуу даражалуулар менин оюм мындай, аларга анча-мынча жер берип, Кытайдын аймагына сүрүп салуу керек. Ал эми борбордогу биздин түзүлүшкө каршы чыккан адамдарды ошол жакка көчүрүү керек.

Орто жандана түштү.

– Михаил Тимофеевич туура айтат. Сөзсүш ошондой кылуу керек.

– Бизге бул ойду Реформатор Столыпин да айтпады беле.

– Кайталап айтчы сен саякатчы катары ал жакта кимдер жашайт экен.

– Ал жакта элдин эч маданияты жок, кара кыргыздар алар бир жерден экинчи жерге көчүп, көчмөндүк менен оокат кылат экен. Алар болгону мал менен алек болот.

– Жапайы таш кылымдагы кыргыздар.

– Демек ал жакты жөн эле каратып алууга болот тура. Бул маселе жөнүндө эч кандай тынсызданган болбойт.

Баардыгы ушул ойго келишип, Улуу Даражалуу падышага ушул такилипти билдирмей болушту. Демек кең Россиянын айланасы дагы кеңимей болду. Алар кыргыз жерлерин башкаруу үчүн ар бир губернияга бөлүп башкармай болушту.. Токмок-Пишкек өзүнчө бөлүк болуп, ал жакка генерал губернатор болуп Ф. Кауфман. Ал эми Верный, Нарын, Олуят Ата, Талас, Ысык Көл Жети Суу Уезд болуп түзүдү. Борбору Верный аталды. Ошолордун арасында көптү көргөн, карапайым элге жакшылык каалаган Мирон Григоревич деген адам бар эле:

– Биз ал жакка кастык кылбай эле койсок не болот. Бизге Ыраакы Чыгыш Сибирь деле жетет эмеспи.

Казак орус Михаил Коружный Мирон Григоревичти кага сүйлөдү:

– Сиз качанка чейин эле сылыктык менен жашайсыз. Россия жерин Кытайга чейин кеңейтүү керек маселе ошондо болуп жатпайбы.

Мирон Григоревич эч нерсе сүйлөй албай калды баардык маселе эчак эле чечилгенин билди. Баардыгынын кыялында тоолор, дарыялар, касиеттүү Ысык –Көл өз жери болуп алар көлдө чабак уруп жаткандай болушту. Алар ошол жакты эч кандай күрөшү жок эле басып алганына кубанышты. Тоолордо күлүк чаап, куш салып, көңүл ачып, жүргөндөй болушту. Баардык жерде чиркөөлөр салынып, касиеттүү коңгуроолор кагылып ал ыйык жайда орустар менен кара кыргыздар кудайга сыйынып жаткандай болгон. Бирок кээ биринин алдына чоочун аттардын кошкуругу, өз намызын коргоп, орустарга каршы чыккан кыргыздар бар, бирок орустар көптүгүнө салып, кыргыздарды кырып жатканы, эне баланын ыйы, жигиттердин кармашы, жарадар адамдардын онтогону, ачкалыкка калып, Кытайга карай сүрүлгөн эл, жана башка көрүнүштөр элестеп жатты. Ушулардын баары алардын көз алдына келип-кетип жатты.

Ал кеңешмеге катышкан адамдардын көңүлү ачык, эмнегендир кээ бири кубанганынан ыйлаганын жашыра албай жатты. Ошол жакка барып, жер ээлеп, алтын издеп бат эле байыймын деген адамдар да болду. Жаңы жерлер алардын көңүлүнөн кетпей дегдетип туруп алды.

Кубанып шаттангандар:

– Россия жери кеңейсин.

– Энебиз кенен Россия, ал Америкага жана Аляскага чейин жетти.

– Россия энебиз ыйык.

Россия жерин кеңейтип, Россия илимине чоң салып кошкону үчүн саякатчы Н.Н. Пржевальскийге чоң сыйлык жана акчалай жардам берилип, анын аты орустардын тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды. Ошол күнү ошол адамдар үчүн чоң банкет уюушулуп, Россия мекен эне үчүн шампандар атылып, ичкиликтер ичилип, шыктанткан кайраттуу тостор айтылып, айрымдары кудайга жалынып инжилдеги ырларды ырдап ыйлап жатышты. Ал эми улуу даражалуу падышага жалынуу чексиз болду. Мас болгон кээ бирлери анын ден соолугун жана узун өмүрүн каалап, өлүп калбасын деп кайгыланып ыйлап жаткандар болушту.

Бул болсо колонияны көп жерди биздин жерибиз деп каратып алган Россиянын борборундагы окуя экен. Ал эми ошол жакты кыргыз жерин каратып алабыз деген жерде эмне окуялар болуп жатты ошол жакка келеличи.

***

Кыргыздардын ичинен эң биринчи Россиянын карамагына кошулган ушул бугу кыргыздары болгон. Боромбай Россияга элчилигин жөнөтүп, ошол сунушту колдогон. Антпесе бугу кыргыздары бүтүндөй азап кордук чабуулдардын ортосунда калбадыбы. Бир жагынан калмактар чабуулун баштаса, бир жагынан казактар тынчтык бербейт. Ал эми ала топучан Коконд хандыгы өзүнөч эле бир балее болду. Алык-салык алып кыргыздарды кууратып жиберди. Анын үстүнө өз ара ынтымак жок кыргыздар бир-бирине от чачып, өлүм менен ойноп туруп алышты. Ормон хан менен Балбайдын согуш же Сарбагыш менен бугулардын ортосундагы согуш эмне деген балеени алып келди. Бугуларды өз бир тууганын кууп жиберип, көлдү сарбагыштар ээлеп алгысы келген. Ормон хан өлөөрүндө айтпадыбы « Көлдү үч айланта, чаап тынчтык бербегиле» деген. Ушундай алааматтар болду, анан көлдүк кыргыздар Россияга кошулбаганда эмне кылмак эле. Жакын туугандар бир-бирине душман болуп, бир-биринин башын жеп кирбедиби. Бир-бирине душман болуп, айгак болуп, ит кыялын баштабаса, адам болбой калган жатпайбы.

***

Эми биз сөзүбүздү Беккулу атанын уландарынын Чоң жана Кичи Жергес жеринде турганынан баштайлы.

Убакыт бугу айы бүтүп, кулжа айынын ортосу эле. Түштүктөн куштар небак эле келип,тоо-талаа мээ кайната ысып, түркүн куштар небак эле уя салып, балапандарын чыгарып, ата-энеси аны учууга үйрөтүп жүрөт. Ак Суу өрөөнүндө түркүн чөптөр, көпөлөк, калдыркандар көкөлөп канат кагышат. Ыйык жаратылыш күчүнө келип турган учуру экен.

Уч кыйырсыз созулган узун жол. Жолочулар ушул жолдо келатат. Алдыда жеерде ат минген семиз адам келатат. Анын билерман бийликтин адамы экенин кийген кийиминен бакылдап үн чыгарганынан эле сезилет. Анын артында топ атчандар. Бул адам Тилекматтын уулу Чыныбай. Ал уезьдин жер боюнча өкүлү же болбосо борбордун ишенимдүү адамы. Топ адамдарды ээрчитип, Ак Суу болушуна сапар тартып баратат. Чыныбай болуш келет экен деп Байсерке болуш тай союуп эчак эле кам көрүп койгон. Ак Суу болушу аларды жакшы ырай менен тосуп алып сыйлап жатышты. Сөз арасында Чыныбай:

bannerbanner