Читать книгу Бабалардын жанырыгы (Кадыр Абакиров) онлайн бесплатно на Bookz (18-ая страница книги)
bannerbanner
Бабалардын жанырыгы
Бабалардын жанырыгыПолная версия
Оценить:
Бабалардын жанырыгы

5

Полная версия:

Бабалардын жанырыгы

– Атамын жанында периштелер ойноп жүрөт аны коргоочулары ошолор дечү.

Баса бир окуя адамдардын эсинде калыптыр.

Ал кышта карышкырлар күч алып турду. Язбек бир жумуштары менен кайдадыр бир жакка жөнөп кеткен. Ошондо карыя тору атын минип, жылкы күзөтүп келүү үчүн жөнөп калат. Бул кезде жылкыларга сак болбосо болбойт. Кашабаң жылкыга ит болуп жакындап келет да анан тигинин душман экенин билбей жыттагылай берет. Анан кекиртектен алып, жаныбарды шылып кирет. Ушул кезде ата жылкычылар менен жүргөн. Ал чоң таштын түбүнө жылыныш үчүн от жагып жаткан. Улуу от алоолонуп күйүп жатат. Отко күндүз атып алган канаттуулардын этин куйкалап жеп алышат. Ошондо карыянын жанында эки эркек баланын ойноп жатканын өз көздөрү менен көрүшүптүр. Жылкы башы Сакыбай айтты: -Баястан атанын колдоочусу эки эркек бала окшойт. Экөө эгиз экен. Бир жолу жай айында ата дөңдө уктап жатканда карасам, эки эркек бала анын тегерегинде ойноп жүрөт. Буттары жылаңач, ак көйнөкчөн балдардын чочогу көрүнүп турат. Башында ак калпак. Мен балдарга жолугайын деп дөңгө чуркап бардым балдар жок ата коңурукту катуу тартып уктап жатат. Мен аны көп эле көдүм бул адам тегин адам эмес. Ар бир пенденин колдоочусу болот. Кээ бир адамды ата бабаларынын бирөө колдосо, дагы бирөөнүкү арстан, жолборс же ажыдаары болот.

Эми биз жанагы башталган окуяга кайра келели. Ошентип Тору айгырдын үйрү аркы өйүзгө кечип кетпеди беле. Ата атты минип, үйүрдү айдап келиш үчүн аракет кыла баштады. Ошондо ак калпак кийген бала атаны ээрчип алды.

– Ата мени дагы өңөрүп алчы мен дагы аркы өйүзгө барайын.

– Жок балам, суу катуу кирип турат бизди агызып кетет.

Ата атын минип агын сууга келди, бирок ат такыр сууга жолобой туруп алды. Келиндери атаны карап турду. Алардын көзүнө бир укмуш элес көрүнүптүр. Эки эркек кичинеке бала. Атаны сууга жолотпой аны алдынан тосуп туруп алды. Ат дагы кечүүнү каалбады, же такыр кечпей койду. Айласы кеткен ата атынын башын буруп үйүнө келди. Келиндери атанын колдоочусу эки эркек эгиз бала дечү, алар атанын колдоочусун өз көздөрү менен көрүштү.

Дагы бир мындай окуя эсте калыптыр. Ата үйүнөн ары бир жерге чепкенин чечип коёт. Ата атын алып келип, чепкенин кийип бир тарапка аттанмак болот. Чепкени турган жерге басып келаткан болот. Ошол кезде атанын небереси бир ташты алып, чепкенди уруп калат. Ошол таш тийген жерден чоң кара чаар жылан сойлоп качат. Эгер ата чепкенди кармап кийе баштаганда жылан аны чагып алат беле ким билет.

Биз уламада Баястан атанын аз гана окуяларын айтып өттүк. Ал токтоо, чечкиндүү, бир нерсени калыбет чечкен адам болуптур. Ал жалпы эле Беккулу атанын балдарынын баарына кеңеш берген айкөл адам болгон дешет. Ал адамдын асыл сапаттарын биз өтө аз билебиз. Ал жакшы жагы толук айтылбай калбадыбы. Ошол үчүн ыр санжырада:

Баардык ишке жол ачкан

Баястан эмес Бай арыстан,-деп ырда ырдалып жатпйбы.


КАРА КӨЙНӨК

Бул күлкүлүү бир четинен армандуу икая Баястан атанын биринчи аялы жарык дүйнө менен коштошуп кеткенден кийин болуп өттү. Анын төрт эркек эки кызы энеден жетим калып, уландары менен ата өз турмушун өткөрүп жатты. Кыргызда бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт деген макалдын чындыгы бар экен. Туугандар аялы өлгөн үй-бүлөгө жардам берет, бирок дайыма эле кол кабыш кыла бербейт, анткени анын өз турмушу өз жашоосу бар эмеспи.

***

Быйылкы күз жылуу тартып анан жылымыктап туруп эле куштар түштүккө эрте кетип, дарактар жалбырагын эрте күбүдү.

Көлөй ата жаратылышка байкоо жүргүзгөндү жакшы көрчү. Ал жай куунак үнү менен айтты:

– Жаратылыш өтө сырдуу күн жылуу тартып, куштар түштүккө эртелей кетип жатат. Дарактар жалбырагын күбүдү. Текечер жылдызы быйыл эртелей көрүнүп туруп алды. Бул белги кыштын суук аяздуу болоорун айтып жатат. Баласынын айтканын Баястан анча этибарга албады. Муну кыялы чапчаң Язбек да жактырган жок:

– Анын андай болоорун сен кайдан билесиң, же сага бирөө келип, кыш ызгардуу болот,-деп шыбырадыбы.

Берки балдар боору эзилип күлүп калышты.

– Менин чоң атам Бүтөбай жаратылышка байкоо жүргүзгөн адам эле ал ар бир чөптү, ар бир жаныбардын сырын жакшы билген адам болгон. Мен ошол аркылуу билгем.

Берки балдар жооп кайтарбады. Ошол окуя ошол болду.

Баястан ата жаш балдары менен Тоңго же Кочкорго кантип көчмөк. Ошентип ал ызгаар кышты Кичи Жергес, Чоң Жергес жеринде тосмой болушту. Айрым үй-бүлөөлөр камдуу болуп Тоң тарапка көчүп кеткен.

Бүтөбай айткандай чын эле кыш эрте келип, жетинин айында кар олчойто жаап салды. Анан кар бештин, үчтүн айларында кайра-кайра көз ачырбай жаап жатты. Тоонун, кырдын какыраган денени үшткөн суугу тынбай согуп, тирүү адамдын сезин алат. Катуу суукка чыдай албай арык-торук малдар четинен өлө баштады. Анын үстүнө камдап алган жем-чөп да өтө аз эле. Тоюуттун жоктугунан бодо мал анын артынан майда мал да четинен өлүп жатты. Жылкы жаныбар төш таянып кар тееп оттогон болот. Айрыкча кой, эчки, уйга убал болду. Кой жарыктык чөөп таап береби деп ээсин аянычтуу карап маарап четинен өлүп жатты. Ошондо Баястан ата айтты:

– Атаңын көрү Көлөйдүн айтканы туура чыкпадыбы, Тоң тарапка көчүп кеткенде эмне? Майда малдын баары кырылып калды. Эми чиедей балдарымы кантип багам,-деп каңырыгы түтөп кейиди. Ал кезде ата жаңы эле үйлөнгөн болчу.

Анын кыштан семиз багылган үч бээси, эки аты, үч уюу, анча-мынча коюу аман калды. Баягы бир короо саан койлор, семиз ириктер, шаа мүйүз эчкилер кайда? А түгүл далай бодо малын дагы ызгаар суукка берип отуруп калбадыбы. Баягы түздүктү каптаган малынан такыр колун жууп кейип жүрөт. Дагы кудайга тобо! Бирин экин малы бар балдары кымыран ичсе да жашай берет.

Бирок кыш катуу болгон менен жаадырап жаз эрте келди. Жалган куран айынын ортосунда аба жылымык тартып, калың кар ала-шала эрип, өзөндөрдүн нуктары, муз менен карга толуп шарактай, жайылманын баарын тентек сууга толуп кетти. Чын куран айынын башында түштүктөн салам берип, жылкычы чымчык, кара чыйырчык бутттарына жаз байланып, ашыга учуп келишти. Саз жерлерде, аңыздарда буу көтөрүлүп, аба нымданып, туман пайда болуп, жылымык тартты. Булут каптап турганда күн жылуу, ал эми булуту жок ачык кезде чыкылдап караандай сууктун согуп турганын айтпа. Кар алдынан чөптөр менен өскөн назик гүлдөр көрүнө калып жатты. Көл үстү менен айлана учуп, канат күүлөй, аккулар машыга улуу сапарга даярданып жатты. Алар айланага коштошуу ырын ырдап жаткандай. Бат эле көк чөп өнүмдөп кой, эчкилер көк чөп кууп кирди. Баястан атанын ошол кыштан аман калган кара бээ менен кула бээси бар эле. Жылкы тукумуна ынак кыргыз баласы айтты:

– Теңирим колдоп эки бээм аман калды, ушулардын сүтүн ичип, балдарым ачка болбой, жашоосун улантып кетет,– деп ата сүйүндү.

Ата бирин-экин малын карап, балдарынын жашоосуна көңүл буруп, кечке көр-тирлик менен алек. Анткени менен балдары бой тартып кыйынчылыкка моюн бербей чың кайраттуу болуп чоңоюп келатты. Кыздары ийдиш-аякка аралашып, тамак бышырып, ары боорукер, ары кичи пейил эле.

Ошол жылкы жуттан көп мал кырылып калды. Малы жок эл уурулук кыла баштады. Ата балдарын жокчулукка учурап калбасын деп бирин-экин малына көз салат. Анын малы уйлары жана эки жылкысы ары сазда жайылып жүрөт. Ата аларды дайыма карап, боз үйлөрдүн жанына жакындатып айдап келип көз салып турат. Ошол бир күнү саз жакты эрте туруп караса балакет болуп, жылан сыйпагансып, эки бээсинен дарек жок. Ата жеерде быштысын мине сороктотуп, ары чапты, бери чапты кула бээ менен сары бээден кенедей да дабыш билинбейт. Жылга жакка сиңип кеттиби деп, жылганы карай чапты, андан таба албады. Адырга карай сиңип кеттиби деп адырга карай сороктоп чапты, мындан арга болбоду. Кула бээ менен сары бээ табыла койбоду. «Эки бээни көрдүңбү» деп карыдан сурады «жок» деди, жаштардан сурады аларда «жок» деди. Ошентип «көрдүм» деп эч кимиси айтпады. – Атаңын көрү эки бээм кайда сиңип кетти,– деп Элебай өтөктөн Элебестин өтөгүнө чейин жылганы сыдырып, талааны кыдырып баарын карап чыкты. Мында да табыла койбоду. Курган Баястан атаны аяп тааныштары аябай кейип турду. Акыры алар бул ишти ууру колдуу болгонун шекший билип калышты. Алыбек, Көлөй, Язбек из чалып, жер-жерди кыдырды. Балдарынын ичинен Язбек кыраакы эле:

– Кула бээнин изи жөнөктөн ары түзөңдү карай кетиптир. Аны денесинен чыккан тезеги айтып турат.

Алыбек:

– Язбек туура айтат эки бээнин изи саяк уруусунан тараган Алдакенин үйүнө келиптир. Анын короосунун жанында жылкынын жаңы тезеги бар экен.

Эки бала Алдакеге кайрылып турду:

– Алдаке аба, кудайдын буйругу менен атамын сары, кула бээси бар эле биз ошол эки малды жоготуп жатабыз. Из сиздин үйүңүзгө келиптир.

Чөөдөй сары, жеерде сакал Алдаке эч нерсени билип, көрбөгөндөй айтып турду:

– Ал эмне бээнин изи экен таң билбейм. Көп эле жылкы ары чубайт, бери чубайт, бээңердин белгиси же бутунда баскан изинин белгиси бар беле?

– Ообо эки бээбиз жоглуп жатат, -алар баштыкка сала келген жылкынын тезегин көрсөтүп.

Чөөдөй сары жээрде сакал киши күлүп:

– Бул эмне жоголгон бээңин богубу, эмне жыттап көрүп богунан тааныдыңарбы, же силердин жылкыңар башка малга окшоштпой башкача бокточу беле,– деп дагы күлүп калды.

Язбек жини келип:

– Алдаке, аба андай дебе энем жок бөбөктөрүм жаш, бээни бериңиз, бербесеңиз бийлерге даттанабыз.

– Андай дебе уулум, мен уурумунбу, далилиңи айт.

– Далилим ушул из сиздин үйүңүзгө келиптир изи турбайбы.

– Сезсең сезе бер, көп эле жылкы ары чубайт, бери чубайт, мен сенин жылкыңы кайдан билем.

Язбек менен Алыбек Алдакенин үйүнө кирип аңтарып карап жатып, жаңы союулган этти кабы менен сууруп чыкты.

– Бул эмненин эти.

– Ой, ал менин жээрде атымын эти аны элдин баары билет.

Эки бала дагы үйдү толугу менен аңтарып-теңтерип чыгып болгон эттин баарын алып үйүнө карай кетишти. Алдаке кол салып сабайын, деди эле анын таягын Язбек жулуп ары ыргытты. Эки бала Алдакенин жоругуна аябай ыза болуп калышты.

Андан кийин он күн өткөндө Алдакенин бир семиз өгүзүн этин ташка корумдап, билдирбей Баястандын балдары жеп жатышты. Алдаке кашка атын алчактата желдирип, «ким колдуу болду» деп жердин астын бир сыдырып, жердин үстүн бир сыдырып карап жатты. Акыры кашка атын камчылай желдирип отуруп Баястан атанын балдарына жетип келди:

– Жогумду бергиле, силер эле колдуу болду окшойт.

– Биз эчтеке билбейбиз өгүз эмес өгүздүн жампасын да көргөн жокпуз.

Алдаке:

Силер эле колдуу болду, бийге атып айбыңарды үч эсе тарттырам,– деп үйүнө карай узап кетти. Алдаке чапкылап отуруп болгон окуяны бийге барып айткан экен.

Бий Баястан атаны чакырып:

– Алдакенин өгүзүн союуп алганың чынбы?

– Бий аке аялым кайтыш болуп, жети бала төрт кызды бага албай жаңы үйлүндүм эле, жүдөп жүрөм, бобу ак көйнөгүм кап-кара кир болду,– деп кир баскан көйнөгүнүн жакасын көрсөттү.

Бийдин көңүлү турмуштан чарчаган Баястанды аяп турду.

– Аялыңын каза болуп кайра жаңы үйлөнгөнүң ал да тагдырдын буйругу жана балдарыңы кор кылбай жакшы бак. Алар эртең эле боорун жерден көтөрүп, малыңы малга, жаныңы жанга улайт. Сени эми эч ким айыптабайт, саяк Алдаке өгүзүн башка жактан издеп таап алат, – деп чечим чыгарды.

Бий дагы мыскылдуу күлүп:

– Турмуштун оордугунан ак көйнөгүң кара көйнөк болуптур. Сени Беккулунун тукуму деп, атайлы, ага кошуп «Кара көйнөк» деп аталасың,– деди бий шаттуу күлүп. Бийдин жанындагы старчын, жасоолор баардыгы тең жыргап күлүп жатышты. Ошондон баштап Баястандын тукумдарын ал жердеги эл атынан айтпай «Кара көйнөк» деп чакыра башташты.

Баястан ата балдарын карап:

– Уулдарым турмуштун айынан «кара көйнөк» аталдыңар,-деп каткыра күлүп калаар эле.

Бул ысым жеке эле Бүтөбай атанын балдарына берилбестен жалпы Беккулу атанын тукумна берилип эркелеткен кошумча ат болуп калган экен.

Унутулбай улам айтылат,

Кара көйнөк атыбыз.

Бирөө бизди чакырса,

Бийиктей түшөт даңкыбыз.

Канча заман көп өттү,

Кылым сызып, ай жылаар.

«Кара Көйнөк» деп аталган

Качанкы өткөн бабалар.


КӨЛӨЙ


Көлөй жети бир тууган,

Көлдөй болуп толкуган.

Ортоңку айыл тараган,

Ордосу кеңип байыган.


Орустардын келиши менен кыргыздар башка жактарга сүрүлө баштады. Падышачылык Россияда Столыпиндин реформасы деген пайда боло баштады. Анын буйруктары жасаган иштери, айланасындагы бүтүндөй элге таасир берип жатты. Орус элинин алдыңкы көз караштагы адамдарын башка жерге көчүрүүнү ишке ашырып кирди. Алардын негизги максаты башка жерге орустарды көчүрүп барып, Россиянын аянтын кеңейтип, алсыз аз элди өзүнө каратып, алуу болгон. Чын эле ошондой болду. Эзели орус буту баспаган жердин баары Россия өлкөсүнө көз каранды болуп калды. Столыпиндин реформасы кыргыздарга да таасирин алып келди. Кайсы учурда Түптүн айланасын да, андан берки Ак Суу жеринде орус бар эле. Бул жакка орустар келип отурукташа баштады. Караколдун айланасындагы Түп, Ак Суу аймагындагы кыргыздарды Нарын, Ат Башы, Ак Талаа жана башка жерлерге көчүрүү маселеси башталды. Каракол шаары борбор болуп, генерал губернаторго баш ийип калды. Орустар кыргыздарга каршы катуу эзүүнү киргизип кирди. Губернияда иштеген кыргыздар орустарга көз каранды болуп, алардын айткандарын кыңк этпей аткарып жатты. Ошолордун бири кадики Тилекмат акенин баласы Чыныбай болду ал Караколдо жер иштери боюнча иш жүргүзүп жаткан. Түп, Ак Суу тараптагы кыргыздарды алыс жакка көчүрүү башталды. Алдуулар калып, алсыздар көчүп кирди. Белек баатырдын тукумдары аларга каршы болуп, моюн бербей койду. Төрөкочкор атанын тукумдары жана Тынымсейит атанын тукумдары алыс жакка кетиш үчүн түбөлүк туруктуу жер издей башташты. Куржун атанын тукумдары Кичи- Жергес, Чоң Жергес жерин мекендеп турган алардын түбөлүктүү турагы ушул жер болмок. Бирок тагдыр бизди алыс жакка айдап сүрө баштады.

Биз эми бул баяныбызды токтотуп Көлөй атанын анча-мынча баянына кезек бере кетели. Калган баяндарды анан айтып берелик. Көлөй ата чоңоюп калганда биздин бабалар Ак Суудан сүрүлүп отуруп Жети Өгүзгө келишти. Ошентип алардын турмуштары ушул аймакта өтө баштады. Ушундай капсалаңдуу учурда Беккулу атанын тукумдары бир-бирине жардамдашып ынтымактуу жашап келишти. Тогу арыгына жардам берип, биригип жашоого аракет кылышты. Көлөй эс тартып үйлөнгөнгө убактысы жетип келатты. Баястан ата Көлөйдү жакшы көрчү анткени ал бир сөздүү келип, айтканын аткараар эле. Жана бир нерсени көркүнө чыгара жасоочу. Ар бир ишти жасап жатканда шашчу эмес. Комузду көркүнө чыгарып, кубулжута чертчү. Комуз, бешик, ээр боз үйдүн жыгачтарын жасап элдин алкышына нечен ирет ээ болбодубу. Анысы аз келгенсип, күлүк таптап, куш салганга ылайыктуу саяпкерлик жана мүнүшкөрлүк сапаты да жетиштүү болчу. Ал эртең менен апак-шапак маалында туруп, кечке чейин тынбай кибиреп иштей береер эле.

Күн ачык болуп теребел жашарып айлана эң сонун болуп турду. Бул жерге кээде-кээде гана нөшөрлөп жамгыр төгүп кетип, анан кайра ачылып кетет. Кечинде күн алоолоно батып, эртең аба ырайы ачык болоорун билдирип турду. Ушул күндөрдө Көлөй жыгач жонуп, ар кандай буюмдарды жасап башкаларга берет. Анын денеси ар кандай жонулган жыгачтын күкүмү болуп жүрөөр эле. Айланадагы эл Көлөйгө бешик, комуз, соку, сокбилек,кашык, чыны жасап бер деп келе берген.

Бир күнү аны ошол жердин байы Алдосбайдын баласы үйүнө чакырып келди. Алдосбай ошол жердин даңазалуу байы эле. Өз жумушун бүткөрүп, Көлөй анын үйүнө кечке жуук келди. Байдын үйү түзөң жерде жаратылыштын көркүн чыгарып аппак болуп турат. Көлөй байдын байлыгынан жана өзүнөн сүрдөп «мени эмнеге чыкырды»,-деп ар кандай ойлорду ойлоп анча жактырбады. Ал тартынбай эле чоң боз үйгө кирип келип байга ийлип салам берди. Бай Көлөйдү жактырып жанына отур,-деди. Бай Көлөй менен ар кандай окуяларды аңгемелиш отурду да, анын «Ортончу балам бар эле ошонун аялы төрөп, ага бешик жасап бер»,-деди. Көлөй ошону менен үйүнө кетип ал бешик жасоонун камылгасына киришти. Ал токойду аралап, керектүү жыгачтарды таап араалап үйүнө алып келип, балта менен жонуп жасоого киришти. Аны жасоо оңойго турбады, бир топ тер агызып эмгектенди анткени ал жөнөкөй адам эмес экенин түшүндү. Акыры бешик эң сонун жасалып бүттү. Оймо-чиймеси менен жасалгаланды. Аны терметкен эне ошол эле бешикти карап тургандай болду. Көлөйдүн энеси Акбала өтө ишмер, өтө акыл эси тунук жакшы ургаачы эле. Көлөй атын минип, бешикти өңөрүп, Алдосбай байдын үйүнө келди. Эшиктен аны жигиттери тосуп алды. Бир жигит бешикти көтөрүп, Көлөйдү үйгө киргизди, үйдө эки келин байдын байбичеси отурган экен. Бешикти көрүп бай сүйүнүп кетип:

– Ой, эң сонун жасалган тура, оймолору да өтө көөз экен, деги сен жыгач менен качантан бери илешип жүрөсүң?

– Мен эң биринчи коргошун куюп ийик жасоодон баштагам, анан комуз, анан барып боз үйдү жыгачтарын жасай баштадым, азыр баарын тартынбай эле жасай берем.

– Сен комуз жазасаң, комуз да черте алат турбайсыңбы?

– Ооба комузду көп эле аш- тойлордо кыз узатуу жерде чертип ырдап жүрөм.

Ошол кезде Алдосбайдын эки кызы боз үйдүн ичинде отурган эле экөө тең бир-бирине окшош сулуу кыздар экен. Аларга Көлөйдүн көзү чагыла түштү. Кыздар да Көлөйдү жактыргансып калды.

Алдосбай:

– Кана эмесе андай болсо, бизге комуз чертип берип көңүлүбүздү ач, – деп жүктүн бурчундагы комузду алып Көлөйгө берди.

Көлөй комузду бир сыйра байкап карады да, анан кулагын толгой шыңгыратып черте баштады. Анан бир кезде кулагын толгоп бүтүп, чоң күүлөрдөн чертип кирди. Үйдүн ичиндегилер тымтырс бир гана комуздун күүсү. Комуз үнү ай-ааламга кербен тартып кеткен кербенчидей алыска кетип бараткан жолочуларды элестетсе, бирде мал айдап бараткан адамдын элесин берет. Бирде түзөңдө ыргалган назик гүлдүн элесин даана берсе, бирде назик булактын шылдыр үнү чагылат, бирде жаап жаткан жамгырдын үнү угулса, бирде баланын назик добушу жаңырат. Бир паста күү чертилип бүттү. Үйдөгүлөр тымтырс мемиреп отуруп калды.

Сөздү бай айтты:

–Ырахмат балам комузду бабына келтирип черттиң, сен бул күүнү кимден үйрөндүң эле.

– Атам жакшы күүлөрдү чертет ошондон үйрөнгөм. Андан башка күү черткен комузчулар бизде көп эмеспи.

– Жакшы, жигитти өнөр сактайт деген кеп бар эмеспи.

Ошол кезде боз үйдүн эшигин бери туурда отурган эки кушту көрдү.

Көлөй куштарды көпкө карап калды.

– Беркиси, жүнү жылтылдап турат куштун кырааны ителги тура, мунун кармалганы канча болду, жаш эле окшойт үндөккө жакында эле келиптир, шумкардан шумкар туулбайт, ителгиден шумкар туулат,-деп кадимки мүнүшкөрлөрчө кеп куруп кирди. Алдосбай балага суктанып:

– Мүнүшкөрлүк жайың да барбы дейм?

– Ооба ата чоң атам чоң мүнүшкөр эле. Ал куш салганда жанына ээрчип алчумун. Кийин атамын кушун өзүм салып жүрчүмүн.

– Азыр муну салган эч ким жок. Мен эшиктеги бүркүттөр менен алек болуп жүрөмүн буга да көңүл буруш керек. Эгер сен кааласаң акың үчүн ушул куштун бирөөн албайсыңбы?

Көлөй бир азга ойлонуп калды да:

– Мейли ата сиз берсеңиз алайын, мен куш салган өнөрдүн баарын билем бул кыраан канаттууну көр кылбайм.

– Бизге соку, сок билек керек эле ошону да жасап бер.

– Макул ата бул кыраан экен. Мунун баасы кымбат болот. Бул кушту кармап аны таптаган үчүн канча убакыт кетти, баарын билип турам, айткаыңызды жасап берейин.

– Анда кушту качан алып кетесиң?

– Чоң атамын мээлейи бар эле ошону таап алып, эртең келип алып кетейин.

Көлөй байдын үйүнөн тамак ичип анан кетти. Жакшы башы оор токтоо, өңдүү бойлуу жигитти бай эмес байдын кыздары да жактырып кагансыды. Ошол иш ошол болду. Эртеси көлөй мээлейин кийин келип, жеерде аттын үстүндө кушту колуна кондуруп кетти. Алдосбайдын өңдүү түстүү татынакай улуу кызы Эркеайым аны боз үйдөн аркы кичинекей алачыктан жигиттин ар бир кыймылын суктануу менен карап турду. Ошол иш дагы ошол болду. Башкача такыр болгон жок.

***

Ошол жерде Теккара деген бай бар эле. Ошол байдын Гүлдана деген кызы Тагайберди деген адамдын баласына турмуш куруп, кызды эмки жумада узатат экен деген кабар чар тарапка тарап кетти. Чоң тойго даярдыктар көрүлүп жатты. Малы союулуп, боорсок бышырылып, узатуу үчүн келин кезектер, жигиттер камылга үчүн ары-бери чуркап, алыс жакын тааныштарга кабар айтылып жатты. Дөңдөн ары чоң боз үй тигилип, кыз-күйөө ойну ошол үйдө болмой болду. Селкинчек үчүн жыгачтар орнотулуп, ырчы, комузчулар үчүн оорунтуктар жасалды. А түгүл оюнга манасчылар да келип элге Манас айтып бермей болду. Анан акырын эки жума өтүп, ошентип кудалар келип той башталмай болду. Теккара да колунда бар бай эмеспи баардык камылганы жай-жайы менен бүтүрүп тойду улантуу гана жөрөлгөсү калды. Комузчулар, чоорчулар чакырылды. Айылдан жакшы комузчуларды издей башташты. Жүрүп-жүрүп отуруп эле Баястан уулу Көлөйгө барып такалды. Теккаранын бир жигити келип Көлөй менен саламдашып, ал жайды сурашып, тойго барып комуз чертип берүүнү өтүнөт. Көлөй макул болду. Айылдын байы чакырып жатса кантип макул болбойт.

Бул учур мал семирип нык болгон алтын күз эле. Эки жактын камылгасы толугу менен бүтүп, эртең той башталып, иш толугу менен шайма-шай болду. Той шааниси менен бир жумага созулат.

Ошентип шаан шөкөттү бай Тагайберди жакын туугандары менен күтүрөп, кудасыныкына келип түштү. Кыз менен күйөөгө арналып чоң боз үй тигилди.

« Алты бакан селкинчек», « Жоолук таштамай», «Ак чөлмөк», « Токту сурамай» жана башка оюундар ойнолуп жаштар чоң кумардан канды. Кыз жигиттер бир-бири менен таанышып кезектешип ырдап жатты. Ыр чыны узатылды, ким ырдай албай калса ал уят болот. Көлөй комуз кайрыктарын эң сонун чертип берип жатты. Ал ырдагандарга да комуз чертип ырдалган ырга эле күү кошуп чертип берет. Ал комуздун кайрыктарын эң сонун жаңылбай чертип калган эле кыз жигиттердин баары анын черткен өнөрүнө таң калып жатты. Улгайган адамдар сурап:

– Бул комузчуңар кайдан келген неме ченде жок өнөрчү го,– деп таң калат.

– Ой, бул биздин эле тууган Бугу эненин тукуму Бүтөбай атанын тукумдары Көлөй деген жигит экен.

Энелер суктана башташты:

– Атаңын көрү өнөрүңөн айланайын баланын колу алтын экен. Күйө бала кылып алчу эле жигит тура,– деп касиеттү энелер сугун артышат.

Ошентип той баардык шааниси менен уланып жатты. Балдар үчүн эки бай тең байлыгын аябады. Боз үйдө элечекчен энелер, ак калпакчан аталар узун маек сөзгө киришип, бир-бирине каалоо тилешет.

Жаштардын иши өзүнчө болуп, алар түн боюу ак чөлмөк, токту сурамай деги койчу ар кандай оюундарды ойношту. Көлөй бул тойго Эркеайым сулуу келдиби деп көз салып жатты. Эки күндөн кийин кеч курун Эркеайым сиңдиси менен келди. Тойдо кыздардын арасында отурган Эркеайымдын көзү Көлөйдүн көзүнө урунуша түштү. Алар бири-бирин жаземдебей таанышты. Кыз күйөлөр жаштар баардыгы чоң боз үйгө чогулуп ыр кезени уюуштурушту. Ырды той башчы жигит ырдап кезекти бир кызга берди. Ал укмуш ырдаган кыз экен. Кезекти токтобой эле Көлөйгө сунду, ал бир аз Эркеайымды карап алып, сүрдөп кетти да анан өзүн токтотуп, комузун күүлөп, улуу акын Арстанбектин « Тар заман» деген термесин жамгырдай куюулуштуруп төгүп кирди. Терме ырдалып бүттү, комуз да чертилип бүттү отургандар эмне кылаарын билбей бир тынымга тымтырс болуп калды да анан шатырата кол чаап кирди. Тойду алып баруучу жигит:

– Уул болбогсоң коё кал, өнөрдү баары ушул жигитте тура,– деди жапалактай мактап.

Калгандар кол чаап киришти. Той уланып, ыр бир кезде барып аяктады. Эми жаштар ырдай берип чарчады окшойт эс алып ары бери басып келүүнү каалашты. Көлөй Эркеайымга келип:

– Кичине басып келбейлиби.

– Мели эс алса, эс алып келели.

Экөө ээрчишип алып арыдагы суу жээгиндеги талдардын жанына келишти. Тоонун кичине суусу шылдырап агып жатат. Кереметтүү айдын толгон учуру. Жердеги чөптө айдын күмүш нурлары ойноп жатат. Арыда өскөн талдын жанында шылдырап булак агып, айлуу түн жаштарга кандай керемет. Айланада жаштардын үнү шаңк этип чыгып жаткан кыз күлкүсү. Көлөй менен Эркеайым эч нерсени сүйлөшпөйт эмнегендир бир-биринен сүрдөп жаткан шекилдүү кыздын жүрөгүнүн түрсүл какканы жигитке угулуп жаткансыйт.

– Үшүгөн жоксуңбу,-деди жигит.

– Жок үшүбөй эле турам.

– Түн жылуу болуп турат.

– Ооба, мындай айдын чыкканын биринчи жолу көрүп турам.

Көлөй күлүп:

– Мен биринчи жолу кыз менен айлуу түндө жолугуп турам.

Экөө тең кыраан каткы күлүп калышты.

Кыз күлүп, оң ийни жигиттин денесине жабыша түштү. Жигиттин боюу бийик колу-буту шадылуу эле, ага жараша кыз дагы ошондой болчу.

– Кечке туруп чарчап кеттиңби, жүрү тетиги жалпак ташка отуралы.

Экөө отурушту. Таш муздагыраак экен.

– Денеңе таштын муздактыгы өтпөйбү?

– Жок жылуу эле экен биз бир азга эле отуралы.

Алар жакын отурушту. Эки дене бир-бирине тийип ортодо кандайдыр бир жалын жанып жаткансыды. Ал экөө ушул жерде жанаша узакка отура бергиси келди.

Бир кезде ары жактан кыздын жаңырган үнү чыкты:

– Ой, комузчу жигит барсыңбы кайда кеттиң?

Экөө ылдам туруп, боз үйгө карай басышты.

– Ой, эмне кечиктиңер же үйлөнүп алдыңарбы?

Ал жерде турган жаштар жапырт күлүштү. Экөө адымдай той өтүп жаткан жерге келишти.

bannerbanner