
Полная версия:
Бабалардын Урпагы. 3 китеп
Койчуман бала ышкырат.
Кокту жакта өтөктү,
Коюу түтүн аралайт.
Бурулушта кыя жол
Буурул атчан келатат.
Буйгат тоону аралап,
Булуттар көчүп сабалайт.
***
Качкынбай деген жылкычы
Кадаланып ашкан жер.
Саламат деген жолочу,
Салт атчан ашкан белестер.
Тамшантып Таабий чоң ата,
Тажабай кебин айткан жер.
Таанылбай жаткан дагы көп,
Тарыхын ичке каткан жер.
Ылоолонто жылкы айдап,
Ысыкен байке өткөн жер,
Мунарык тоону аралап,
Мукаш абам кеткен жер…
***
Коюн-колтук алышкан
Коонун түбү терең сай!
Аскасы асман тиреген,
Алыста калган айлым ай.
Жылкысы өйдө чубаган,
Жылганын түбү терең сай.
Жыпар жыт чачкан тоолору,
Жымыңдаган айлым ай!
Жылдыздар келип түнөгөн,
Жылгадан ары капчыгай.
Көйкөлүп өскөн шибери,
Көөнөрбөс Көңдөй айлым ай!
***
Сайран ырлар чубурган.
Шагылдуу тоонун боорунан,
Шаңдуу ырлар куюулган.
Эчки маарак, ызгыт куш,
Саз жактан учкан сабалап,
Сайроон жакты аралап,
Жайлоо ачкан Иймегим.
***
Арпа Тектир, Ат Жайлоо,
Алгыр кушум ободо.
Арасында бадал четин бар,
Аралап басып барганда.
Адырдан качып кулжалар,
Айдыңдуу баба жерлерин,
Айтылуу айдың белдерин,
Аралап көрүп кайта кайт!
Алтынга бергис баасын айт!
Кара Каман, Чатыр Таш,
Калкылдаган жаштык мас.
Табылды баба өткөн жер,
Тартынбай жаасын керген жер.
Намысты колдон чыгарбай,
Наамды кайра алган эл.
Күн Тийбеске жетип кайт!
Күрдөөлдү болгон элин айт!
Күмүшкө бергис баасын айт!
***
Адырдан чыкты алты атчан,
Алтоосу бирдей салт атчан.
Алты атчанды ашыктырып,
Алыбай байкем келаткан.
Ак Таштагы жолду өрдөп,
Ат Жайлоого бараткан.
Бешөөсү тааныш башынан,
Белестен чыкты беш атчан.
Беш атчанга жол көрсөтүп,
Бегимат байкем бараткан.
Белдеги жолду өрдөп,
Беш Күнгөйгө ашыккан.
***
Шаадат иним отличник болуптур,
Колуна ак кушу келип конуптур.
Баба арбагы ар дайыма аны колдо,
Иши оңолуп минген атын таскактатып,
Иничегим эми түштү даңгыр жолго.
Үй-бүлөң аман-эсен турганда,
Басаар жолдо ылдамыраак ыкчамда,
Көнөчөк элде ар дайыма аман жүр!
Көрөөр күнүң бут баардыгы алдыда!
***
Кара Төрүм, Чолок Төрүм,
Карааны келет эсимде.
Кубат берип денеме,
Кут чачасың сезимге.
Чолок Төрдү эстесем,
Чолок жаш келет көзүмө.
Ал жерде калган балалык,
Айдыңын чачат көңүлгө.
***
Айдын алтын шооласы,
Аймагыңа келип түнөгөн.
Жолдон калбай ашыгып,
Жолочулар жол жүргөн.
Ак булуттар алтын сууңа,
Акырын келип киринген.
Айдын нуру ак толкунду,
Ат кылып алып теминген.
***
Убай-чубай мал өтүп
Уйчуман тоодон ышкырат.
Түн ичинде кыз жигитин,
Түпөйүл тартып чакырат.
Асый-чыкма, кулун, тай,
Асанап чуркайт жайыттан.
Жылгадан атка камчы уруп,
Жылкычы агам ашыккан.
***
Кара Каман, Чатыр-Таш
Калдайып булут көчкөн жер.
Кайрымдуу сонун кеп таштап,
Кадырман кары өткөн жер.
Ак бозун салдырып,
Айдар атам өткөн жер.
Мамбетаалы чоң уста,
Маңыздуу маек айткан жер.
***
Тескей менен баратсам,
Теминип тайган агытсам,
Тепши тоосу жаңырат.
Күнгөй менен баратсам,
Күүлөнтүп кушту агытсам,
Күн Тийбес тоосу жаңырат,
Жаңырык кантип жаралат,
Жаңырык ал-бала чак,
Жалынсам да карматпайт.
***
БАЛАЛЫГЫМ ӨТКӨН КУЛЖЫГАЧ
КАПЧЫГАЙЫНА
Эске салат тасмиялап кайталай,
Өтүп кеткен балалыктын жылдарын
Биздин үйдөн улам кеткен арылай
Бийик жарлуу кичинекей капчыгай.
Балалыгым ойноп жүрөр жоголбой,
Кичинекей капчыгайдын ичинде.
Көңүл салсам мага гана көрүнөт.
Көрүнбөйт башка чоочун кишиге.
Балалыкты көрүш үчүн капчыгайга,
Далай ирет сапар тартып келгемин.
Аны менен жолугуп сүйлөшүп,
Алыс жакка кайра аттанып кетемин.
***
Аркар, кулжа кошулат
Тогуз тогол айында.
Тоолорум көрктүү жайында,
Томуктай булут самсаалайт,
Торпунун каптал жагында.
Беш ай козу көтөрүп,
Аркарлар оттойт кумайда.
***
Бугу айында улуу тоолор
Буруп өңүн өзгөртөт.
Буурул түндө сапарлап,
Булуттар көчүп ойдөлөйт.
***
Бештин айы келгенде,
Курама менен телки экөө.
Курбуларда кошулат,
Кум каптаган кайкы белде,
Кузгундар учуп жол улайт.
***
Келерки жылдын ызгаарын,
Суук, жылуу жактарын.
Эчки, теке кайберен,
Ай, жылдыздын тогошконунан,
Алардын сапар жолунан,
Баардыгын тең так билген
Касиеттүү жаныбардын,
Керемет жагы табылаар.
Биз билбеген дайны бар.
***
Кусмидин аба кубантып,
Куудул болчу жашынан.
Баякун ата өткөндө,
А дүйнөнү көргөндө
«Көз көргөч»– деп, ыйлабай,
«Көт коргоч»-деп ыйлап өкүрүп,
Ошондо бир жаңылган,
Жанында турган адамды,
Күлкүгө бөлөп таштаган.
Куудул кылып жаратыптыр,
Баякун баба баласын,
Баласы журтту күлдүрөт,
Беккулуга шаң консун,
Күлкүлүү сонун эл болсун!
***
Санаам тынбай закымдап,
Саргайып улам кейигем.
«Самын Сууну көрөйүн»– деп.
Саргайып улам жол келем.
Бозомук тоого жете албай,
Боор этим менен кейигем.
Бордуну бир көрөйүн деп,
Бозоруп сапар жол келем.
***
Айлампа салып жыл учат,
Жыл артынан ай туулат,
Айлар жылып кайда учат?
Айлар жылып жума учат,
Жума артынан күн туулат,
Күндөр жылып кайда учат?
Күндөр жылып кете берип,
Бизге келет карттык чак.
Өткөндүн баары эстелик.
***
Теңелгис болуп кулпунган
Темир-Канат жерденбиз.
Көп жерге болгон таанымал,
«Көзгө чабаар» элденбиз.
Ырыскы, достук жайнаган,
Ынтымак менен келебиз.
Күндөн-күнгө гүл ачып,
Гүлдөй берсин жергебиз.
***
Түпкү атабыз Беккулу,
Түгөл элди сураган.
Калтырбай жаз деп баянды,
Кабар келди алардан.
Куржун деген чоң ата
Кужулдагы чуу жарган.
Калтырбай жаз деп санжыраны,
Кабар келди булардан
***
Саймалуу калпак башымда,
Сапаты менен жазалган.
Саан койду айдап кайыргам,
Сайлуу өтөктүн алдынан.
Кокту менен мал айдап,
Койчу болгом жашыман.
Койчу эле болбой жашыман,
Кой жууратын кошо татыгам.
***
Жылга жыбыт жериңден,
Жылкы айдап өткөн болчумун.
Кокту-колот сеңрден,
Кой жайып өткөн болчумун.
Урчук-урчук жериңдеп,
Уй чүдөп өткөн болчумун.
***
Сабалата мал айдап,
Сатар досум кеткен бел.
Кара сумка асынып,
Калкынын малы жазылып,
Ферма болуп журт башкарып,
Ылым санап эл журтка,
Ыдырыс абам кеткен жер.
Калак Ташка мал айдап,
Калтырбай баарын чогу айдап,
Шашып-бушуп көч шайлап,
Шамалдай агам кеткен жер.
Агама тынбай жардамдашып,
Асыл сөздөн кеп салып,
Өктөөсү толуп турмуштун,
Өмүрбай иним келген жер.
***
Бир эркек бар билемин,
Аялдарды көп айтат.
«Тигинин аялы тигинтет,
Мунун аялы мынтет».
А өзүнүн сүйкүм аялы,
Өзү жокто жымыңдап.
Чоёк атат түгөткүр,
Чоочундарга көз ымдап.
***
Бир агам бар эле
Мага деле тийишет.
Тим турбай катүгүн,
Тигиге деле тийишет.
Жармашып алтымышка,
Жашы деле картайды.
Ар кимге эле тийишсе
Апжып болуп калганбы.
***
Атыр жыттуу абасы,
Аркырап согот жондордон.
Туу байлап жүрөм өзүңө,
Тууган жерим аман бол!
Темир Канат элет жер,
Тереңинде жүрөктүн.
Өзүңдөй болбос бөтөн жер,
Өмүрлүк менин сүйүктүүм.
Көктөн учкан сагызган,
Көбүрөөк мени каранткан.
«Көнөчөк» деген айлымды,
Көрөйүн деп бараткам.
***
Балгартты бойлоп келемин,
Жээгин кечип кайрадан.
Күлмүңдөп көрктүү көрүнгөн
Гүлдөрдү көрдүм жайнаган.
Балалыгым өткөн жерден,
Кете албай кайра аланам.
Мелмилдеп аккан дайрадан,
Ыр издеп турдум кайрадан.
ТАШ КОРОО
Атакем салган таш короого,
Кээде келип көз салам.
Бала чакты эске салып,
Кете албай айланам.
Таш короо эбак чачылган,
Чачылбаска арга барбы.
Аянып улам кармалайм,
Атакем тизген таштарды.
Ушул турган таш короого,
Менин уулум кайрылмак.
«Чоң атамын таш короосу»,
Анын уулу жомок кылмак.
Атакемин таш короосу,
Баладай жетим калабы.
Өтүп кеткен убактын,
Баары эле бизге арманбы.
***
Хан бектердин катаалдыгын айткан ыр
Качанкы бир байыркыдан калган ыр.
Бал-балдардан балбылдата күү члып,
Бабалардан баянын дагы айткан ыр.
Алыс жакты серепчилеп карадым,
Көчмөндөрүм улантышат сапарын.
Аны карап барактарга жазайын,
Аталардын үл-бүлдөгөн караанын.
***
Кара Каман кандуу суу
Калдайтып ташты агызган.
Кара жээкти жанчыган
Ыргыштата көккө серпип,
Ыр чыгарган тамчыдан.
Кара Каман кандуу суу,
Калдайып кара таш турат.
Каарданган кара суу,
Кара ташты ургулайт.
Ойго батып баратам,
Кара ташты карасам.
Караан учат, ой козгоп,
Табылды менен Чалкалмактын,
Баяны учат оболоп.
Карааны тоодой бул баатыр,
Калмакты айдап сүргөн жер.
Кабалаңдуу кармашта,
Кайратты кайра алган эл.
Табылдынын өз аты,
«Карач баатыр болгон»– дейт,
Калмакты сүргөн эр табылып,
Табылды болуп аталып,
Ыйык аты ырда калып.
Байыркыдан кеп козгоп,
Бапырап учуп токтобой,
Жомоктор жондо оболоп,
Жоромол айтам боолголоп.
***
Санжырачы Саадабай,
Сабалатып тарыхтан,
Санжыра айтып келатат.
Өйдөдө калган аянды,
Өткөн-кеткен баянды,
Өктөм сүйлөп келатат.
Кургуйга кеткен аянды,
Курумшудан калган баянды,
Куйулуштуруп айтып келатат.
Таптырбай кеткен аянды,
Таанымал Таабий чоң ата
Тастыктап айтып келатат.
Түбү узун санжырадан
Түмөнбай деген чоң ата
Түгөлдөп айтып келатат.
***
Күчтөн тайып карыганда
Күлүк дагы ташыркайт.
Дайым эле даңкталып,
Дабандардан аша албайт.
Бирок ошол тулпардын,
Күлүктүгү унутулбайт.
Атак наамы унутулбай,
Албан жылдар айтылат.
Ээликкен күлүк тулпардай,
Эр жигитке даңк жанды,
Учуп-күйүп сабалап,
Узун жолдо сыналды.
Учурунда эр азамат,
Эмгек менен даңк алды.
Эр жигит бирок картайды.
Картайса да аты калып.
Калың журтка даңк жанды.
***
Шамырбектин Куттубек,
Депутат болуп катталды.
Берешен эмгек жаратып,
Беккулуга аты калды.
Түмөн эмгек алп урушуу,
Түйшүккө салды баатырды.
Кыйла эле эмгек сиңирип,
Кыргыз элге аты калды.
***
Чекирдин уулу Ырысбай,
Ченемсиз эмгек жасады.
Көөнөрбөс Көңдөй жеринде,
Көнөчөктүн элинде,
Көөнөрбөгөн аты калды.
Асыл эмгек жолдору,
Адамды келет унуттурбай,
Эскерген мыкты ишмерди,
Элимдин салты ушундай.
***
Аляз аба даңктуу чабан,
Төшүнө орден тагынган.
Кажыбас эмгек сиңирип,
Карылардан бата алган.
Ал жашаган жайлоолор,
Чабанды эстейт сагынып.
Мезгил дагы токтоно албай,
Мемиреп учат чарк уруп.
***
Айланайын жарыктык
Далай ичтик аракты.
Азгырып тарткан өзүнө
Арак дагы тамакпы.
Ичкен сайын аракты,
Мүйүзүбүз чыкпады.
Мүйүзүбүз чыкканда,
Сүзгүлөй берип башканы,
Өлтүрмөкпүз далайды.
Жини келген адамдар,
Мүйүзүбүздү кыйратып,
«Куураган шүмшүк» атантып,
Кууп жибермек айылдан
Торсоюуп анда жүрмөкпүз
Токол эчки баштанып.
***
Көөнөрбөс Көңдөй жеринде,
Көнөчөктүн элинде,
Кой айдап, жыбыт жылгадан,
Кожокен абам өткөн жер.
Ээр белдей белестен,
Эсентур аба ашкан жер.
Ыбласан өтөктөн,
Ылоолонтуп жылкы айдап,
Ысыкен байке өткөн жер.
Берешен колу берекелүү
Бээ жетелеп жылкы айдап,
Бегимат байкем кеткен жер.
Берекелүү кыргыз эл.
Алдыдагы кең конуш,
Атадан калган ыйык бел.
Ылдыйкы аба Ыдырыс,
Ык салып бийик тоо жакка,
Малын айдап кеткен жер.
Таң калыштуу тынчтык аралайт,
Тааныштар өткөн элеттер.
***
Атан төөгө жүк жүктөп,
Аргамжы менен байлашкан.
Жамандык чачпай ортого,
Жар бололу сыйлашкан.
Учкаяк аттын жонунда,
Учкаша кетип бараткан.
Доо артпай ушул жашоого,
Дос бололу сыйлашкан.
***
Жан агам менин Мусажан,
Жакшы иштерди баштаган.
Ийлеп туруп цементтен,
Илибой кишини жасаган.
Көргөн адам күбүрөнөт,
Көзүнө сүртүп сүйлөнөт:
«Дал өзүнө оп-окшош
«Сүп» десе эле молдолор,
Сүйлөөчүдөй өңдөнөт».
«Эмгектерди чогулткун»– деп,
Эчен айткам көп жолу.
Ар кайсы жерде чачылат,
Айтканыма болбоду.
Анын баарын чогултса,
Кийинкиге болмок эстелик.
Адамдар аны карашып,
Дайыма жүрмөк эскерип.
Ак эмгек менен ал өзүн,
Келе жатат гүлдөтүп.
Сербелеңдеп өтө тың,
Сексенге чыгып калса да,
Секиртмеден так аттап.
Жеңелери кеп кылат,
«Завуч уул чарчабайт.
Баягы жаш чагындай,
Баарыбызды тамшантат».
Өнөрү менен өркүндөп
Өз эмгегин гүлдөтсүн.
Таланттуу адам жаралган,
Такыр эле өлбөсүн.
***
ЧОҢ –ТАШ СУУСУНАН КЕТЕЕРДЕ
Мен турамын тоо суусунун жээгинде
Күр-шар этип үнүн улап шар агат.
Жайнап учуп балалыгым көрүнүп,
Жаным болсо ушул сууга тартылат.
« Кеткиниң» дейт бул жерден тагдырым,
Кетким келбей бу аймакка тартылам.
Сонуркатып бешик ырын терметип,
Сонун-сонун эстен кеткис күн калган.
Ажырашуу, коштошуу да бар экен
Бул тарапка өз сапарым кайрылаар.
Шаар ачып өзүм өнгөн тараптар,
Шар суу үнү мен байкушту сагынтаар.
***
Эстегенде туулган жердин аймагын,
Эске келет алыстагы жаш чагым.
Көп дүйнөнүн артынан жете албай,
Көпөлөктү кууган тейден барамын.
Туулган жерди эстегенде кайрылып,
Агыш тоолор челип турат асманды.
Кочуштап ырдын кенин мага чачып,
Колума алтын калем карматтыбы
***
Темир Канат туулган жерими,
Картадан улам карадым.
Кичинекей ыйык мекенди,
Картадан да таппадым.
Же түшүрбөй койгонбу,
Кичине бир кыштак деп.
Түшүрүп койсо жарашмак,
Сыя менен белгилеп.
Денемде кичинекей жүрөгүм бар,
Аны ачып карта, атласын караңар.
Мага ыйык туулган жер мекенди,
Ал тараптан карасаңар табасыңар.
***
Коюн-колтук алышкан
Коонун түбү терең сай.
Аскасы асман тиреген,
Алыста калган айлым ай!
Жылкылар өйдө чубаган,
Жыбыттын түбү терең сай.
Жыпар жыттуу коолору,
Жылдыздуу менин айлым ай!
Жылдыздар келип түнөгөн,
Жылжып агат терең сай.
Көйкөлүп өскөн шибери,
Көөнөрбөс Көңдөй айлым ай!
***
Сайрап жатса торгоюу,
Сайран ырлар чубурган.
Шагылдуу тоонун боорунан,
Шаңдуу ырлар куюулган.
Эчки маарак, ызгыт куш,
Саз жактан учуп сабалайт.
Жайлоо ачып Иймегим,
Жаштык чагым шаңкаят.
Күрдөөлдү күздүн күнүндө.
Күн нур чачкан бир күндө.
Ушул жерде төрөлүп,
Дүйнөгө келгем бир убак.
***
Өмүр деген бир келет,
Энеден кайра төрөлбөйм.
Балалык өткөн Ак Кайкы,
Балким барып мен көрбөйм,
Не болсо да түбөлүк,
Туулган жерим шай болсун!
Турагын сүйүп жашаган,
Туугандарым бар болсун!
***
Комузчу черткен кош кайрык,
Мааниси сонун төп кайрык.
Бапырап күү чертилсе,
Байыркыдан учуп ажайып.
Акун ата черткен кош кайрык.
Абазы таза миң кайрык.
Ыраакыдан элес козголсо,
Ыргагы сонун ажайып.
***
Күрөңкө ата черткен Камбаркан
Жаңылык ачып жашарткан.
Баштагыны сап кылып,
Бабалар ырын жаңырткан.
Комузчу черткен санат күү,
Жаңырыгы сансыз күү,
Кылымдарга өчпөс күү
Кыргыз элде келген күү.
***
Акун ата черткен Камбаркан
Байыркынын сапар жолун арбыткан.
Санай-санай, эстей-эстей келгенде,
Эзелкинин санжырасын жаңырткан.
Канаттуудай ылдам күүбүз Шыңгырама,
Калкылдап жаштык жанат ыргагында.
Комузчу ата кайрып-кайрып черткенде,
Качанкынын кабары калат калкына.
Даңтамак баянын жайып эзелкинин,
Даанышман күү, акылман күү Кербезим.
***
Балдар барып алып келди
Коктудан терип чегедек.
Башка элдер биздерди,
Көзгө чабаар эл дешет.
Көзгө чабаар даңкыбызды,
Көрүнгөн элдер эстешет.
***
Созолонтуп чоор тартып,
Зоокага үнүн кабылтып.
Жайылманын төрүндө,
Жаштык чагын жаңыртып.
Улар үнүн тыңшаган
Улуу тоонун баласы.
Атактуу чоң комузчу,
Акундун орун басары.
Ымаласы бириккен,
Ысыгы Чекир атанын.
Эки үйдүн эрке баласы,
Зоолорго таштап жаңырыгын,
Созолонтуп жаштык ырын
Соодонбек деген аганын
Тоодой көрөм караанын.
***
Курумшу кийиз күйгүзүп,
Өзүнчө эле бүлүк түшүп.
Ар иши жакшы болсо да,
Ары-бери жүгүрүп.
Курумшулар кужулдайт,
Купшуңдашып тим турбайт.
Боюу бийик адамдар,
«Көзгө чабаар» чатактар.
Ушулардан калган айың бар.
Бирдеме деп койсоң,
Шап жабышат жакага.
Ошол үчүн унчукпайбыз,
Калбайлы деп балаага.
Адамдан башка урааны бар,
Акырын гана сез берип
Айбаттанат Ураалылар.
***
Алдына келген тамакты,
Алдырып ийди жей албай.
Эч нерсени байкай албай,
Бир нерседен элес албай.
Бирдеме десең «кудай» дейт,
«Ошол жардам берет» дейт.
«Ал баардыгын көрөт» дейт
Араа төрөлгөн баладай.
Жоош момун жандардай,
Араң эле кыбырай
Ушундай болгон Бүтөбай.
Дал ошондой болсо да,
Токтоо жандар башынан.
Ар ишин баардык маалда,
Кабелтең тың жасаган.
Баардык болгон жакшылыкты,
Жаратканым ыйгарган.
***
Бир нерсени аткарганы
Шектүү ишпи башкабы.
Бүлүк түшүп тынч албай,
Бүкүңдөшүп иш жасамай.
Сөзү аяктап баратса да,
Сүйлөп берет чарчабай.
Шогунан келип тынч албай,
Шоңшоңдоп турат шоңколор.
Намызын бербей башкага,
Даяр турат баарына.
***
Бир кошунам бар эле,
Мен аны улам көргөндө,
Калчылдап үшүп турам,
Кайратым качып өңүмдө.
Бир кошунам бар эле,
Ман ага улам кезиккенде.
Кеңейип кетип кең дүйнөм
Кезигем гүлдүү мейкинге.
Кошунанын түрдүүсү бар
Каалагандай болбойт экен.
Адамы бар, башкасы бар,
Аның да бир тагдыр экен.
***
Бу жашоого не келдик?
Жеп-ичкени келгенбиз.
Тунжуратпай жашоону,
Тукум таштап кетебиз.
Бу жашоого не келдик?
Мээнеттенип иштейбиз.
Эмгекти элге калтырып,
Элден дагы кетеербиз.
Бу өмүргө не келдик?
Өткөн кезди эстейбиз.
Өмүрдүн өксүк экенин
Өкүнүп бир сезеербиз.
Бу дүйнөгө не келдик?
Ыр жазганы келгенбиз.
Көңдөй жерин калтырып,
Көрүшпөстөн кетеербиз.
А биз кетип калганда,
Айдыңдуу үнү угулбайт.
А баягы адам жок,
Айланабыз тунжурайт.
***
Көптөн бери туугандарга
Көрүнгөн жок карааным.
Көрөйүн деп келатам,
Көзгө чабаар айылын.
Көз чабаардын айылын
Көргөн соң ырга саламын.
Чапдар атты желдире,
Чаң баскан жолдо барамын.
***
Эки тоонун ортосу
Жүрөгүмдүн толтосу.
Кылымдын ыры жаралган,
Кыраандар үнүн калтырган.
Көөнөрбөгөн сыры бар,
Таамп киндик каныбыз,
Таралып ысык жалыныбыз.
Өкүмдөнүп жол улай,
Өткөн бала чагыбыз.
***
Ата-баба тарыхынан
Айтылбаган аңыз бар.
Белден ары өрдөп кеткен,
Беккулу деген айлым бар.
Шарактатып күлүк атын
Шамал учат бу дүйнөгө.
Жол менен алгалап,
Жолочу болуп сапарлап,
Жолдош болуп жердештер,
Жол улайлы бу дүйнөгө!
Из калтыра кетели,
Илинчекпиз куу өмүргө.
***
Кагылайын туугандар,
Бир кызык түш көрдүм.
Ушуну менен бул түштү,
Удаасы менен үч көрдүм.
Эмне түштү көргөнүмү,
Эмнеге көңүл бөлгөнүмү.
Силерге айтып берейин,
Түшүмөн элек элейин.
Беш ат минген жолочу,
Белестен ашып келатат.
Сур жоргочон алдыңкысы,
Суктантып мени карантат.
Сууну кечип ары өтөт.
Сукей ата өңдөнөт.
Беш ат минген жолочу,
Кара Таш ашып келатат.
Карагер ат мингени,
Кайтадан бизди карантат.
Каптал менен ары жөнөйт,
Карач ата көрүнөт.
Беш ат минген жолочу,
Кулгуна ашып келатат.
Кула атчан алдыңкысы,
Кубантып мени карантат.
Жар Кыяны караса,
Жаркыбай ата өңдөнөт,
Жарашык чачып бери өтөт.
Беш ат минген жолочу,
Абласан ашып келатат.
Алдыңкы ак бозчону,
Азгырып мени карантат.
Алдыдагы келаткан
Айман ата өзү экен
Өзү эмес кара көзү экен.
Койлор өткөн кыядан
Коктудан бери чубады,
Баягы эле беш атчан.
Беш атчандын алдында,
Жарашып бирөө келаткан.
Баардык элге белгилүү,
Байбото ата өңдөнөт.
Басыгы сонун ат минип,
Баягы жолдон бери өтөт.
Уктап жатып ойгонсом,
Түш көрүпмүн жанатан.
Пейли кенен берешен
Беш тууган тура санасам.
Беш атчан ошол түштүн,
Силерге айтам баянын.
Сапар тартып келаткан,
Менин тура туугандарым.
Учурда кебим ушундай.
Кыйладан келет куралып,
Кылымдык достук уланмай.
Ураалы, шоңко, бүтөбай,
Саруу, кыпчак баарысы,
Кадырлуу көңдөй жеринде,
Канча уруу бар саначы.
Беш колдун беш салаасы,
Бешөө тең сүйкүм карачы.
Беш энебиз Көңдөйдө,
Байыр алып жашашат,
Беш атанын баласы.
Белден учкан шумкардын,
Бешөө тең аман карасам.
Бешөөнө тең ыр арнап,
Берешен болуп баратам.
***
Көп сырын ичке каткан,
Көбүрөөк мени каранткан.
Көкө Теңир алдында,
Көк Сеңирдин жанында,
Көп жерге аты угулган,
Көңдөй деген айлым бар.
Жүргүнчү болуп дуулдап,
Жүрүшкө чыктык бу өмүргө
Жакын тели, теңтуштар!
Жакшы көргөн адамдар!
Жандай көргөн жаркындар!
Жалындатып өмүр байрагын,
Жашайлы бу дүйнөгө!
***
Карылар көчүп кетти эле,
Кара Каман жолун кыялап.
Байыркыны айткансыйт,
Бабалар тарткан кыл кыяк.
Арпа Тектир конуштан,
Агалар кетти алыстап.
Абалкыны кабарлайт,
Апалар каккан ооз кыяк.
Кыл кыяктын күүсүндө,
Кылымдын үнү жашынган.
Такталбай кеткен бабанын,
Таржымалы дагы ачылган.
***
Жайыктан ары Жар Кыя,
Жар Кыяда чубама.
Койлор өтчү маарашып,
Өткөндүн баары эсимде
Өкүнүчтүү канчалык.
Өткөнсүп кечөө эле
Өмүрүбүз көчүптүр,
Жар Кыядан чубашып
Койлор өңдүү маарашып.
***
Адырдан жылкы айдап,
Айдар атам өткөн жер.
Эчаакыны эске салып,
Ээнсирейт элеттер.
Алды жактан көрүнүп,
Ачылып жаңы мейкиндер.
***
Ийри Суунун аймагы,
Балалыгым анда калган.
Каадалуу ата конушуна,
Качандыр бир кайрылам.
Ийри -Суум ыйык жер
Түндөрү мага керемет.
Ырыстуу өткөн жылдарым,
Ыр сепкендей сезилет.
***
Тайлак ата өтөгүнөн
Тайларды айдап келатам.
Жанымы кыйнайт суу кылып,
Жаан себелеп бир жактан.
Тайлар кетти таптырбай,
Тайлак баатыр өзү жок,
Өзү эмес кара көзү жок
Убай-чубай чубашып,
Убакыт кеткен кайрылбай.
***
Жантай чалдын Шиш Дөбө
Баардыгынан бийик дөбө.
Улам кагып канатын
Учкан куштар айланган.
Учурунда Жантай чал,
Ушул жерден акмалап,
Айланага серп салган.
Андан бери закымдап,
Айланып учкан көп заман…
***
Сыйкыр орноп калгандай,
Сыймыгы болуп эл жердин.
Аңгеме кылып өз жерин,
Атыгай баба өткөн жер