
Полная версия:
Бабалардын Урпагы. 3 китеп
Кечөө эле бар эле.
Табышмак сындуу бат эле
Таптырбай кеткен агалар.
Өктөөсү учуп токтобой,
Өтүптүр далай замандар.
***
Белсенип ишке киришкен,
Беш энеси жылдызданып.
Белге жайып койлорун,
Бегимат байкем мал менен.
***
Акбалтанын чубагы,
Жакыпбектин жалгызы.
Атанын бир туягы,
Азамат деп атаары.
***
Кадырлуу жайлоом Кара Каман,
Караанына кагылдым.
Жылдыздуу сонун түндөрдү,
Жылмайып улам сагындым.
Жыпар чачкан түндөргө,
Жылдыз болуп тартылдым.
Эчки-теке жайылган,
Чой-чойлоп алдын кайырган.
Чоорунда күүсү жаңырган.
Эстен кеткис түбөлүк,
Элестерден айланам.
***
Ырысбай агам мал багып,
Ырыстуу чабан аталган.
Ырысы анын жылдыздай,
Ысымы элге таанылган.
Баатыр чабан Ырысбай,
Малын бакпай калганда,
Тешик Көл кайда биз кайда?
Телмирип эстеп далайга,
Баардыгы калды кап-кайда?
Малын бакпай калса да
Аралап далай заманды
Бакытка бөлөп жаштарды.
Баатырдын калды атагы.
***
Малын айдап ашуудан
Манапбай ата өткөн жер.
Ак булуттар сабалап,
Ак карлууга көчкөн жер.
Көк аласы алкынып,
Көк кушу колдо талпынып,
Көк өтөктүн өзүнөн,
Көкүш абам өткөн жер.
Шарактата жылкы айдап,
Шашыла ишин бүт шайлап,
Шагылдуунун өзүнөн,
Шаршен агам өткөн жер.
Көөнөрбөс Акун комузчу,
Көйрөң күүсүн черткен жер.
Шамалдуу жээктин өзүнөн,
Шаршен агам өткөн жер.
Карарып турган өтөктөн,
Калдарбек аба өткөн бел,
Калдайган калың жылкысын,
Кайрып айдап кеткен жер.
***
Айылдаш бир жеңем бар
Аракка жакын башынан.
Тамшанып ууртап отуруп
Татканып алган жашынан.
Айылды кудай урду го,
Аялдан алкаш табылса.
Өз бутуна өзү чалынса.
Ал алкашты бага албай,
Аракка акча таба албай,
Ар кайсыны ойлой берип,
Айылдаш агам арманда.
Жүдөп жүрөт кемсинип,
Жүнү түшкөн тайлактай.
Жан сырын элге айта албай.
Жабыгып жүрөт турмуштан,
Жашоодон өтүп кетеби ай,
Алкаш болгон жеңекем,
Ушундан көрө өлсөчү.
Артык болуп көрүнөт,
Тирүүсүнөн өлүүсү.
Күйөөсү ал аялына
«Койгунуң» дейт арагын,
А жеңекем таштай албайт,
Татканып алган тамагын.
Тажатып бизди келатат,
Тарттырып далай азабын.
***
Арыбас кылып учун таптап
Айбалта сокком болоттон.
Ай батаардын алдында,
Аттарды тостум жоноктон.
Бир жагын кармап жалынга,
Билерик соктум күмүштөн,
Күндүк жерге жол кеткен,
Күлүктү тостум күйүккөн.
***
Жүргүнчүлөр минип кашка атты,
Жүрүшкө чыгып баратты.
Жүрөктү эзген түн өтүп,
Жүзүн ача таң атты.
Сыдырым жели аралап,
Сырдуу дүнө таң атты.
Сыртты карай мал айдап,
Сыдыш агам баратты.
***
Бир-бирине караан болуп башынан,
Кары-жашы кадырлашып сыйлашса.
Сугат кезде күрөк менен салышып,
Суу талашып, тиш чагышмай баштабаса.
***
Кеч күз. Суук уруп уңулдайт,
Ынтымак байке Коёналы чалга жолугат.
– Ээ, Коке, эшикте эмне турасың?
Чебердечи мезгилдин катуу суугу урат.
– Ээ, Ынтыке, кайсы кепти айтасың,
Жомок кылып эмнелерди баштайсың,
Үйдү суугу тыштагыдан катуу экен,
Ошол үчүн мен сыртка чыгып кеткем.
Бир топко ал жайды сурашып,
Далайга баян куруп кептешти.
Акырындап анан алар чубашып
Экөө анан чай ичкени киришти.
Үйдөн такыр шамал сокпой,
Жай мемиреп тынч алды.
Анан барып бара-бара,
Баягы бакыт уланды.
***
Кары, жаштар бир-бирине кабышса,
Айың кылат башка журттар анысын.
Катаал кезде улууларын сыйлашпай,
Каңгыган эл жек көрөт карысын.
Калкына улуу тоодой куту бар,
Кары сөзү ар дайыма баркталсын.
Караандарын караңгыда эш тутуп,
Кадырман эл сыйлап алат карысын.
***
Карагай, кайың, тал турат,
Кадырлуу көңдөй эл турат.
Төбөсү ачык Көк турат,
Төшү түктүү жер турат.
Артыбызда калдайып,
Арпа Тектир бу турат.
Шибеңдеп жели тынч албас,
Шиберлүү сонун бел турат.
Зоосунда бүркүт айланып,
Сорок Ташым бу турат.
***
Будур-будур бели бар,
Булут түнөп кашында.
Будурлуу белдин баарында,
Булактары ыр ырдап.
Буулуккан суусу шарылдап.
Каркылдап жүргөн өрдөгү,
Канатын жайып алга учат.
Кадырлуу жайлоом Тешик Көл
Калдайып келип бу турат.
***
Адырынан аркар көрүнүп,
Ак кажыр деген куш өтүп.
Аска-зоосун аралап,
Ак булут көчүп сабалап.
Алыста жүрүп ыр кылган,
Азамат эри сагынган.
Аталар өскөн бел турат
Артыбызда калдайып.
Күкүгү учуп сабалап,
Күн Тийбес деген жер турат.
***
Үркөр жылдыз асманда
Үркүп али кете элек.
Үсөнбай байкем жол улап,
Үйүнө али жете элек.
Чоң чоку жактан жел ура,
Чолпон жылдыз чачырайт.
Жамаке мерген кайберенге,
Жашынып улам жакындайт.
Мерчемдүү бир өңүт издеп,
Меркурий жылдыз жаркырайт.
Өмүш байке кайберенге
Өңүп жылып жакындайт.
Марыбас көктөн көрүнүп,
Марс жылдызы көз ымдайт.
Бакбур байке текелерге
Бачым жылып жакындайт.
Айдыңы көктөн көрүнүп,
Алтын Казык бир жылдыз,
Байыркыдан кеп таштоо
Бабалардан сөз баштоо
Айтып бүткүс чоң жумуш.
***
Акмак дешти балаңды,
Акмак болсо мейли эми.
Бирөө акылман баласын,
«Ме» деп сага береби.
Эл менен болсун арада.
Ал тагдырга не чара
Акмактыгы жоюулуп
Акыл киреер карганча.
***
Оо, Сабатар, Сабатар,
Сабатарды көргөнөдө.
Ажаан иттер арсылдайт,
Артынан кууп такымдайт.
А Сабатар ан-сайын,
Акбоз атын камчылайт.
Абалаган иттердин,
Айлынан качып алыстайт.
Ажаан иттер коё бербей,
Артынан жетип такымдайт.
***
Эчак эле кетти элең
Экчелген жорго минип кел.
Этек менен желдирип
Эл-жериңе аман кел!
Качандыр бир кетти элең,
Карагым менин аман кел.
Кабак менен желдирип,
Кашка жорго минип кел!
***
Жаштилек курбум бар эле,
Бирге ойноп жүрчүбүз
Оромпай тээп көчөдөн,
Ормоё күлүп сүйүнчүбүз.
Тыйынды кошуп тыйынгы.
Тың чыкма болгон соодага.
Жаштайынан аралышты,
Жакшы экен деп товарга.
Эмгиче бай болгондур,
Эмерекке үйү толгондур.
Аты атка өтө уйкаш
Абдылданын Жылкыбек.
Жаштилек менен Жылкыбек,
Мага ынак жердеш эле,
Маңызы эстен кете элек.
Кырдан ашып токтобой,
Кырк жыл өттү арадан.
Ушунча жыл жолукпадык,
Ошону эстеп таң калам.
Каражат жок колубузда,
Ошондой деп баалагам.
А мен деген мугалим,
Алар болсо акча табат.
Тапканга амал табат
Анан жарды адамга,
Кандайча кылып жолугат.
Убакыт деген учкул куш,
Учкаяк кагып канатын
Билгизбей жол арбытып,
Бизди кайда алып бараткан.
Бу дүйнөдө алар бар болсо,
Ак сакал чал болгондур.
Ийри-муйру жол салып,
Бетине бырыш толгондур.
Бырыш деген эчтеке эмес,
Аман-эсен жүрсө болду.
Алганы менен бир болуп,
Айга-күнгө тең болуп.
Балким жашап жүргөндүр,
Баягы эле жаш бойдон.
Калжайып карыганы билинбей,
Жигиттир балким койкойгон.
Аларга мен каалаймын.
Жакшынакай ден соолукту.
Анан дагы ар дайым,
Аман-эсен болушту.
Алардын турмушу,
Жакшынакай деп угам,
Жан жыргаткан кеп угам,
Байып алды деп угам.
Башкача бир кеп угам.
Казысы чыгып какмарлар,
Капталынан өспөсө экен.
Тиктегенге келишимдүү
Тигине карай өссө экен.
Келин -кыздар жактырып,
Келишимдүү болсо экен.
Биз жолукпай жүрөбүз,
Жолугуп калсак эгерде,
Өткөндү эске салаарбыз.
Бактылуу күн балалык,
Бапырап эстеп калаарбыз.
Ансыз деле картайып,
Жолду улап баратабыз.
Алжыган чалга айланып,
Акыл эстен танбайбыз.
Балалык күн табылбайт,
Ошону эске салабыз.
Ошону эске салганда,
Биз жашарын калабыз.
Чынында кайда болсо да,
Аман жашап келелик,
Арманы көп турмуштун,
Андан башка не дейлик.
***
Түйшүк тартып канат кагып,
Түнүндө учат бабырган.
Жарык кирсе пааналап,
Жар Кыяга жашынган.
Ай, бабырган, бабырган,
Бабырган катуу жаңылган.
Эл ичинде тантык делип,
Эчтеке чыкпайт бабырдан.
***
Эркиндик агам капырай,
Темиркан эле атамдай,
Ак тору атта чайпалып,
Ак сакалын жайкалтып,
Акыл таштап, кеп салып,
Абышка болуп келатат.
Билим берген балдарга,
Элинин бир мыкты уулу.
Көп жашка чыгып жашасын,
Көзгө чабаар кулуну.
Алп урушуп иштеген,
Ар дайыма иш менен.
Агайыбыз мыкты адам,
Кары-жаштар сыйлаган.
Канча заман өтсө да,
Жашай берет эл менен.
Анткендиги агайыбыз,
Тер тамызып иштеген.
Элге улам айтылып,
Эмгек деген унутлбайт.
Өжөр адам эмгек менен
Өзүнө храм тургузат.
***
Уктап жатып түш көрдүм
Ушул түштү чынында,
Ушуну менен үч көрдүм.
Бир ажайып иш көрдүм.
Самыкем директор болупур,
Сарала куш колго конуптур.
Кулуке байкемин үстөлүнө,
Жетелеп барып жайгаштырдым.
«Алтыным жакшы иште»-деп,
Акыл айтып жатыпмын.
Түшүмөн күлүп ойгондум,
Ары-бери толгондум.
«Зоболосу өстү»-деп,
Зоңк-зоңк күлүп койгомун.
Бийиктикке умтулуп,
«Жетейин»-деп кол сунган.
Айдыңдуу иним Самыйбек,
Азамат экен өлөрман.
Өжөрлөнүп алга умтулган,
Өсөөр иним бар тура.
Кубаттанып өзүмө,
Кубанып турдум ушунча.
Беккулунун кулундары,
Дал ушинтип өссө экен.
Башкага бербей намысты,
Бачым эле алса экен.
***
Өз агасын сыйлабас
Башкаларды сагалаар.
Эки агамы кеп салбасам,
Сыртын салып таарынаар.
Токтобек агам тоо агам,
Токтоолугу жараган.
«Өтө токтоо адам»– дап,
Башкаларга мактанам
Дөөтү колдоп башынан,
Машаяктын белин ашып,
Машина айдайт жашынан.
Чарба ишин аркалап,
Чаалыкпастан аткарган.
Сыртка ташып мал-жанды,
Сыздырып келип айдаган.
Токодо кайгы болбосун,
Дөөтүнү кудай колдосун.
Топ ичинде көрүнүп,
Тоодойум дайым бар болсун!
Дагы бир агам заңкайган,
Ысык Көлдөй чайпалган.
Бүтөбайдын Токтомуш,
Көп жылы элди башкарган.
Атам менен бир болуп,
Арбын жыл катар жашаган.
Кары-жашты тек санап,
Милдетине элдин жараган.
Караламан калктын мүдөөсүн,
Калыстык менен аткарган.
Жараткан ушул жашоодо,
Жаш башты ой баспасын,
Жаш башты ой басканда,
Жалындуу кайрат чайпалсын.
Жалындуу кайрат чайпалып,
Санааны сүрүп айдасын.
Кабарын берип калкылдап,
Кайрадан үмүт жайнасын.
Кадырман ушул агалар,
Карааны элде бар болсун!
Карааны элде жок болсо,
Калкы унутуп койбосун.
***
Каарына тийген адамды,
Карсылдатып сабаган.
Дасмиялап кеп айтып,
Далай менен кармашкан.
Актив болуп теминип,
Акбоз деген ат минип.
Байыркыны окуган
Башына китеп жазданып.
Сап-саптарын баяндап,
Санжыраны так айтып.
Байыркыны боолголоп
Бабалардан кеп козгоп.
Айылдаштар ал жөнүндө,
Арбын-арбын сөз айткан.
Туулган жери көздөн учуп,
Турагынан ыраак жашаган.
Алыс жактан жол ала,
Анда-мында каттаган.
Шайдоот өмүр өткөргөн,
Шайык деген кары бар.
Бараңдуу элдин ичинде,
Бар болсунчу карылар!
***
Мен айлыман кеткенге,
Отуз жылдай болуптур.
Анда туулган жаш бала
Туура отузга толуптур.
Отуз жылдай шаркырап,
Агын суулар агылып.
Туулган жерим турагым,
Отуз жыл кар жамынып.
Отуз жылыдай сагынып
Ырларымы жазыпмын.
Ак ала чач адам болуп,
Абдан эле карыпмын.
***
Карагерин алкынтып,
Камдуу Көңдөй элинен.
Кара Колот жеринен
Кайкы жактан көч баштап,
Каадалуу сонун кеп таштап,
Касымбек абам өткөн жер,
Кезинде мекен коргогон,
Элине жакшы чеп болгон.
Жагымдуу сонун адам деп,
Жалпы журтка кеп болгон.
Актив болуп учурунда,
Айылдын камын ойлогон.
Коопту сезбей тап-такыр,
Колдо кушу обологон.
Тарбиялап мыкты балдарын,
Алкышын алып башканын.
Атамдай көрүп берилген
Агамын айтам баянын.
Абалкылар козголсун.
Ушул Темир Канатта,
Ушундай адам көп болсун.
***
Калмактын ханы эмес
Береги эле Өмүрбайдын иниси
Кадимки эле биздин Коңурбай.
«Арам болуп каламбы» -деп,
Аракты такыр ойлобойт.
«Каламбы»-деп булганып,
Бузук ишке жолобойт.
«Уят болуп калбайын»-деп,
Ушак сөздү үндөбөйт.
Көпчүлүктү арасында,
Көпкөлөң сөз сүйлөбөйт.
Жайнап турган тамакка,
Жалмалаңдап кол салбайт.
Сыйлуу болуп баардык кезде,
Сыпаалыкты дайым сактайт.
Беш убак кырынып,
Бетине сакал жолотпойт.
Калың бетте бырыш жок,
Карылыкты ойлобойт.
«Түшөмбү,-деп, капканга»,
Түнкү шектүү иштерге,
Түк качып жол салбайт.
Күлкүлүү иш болобосун,-деп
Күүгүмдө айыл аралабайт.
Калмактын ханы эмес,
Кадимки иним Коңурбай,
Ушундай адам болуптур.
Жаман ишке такыр барбасын.
Иши оңолуп алга барсын,
Шуудуратып акча жыйнасын
***
Бул китепке кирбей калгандар,
Такыр эле унут калып.
Аны жазбай калганым үчүн,
Айтпасам да менде айып.
Калем алып кийин деле,
Камынып алып жазаармын.
Айтылбас ички сырларын.
Айдыңдуу кылып ачаармын
Калем алып, сөз жазганы
Көнөчөктөн бирөө чыгаар
Өзгөчө кылып ыр жазып.
Өзгө жанды кубантаар.
***
Эки тоонун ортосунда,
Элет жерим жай алган.
Темир Канат кыштагым,
Теңириме айланган.
Түндүгүн тоолор тоголоп,
Түнүндө жылдыз оронот.
Акырын соккон жел менен
Айдыңына шыбырт толот.
***
Көңдөйдөн Калсөпкөгө
Көп эркектер жол кеткен.
Кеткендер кайра жол келди,
Тааныбай башка адамды,
Тааныш агам мас келди.
Жер Үй жакка сапарлап,
Жети эркек жол кеткен.
Кеткендер бизге кеч келди
Эс учун билбей шалактап,
Эң кичүү иним мас келди.
***
Курдашымдын үйүнө
Кулундуу бээ минип келдим.
Кулгуна өрдөп жөн келбей,
Кубанычты ала келдим.
Курдашымдын баласы,
Куудулданып тосуп алган.
Куудулдаган балага,
Кулунумду кармап арнагам.
***
Жакын жерде ирегелеш турса да,
Эки тууган бирин-бири баалашпайт.
Жол талаша анан ыдык көрсөтүп,
Жоболоң иш, эки ортону аралайт.
Көркөм дүйнө акырындап азайып,
Көңүлдөргө зак кеткени байкалат.
***
Алтынды-алтын,– дейт экен
Алтынга калай жарашпайт.
Күмүштү-күмүш,– дейт экен
Күмүштөй жез бааланбайт.
Күлүстөн жерин жамактап,
Күү чалган акын адашпайт.
***
Жамынып турган чепкендин,
Жакасы алтын, жеңи жез.
Жамы журттун жерлерин,
Жамактан ырдап тураар кез.
***
Бийиктикте жолду өрдөп,
Бирөө өттү жоргочон.
Кайрылып ошол жигитти,
Карап турдум жоноктон.
Жолдогу өмүр көрүнөт
Жоргочон ошол бараткан.
Жолун улап кете берсин,
Жорго минген салт атчан.
***
Шоокенин сайынан,
Шоңколор атты желдирет.
Демдүү сонун кеп кетет,
Демөөр жанып алдыда,
Демитип кара күлүктү,
Денсоолук деген эр келет.
***
Биздин кээ бир адамдар
Башкалардын балдарын
Кепке салып мазактайт
Кербездене мактанат.
А өзүнүн балдары,
Кандай болот болду экен?
Ошол жагын ойлобой,
Келечекти болжобой,
Баканооздук кесибин,
Баштай берет ойлонбой.
Кызы барлар чоочун кызды,
Кыжылдашып сынамай.
Уулу барлар өңгө уулду,
Ушак кылып сын айтмай.
Андан көрө кудайга,
Бир жалынып койсо эмне?
Ушак айың баштабай,
Урматтуу жан болсо эмне?
Башкаларга бакыт каалап,
Бай дүйнөлүү болсо эмне?
Таалайлуу жан өңдөнүп,
Таза бойдон калса эмне?
Сенин балаң чоңойгондо,
Кандай болот ким билет?
Аңыраңдап тыңсынба,
Ал мезгил да бир келет.
Балаң начар болгондо,
Бармагыңды чайнаарсың.
«Ай бекер кылыптырмын»,
Арманыңды айтаарсың.
Ошол үчүн кеп уруп,
Эртелей эле шашылба
Тагдыр деген оор болот,
«Тамаша»– деп мактанба.
***
Нелер өттү бул дүйнөдө,
Учкун чачкан көңүлдө.
Абалап учкан баягы,
Алыстан учкан баянды.
Ай жаңырып таң аткан
Алтын ыргак таштаткан.
Абалкынын жомогун,
Айта албай баратам.
Келеер кезек бул өмүр,
Кейибесин бул көңүл.
Шашып учуп шаракап,
Шаттуу болсун бу көңүл.
Кейиште өткөн баянды,
Кеңири түрдө сөз козгоп,
Кеп сала албай баратам.
Шамал сындуу шарактап,
Шашылган бул өмүр.
Кээде бар да, кээде жок,
Кейиште экен бул көңүл.
Ата баба тарыхын,
Айткан соң бүтө албай,
Ак чач болуп баратам.
***
Темир Канат айылым,
Өмүрдүн алтын барагы.
Өткөндөргө көз салып,
Өзүңдү эстейм мен дагы.
Кулжалар жүрөт кумайда,
Куу турмуш өтөт бу маалда.
Күлүстөн жерге тартылам,
Күчкө толгон чагымда.
Аркарлар Арпа Тектирде,
Айдыңдуу жерди сагынам.
Туулуп өскөн турагым,
Туурума улам тартылам.
Текелер жүрөт тектирде,
Теминип агат чоң дайра.
Унутта калган өткөн чак,
Уланып келет санаама.
Чоң Ташымыдн дайрасы,
Чоо жайын алыс таратат.
Шибеңдеген назик жел,
Шиберин тарап жазантат.
***
Ордобай өтөк аралап,
Өйүзгө карай эл көчөт.
Өкүрөңдөтүп өгүзүн,
Өмүрбек деген бала өтөт.
Ийри Колот жерди өрдөп,
Имериле көч жөнөйт.
Шагылдуу жолду өзүнөн,
Шамырбек деген ата өтөт.
***
Топ-тобу менен мал айдап,
Тоодон малчы түшө элек.
Карааны чоң көрүнүп,
Кампага эгин толо элек.
Агарган тоонун башынан,
Ак булут жаанын себелеп.
Ашыккан куштар коштошуп,
Алтын күз өтүп бүтө элек.
***
Жоломан агам менен
Жорго минип жол келгем.
Жолду улам арбытып,
Жоргом жолдо тепеңдеген.
Жоломан агам мага,
Жол жомогун айтып берди.
Жолдош болуп жол арбыттык,
Жолубуз алга илгерлеп.
Асыл тура өткөн тарых
Айтылып жүргөн элдеги.
Жолду улам арбыткан
Жомоктор көп мендеги
Аңдабай өтүп баратыппыз
Ата-баба баянын.
Укмуш жагы көп экен,
Уламалуу санжыранын.
***
Көзүмөн учуп элет жер,
Көңүлүмөн ыр кылам.
Көбүрөөк кирген түшүмө,
Көңдөйүмө тартылам.
Ата-бабам өскөн жерди,
Санжыра кылып баратам.
«Ырыстуу жер экен»-деп,
Ырчылар сени мактаган.
Сууру шаңшып үн салган,
Суулары тоодон алкынган.
Суктантып кирет түшүмө,
Султанбай жезде отурчу,
Суук Төр сени сагынам.
***
Кытайдан келген кырма аяк
«Бирөөн алдап кеттим»-деп,
Айылдаш досум ырсаят.
Алдаса алдап кеткендир,
Алдамчы шүмшүк аталып,
Айлынан жүрөт ал качып.
***
Кечиргиле туугандар
Кемчилдик болсо жазмамда.
Кемчилдиксиз киши жок,
Келген ушул жалганда.
Баарыңарды мактасам,
Душмандарга кеп тарайт.
Мааниси жок таркылдак,
«Мактанчаак»– деп, шыбырайт.
Туура сынды айтамын,
Туугандар калыс өзүбүзгө.
Кемчилдиксиз болбот го,
Кереметтүү бул дүйнө.
***
Ыр түшүрө баштадым
Калем алып ак кагазга.
Ар бир жандын өмүрү,
Өзүнчө бир санжыра.
Санжыралап жердештерди
Баян айта кетейин.
Кайран өмүр өткөнүн,
Кайтадан бир эстейин.
Жердештерим санжырада,
Кала берсин эскерилип.
Айныбас өмүр өтөт го
Ар бир ырым эстелик.
***
Араба айдап келатат,
Ак көңүл агам Шалтабай.
Араба барат токтобой,
Аттар такыр чарчабай.
Биз дагы өмүр боюу,
Араба айдап келатабыз.
Аттар баспай калдыбы,
Астыга карай жылабыз.
Араба качан токтогондо,
Өмүр жылбай аяктайт.
Ашыккан өмүр чаалыктыбы,
Армандуу болот ошол чак.
***
Дүйнө алтын, байлыкка
Чынгыз ханда тойгон жок.
Албан журтту караткан,
Аксак Темир тойгон жок.
Наар татыбай дүйнө деп,
Наполеон да тойгон жок.
Искендер да жөн турбай,
Далай жерди жойлоду,
Сугун артып дүйнөгө,
Сулайман султан тойбоду.
Жердин жети түбүнө,
«Жетемин»– деп ойлонду.
Чөмүлүп Кум-Төр алтынына,
Байлык менен катынга.
Баарын берип тууганга
Бакийип дунган тойгон жок.
Калың журтту талатып,
Каркырадай жерин сатып,
Акайип каапыр тойгон жок.
Арман күн ай алыска,
Алар качып жоголду.
Опаасыз дүйнө экен го
Ошондой эле болмогу.
Алар тобой койгон соң,
Биз тоймок белек дүйнөгө
Ачылган оозу жыйылбас,
Арман тура бул дүйнө.
Тың жүрүп эл ичинде,
Аман-эсен жашайлы.
Биримдикте күч болот
Бир-бирибизди сыйлайлы.
Кыргыз эли аман болсун.
Дал ошону ойлойлук
Журт ичинде бар болуп,
Биз да аман бололук!
***
Алтынга бергис карылар
Алар да өтүп кетиптир.
Күүдөн тайбай уланып,
Күлүк мезгил безиптир.
Андан кийинки абалар,
Алар да карып калыптыр.
Арасында калып бир экөө,
Аларды оору басыптыр.
Агылып мезгил өтүптүр,
Агын суулар ташкындап.
Билинбей артта калыптыр,
Бир кездеги жалын чак.
Кечөөкү эле байкелер,
Ак чач болуп алыптыр.
Улгайгандык жөнүндө,
Улама кеп башташыптыр.
Биз да өтөөрбүз дүйнөдөн,
Бизден кийин ким калат?
Жалындаган күчү тың,
Жаштар өсүп келатат.
***
Байтак, байтак, байтак жол
Байтак жолдо эл көчөт.
Бай өзөндү аралап,
Байтал минген бала өтөт.
Курбу, курбу, курбу бел,
Курбуларга жол жөнөйт.
Куудулданып ыр ырдап,
Кунан минген бала өтөт.
***
Артуу, артуу, артуу бел
Ашуудан согот салкын жел.
Айланыш жолдун өзүнө,
Айланып конду биздин эл.
Аман болсоң өзүңө,
Аттанып бир бараармын.
Алыста калган балалыкты,
Айланып келип табаармын.
***
Агабыз биздин Муратбек,
Санжыраны жазыптыр.
Ырлары да бар экен
Ыргакты сонун ачыптыр
Арыбас ушул өмүрдө
Арбын жашка барса экен.
Сабалатып санжыраны
Дагы далай жазса экен.
Тагынып чыгаар төшүнө,
Ордендери бар экен.
Аккан арыктан суу агат,
Суктанып аны эл карайт.
Атасындай агабыз,
Ардактап аны сыйлайбыз
Айтылып элде калса экен.
Таанылбаган дагы көп,
Талант жолун ачса экен.
***
Жолугуп калдым Жамансартка
Өткөндө барып жолугуп.
Өткөн-кеткен баянды,
Маек курдук отуруп.
– Кандай досум, ак молдону,
Чертесиңби баштагыдай?
– Мен аны небак таштап
Стаканды калгам кармабай.
Такыр эле калгамын,
Ботолкени карабай.
Көңүлүм айныйт карасам,
Качтым ошол каапырдан.
Мас кылган наадандан
Кайта андан сурадым:
–Ак молдонун оордуна
Эмне ичип жүрөсүң?
Мындай деди жообума:
– Карандай чайга сүт кошуп,
Кымыран ичип калгамын,
Кымырынып өтө сакмын.
Ошол оңбос каапырды
Өлгөнгө чейин таштадым,
Кымыран такыр мас кылбайт,
Ичсен соң чатак чыгарбайт.
Бирөө менен сүзүштүрүп,
Чоң жаңжалды баштатпайт.
Бекер жерден көлдөтүп,
Акчаны такыр чачпаймын.
Аялымдан жеме укпай,
Күлүп-жыргап жайнаймын.
– Мезгилдин шарты ошол
Кымыран ичип аман бол!
Артта калган качанкы,
Унутпай эсте балалыкты.
Анан эстен чыгарба
Жыргап ичип жүргөн чакты.
Алыста калган качанкы.
А мен болсо сен үчүн,
Ден соолугуң өмүрүң үчүн
Жүз грам ичип койомун.
Баягы жыргал чагыңдай
Сенчилеп мас болоормун
Бактылуу болсун туугандар,
Дал ошону ойлоймун
Көз жиберсең бир кезге
Мен келем сенин эсиңе.
Кандай сонун бала чак,
Кабагы ачык жаркылдак.
Андан кийин сендей болуп,
Ичкенди такыр таштаймын,
Кымыран иче баштаймын.