
Полная версия:
Алтын сандыктагы ырлар
МАШИНА АЙДООЧУГА
Машинада сапарлап баратканда
Арт жагыңы эч убакта караба!
Келечегиң артта эмес алдыда
Этиет бол тагдырыңы абайла!
Башканы ойлоп алаксыба карагым,
Ар дайыма абайлап жүр сактана.
Ашаар жолуң артта эмес алдыда,
Ала салып азаптарга кабылба!
ТҮШ
Өңүңдө жетпей калган иштерге
Адамдар уктап жатып түштө жетет.
Бакыт ачып таалайлуу пендеге
Ошол үчүн түш деген керемет.
Өңүмдө жазбай калган ырларымы
Түшүмдө толкунданып жараткамын.
Эмгектене жазып далай сырларды
Эл ичинде бакыт жолун тапкамын.
Түшүндө көрөт дешет сокурлар
Түшүндө чуркайт тура төкөрлөр.
Түшүндө сүйлөйт экен дудуктар
Түшүндө угат дешет дүлөйлөр.
Түшүндө адам жетип бакытка,
Кереметтер келет экен башкача.
МУЗЕЙДЕГИ АЛТЫНГА
Бобу алтын далайдын башын жутту
Байыйбыз деп алтынга жутунушту.
Азыр деле кандын жыты кете элек
Адамдар жашын төгүп далай эселеп.
КУЛУНУМ
Оюн салып кетет ары
Кара бээнин кулуну.
Чамгарактап куйрук жалы
Улам чуркайт утуру.
Кулун ары чуркаганда,
Энеси андан көз албайт.
Кетпегин деп алыс жайга
Добушун берип чакырат.
Бээ кулунун эмизсе,
Жылкычы түшөт санаага.
Баласы турат эсинде
Окуп жүргөн калаада.
Ата-энеси камын жейт,
Өп-чап болгон турмуштун.
«Кандай жайда жүрөт дейт,
Бул кулундай кулунум.»
ЧЫЧКАНДАР
Бир ыр китеп бар эле ал үйдө,
Анан аны жеп жатты чычкандар.
Атаңын көрү аны окуур адам жок
Айрылып муңга батты барактар.
Ал китептин алтындыгын билишпейт,
Кор кылып жеп бүтүштү чычкандар.
Ырдын күчүн такыр эле сезишпейт,
Биздеги чычкан сындуу адамдар.
ЭПИТАФИЯ
Элечек кийген энелерди көп карайм
Элечек кийип жүрчү эле энекем.
«Жалжылдатып мен байкушту каратып ,
Жан ардагым кайсы жакка кетти экен?»
ЧОҢ ЖАНА КИЧИНЕ
Океанды чоң дейбиз
Тамчы сууну кичине дейбиз.
Анан дагы улуу мухит мейкиндик,
Тамчы суудан куралаарын билелик.
БАЛАЛЫК
Эшек минип ойногом
Эчен күнү айылда.
Балдар менен жарышып,
Барган элем адырга.
Кечке чейин түшчүбүз
Көлмө куруп чоң сайга,
Ысык кумдан үй салып.
Ырга толуп айлана.
Айтып бүткүс жомоктур
Арт жагынан ыр жанып.
Эстен кеткис болгон экен,
Эсил кайран балалык.
ЖАЛГЫЗДЫК
Бул дүйнөдө жер да жалгыз,
Өлкөсүнөн качкан президент жалгыз,
А түгүл асмандагы ай да жалгыз,
Арманын айтып берер адам жок,
Аркы үйдө абышка жашап жап-жалгыз.
БИРӨӨНҮН ЫРЫ
Жатындаш карындашым бар экен
Көрүшпөй калганыбыз көп болду.
Ал бай мен болсо жарды экем,
Тагдырыбыз буйруптур ушул жолду.
Эмнеге жолукпады тагдырыбыз
Бир энеден бир атадан жаралсак да.
Өкүнгөнсүп өткөндү эске салаарбыз
…Өмүр өтүп биз кездешпей калган да…
ӨЛБӨСТҮК
Жээке келип дайра үнүн тыңшадым,
Улуу дайра агып жатат жол улай.
Дайра айтты: «Миң жыл мурун, болгон экем ушундай
Азыр деле агуудамын жөн турбай.
Талбас кылып түбөлүккө жан сабап,
Тагдырым жаралыптыр ушундай».
КАРГА
Түн жарымы үнү угулду карганын
Кайдагы карга дабышка таңдаңдым…
Карга айтты:– Сени келдим алганы
Коштошооруң жакындап калганбы…
Күйүп жанат ичимдеги бир нерсем,
Мени алып кетет ко деп шекшинем.
Оору карга бүлүк салат дүйнөмө
Ажыратып кала алабы ким бирөө…?
АК КАГАЗГА
Отуз жыл артта калган убагыбыз,
Экөөбүздүн сүрөтүбүз турат мында.
Каадалуу күлмүңдөгөн курагыбыз,
Калган тура жоголбой ак кагазда.
Караанын сепсе, алыстагы жылдарга,
Карай берем суктанып ар дайыма
Ыраакы күндү жакындатып алып келген,
Ырахмат айтам бобереги ак кагазга.
ЭКИ ДҮЙНӨ
Бир үй бар эле сол жакта
Чыр чатак такыр кетпеди.
Абышкасы жаңжал чыгарса,
Айкырык таштайт кемпири.
Бир үй бар эле оң тарапта
Тынчтык кетпейт уялап.
Бапырап ойноп балдары,
Бактылуу дүйнө уланмак.
Элеңдеп ойго батабыз,
Эки дүйнө жашап жатса.
Талбас ушул жашоонун
Татаалдыгы бир канча.
ЭКӨӨ
Ал башында жалгыз эле
Ага бирөө кошулду.
Ушинтип экөө болушуп,
Улап кетти чоң жолду.
Биригишип жуп болуп,
Беришти сонун элести.
Турмуштун ыйык жолунда
Туу байлаша чаап кетти.
СТУДЕНТ КУРДАШТАРЫМА
Бу жашаган күндөрүбүз
Бурулбай учуп оболоор
Бобереги түшкөн сүрөтүбүз,
Жоголбостон белек болоор.
Эчаакы түшкөн сүрөтүбүз
Бизге болоор эскерме.
Кайрадан карап жүрөөрбүз
Качанкы күндү эстегенде…
ЭПИТАФИЯ
Кызым Жылдызга
Таппай калдык элесиңди жоготуп,
Таптырбай кайда кеттиң жок болуп?
Аттиң ай, жолукпай калдык капада,
Адам пенде жолугат тура арман га…
Өктөм салып күлүк мезгил сызса да,
Өмүр кайып белгисиздикке учса да.
Жүрөк чиркин жапа тартып тереңден
Жүзүң –өмүр, сен жашайсың биз менен.
Алыс тарап бизге чачат жарыгын,
Асмандагы күйүп турган Нур кызым.
Өзүң жакка биз да сапар бараабыз,
Ага чеин бар болгунуң Жаркыным…!
САЗДА
Тынчтыгын тыңшап тараптын
Байкоосуздан селт эттим.
Үнү чыкса эчки маарактын.
Ушул добуш ыры болот
Өзүбүз өнгөн аймактын.
Байыркы ата-бабам да,
Ушул ырды угуп өткөн.
Ушул ырды мен да угуп,
Ыр жараттым жүрөктөн.
КӨРҮНҮШ
Чоң таш. Салкын жел жүгүрөт
Таш үстүндү кичнекей кыз жатат,
Ысык күнгө кактанат.
Таш үстүндө топуракта түркүн гүл
Тажабай назик үлбүрөйт.
Жашыл гүлдөр көрк чачып,
Жаш кыздын денесине сүйкөнөт.
КАЙРАТ
Ыйлаганда адам жашы туздуу болот
Ал кайгырууга, жеңилүүгө тең орток.
Кайгырдым деп түбөлүккө муңайба,
Шаттыктан табылат анын оорду да.
Туздуу жаштын бара-бара күчү кайтмак,
Туугандарча жакындашып кайрат жыйсак.
ЖООГАЗЫН
Жаш кезимде бир селкини жактырып,
«Жазгы гүлүм-жоогасын» деп атадым.
Көркөмдүгү улам кайра карантып,
Көздүн жоосун алат тура жоогасын.
Жаш куракта андай кызды таппадым,
Жан турпатын жоогасынга бааладым.
Жашоодогу жакшы элеске кабылып,
Жалын чачып аны менен жол салдым.
ИШЕНИЧ
Ай, жалжалым, актыгыңды айныбай,
Мен теңедим жаңы жааган ак карга
Анткендиги каралык жок кымындай,
Жаңы жааган жакшынакай ак карда.
Тоо да ак, кыштак дагы баары ак,
Аппак түстө калып калды элеттер.
Айныбас ак сүйүүңү жаратып,
Ак кардай ак гүлүмдөй жашай бер.
БАЛАЛЫКТЫН ЖЫЛДАРЫ
Эске салат тасмиялап кайталай,
Өтүп кеткен балалыктын жылдарын
Биздин үйдөн улам кеткен арылай
Бийик жарлуу кичинекей капчыгай.
Балалыгым ойноп жүрөр жоголбой,
Кичинекей капчыгайдын ичинде.
Көңүл салсам мага гана көрүнөт.
Көрүнбөйт башка чоочун кишиге.
Балалыкты көрүш үчүн капчыгайга,
Далай ирет сапар тартып келгемин.
Аны менен аңгеме куруп сүйлөшүп,
Алыс жакка кайра аттанып кетемин.
ТАПЫЛДАКТЫН ДҮРБӨҢҮН
Бир кыз, бир бала
Чуркап барат талаада.
Күн бүркөлө калганда
Калбайлы дейт жамгырга.
Ошол чуркап бараткан,
Балалык болуп жүрбөсүн
Тарапка улам тараткан
Тапылдактын дүрбөңүн.
ЭСКЕРҮҮ
Мен ойгонуп тереземди карасам,
Таң өөк салып чыгыш тарап албырат.
Баягы эле түшүп жаткан ак кардан,
Багым дагы, короом дагы, бардыгы ак.
Сонорлоно жылдыз сымал түрлөнгөн,
Адамдарга ынак сезим жөнөткөн.
Карлуу кышта сен экөөбүз үйлөнгөн,
Качанкылар эске келет бир өткөн.
БУЛАК ЖАНЫНДА
Күүгө келип булак жагым үн себет
Аны тыңшап мен жанында жатамын.
Нелер өттү, нелер дагы өтө элек,
Текши ойлоп, терең ойго батамын.
Булак агат таратып наз ыргагын,
Шылдырт чача жагымдана бир тынбай.
Угуп жатам булагымдын ырларын,
Улуу акындын ырын тыңшап жаткандай.
САПАР АЛДЫНДА
Аппак карды айдын нуру саймалап,
Айлана жак такыр эле дабышсыз.
Айлуу түндү укмуш элес аралап,
Айыл тарап уктап жатат ың-жыңсыз.
Таң өөк салып опур-топур кыймылдар,
Сапар тарта башка жакка жөнөгөм.
«Ташыркаба, шоолалуу нур чачам»,-деп
Тааныш жылдыз кабар берет төбөмөн.
Ак жылдызды жол көрсөткүч шайлайын,
Алаксыбай улам алга барайын.
Аз өмүргө арман кылып калбайын,
Ачыла элек ачылышты табайын.
ЖАШТЫГЫМ
Мага жазгы жел айтты,
Бир өкүнүч таратты:
– Күлүгүң кайда баягы,
Күргүчтөп жарган дабанды?
– Ал күлүгүм ташыркады,
Баскан изи арта калды.
Алыста калган аргымагым
Айдынданган жаштыгым.
ЫР УКТУМ
Бир жерден ыр уктум,
Уйкаштык жагы эң сонун
Кайта-кайта ырдай берем,
Кайрыктуу ырдын обонун.
Төрөлгөн жерден угупмун,
Ошону азыр эстедим.
Андай ырды эч жерден,
Азырынча уга элекмин.
БИР АКЫНГА ТАШ ЭСТЕЛИК
Түнүндө уктап жатып түш көрдүм,
Оорулуу элем чукулда кайтаармын.
Жарды жанмын эстеликти ким коёт,
Келечегим ошону ойлоп жатамын.
Таш эстелик кереги жок анын да,
Белгиси жок топуракта жатаармын.
Талкаласа такыр эле жанчылбас,
Таш эстелик болуп калсын ырларым.
КЫШ ЫРЫ
Топ-тобу менен сапарлап,
Толгон куштар кайтышкан.
Тоо арасы кыштакка,
Коштошуу ырын айтышкан.
Кечөө эле күз эле,
Чыкыроон аяз дембе-дем.
Кыштагыма кайра келген,
Кыш ыры ушул деп билем.
Кыш мезгилден эргүү алсам,
Суук чыкыроон аяз төгүлөт.
Назик таза тунук баладай,
Жазганыман ак кар ыры көрүнөт.
АК СҮЙҮҮ ЫРЫ
Күйөөсү жазып чыгып поэманы,
Анан аны оңдойт экен аялы.
Ал ырларда үн угулат ашыктыктын,
Ак сүйүүнүн обону чыгып кайкысын.
Жаркып чыккан ырлардан,
Жаштык чактар көрүнсүн.
Мээримин чачкан куракка,
Мейкин ыраң төгүлсүн.
ЖАЛГЫЗ КИТЕП
Колумда акындын жалгыз китеби,
Китеп турат акыныбыз не болгон.
Жан дүнөсүн өлбөс ырга айлантып,
Жалган дүйнө акын небак жоголгон.
Жандай сүйкүм а эшикте ай жарык,
Акыныбыз такыр келбейт кайрылып.
Колумда жаш акындын жалгыз китеби,
Эшигимде таза жел согуп ай жарык.
УШУЛ ЫР
(Ли Байды туурап)
Көктү карайм кайталай,
Ай көрүндү көзүмө.
Эң жакын агамдай,
Элес келди өзүмө.
Ылдый жакты карасам,
Тууган жерим магдырайт.
Укмуш болду кең аймак,
Уйку көзгө тартылат.
Ортосунда экөөнүн
Эрип кетип бараткам.
Учса көккө жан дүйнөм,
Ушул ырды жараткам.
БИЗДИН ҮЙДӨГҮ СТОЛ
Бир үйдө эски стол бар эле,
Жарымына аял оокат кылуучу.
Жаны тынбай сөздөн-сөздү тизмелеп,
Жартысына акын ырын жазуучу.
Ошол үйгө бакыт чачты ал стол,
Аппак келин кемпир болду балпайган.
Акын болсо ал столго ыр жазган
Атак-даңкы баардык элге тараган.
Ар дайым ырларын жазып турган,
Ал столду дайым эле ойлоймун.
Олжого үй-бүлөнү тундурган,
Ошол стол биздин үйдө болбосун.
КАШКА АТЫМ
Бар эле кичинекей кашка атым,
Канаты бар башка атым.
Ошол атым кечээ күнү жоголду,
Талаага оттоп кетип жок болду.
Эки жактан кашка атымы карадым,
Чөптөрдүн арасынан таап алдым.
Кашка атым – чөптөрдөгү шүүдүрүм,
Шүүдүрүм – ыр, таап алып сүйүндүм.
АЗАПТУУ ЧАКЫРЫК
Көптөн бери оору элем
Атымды бирөө чакырды?
Каяк жактан үн чыгат
Карадым жан-жагымды.
Yндү берген ким болду
Көргөзбөгөн ал өзүн.
Абайлатпай чакырса,
Ажал болуп жүрбөсүн?
АВТОБУС АЙДООЧУГА
Айдоочум, сен уйкуга азгырылба!
Абайлагын! сапардасың жолду кара!
Уйкуң -шайтан , жаңылганың бөөдө -өлүм
Өмүрүнө залал болбо бирөөнүн.
АКЫН ӨЗҮНӨ ЭПИТАФИЯ
Ким жатат ак кепиндин ичинде,
Бетин ачып аны карап көрүңдөр.
Акын тура ыр жараткан бир кезде
Арбагын сыйлап жакшынакай көмүңөр
Жакшы иштеп, сапар кеткен мен экем,
«Жараткан» деп тагдырга да көнүңөр.
АЙ, УУЛАМ АЙ!
Ай, уулум ай сак бол көр абайла!
Тетиги керилип жаткан Каркыра
Ыйык конуш ата-баба жери эле,
Көкөтөйдүн ашы өткөн жер эле,
Баатыр Манас бул жерге келди эле,
Бул аймактын баяны көп эң эле.
Каны бөтөн бир шүмшүк
Карматып ийди бөтөн элге.
Жерди эстеп кээде капа болобуз,
Жаштыктар сонун чакты ойлойбуз,
Ай, уулум ай, сак боло көр өзүңө!
Асыл жерди бере көрбө бөтөнгө…?
КАРКЫРАНЫН ҮНҮ
Каркыранын үнүн угуп,
Ойго баттым узакка.
Ажырашууну сезип турам
Армандуу ушул убакта.
Каркыралар кеп айтат:
«Ажырашсак жолугабыз».
Күзгө чейин чыдай тур,
Сапар кайра кайрылат».
ЖОЛОЧУМУН
(түнөк)
Жол боюнда жалгыз дарак,
Талаа алралап жел агылган.
Жалбыракты үйүп алып.
Дарак мага төшөк салган.
Бул дарактын түбүнө,
Бүгүн түнөйт өңдөнөм.
Бакыр түндү өткөрөйүн,
Талаанын түнүн көрөйүн.
КӨПӨЛӨК
Канат кагып кайталап
Өмүрү кыска көпөлөк
Лампаны айланат.
Байкушум күйүп калбайбы,
Кара жанын сактабайбы.
Жалынды таштап качпайбы?
Же болбосо жалбырттап,
Жалын болуп жанган жатабы…?
Шаардын башы жагынан,
Өкүрүк чыкты кайгырган.
Ый чыгып, боз үй тигилсе,
Санаага батып кайгырам.
Өкүнүчкө салып дүйнөнү,
Өттү экен кайсы адам?
Ушул эле көчөдө.
Үн салып бөбөк төрөлдү.
Адамдар келинп жатышат:
«Жаш бөбөктү көрөлү».
Жаш бөбөк жаңы төрөлсө,
Жол улады дагы бирөө.
Кубаныч менен армандан,
Куралган тура бу дүйнө
БАЛА ЧАК
Агыш кызыл көпөлөк,
Айланамда айланат.
Кооз кызыл гүлдөргө
Коно берет кайталап.
Көк менен учкан көкөлөп,
Көпөлөктө көргөн кезде
Көбүн эсе эске келет,
Көпөлөк кууган бала чак,
Көркөмү сүйкүм жаркылдак.
Көөнөрбөс ушул дүйнөгө,
Көрүнүш ачты шаңкылдап
КАРЫЫЛЫК
Эшикке чыксам улуу тоого.
Күн батканы жатыптыр.
Кечинде мал короого кайтыптыр.
Төрлөрдү көлөкөлөр каптаптыр.
Төрөлгөн жерим созулган
Дагы бир күнгө карыптыр.
БИРӨӨГӨ ЭЛЕС
Түшүмдө көрдүм түрмөнү,
Ойгонуп кетип чочудум.
Элестер келип кайдагы .
Өткөнүмүн каар тагы.
Түшүмө келе калганбы?
Түндөгү көргөн элести,
Кандайча жоруйм мен аны…
ИЗДӨӨ
Түн кирип жылдыз текши чыкканда
Мени менен сүйлөшүүдө салкын жел:
– Жигит айтчы, бар беле ынагың?
Ушул ойду сурап калып ал менден.
– Сүйгөнүмөн эчак эле кол үзүп,
Кетти жаштык жаадыраган курагым.
Жел аны өзүң өңдүү таба албай,
Желип, жортуп, издеп жүргөн убагым…
ТҮНӨК
Чымчыктарым кеч киреерде түнөгүн,
Канат кага издеп алып баратат.
Учуп жүргөн куштарымын түнөгү,
Ушул эле кичинекей серээ жак.
Ай, ким билет менин ысык сүйүүмүн,
Түн киргенде кайда барып түнөөрүн.
Билесиңби айта албадым уялып,
Менин сүйүүм сенден тапкан түнөгүн.
ӨЛҮМ, ӨМҮР ЖАНА ООРУЛУУ
АДАМ
Өлүм айтты: – Орулууну алып кетем,– деп,
Өмүр айтты: – Мен сага аны бербейм,-дейт.
Өлүм, өмүр ортосунда чоң таймаш,
Адам пенде тирүүлүктөн жол издейт.
БИР ООРУЛУУ АКЫНДЫН ОЮУ
Эшигимди күчтүү шамал ургулап,
Терезени тытып жатат жулмалап.
Шамал айтты: – «Сен жакында өлөсүң,»
Шашыла жаман кабар тартуулап.
Мен өлөмүн андан деле коркпоймун,
Көрөбүз го тагдыр жазса баардыгын.
Бирок менсиз жетимдикти тартат го,
Ырым, жарым жана дагы балдарым.
БИЙИКТИК
Асманда турган жылдызды
Уруп калдың таш менен.
Жылдызга таш жетпеди,
Жыгылып кулап кетпеди.
«Жолубуз такыр башка,
Ач көздүк бизге жетпейт»– деп,
Жылмая күлүп көз ымдап,
Жылдыздар турду жымыңдап.
ДАРАКТАЙ ДАҢК
Акын деген бууракандуу чоң дайра,
Шар суусу жээкти келип кемирет.
Чоң таштар тоголонуп титирейт,
Толкундары дарактарга бир тиет.
Акыныбыз күчкө келип дайрадай,
Ташкыны тараптарга ыр чачат,
Акын-талант, келечеке жол ачат,
Айланаңа дайрадай даңк жаңырат.
ЖООКЕРДИН АРМАНЫ
Жалгызым. 1945 – жылдар.
Оң колум денемдеги,
Жоо огунан жоголду.
Сол колум жап-жалгыз,
Көз жиберип караңыз.
Эки колдун кызматын,
Сол колум гана аткарган.
Жалгызым деп аны аяп,
Жабыркап карап мен турам.
МАҢГУРТ ЖИГИТ ЖАНА КЫЗ
Козу менен карышкыр бир кетсе,
Козуну карышкыр жеп салбайбы.
Козуну карышкыр жеп салганы
Кооптонткон азап болуп жатпайбы.
Козу коркуп бөрүгө жем болду,
Ошонун эле шору кайнап жатпайбы.
Козуга кол салбаса карышкыр,
Кокуй күн ай, жырткыч болбой калбайбы.
***
Жылкычы чымчык уясын,
Былтыркы жерге салыптыр.
Тектирде өскөн карт алча,
Текши мөмө байлаптыр.
Баары эле былтыркыдай,
Булак дагы, куштар да.
Өкүнтүп алыс жол кеткен,
Өзүң жоксуң бир гана…
Жылкычы чымчык экөөбүздү,
Жылгадан издеп жатыптыр.
«Алар кайда жоголду?».
Армандуу ырын жаратыптыр.
ЧЫНДЫКТАР
Иштен кетет министрлер дөө шаарлар,
Унутулат бир кездеги атактар.
Суу түбүнөн калкып чыккан өпкөдөй,
Суурулуп чыга келет чындыктар.
Дөө шаалар унутулуп өлүшөт,
Аларды бирөө келип өлтүрбөйт.
Өэ элине кастык ишин жасаган,
Өз жоругу өздөрүн өлтүрөт.
Суу түбүнөн жаңылыкты ачкандар,
Суурулуп ошол жактан чыгышат.
Журту үчүн жакшылыкты жазагандар,
Жумурай журт аларды коргоп макташат.
КӨКӨБАЙДЫН КӨЧҮ
Көгүлжүм тоону аралап,
Көкөбайдын көчү өттү.
Көчтү ашуудан ашырып,
Көкөбайдын өзү өттү.
Көкөбайдын көчү ошол,
Көөнөрбөгөн жаштыгыбыз.
Кыр ашып кетти байкалбай,
Кызды сүйгөн чагыбыз.
БАЙ ӨЗӨН ЖАНА ЖАШТЫК
Агып жатат бай өзөн
Аба жара күн-түндөп.
Албуут күүсү түзүлгөн
Арыга учат күрпүлдөп.
Бай өзөн агат элирип
Күүлдөк чачып тартынбай.
Жаңырат дайра бой керип ,
Жазында жаштык чагымдай.
МУҢДУУ ДАБЫШ
Тентек бадал өсүптүр,
Карасам тиги тарапты.
Тамыры жарып чоң ташты,
Экиге бөлүп таштады.
Сүйүүнү бирөө баалабаса,
Ушундай сынып ажырайт.
Арманын айтып жараңка
Азаптуу дабыш жаңыртат.
ОРУС ЖУРТУ
Москваны алабыз деп жутунуп,
Душмандар каптап көп жолу.
Жоо соккуга урунуп,
Жолой албай шайы ооду.
Тагдырдын табышмагы ошондой,
Сугун артып жутунушту эмнеге?
Оңой эле борборун бере койгондой
Орус журту өтө алсыз эл беле?
ООРУЛУУ АКЫНДЫН ЫРЫ
Чабылган чөптөрдү карап туруп
Тунжурады акын кургур ойлонуп:
-Ушундай соолуп калаар бекемин
Келетат арман каптаар кезегим.
Анда акынга лирасы шыбырады
Мындай деген насят кебин арнады:
– Кылымдарга түбөлүккө аманбыз,
Соолубайсың, анткендиги биз барбыз.
ТУУЛГАН ЖЕРГЕ АЙЛАНМАК
Каза таап, күнүм бүтүп мен өлгөндө,
Өз денеми туулган жерге тапшырам.
Туулган жерим мени кайда тапшырат?
Мына ушунун өзү деле табышмак,
Эч убакта жок нерсеге айланбай
Менин сөөгүм туулган жерге айланмак.
ӨМҮРҮМ
Карт уста мык кагып,
Иштеп жатат тажабай.
Кышкы түн теңинен,
Ооп калган бир далай.
Өтүп жаткан мезгил да
Карт устабыз мык каккан.
Балка үнү чыгып жаткан-
Өмүрүм экен ашыккан.
КЫРГЫЗ АТА ҮЧ АТЧАН
Нак өрүктүн жыгачынан жасалган
Күүгө келет комузумдун үч кылы
Бешик ыры, сүйүү ыры, жашоо ыры
Жэ болбосо бул турмуштун үч ыры.
Бир-бирине абдан эле оп-окшош,
Тоо койнунда татына үч жол жаткан.
Жол жомогун айтып келет эрикпей,
Ошол жолдо кыргыз ата үч атчан
КӨГҮЧКӨН
(Пушкинди туурап)
Тоонун түбүндө капталда,
Желеге түшкөн көгүчкөн.
Алсыз чарчап калыптыр,
Акырын алып мен көрсөм.
Көгүчкөн менен коштошуп
“Кеткин”– дедим -“Ылдам-уч”.
Жардам бердим түбөлүк,
Жан досума унуткус.
БАЛАТЫ
Ыргалат карт карагай
Жайкалып булак жанында.
Көз жиберсең шаң тарай,
Көйкөлөт башы асманда.
Карагайдан алыс эмес
Тарабында батыш жаккы.
Жарыя кылып кабарлады,
Жаштыгын айтып балаты.
ЖЫРГАЛАҢ
Элет жерде Жыргалаң
Эс алгандар жыргаган.
Жыргалаңда жашап жүрүп,
Жылдыздууму таап алгам.
Жыргалаңда эс алып.
Жылдарда сага кабылгам,
Жылдызга-жылдыз жанашты,
Жылдыздуу айлым Жыргалаң.
УШАК ЖАНА АСЫЛДЫК
Ушак айың жабышты,
Жакшы адамдын артына.
Уйгактай жабышкакты
Убалап салдым жакында.
Жамандкты чаң басты,
Асылдыкты дат баспай,
Жакшы адамдын сапаты,
Жаркылдаган алтындай.
САТИРА МЕНЕН ЛИРИКА
Күйдүргүнү жер үстүнө жайылтып,
Күлкү чачып көңүлүңдү эргитет.
Сааттуу сагызгандай үн жаратып,
Сатирабыз сайып өткөн тикенек.
Өтөктөрдүн гүлү сымал ыргалып,
Өтө назик шаптасы эленет.
Лебинен назик абаз жаралып,
Лирикабыз бир жаралган керемет.
КОШОМАТЧЫЛАР
Шумкарды-шумкар деш керек
Корозду-короз деш керек.
Короз шумкар аталса
Заты аталды башкача.
Короздун-короз аты бар,
Шумкардын-шумкар даңкы бар.
Корозду шумкардай макташып,
Жаңылдып келет кошоматчылар.
БИРӨӨ КЫЙНАЛГАНДА
«Бала күндөн жармашып,
Жөтөл дагы жоголбоду.
Дарыландым көп жолу
Дартка дабаа болбоду.
Күндө гана тынчты алды,
Күч келтирип кыйнады.
Балее ушул жармашкан,
Башымы жеп тынабы».
МУГАЛИМДИК КЕСИБИМЕ
Жаш чагымда ойлочумун,
Жетейин деп булутка.
Бирок учуш кыйын экен,
Буулуккан ушу турмушта.
Чоң кесипке тиги асманда,
Аралай албай калсам да.
Жердеги бир булутка,
Жетип алгам турмушта.
АДАМ КӨЗҮ
Мени өлтүрүп уурдап кетмек уурулар,
Көзүм эгер алтын болуп калганда.
Алтын көздөн чыны менен айрылып,
Арман күнгө батмак элем мен анда.
Жансыз алтын ууруларга буюрсун,
Жаны жоктор асыл көзгө тең келбейт.
Адам көзү улуулукту жиберет,
Ал жактарда өлбөстүктөр мекендейт.
КАРЫЛЫК
Тиги кырда гүлдөр көп,
Бала кезде өтчү элек.
Баарыбыз кууп көпөлөк,
Ар жагы биздин кең өтөк.
Ошол кырга көз салмай,
Карап турам жете албай.
Бутумду тушап салдыбы,
Карылык келип капырай.