Читать книгу Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору (Мирлан Бакытович Калдыбаев) онлайн бесплатно на Bookz (3-ая страница книги)
bannerbanner
Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору
Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору
Оценить:
Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

4

Полная версия:

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

Сыйкырдуу тасторкон да алынып келди.

Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон ажыраганына аябай капаланды. Ким колдуу болгонун дароо байкады.

Алтын саканы ыргытып, анан өзү чуркап жердин алдындагы бакка барып, мөмөлөрдү эки- үч чакадай жыйнады. Кыштын кырчылдаган күнү падышага тартуу кылып алып барып берди. Баарысы аң- таң калып, жеп жыргашты.

– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды. Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Султаналы:

– Мен бирден оозуңарга салам, оозуңарды ачып, көзүңөрдү жумуп тургула – дегенине падыша менен вазирлер макул болду.

– Падыша мышык, вазирлери ит болсун, – деп Султаналы шыбырап, колун бир силкип койду.

Ошондон кийин баарысы айткандай болду. Падышанын тактысына өзү олтуруп, адил иш жүргүздү. Жоголгон буюмдарын таап, жаркырап- жайнап жатып калган экен.


СЫЙКЫРДУУ САКА

Илгери- илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.

Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир.

Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Ошондо сакасын колуна алып: «Сакам, сен да жакшы конбой койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим- кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып жүрөр элем», – деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап жатып уктап кетет

Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет. Бирок кечээ болгон окуяны ата- энесине айтпайт.

Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат.

Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: «Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел», – дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр», – деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.

Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет.

КАМЫР БАЛБАН

Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир- чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: «Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы» деп арманын айтып, тышка, чыгат. Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир- чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл «жоо келе жатабы» деп качат экен.

Ошентип жүрүп отурса, алдынан Тоотолтоң деген адам чыгат. Андан Камыр балбан:

– Эмне өнөрүң бар? – деп сурайт.

– Балбандыгым бар, – деп жооп берет.

– Эмесе жүр, экөөбүз жоддош бололу, – деп ээрчитип алып жүрүп олтурса, алдынан Суусулпаң деген кездешет. Андан:

– Эмне өнөрүң бар? – деп сурашат.

– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт.

Ал үчөө жолдош болуп жүрүп отурса, жолунан Айалпаң чыгат. Андан:

– Эмне өнөрүң бар? – деп сураса:

– Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт, – дейт.

Төртөө биригип алып, өзүлөрүнчө тоого чыгып, аң ууламакчы болушат. Алардын бирөө күндө кошто калып эт бышырып турмакчы болот. Адегенде Айалпаң калат. Беркилер кечинде келишсе, эч кандай тамак жок, бир Жез Тумшук от аламын демиш болуп келип, этин жеп, өзүн аябай сабап кетет

Экинчи күнү Суусулпаң эт бышырганга калат. Анын да Жез Тумшук мурункудай этин жеп кетет. Анда да ачка калышат.

Үчүнчү күнү Камыр балбан калып, эт бышырып отурса, Жез Тумшук келип:

– Эт берчи! – деп Камыр балбанга айтат. Анда Камыр балбан:

– Эт жебей, чок же! – дейт.

Ал экөө ошол жерден кармашып, Камыр балбан баягы темир таягы менен чабаарда, Жез Тумшук качып жөнөйт, тиги кууп жетпей калат. Ал кара үңкүргө кирип кетет.

Кечинде жолдоштору келгенде, Камыр балбан болгон ишти айтып үчөөнү ээрчитип, үңкүргө түшсө, бир ак үй бар экен. Ал үйгө кирсе, үч кыз ыйлап отурат. Баягы Жез Тумшук уктап жатат. Аны Камыр балбан таягы менен бир- эки чаап жиберее, тура калып кармашат. Үч кыз унчукпай отура беришет. Камыр балбан баягы Жез Тумшукту өлтүрүп, үч кыздан сыр сураса, ал үчөө зордуктап алып келген хандын кыздары экен.

Үч кызды Камыр балбан тышка алып чыгып, үч жолдошуна барып үч кыздын бирөөнү өзү алып, экөөнү Тоотолпоң менен Суусулпаңга берет. Айалпаң кур калат. «Үч кызды үчөөбүзгө бербейт», – деп үчөөнүн ичинен нааразылык чыгып, балбанды өлтүрмөк болушат. Аны балбан билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып кетишет. Үч кызды балбан ханга кабар айттырып, шаарга барат.

Барса баягы үч кыз ошол хандын кыздары экен. Хан өзү хандыктан түшүп, балбанды хан көтөрөт. Ошентип, Камыр балбан хан болуп карыган ата- энесин багып калыптыр.

АЙЛАКЕР БАЛА

Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: «Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?» дейт. Анда бала: «Атым – Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет» дейт.

– Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон?

– Менде эч деле айла-амал жок, ата-энемдин койгон аты ушул экен.

– Эмесе, балам, баары бир ата-энең, багар-көрөрүң жок экен, мага бала болгун, – дейт.

Бала: «Жакшы болот, ата, сокурдун тилегени эки көз дегендей, менин тилегеним да ошол эмеспи» деп, ал адамга бала болуп жүрүп калды.

Күнү эшикте ойноп отурса атасы чакырып: «Ээ, Айлакер, сен мына бул бактын башында эмне бар экенин билесиңби?» дейт. Бала: «Билем, ата, анда ак сары деген куштун уясы бар» деди. «Эмесе, куш азыр уясында жатат, сен кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келет.

Чал: «Эми кайра алып барып, жумуртканы уясына салып келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей жумуртканы уяга салып кайра келди эле, атасы: «Колуң эптүү, өзүң тири карак экенсиң, ишке жарай турган кебетең бар көрүнөт» дейт. Кечке маал болгондо атасы: «Мына бу жердеги абышка-кемпирдин үйүн билесиңби?» дейт. «Ошол кемпир-чалдын бир карын сарын майы бар. Аны же өздөрү жебейт, же кишиге бербейт. Түн ичинде уурудан коркуп, экөө ортосуна алып жатат, баргын да, ошону уурдап келгин» дейт.

Айлакер макул болуп, абышканын үйүнө жетип барат. Барса, чынында эле абышка-кемпир төшөгүн кенен салып, майды ортосуна алып уктап жатышкан экен. Айлакер жыла басып, төшөктүн жанына барат да, абышканын үнүнө окшотуп кырылдап, «кемпир, ары жат» деп кемпирди акырын түртүп коет. Кемпир арылап кетет. Андан кийин «абышка ары жат» деп кемпирдин үнүнө окшотуп, үнүн жасап абышканы түртөт. Абышка арылап кетет. Ушуну эле күтүп турган Айлакер карап турчубу, майды уурдап алып, чыгып кетет.

Аңгыча абышка ойгонуп калып, эки жагын сыйпаласа, карындагы май жок. Абышка өзү да жаш кезинде кыйын амалдуу экен, бул иштин Айлакер колдуу болгонун түшүнүп, төшөгүнөн дароо тура жүгүрүп, Айлакердин атасынын үйүнө жетет. Барса бала үйүнө жете элек экен. Абышка үйгө кирип, бир чаканы уурдап алып чыгып, эшиктин алдынан тосуп тура калат. Аңгыча Айлакер майды көтөрүп алып келип калды эле, абышка: «Келе, балам, майды мага берип, буга суу алып жетип кел» деп, шаштыра колундагы чаканы кармата койду. Бала: «Өзүмдүн атам экен» деп, майды берип, чаканы алып сууга жөнөйт. Жүгүргөн бойдон суу алып келип: «Мына, ата, суу алып кел дедик беле» дейт.

Айлакер алдатканын билет да кайта жүгүрүп, абышканын үйүнө жетет. Барса, абышка үйүнө жете элек экен. Үйгө кирип кемпирдин жоолугун алып, башына салынып, абышканы тосуп турат да, «Түлөөң курган чал, кайда кеттиң, эчкилериңди карышкыр кууп кетти» дейт. «Кайда кетти, ме майды» деп, абышка майды бере салып, эчкилерин издеп кетет. Айлакер болсо майды алып үйүнө келет. Абышка талаадан эчкилерин таппай кайта келсе, эчкилери короодо жатат. Аны көрүп кемпирине ачууланып: «Эчкини карышкыр кууп кетти дебедиң беле» дейт. Анда кемпири: «Сен эчкиге кеттиң беле, майга кетпедиң беле?» дейт. Абышка Айлакерге алданганын билип, өзүн санга бир чаап кала берет.

АКЫЛ КАРАЧАЧ

Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:

– Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин, – деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:

– Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор? – деп элге суроо берет.

Ошондо бир балыкчы чал:

– Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу? – дейт.

Андан Каракан:

– Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот, – дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.

Кыз:

– Таксыр каным, «кандын суроосуна жооп бер», – деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин, – дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.

– Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата- энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени «кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок», деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын» боло албайт экен го деп ойлоймун.

Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, «айжокчулук» деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.

Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, барыдан убада оор экен деп ойлоймун.

Ошондо кан: «Суроомө туура жооп берди», деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:

– Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун, – дейт.

Карачач кыз болсо кандан алган ат башындай алтынды үйүнө алып барып, атасы менен энесин кубандырды.

Үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча кыз канга атасын жиберет да:

– Кан оңой суроо берсе жооп бериңиз, эгер кыйын суроо бере турган болсо, «үч күнгө чейин уруксат бер» деп кайта үйгө келерсиз, – дейт.

Баягы чал канга баргандан кийин кан аны ордосуна чакырып алып:

– Ээ чал, кечээ кызыңа ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүнүйө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам. Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын, – дейт.

Анда чал:

– Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи, – дейт.

Бул сөзгө кандын ачуусу келип:

– Чалды дарга тарткыла, – деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:

– Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң, – дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.

Конец ознакомительного фрагмента.

Текст предоставлен ООО «ЛитРес».

Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на ЛитРес.

Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.

Вы ознакомились с фрагментом книги.

Для бесплатного чтения открыта только часть текста.

Приобретайте полный текст книги у нашего партнера:


Полная версия книги

Всего 10 форматов

bannerbanner