
Полная версия:
Бабалардын Урпагы. 3 китеп
***
Бабаларым жашап өткөн Көңдөйдө,
Жамгыр куюп, бороон сокту көп ирет.
Өткөн мезгил эми бизге кайтып келбейт,
Бороон, жамгыр аны мезгил кайрып кетет.
Тагдыр экен жердештерим кайтыш болду,
Бүттү эми алар мага кайра кедбейт.
Антсе, дагы элестери көз алдымда,
Ал элести аң-сезимим кайрып берет.
ЭЛЕСИ ТУРАТ ЭСИМДЕ
Өлүм чиркин түгөткүр,
Өпөйгөн чалды алды.
Тиктегенде суктанткан,
Тили ширин жашты алды.
Ажал чиркин түгөткүр
Өнөрлүү жанды алды.
Жоргологон сөзү укмуш,
Жомокчу чалды алды.
Атагы элге таанылган,
Алып кетти талантты.
Капага салып жандарды,
Калың журтун какшатты.
Өлүм чиркин түгөткүр,
Эл башкарган бекти алды.
Караандуу жандан айрылып,
Калың журту какшады.
Эсеби жок чиркинге,
Эч бир арга табылбас.
Элден узап кеткендерди,
Эскере жүрчү замандаш.
Өтүп кеткендердин үнү:
Кайрымдуу менин таанышым,
Кадыр көңүл бар эле.
Жашообузда бир кезде,
Жаркын үмүт жанды эле.
Мен барган жакка сен дагы,
Учуп конуп бараарсың.
Армандуу өмүр өткөрүп,
Тагдырга көнүп каласың.
«Арабызда жашады» деп,
Арытпай эстеп атымды,
Арбагым алсыз болсо да,
Айта жүрчү затымды.
Элесим ээсиз болсо да,
Эстей жүрчү атымды.
Азыр турган эртең жок,
Армандуу тура дүйнө шок.
Ай, армандуу тура дүйнө шок!
***
Атаңдын көрү дүйнө күн,
Арманы көп дүйнөнүн.
Кейитип турган адамды,
Кейиши көп өткөндүн
Атаңдын көрү арман ай,
Армандын көп болгону ай.
Айдыңдуу эле адамдар,
А дүйнө кетти таптырбай.
***
Эзелкини эбиреп,
Эстеер киши болбосо.
Абалкыны баяндап,
Айтаар киши жок болсо,
Өткөндү такыр унутсаң,
Ошондо адам өкүнөөр.
Өкүм мезгил тарыхы,
Өксүк кылып өчүрөөр.
Биздин Көңдөй айлында,
Бийлер болгон бир далай.
Эсенгул, Жоомарт, Күрөңкө,
Эл башкарган Элчибай.
Ата-баба тарыхын,
Айта берем тартынбай.
Ушулардын санжырасы,
Унутулуп барат айтылбай.
Ак кагазга түшүрөм,
Анын баарын кайталай.
Чамалап эске салалы,
Чаласы калса жазылбай.
Комузчусу күү чертип,
Кооз күндү эшитип,
Кошубай деген бай өткөн
Коктудан атын чаптырып,
Койлорун тосуп жоноктон.
Түшүп келген колоттон.
Боолотуп жылкы айдаган,
Боогачы деген бай болгон.
Бордунун түзөң белине,
Боз үйү менен эл конгон.
Баятан келди эзиме,
Бай өткөн биздин бабалар,
Ар изи калган белгисиз,
Айтылбай калган тарых бар.
***
Бир көгөрүп алганда,
Айтканынан кайтпаган.
Кежирленип калганда,
Кекчилдигин жанып башкача
Карыш жерге баспаган,
Карматып келип көктүгүн,
Тууганына жакпаган
«Көк жинди» деп аталган.
Калдайган тоонун бетине,
Карала коюн жайдырган,
Үн чыгарып кайкыдан
Ит агытып, куш салган,
Өзүнүн түзгөн байлыгын,
Ырчыларга мактаткан.
Айдар менен бир болуп,
Жер чийип эгин айдаган.
Эгинин койго алмашып,
Акырындап байыган.
Айты ата менен бир болуп,
Алыш-бериш мал баккан.
Кыздары кетип кырымга,
Уулу кетип урумга,
Күлүктөрү күргүчтөп,
Торгойго аты дүңгүрөп,
Ысабек деген бай өткөн,
Ырыс конуп башына,
Ар бир иши шай өткөн.
***
Какылдаган карга жок,
Кукулдаган кузгун жок.
Бүтүмү оор турбайбы,
Бүгүн турган эртең жок.
Өмүрдүн баарын өзгөртүп,
Алыс жакка жөнөтүп.
Астыга айдап күндөрдү,
Айга айлантып жоготмок,
Күкүмдөй кылып мүнөттү,
Күнгө айлантып коротмок.
Кеңеш берген биздерге,
Кебин айткан сиздерге,
Кечөөгүнкү кары жок.
Кейишке баттык дүнө шок
***
Мамыр баскан жайлоого,
Коңгуроо гүлү жыш өскөн.
Малдуу, жандуу ток пейил
Мамбет ата бу өткөн.
Жакындары тууганына
Өз жардамын аябаган.
Жайылма деген өтөккө,
Жайында конуп мал жайган.
Ошол күндөр ажайып,
Келген жок го айланып.
***
Жонокчодон көрүнүп,
Жорго минген пенде өттү.
Жылкысын төмөн чубуртуп,
Жылгындуудан бирөө өттү.
Жылкыларын жыйра айдап,
Ден соолугу өтө шай,
Демигип атты камчылай,
Үн чыгарып бакылдай.
Кабагы ачык жаркылдап.
Мунарык тоону аралап,
Жорго менен сабалап,
Жонду койбой аралап
Алтымышбайдан төрөлгөн
Мукаш аба өтүптүр.
Муңдуу элес көчүптүр.
***
Токторбайдан Орозо
Сөз бурабыз ошого
Карааны тоодой шам чырак,
Кабагы ачык жаркылдак.
Бабаларды жондотуп,
Байыркыдан ыр ырдай.
Башынан өтүп көп окуя,
Өзүнчө бир олуя.
Куудул Кожо Насирдин,
Күлкүчүсү өз элинин.
Торгойго аты таралган.
Толгон-толгон кеп калган
Кылыктарын эстесек,
Кылымдык күлкү тараган,
Баяны көп айтылган.
Уккан адам тамшанган.
Көргөн адам карыяны
Ээрчип алчу калбастан.
Өтө жалкоо адамды,
Маш кылуучу мазактап.
Уккандар ал жорукту,
Ыкшып күлүп каткырмак.
Кап-кара жал куйругу,
Кара аты анын дулдулу,
Куручук менен Шаршенден,
Кем калбаган жоругу,
Жанында турган адамдын,
Бөйрөктөрү бүлкүлдөп,
Кагын болуп калгансып,
Кабыргасы сүлкүлдөп.
Эси оогон күлкүдөн.
Өлүп калган адамды,
Оюна койбой күлдүргөн.
Көп сөз кылаар эрмеги,
Көнөчөктүн тентеги,
Кайран киши бир келген,
Кайрылгыс болуп жол кеткен.
Мына ошол баяндарды,
Ырдап берип ыр кылгам,
Колумдан келчү иш экен,
Андан башка не кылам.
***
Кыйкырса тоолор коштогон,
Тоолор өңдүү тоо болгон.
Бакылдап келип сүйлөсө,
Башка адамдар таң калган.
Уулу кетип урумга,
Кызы кетип кырымга,
Балдары тың чыгып,
Атагы калып артында
Жолукканга кеп айтып,
Жон-жондорду жайлаган.
Тоолордо үнү таралган,
Токтосун деген ата өтүп,
Токтобой жылып көп заман.....
***
Ат үстүндө эрлерди,
Аңтара салып бөктөргөн,
Күлүктү минип шамдагай,
Боюу узун далдагай.
Ичинде такыр кири жок,
Башкага жаман оюу жок,
Кармаганын капшырган,
Кем калбаган баатырдан.
Баякун деген бабадан,
Башкача бир кеп айтам.
***
Тогузбай менен Сасыке,
Тоолуу жерди жайлаган.
«Кан жайлоого көчөм» деп,
Кашка атын байлаган.
Карала уйду баш кылып,
Кара өтөккө айдаган.
Караан кылаар бала жок…
Кашка ат калды чабылбай,
Кара уюу талаада,
Калып калды айдалбай…
***
Ысмайыл деген ата өттү,
Ылаачын таптап, куш салып,
Ылдыйга тайган агытып,
Күлүгүн чаап, кар ызгытып.
Атыгай Колот, Иймекке,
Ак боз атын чаптырып,
Учуп жанган өмүргө,
Учкул элес калтырып.
***
Кыркалакей тизилип,
Кыраң менен көч өткөн.
Ой Булакка койлорун,
Огой абам жөнөткөн.
Оо, дүйнөгө бу да өткөн,
Акылман жана жөнөкөй,
Алтынга бергис жан өткөн.
***
Туугандарым бар эле,
Көзгө чабаар атанган.
Тартынбай туруп таяк менен
Тарсылдаша чабашкан.
Көз чабышкан ал учур,
Көрүнбөй эми артта калды.
Көрсөтүп жаңы ыкманы,
Көз чукуулар башталды.
«Көз чукуурдун айлы»,– деп,
Көрүнгөн эл атайбы.
Жаңы ысымды биз алып,
Жаркырап-жайнап жашайлы,
Жакшы күнгө баралы.
Алдыда шаң майрамды,
Шаттуу тосуп алалы.
***
Көч алдында узаган,
Үйүр-үйүр жылкы өттү.
Отордогу жылкыны,
Оторчу агам кууп өттү.
Кененбай сүйкүм абалар.
Урманбеттин Көчкүнү,
Ысмайыл уулу Ишенбек
Жылкычы эле баардыгы,
Жылдыздантып адырды,
Шаңданышат баардыгы,
Шарактата жылкыны.
Шагылдуу тоодон кайырган.
Күлүктөрүн жарышта,
Күргүчтөтүп айдаган.
Шам кулактуу жылкылар,
Шамалдай болуп баратат.
Куйрук жалы жылкынын,
Куюндап желге таралат.
Жылкынын үйрү арылап,
Жылып учат жылга менен
Жылдыздуу биздин абалар,
Жылкысын айдап сабалаар.
Ичип койуп кымызды,
Иштин баарын шай кылган.
Урматтуу биздин абалар,
Унутулбайт жадымдан
Элеси эсте сакталып,
Эли-журтум даңктаган.
***
Аляз абам бар эле,
Акылы кенен дайрадай.
Арбын жыл бирге жашадык,
Айдыңдуу тоону аралай.
Улуу тоого мал жайып,
Ошол күндөр ажайып,
Атак менен урматталып.
Ала барман адам эле.
Күлкүлүү жан, шайыр эле
Чоң Таш, Арпа Тектирди,
Чогуусу менен жайладык.
Кычыраган сууктарда,
Кышында бирге кыштадык.
Кара Каман, Чатыр Ташты,
Ат Жайлоону, Суук Төрдү,
Жайында бирге жайладык.
Калдайып жаткан ашуудан
Кар бороондо бир аштык.
Булуттуу тоонун койнунда,
Буйгатка малды кайырдык.
Кымыз куюп, айран ичтик,
Жылкы союп, чучук жедик.
Мемиреп алып токтобой,
Мезгилдер сызып уланат.
Урматтуу ушул адамды,
Унутуп салсам мага уят.
Ак кагазда аты калбаса,
Арманымды ким туят?
Атаңдын көрү шум ажал,
Арбын жанды жалмаган.
Керилген сонун адамдар,
Келбейт тура кайрадан…
Эсилдердин карааны,
Эске келип жайнаган.
***
Дүйнөдөн айткан жаңылык
Дүйшөнбай агам бар эле.
Чын-тамаша кеп менен
Чыгарма жазчу бат эле.
Таптырбай узап кетиптир,
Таалайлуу өмүр жылдары.
Тамаша айткан адамды,
«Капилет кайда кетти?» деп,
Караанын турам таба албай.
Шек билгизбей жоголгон,
Шекшимал өткөн жылдар ай,
Ошол куудул адамды,
Оюма кееде түшүрөм.
Акырындап суюулуп,
Арабыз улам бөксөргөн.
***
Дөгдүрдүн уулу Мукамбет,
Баралында тың чыккан.
Адабий сынды аркалап,
Аалыга кеңеш, кеп айткан.
Дала жылы кезитте,
Дайындуу жумуш иштеген,
Турак жайын сагынып,
Туугандарга көп келген.
Көөнөрбөс эли эскерген.
Көзү өтсө да туягын,
Айлындагы мектебине,
Аты аталып шумкарды.
***
Чымындуу агам Байсерке
Чыйрак чыкты жашынан.
Чыгармасын бап жазып,
Чыныгы ырды калтырган.
Бурулушта учкан куш
Букарга жолун улаган.
Кайрылышта кара куш,
Казанга барып окуган.
Эр жигит өтүп кетсе да,
Эли-жери эскерет.
Унутпай ушул аганы
Урматтуу атын эстешет.
Айлымдын көчөсүнө.
Анын аты берилген.
Чыкпады такыр тизмеден
Ысмы калды тарыха,
Көз алдыга элестеп
Баласы да тың чыгыпыр,
Санжыра китеп тизмелеп.
***
Орозакун агабыз,
Окумал чыкты башынан.
Ордо борбор калаага,
Ошондо эле таанылган.
Жалындуу өмүр жайнаган.
Жаш чагында жайраган.
Эли эстеп уланын,
Эсине салат кайрадан.
***
Түмөнбай айткан санжыра,
Түгөл жептей калды да.
Канай жана Эсенгул
Калкына болгон акылман.
Караңгыда жол тапкан,
Капилеттен сөз ачкан.
Кыйын кезде журтун коргогон,
Өзүчө эле чеп коргон.
***
Абатай абам эсимде,
Абалап жылдар сызса да.
Караансыз жылдар закымдап,
Кайрылгыз алыс калса да.
Карлыгач куш жете алгыс
Кайрылгыс жакка барса да.
Кара-Көңдөй калың журт!
Калдайып жаткан ушу журт!
Тоолуу жерде Торгой журт!
Топуктуу эл ушу журт!
Айдыңдуу деп барктаган,
Арбагын сыйлап даңктаган,
Караанын такыр көргөзбөй,
Качса да далай замандар,
Даңктуу өткөн адамдын,
Дайындуу атын чыгарып,
Даңазалаар адам бар.
Айлындагы көчөсү
Анын аты аталган.
Ушундай улуу адам,
Унутулбй эске салынган.
***
Элчибай менен Талканбай,
Элине эмгек сиңирген.
Караан болгон бир далай,
Кары, жашы аларды,
Кайрылып эстейт унутпай.
***
Буулугуп жылдар өткөнүн,
Булуттар тоого көчкөнүн.
Байкабай калган экемин.
Баарысын азыр эстедим.
Узак жылдар кеткенин,
Унутуп кала жаздапмын.
Убайга батып кайрадан,
Ушуну азыр тактапмын.
***
Жомокчу чал эпеңдейт,
Эшеги күлүк тепеңдейт.
Байркынын жомогун,
Баян кылып кеткем дейт
Элге аты таанылган
Бабалардан бата алган.
Дайны чыгып көп элге,
Далай жыл элди башкарган,
Ысмы анын айтылып,
Ыйык журтка таанылган
Темир- Канат уланы,
Терезеде чырагы,
Көңдөйүмдүн уланы,
Көөдөндөгү чырагы,
Кадырман элдин кулуну,
Беккулунун тукуму,
Кошубайдын мыкты уулу,
Уламадан уласам,
Улуулардан сурасам,
Жумакадыр аба өткөн.
Калдайган мындай абанын,
Карааны кетпей жүрөктөн.
Мезгил деген күлүк ат,
Шабыр-шубур шашылмай.
Элестүү өткөн агалар,
Эстен чыгып капырай.
Убакыт деген учкаяк,
Абыр-шабыр шашылмай,
Урматтуу сыйлуу абалар,
Унутулуп барат капырай
***
Боргөтөн деген бабабыз,
Болотуп жылкы айдаган.
Ата-баба санжырасын,
Абалата сайраган.
Аянда аты даңкталган.
Шоңкодон чыккан Боргөтөн,
Шоңшоюп жондо отуруп,
Улап айткан санжырасы,
Уккандын көөнүн толтуруп.
Апталап айткан санжыасы,
Адамдын көөнүн толтуруп.
Жумалап айткан санжырасы,
Журттун көөнүн толтуруп.
Боргөтөндун ат кошчусу,
Божур кептин илгичи,
Шоңколордун жигити,
Шоорат сөздү билгичи,
Сур айылдын ыраңы,
Сулуу сөздүн кырааны,
Таабий деген бабабыз,
Таанылып аты Торгойго,
Тараган биздин даңкыбыз.
Сабалаган жылдардай,
Сан жылдардын карааны.
Санжыра айтуу баянын,
Боргөтөндөн үйрөнгөн,
Боолотур сөздү түшүргөн.
Талыбай сүргөн тарыхты,
Табияттан өнөрлүү.
Бөргөтөндөн ары уласа,
Боз булбулдай сайраса,
Саймалаган сөздөрү,
Санжырага көрөңгү,
Таабий деген чоң ата
Табышмак бойдон калды да.
Уулу, урук, тууганынан,
Укмуштантып кеп айткан.
Таамай сөздү чубаган,
Табылаар бекен бир адам.
***
Комузчу абаз уясы
Зыпылдап жан киргизген.
Колдору кара кучкачы,
Колдогону талант уясы,
Кыраан күүчү чертмекчи
Күүнү чертип шоңкойгон
Күрөңкө чыккан шоңкодон,
Күүсүн күүлөп отурса,
Көөнүн элдин толтурса,
Обону сыйкыр окшогон.
Кеп козгоймун ошондон
Буруп-буруп черткенде,
Булбул талдан кулаган.
Толгоп-толгоп черткенде,
Торгой көктөн кулаган.
Кайрып-кайрып черткенде,
Калк «Дагы» деп суранган.
Бирде күүсү ботодой,
Боор сыздатып боздогон.
Боз ингендей буркурап,
Ботосун издеп жоктогон.
Муңканса күүсү зар улап,
Муңдуу жандын көзүнө
Мөлтүр ысык жаш толгон.
Муун –жүүнү шалдырап,
Муңайган жүзү жалдырап,
Күйүтү чыккан тышына,
Күйүттү арман козгогон.
Бир туруп күүсүн шат кылган,
Шарабы жок мас кылган
Көкүрөктө зар эрип,
Шаң күлкүгө тойбогон.
Шаттык кумар ойногон.
Айлана күүгө оронуп,
Асманга жылдыз тоголуп.
Ай кылайган кечтерде,
Күрөңкө комуз черткенде,
Айлына доош тараган,
Айдыңы тунук абадан.
Түнкү жандык тынчтанып,
Күү кайрыгын тыңшаган.
Кымча бел кыз, жигиттер,
Бири-бирин карашкан.
Ойнун таштап күү тыңшап,
Ободон жылдыз санашкан.
Бүтөбайдын Акуну
Кыргызга аты таанымал.
Күмүш жаак жез комуз
Күрөңкө күүсүн улаган.
Устатынан укмуштуу,
Улуу күүнү кураган.
Таякелерине жол улаган,
Кадимки Кара Молдодон,
Иманкул уул Чалагыздан
Үйрөнүп өнөр жолдогон.
Иши анын оң болгон.
Талбай чертип комузду,
Талант жолун жолдогон.
Кызыл гүл ачса зоонуку,
Ак мөңгү аска зоонуку.
Кызыл шайы сеники,
Кыз бала тапсаң меники.
Өнөрлүүнү сыйлай жүр!
Өлбөс талант элдики.
Мандалак ачса тоонуку,
Аркар-кулжа зоонуку.
Кара ала шайы сеники,
Кара көз бала меники.
Кадыр-баркын сыйлай жүр!
Кажыбас талант элдики.
Алтын-күмүш жердики,
Ак нурлуу жүз сеники.
Ал мончок бала сеники,
Атын эстеп сыйлай жүр!
Айдыңдуу талант элдики.
***
Мембеттин Тынайы,
Башка жерди жайлаган.
Куурагырдын атасы,
Кулак болуп айдалган.
Мамбеттин Тынайы,
Сыйлык менен сыйланган,
Сыйкырдуу Ала Тоосунун,
Сыймыгы болуп даңкталган..
Анын уулу Жамаке,
Атасынан тың чыккан.
Алтын орден тагынып,
Баатыр болуп даңкталып,
Баардык жерде макталган.
Балдары өсүп жетилип,
Алдыга улам тез кетип,
Бийликте элди башкарган.
Чымырап өссө дарактай,
Чындыгында не арман.
***
Койсойбостун Чыңгысынан
Он уул чыкты жараган.
Ону болсо он жакка,
Ит агытып, куш салган.
Карачадан Бокбасар
Андан тукум тараган.
Карачадан уулдар чыкты,
Камчы сапка жараган.
Эшперден Жумаш бар,
Элде аты айтылган.
Көзү өтүп кетсе да,
Эмгеги менен макталган.
Далай сыйлык даражаны,
Учурунда ал алган.
Бул абаны эскербесем,
Менде калат чоң арман.
***
Сейиттен жакып абабыз,
Серүүндө күлүк таптаган.
«Караан кылып чабам»– деп
Карагер атты байлаган.
«Түнүндө аман чыксын»– деп,
Түйшүк тартып караган.
«Жазда аман чыксын»– деп,
Жал куйругун тараган.
«Күзүндө аман чыксын»-деп.
Күүгүмдө туруп караган.
Күнү-түнү ойлоп самаган.
«Кыдыр ата даарысын»– деп,
Кыдыр деген баланы,
Чабандес кылып чаптырган.
Сейиттен Жакып абага,
Берген жок кудай бир бала.
Күлүгү калды чабылбай,
Күйүттү кетти арылбай.
«Аталап» бала ыйлабай.
***
Бул дүйнөдө кимдердин
Чийилип калган изи жок.
Тукумсуз өткөн адамдан.
Тунжурап турат дарек жок.
Албуутанып токтобой,
Адырдан согуп жоноктоп,
Алкынып учкан шамалдын,
Артында калган изи жок.
Өкүмдөнүп жол улап,
Өтүптүр мезгил жиги жок.
Өнөрсүз өткөн адамдын,
Өлгөндөн кийин изи жок.
***
Калың-калың китепти,
Калтырбастан жатка окуп,
Тарыхта өтүп кеткенди,
Тастыктап таңда окуп.
Ата-баба санжырасын,
Айылдашка айта окуп,
Бир кезде элди башкарып,
Башкарма болуп даңкталып.
Төрт Күлдөгү мектепке,
Директор болуп аты калып.
Учуп чыккан күлүктөй,
Сөзү учкул жебедей,
Самйедиреп отурса,
Жаңылбаган кенедей.
Кара сөздүн чебери,
Беккулунун чечени,
Кара Көңдөй элине,
Кайран эр келип бир өткөн,
Калың журтка кадырлуу,
Кадыр ага бу өткөн.
Өзүн алга сүрөсө,
Тартынбастан бек жүрсө.
Далай жерге сапар бармак.
Кыргыз элин башкаркмак
***
Эки кап силос артынап,
Эчен-эчен киши өттү.
Жармы төгүн, жармы чын,
Жарандардын көөнү үчүн,
Жабырата кеп таштап,
Кебин уккан адамдар,
Күлө берчү шарактап.
Ыржайтып киши күлдүрүп,
Иляс куудул бу өттү.
Тамаша айткан жарандар,
Такыр өлбөй калса эмне?
Такыр өлбөй калса да,
Экөө болуп калса эмне?
Бирөө өлүп калганда,
Берки тирүү калганы,
Калк аралап арада,
Журтту жүрмөк күлдүрүп.
Жулмуңдап киши сүйдүрүп.
***
Теңтуштун көөнүн жай кылып
Тебетей кийип калдайып.
Карааны тоодой көрүнүп,
Карач атадай барбайып.
Иймек менен чаптырып.
Ит агытып, куш салып,
Ырысы тоодой көрүнүп,
Ысмайыл ата бу өттү.
Шамалдуу сайды аралай,
Шамалы согот сабалап.
Шаңдуу күлүп шарактап,
Шаттуу кырчын чагында,
Шамы өчкөндөй заматта,
Шашып өттү Шамшыбек.
Ак жайыктын бери жагына,
Ак боз жорго салдырган.
Артынан чаң ызгыган,
Айылчы аба бу өттү.
Илмейген тоонун жанына,
Илбирс түнөп жай алган.
Иш бүткөрүп, мал багып,
Ишенбек ага ал өткөн.
Айдарым желдүү өтөккө,
Абыр-шабыр жаан төктү.
Ат бороюн салдырып,
Ак боз күлүк алкынтып,
Аңгеме айтып бакылдап,
Айылчы байке бу өттү.
Булар менен биргип,
Апа менен жеңе өттү.
Туу тутуп жүргөн берилип,
Тууганга салып күйүттү.
Булар өтүп кеткенде,
Баарыбыз тең кайгырдык.
Убайымга улам батып,
Ушул ырды чыгардык.
***
Башкарып чоң чарбаны,
Тирүүсүндө чарчабады.
Акылы менен эл баккан,
Ачык айрым бакылдап.
Ак эмгектен баар тапкан,
Мектепке бала окуткан,
Оңойм деп журттун турмушун,
Эрте туруп, эл тескеп,
Элден кийин уктаган,
Усөн ага табылбас,
Ал замандар кайрылбас.
Кайрылса да жаңырбас.
***
Кайда кетти Мукамбет, Мыйса аталар?
Карааны жок карасам да көрүнбөдү.
Бул дүйнөдө өмүр сүрүп закымдап,
Шамал, күнүм улуу тоолор өлбөдү.
Кайда кетти Калый, Бүкөй энелер?
Көп карадым такыр эле көрүнбөдү.
Бир гана бул жашоодон кол үзбөйт,
Кеч менен таң, күн менен түн бүлбүлдөйт.
Кайда кетти Төлөмүш, Сакен жеңелер,
Көп карадым жолдо сапар өтпөдү.
Өмүр сүрүп жашап келет биз менен
Жымжырттык, куш үндөрү кебелбеген.
Кайда кетти Өмүрбек, Эсенгул инилер?
Күлүк минип узун жолдо сапар өтпөдү.
Ай нурунда аккан суу агат шарпылдап,
Асылдар не келбеди бул жакка сапарлап.
Адамды ушунчалык таң калтырып,
Колду жуумп эсеп менен санатып,
Капаланып кайгырганда не чара,
Кайран өмүр берилиптир аз гана…
***
Майданда элин коргогон,
Өз элине чеп болгон.
Кагаз жазып чийме чийип,
Балдарга чачып илимин,
Сырын билип ар кишинин.
Элине чачып эмгегин.
Аруун деген аба өттү,
Ал өтпөсө ким өттү.
Акылы тунук эс менен
Ал агамды эскерем,
***
Мамыр баскан жайлоодон,
Малын айдап малчы өттү.
Жайылманын төрүнө,
Жайдын күнү жаан төктү.
Ырын төгүп жамактатып,
Ырыстуу бир атак алып,
Абды атадан, Ыдырыс
Түркүн-түркүн чөптөрдүн,
Түрүнөн дары жасаган.
Адырашман, чалкан чөп,
Алыс жактан алдырган.
Уу коргошун, тыйынчек,
Чайга демдеп салдырган.
Бачым жана сарамжал,
Баардык ишти шай кылган.
Адамдарды дарылай,
Албаш ишке жараган.
Туулган жери жөнүндө,
Турмушта далай ыр жазган.
Өкүнүч салып баарыбызга,
Өтүп кетти бул адам.
Өкүнүч экен шум жалган.
***
Анын арты жагынан
Эмгекчил эр өткөн.
Элине арнап кызматын,
Эринбестен шаң төккөн.
Өмүр боюу тынбастан,
Өрнөк болуп баар тапкан
Жер сугарып, эгин айдап,
Жергеми сонун гүлдөттү.
Көөнөрбөс эмгек сиңирип,
Көк жорго деген ат минип,
Көнөчөктүн айлында,
Көркөмдүү сонун жайында,
Көбөк деген эр өттү.
***
Анын арты жагынан,
Кайгуулда күзөт күзөтүп,
Кайран уулдар дагы өтүп…
Болот, Эсен эки окуучум бар эле.
Элестери, кыял, жорук , турпаты,
Өкүм мезгил, өткөндү эске түшүргөн,
Көз алдыдан алар такыр кетпеди.
Кеткен бойдон кайра артына келбеди.
Он гүлүнүн бири ачылбай,
Жыпар жыты аңкып чачылбай.
Жылгадагы жыттуу гүлдөрдү,
Жылдыздуу маалы табылбай.
Эр жигитке мекен коргоо парзы да,
Эң улуу иш буюрган экен балдарга.
Түйшүк тартып баатырларча жок болгон,
Түбөлүк даңк, улуу урмат аларга!!!
***
Чүкө ойноп сайдын жээгинен,
Абдан ынак болчубуз.
Коктулардан мааратып,
Козуну бирге жайчубуз.
Ыраакка бирге барчубуз,
Ышкын терип төрлөрдөн,
Тай минип чаап өтчү элек,
Тараша баскан бөксөдөн.
Таштарды терип жылмакай,
Тап таза сууну кешчү элек.
Таңда койду айдачу элек
«Ата» деп айтып чакырып,
Артында жалгыз туягы.
Текебайдын Түйтөсү,
Теңтушум учуп дүйнөдөн.
Мындай шумду ким көргөн?
***
Арпа Тектир жайлоонун,
Арасын сылап жел өттү.
Алынып дайым мал менен
Ак жашоо өтүп шаң менен.
Жок эмес, бар менен
Жан дүйнөсү кеп –кенен.
Айлында жүрүп түбөлүк,
Ак бата алып элинен.
Агарып туулган жеринен.
Балдары тың чыгып,
Ата атын даңктантып
Амантур деген эр өттү,
Эр өтпөсө ким өттү.
Эл ичинен жээн өттү.
***
Солто, Өмүрбек инилер
Сонолотуп куш салып.
Созултуп жылкы айдашып,
Согон өтөк жайлашып.
Созулуп катар бастыңар,
Сонун бекен оо дүйнө,
Сонуркап неге шаштыңар.
Сырларын айтпас балдар!