
Полная версия:
Адамдын Асыл ойлору
* * *
Канаты сынып асманда кайкып уча албаган кыраанды көрдүм. Аягы барып – барып эле аткарылбаган арманды көрдүм.
* * *
Адамдын адамга болгон ишеними эч убакта көрүнбөйт. Бирок ошол ишенимди көз карашы, жүрөгү билгизбей, акырын шыбыш кагып турат.
* * *
Жолдо сапар келатып, ээн талаада бузулуп калган тамды көрүп, мага мындай ойлор келди. Бул тамды ким салды экен? Алар кайда болду экен? Бул тамдын ээси тирүүбү? Бар болсо кайда? Бул ата конушун эстейт болду бекен? Бузулуп калган там мени ар кандай ойлорго салып турду.
* * *
Бактылуулук кайдан башталса, адам үчүн жакшы иштердин баардыгы ошол тараптан башталган.
* * *
Ичкилик уялап, алган денеде ар кандай шайтан, шабыр көп болуп, бактысыздык башын кылтыйтып чыгарып турду.
* * *
Манас эпосу бул эмне деген ыр. Ал өзүнчө эле кол жеткис керемет. Ал кереметти чанда гана эл жарата алат. Кыргыз эли ошол керемети менен дүйнөгө таанымал. Бул бактылуу көрүнүш. Мындай улуу ырды улуу эл гана жарата алат го деген сонун керемет ойдомун.
* * *
Санжыраларда, уламаларда Манас ырын жараткан Ырамандын ырчы уулу дешет. Ырахмат ошол ырчыга. Кыргыздын ырысына Манас ырын өзү үчүн жаратпай, эл үчүн жаратканын, баш аягы жок ченемсиз ыр болуп кетээрин улуу ырчы ошондо билдиби? Жана өзүнүн аты жомоктолуп жаңыраарын туюуп бмлди бекен.?
* * *
Сагынбай менен Саякбайдын бүткүл денеси ырдан турат го деп ойлоп калам. Баса ырдан куралбаса, мындай ченемсиз океан ыр алардын кичинекей башына кантип батмак эле деп таң калам.
* * *
Өтө кыйналып жашап жатсаңар да «Кандай жашап жа-тасыңар?» – деп сураса: «Жакшы, жаман эмес, кудай деп – өмүр сүрүп жатабыз» ,– дегиле. Анткени силердин үмүтүңөр алдыда.
* * *
Мен билгенди ал билбейт. Ал билгенди мен билбейм.
Ошол үчүн аны менен үндөшпөдүм.
* * *
Үмүтү, кубанычы сынып калган адам жалгыз калат.
Жалгыз калган адам таянычы жок, бат эле жеңилип калат.
* * *
Караңгыда жол жүрүп бараткан адамдардын алдынан жылтылдап от жанат. От үмүт болчу. Эми адамдардын жүрөгүндө ошол отко жетем деген жылтылдаган от жанат.
* * *
Бир дагы эне уулун бактысыз болсун деп төрөбөйт. Анда адам бактысыздыкка кайдан кабылат. Оор бактысыздыкка аны адамдар түртөт, же бир себептердин аркасы менен кабылат.
* * *
Түн кирип эс алаарда:
– Уйкуңар тынч өтүп, жай тургула! – деп бири-бириңерге каалоо айтууну унутпагыла! Ошондо жакшы эс алып,санааңар жайлана, сонун түштөрдү көрүп, эртең менен шаттуу ойгоносуңар. Майда болсо да ушуну унутпагыла!
* * *
Сүйүү болгон жерде эки көз дайыма жолугат. Ал көңүлдүн эң терең жериндеги ырахатты түшүнөт. Эгерде эки жаштын ортосунда мындай сезим жок болсо, эки көз эмнени түшүнөт?
* * *
Асманда чуру-чуу болуп куштардын тобу айланып жатышат. Адамдар ошол куштардын айланасындагы кара шумкарды кайра-кайра кеп кылып жатышат.
* * *
Көңүлсүз он түндөн бир түн артыгыраак, жүз коркоктон бир баатыр артыгыраак. Начар жүз ырдан бир ыр артыгыраак.
* * *
Жолочу болуп кетип бараткам. Түндөсү түнөгөн чоң даракка:
– Жакшы кал! Бул жерге кайра келемби же келбейимби, муну келечек тагдыр билет, – дедим.
* * *
Мен эмнени кааласам, сен ошону кааладың, демек биздин жүрөгүбүздө өтө жакындык сезим бар экен. Ал жакшылыктын, жаралышы экен.
* * *
Көзүбүз улам-улам чагылышып жатат. Ал жүрөктүн жалыны экени сезилип турат. Эки жалын бириккен жерде сүйүүнүн кудурети чачырап турат.
* * *
Сүйгөнүңдүн элесин күндүз жолукканыбызда көрдүм, түн ичинде уктап жатып түшүмдө көрдүм.
* * *
Аалы акынды мугалимим деп урматтайм. Анын лирикасы эмне деген кенч. Бардык эле акындар ушундай бийиктикке көтөрүлбөйт. Ал эми анын кара сөзүнөн кеменгерлик пайда болот. Талант менен кеменгерлик айкалышканда, акында өчпөгөн даанышмандык пайда болот.
* * *
Ийгиликке жетем деген кишинин санаасы ак. Жакшы кишинин башкаларга тилеги ак, ыр жазылган барактын өңү ак.
* * *
Күндөр кечээгүнкү, бүгүнкү жана эртеңки болуп бөлүнөт. Мындан кечээгүнкү, бүгүнкү күн эскирет. Эртеңки күн эч убакта эскирбейт. Анткени адам баласы эртеңки күнгө жетели деп, канат байлап баратабыз. Ошол үчүн ал жаңы, биз ошол жакка баратабыз.
* * *
Бала атасын элес-булас көрүп калган. Анда кандуу майдан күчөп турган чагы. Жоокерлер ат минип, батышка карай аттанып жатышкан. Бул окуя ошол жайдын сонун бир кечинде болуп өттү. Атасы энеси менен баласын жайлоого калтырып, жакага түшүп, андан ары майданга кетмек. Аларды жайлоого көңүлдөгүдөй жайгаштырды.
Жигит жары жана баласы менен коштошуп, чапкан бойдон батышка жөнөп кетти. Бала атасын көпкө карап турду. Жоокер кетип бараткан тарапка күн алоолоп батып бараткан болчу. Бала атасынан көзүн албайт. Ага бирде күн, бирде атчан чаап бараткан киши көрүнөт. Тигине узун бойлуу ак калпакчан жигит кетип баратат. Ат асман айга түйүлө туяктары, ай чапчып кишенеп жиберди.
Андан бери бир канча жылдар өттү. Бала атасынын өңүн эчак унутуп калган эле. Аны эстегенде күн батышка чаап бараткан атасынын элеси, эске келет. Атасы ага күн көрүнчү.
* * *
Он начар дос көтөрүп келе жаткан жүктү керек болсо, бир эле жакшы дос көтөрүп коёт.
* * *
Үй-бүлөнүн ысык сүйүүсүн катуу мыйзам жарата албайт аны бир гана ысык жүрөк жаратат. Мыйзам жарата албаган нерсени ысык жүрөк жаратат. Анткени адамдын, адамга болгон жакшылытын жүрөк гана жаратат.
* * *
Табыттын өлгөн кишиге кереги жок. Өлгөн кишини көмө турган тирүү кишиге керек. Чоң кишиге оюнчуктун кереги жок, аны ойной турган баласына керек.
Атанын балага айткан акылы, атага кереги жок, анын баласынын келечегине керек.
* * *
Дүйнөдөгү керемет нерселер булар: Жакшыларынын эң жакшысы, мыктыларынын эң мыктысы, атактууларынын эң атактуусу.
* * *
Бай өткөн өмүр бир башка, жардылыкта өткөн өмүр бир башка. Демек бул жашоодо ар бири, ар башка.
* * *
Асыл буюмдарды асыл кишилер жаратат. Алардын асылдык сапатын көргөндөр кубанат. Аны көрүп, билген кийинки муун кубанат.
* * *
Ыймансыздык каяктан келип чыккан? Аны биздин арабыздагы адамдар эле жараткан. Ыймансыз жүрөк ыймансыздыкты жараткан.
* * *
Жер канчалык кенен болгон менен жарды адамдар үчүн дүйнө ошончолук тар. Жардыларга кенен дүйнө ар дайыма тар.
* * *
Бир уяда окшош эле жумурткалар бар. Алардан жаралган балапандын бири кыраан, бири орто заар, жана коркоктору да бар. Баары оп-окшош жумуртка болгон менен алардын тагдырлары ар кандай жаралып жатпайбы. Мунун баары тагдырдагы жазмыштан болуп жатпайбы.
* * *
Тоок дагы бир жумуртка тууп:
– «Бул окуя кичинекей болгону менен мен үчүн чоң жаңылык», – деп какылыктады.
* * *
Бири-бирине кереги жок адамдар карыш жерде туруп жолукпайт. Сагынышкан адамдар жолугуп, сагынышпаган адамдар жолукпайт.
* * *
Ал өгөй эненин колунда жүрүп азапты көп тартты. Өгөй энелер жетимчиликти жаратат. Ошондуктан он өгөй эненин бирөө дагы өз энеге жеткен эмес. Анткени алардын жүрөгүндө баланынын көңүлүн жылыткан энелик мээрим болгон эмес.
* * *
Аарынын чакканы ачуу, балы таттуу, мактоо таттуу, бвардык адамдар ошону каалашат. Чындык ачуу, бирок аны туура кабыл алсаң таттуу жактары болот. Адамдар жалаң мактоону кабыл алышып, турмушта көп жаңылышкан болот.
* * *
Соо адамдар жээкте турган киши. Орулуу адам агып бараткан пенде. Дайранын жээгиндеги адам дайрадагы агып
бараткан кишиге колун берип, тартып, аман-эсен алып калса, бир эрдик кылган болот. Алардын пендечилиги ошол болот.
* * *
Оорулуу денени жакшы көңүл, кайрат айтуу айыктырып адам кылат. Соо денени орой мүнөз, кагып согуу, наадандыгы оорулуу кылат.
* * *
Биз маркумду узатып баратабыз. Ал калат, биз кетебиз. Анын калганы мобул эл үчүн аябай аянычтуу. Жакшы жаркын адамдын бизден бөлүнүп калганы да аябай аянычтуу.
* * *
Үйдөн мүрзөгө чейинки жол жакын эле, бирок ал жакта калгандар үчүн түбөлүк келе алгыс алыс.
* * *
Бирөө мүрзө жакты карап, ошол жакка кетсемби деп, капаланып жашоодон үмүт үзгөн болот. Адамдар бири-биринин көңүлүн калтырганда ушундай айла кеткен ойлор пайда болот.
* * *
Чындыктын балдары: эмгек, таалай, сүйүү, достук болду. Ушактын балдары: жаңжал, ач көздүк, жек көрүү жана көрө албастык болгон. Эки коңшу жер жаралгандан бери ыркы келбей карсылдашып, ынтымаксыз болгон.
* * *
Чындык менен жалганды чакадагы сууга салдык. Чындык суунун үстүнө калкып чыгып, өңү көрүндү. Жалгандык суунун түбүнөн көрүндү. Ошондон бири-биринен айырмаланган жактары көрүндү.
* * *
Жашоо мен ойлогондой эмес экен. Сен ойлогондой эмес экен. Ал такыр башкача экен.
* * *
Көптөн бери жүрөгүмдүн асты чыдатпай ооруп келе жатат. Ал карылыкпы, же ал жерде бир балекет барбы? Эмне болоорун билбейм?
* * *
Жумуртканын ичинде ак менен сарысы бар, жакшы учкул сөздүн ичинде адамдарга арналган сонун асыл ойлор бар. Мүнөзү жайдары адамдын жүрөгүндө бизге арналган жакшы каалосу бар.
* * *
Өмүр жоготуудан жана таап алуудан турат. Күмүшүн жоготкон адам алтында таап алсамбы деп аттанат. Дайым эле жоготууга учураган, адам жолу болбогон адам. Өмүрүндө ийгиликке учурап жүргөн адам жолдуу адам.
* * *
Адамдар жарык кезде эмгекте жакшы жеңиштерди жараткан. Караңгыда ошол жеңишин эстеп, кубанып, түш көрүп, тынчтык менен эс алууну жараткан.
* * *
Дыйкан үчүн ар бир чыккан күн майрам. Ал ар бир күндү эмгек менен майрамдап, өзүнө бакыт алып келип, жашоонун ийгилигин көрөт. Көп адамдар ал майрамдын сырын билип, кубанып дүйнөдөн өтүп баратышат. Ал дагы майрам.
* * *
Бака баканы, жылан жыланды туугандай чындык чындыкты тууса, калп калпты тууп салыптыр. Биз билбеген турмуштун сыры эле ошол.
* * *
Чындык жана эмгек ишке ашып жаткан жерде сөзсүз бир жакшы нерсе төрөлөт. Демек адамдар үчүн бакыт төрөлөт.
* * *
Түнүндө тээтиги күйгөн оттун жанында аял-эркектер ичип-жеп эркелешип, мас болуп ырдап-бийлеп жатканын даана көрдүм. Алар түнкү жарыкта учуп жүргөн шайтан көпөлөктөргө окшошот. Бирок тигилердин жыргалы бир жөн. Шайтан көпөлөктөрдүн учуп жүргөнү бир жөн.
* * *
Чындык оңдогу, жалган солдогу жолдо болгон. Ошол үчүн байыркы замандан бери жомоктордо чындыктын иши оң, жалгандын иши сол болгон.
* * *
Жек көрүү, арам саноо, көрө албастыкты денеңден сырткары айдап салып, үмүт, жакшылыкты жана берешендикти жан дүйнөңө киргизип алсаң, ал жакшылыктын башталган жери болот.
* * *
Денеңе токтоолукту, үмүттү, ишеничти, тазалыкты бекем сактап жүрө көр! Ошондо сен адамдыкты жоготпогон болосуң.
* * *
Арман болгон жерде бакыт болбойт. Бакытты киргизиш үчүн арманды кууп чыккан оң болот. Арманды акыры, унутулчу маалы болот.
* * *
Жүзү каралык, жалган жана бийлик үчөө бир ишти иштеген жатат. Ал жерде кандай балакет болоорун эстегенден корком. Жыйынтыгын уккандан да корком.
* * *
Кээде чындык кой, калп карышкыр болот. Карышкыр койду жеп салган сыяктуу, калп көп эле жолу чындыкты жеп салган. Бирок акыры түбү алар өз жолун табат. Кой-кой бойдон, карышкыр-карышкыр бойдон калып жолун табат.
* * *
Тоо канчалык бийик болсо, ал ошончолук сүрдүү жана бараандуу болот. Убадаң канчалык бекем болсо, карааның опол тоодой улуу болот.
* * *
Кайыкчылар көлдүн тереңинен коркпой толкундан коркту. Калп толкун сыяктуу кебелбеген чындыктан коркту.
* * *
Талаада койду жеген карышкыр да бактысыз, кой да бактысыз. Малды жакшы кайтарбаган койчу да бактысыз. Кыскасы баары эле бактысыз.
* * *
Үйдө тамак аштын калдыгы арбыганда чымын-чиркей көбөйөт. Талаада жан-жаныбардын өлүгү арбыганда жору кузгундардын шаан-шөкөтү көбөйөт. Эл журттан тартип кеткенде жеп-ичкичтер көбөйөт. Жазында жаан-чачын көп жааганда, жаңы көлмөлөр
арбып,. туш-туштан бакалардын чардаганы көбөйөт.
* * *
Чымындын ыры угулду, жаз келаткан окшойт. Эл кубанып жатат, жакшы кабар келаткан окшойт.
* * *
Коом олку-солку болуп турат. Анын түбү чириген. Ал коомдо жашаган эл кантээр экен? Баарынан бийликтегилер элден коркуп турат. Эл башчысы, өкмөт эмне болоор экен.
Дарак куурап баратат, түбү чириптир, ал даракка уя салган куштар кантээр экен?
* * *
Күн караңгылыкты кубалайт. Караңгылык өзү деле, күн жок жерде жашап, өмүр сүрө берет.
* * *
Күн ар бир күнү жаңы төрөлүп жатат. Ал эми чындык жашоого бир эле төрөлүп, ошол бойдон өлбөс болуп, жашап жатат.
* * *
Жоомарттык. Ал алтынга да, малга да, акчага да аябай бай болот. Ошол үчүн ал берешен. Ошол үчүн ал жоомарттык.
* * *
Адамдын тынч уйкусун санаа алды. Санаадан кап-кара чач агарды.
* * *
Көзү өтүп кеткен кишини эскерип, жакшылык кылган эмгегиңди бирге өмүр сүргөн жары билеер. Ал билбесе, денесинен чыккан баласы билеер, ал дагы сезбесе, кандаш тууганы билеер, тууганы элес албаса, арбактын өзү билеер.
***
Оорулуунун акыркы керээз сөзүн угуп калалы. Ал сөздөр жакынына, туугандарына, жалпы эле тирүүлөргө айта турган акыркы ойлорунун жыйындысы. Ошон үчүн аны тыңшап калалы.
* * *
Тоо койнундагы түшө калыш жолдо алты атчан сапар келатат. Алты атчандын алдында ак бозчон узун бойлуу, салабаттуу киши келе жатат. Ошол узун бойлуу, салабаттуу адамды алты атчан ээрчитип келе жатат.
* * *
Боз үйдүн жанында үйүлгөн топ адамдар чабандестин келишин күтүп жатат. Тигинде келе жатат акбоз атчан чабандес элге эмне жаңылык айтаар экен? Адамдар бир жаңылыкты күтүп жатат.
* * *
Көз көрбөгөн азиз адамга күн алыс калат.
Баса албаган оорулуу адамга жол алыс калат.
Өлгөн маркумга баардыгы алыс калат.
* * *
Чоң жээрде атчан кирген сууну кечсемби, кечпесемби деп ойлонуп жатат. «Биз менен ойнобо, тагдырың жаман болуп калат», – деп дайра айтат. Жолочу жээкте эмне калаарын билбей жатат, а аркы өйүз туулган жери жолочуну «Бергелгин!» – деп чакырып жатат.
* * *
Мезгил бууракандап агып жаткан чоң дарыя. Дарыя кайра артына бурулбаган сыяктуу, убакыт дагы артына кайрылбайт, жашообуздун ошонусу арман.
* * *
Мактанчаак адам жалгандын үйүндө жүрсө, чынчыл адам бакыттын үйүндө жүрөт.
* * *
Майда адамдын айланасында айкөл адам жашайт. Бирок, майда майдалыгы менен айкөл айкөлдүгү менен айырмаланат.
* * *
Кетип бараткан жолочу бар, келаткан жолочу бар. Экөөнүн жолуккан жеринде ал жайда сурашып, саламдашкан жагы да бар.
* * *
Бийлик-бийлик бойдон калат. Жалган-жалган бойдон калат. Бийликти жалган жол менен башкарсаң, ал дагы ошол жалган бойдон калат.
* * *
Шайтан көпөлөк жарыкты издеп табабы? Жээ жарык шайтан көпөлөктү табабы? Жок жарык ордунда эле турат. Шайтан көпөлөк жарыкка умтулат.
* * *
Жакшы адамдын оозунан анткор, алдамчы сөз чыкпайт.
Андай сөздөр анткор адамдын оозунан чыгат.
* * *
Алдамчылыкты кадимки эле адамга окшош пенделер жаратат.
* * *
Жаз айын жалгыз чабалекей алып келбейт аны бүткүл келгин куштар жана мезгил алып келет.
* * *
Бир үй-бүлө, бала чаканын ажырашканы, заман үчүн да оор, биз үчүн да оор. Эл үчүн андан бетер оор.
* * *
Кайырчыны аяган адам боорукердин боорукери.
* * *
Кубанычтын эшигин ачалы, ал эми кайгынын эшигин колубуздан келсе, жаап салалы.
* * *
Булганган адамдын жан дүйнөсүн тазартыш үчүн жаңы жүрөктү, жаңы бийиктикти табыш керек. Ошолор табылабы? Баары эле табылат. Балким табылып калаар.
* * *
Өткөн ишибизден сабак алып, келечекке канат байлап жатабыз. Жакшы жашоого умтулуп жатабыз.
* * *
Жолдун башы үйүңдөн башталат. Бузулбас бекем сүйүү сенин бекем жүрөгүңдөн башталат.
* * *
Жолдогу дарактын карааны жакшы, караанынан дагы ысыкта, жамгырда жолоочуну коргогону жакшы, баарынан кең талааны жалгызсыратпай өсүп турганы жакшы.
* * *
Бактылуу балалык, бактылуу жомокко айланган балалык.
* * *
Адамдын жан дүйнөсүн өлтүргөн адам киши өлтүрбөсө да ошого карай жакындаган адам.
* * *
Күнөө кылып, анан жаманчылыкка барбай тазалыкка аттанса, ал жомоктогу оң жолго бараткан караан.
* * *
Акылсыздык болгон жерде далай сонун нерселер артка чегинет.
* * *
Рухий духу жогору адам бай болот. Анын жанындагы адамдар кошо бай болот.
Анын өзү эле бай болбой ал жашаган дүйнө бай болот.
* * *
Баары эле акылдуу эмес, жакшылыкта жашоону, турмушка ашырган адам акылдуу.
* * *
Жакшылык жүрөктө жашайт, сулуулук көздө жашайт.
Жүрөк менен көз адамдын күзгүсү.
* * *
Кышкы күн канчалык узак болгон менен эсептей келсең ал деле кыска, бийик улуу тоолорго чыгалы дейбиз, бирок өмүрүбүз кыска.
* * *
Биз Жаратканга баш ийебиз, Жараткан бабаларыбыздын өткөн жолун сактап турат.
* * *
Ар кандай жаман сапаттан жакшылык бийик турат.
Ошол үчүн анын жолу бийик жана үлгүлүү.
* * *
Чыныгы талант, эмгек бар жерде түбөлүктүү жашоо бар.
* * *
Адамдын карап турган эки көзүн алтын, асыл таштар менен тойгуза албайбыз, бирок рухий байлык менен тойгуза алабыз.
* * *
Улгайган кишинин өзү болуш керек, өзүнөн да жакшы сөзү болуш керек. Сөзүнөн да калыстыкты байкаган эки көзү болуш керек.
* * *
Жаштык улгайган адамды өзүнө чакырат, ошол үчүн ал кооз жана керемет.
* * *
Узак жол да жакшы, узак жолдо өмүр сүргөн да жакшы, узак жолдо узак жашка барган андан бетер жакшы.
* * *
Ден-соолугу бар адам бай адам. Бай болуп туруп, денсоолугу жок адам жарды адам.
* * *
Каза болгон адамды жоктоп бир үй-бүлөө ыйласа, ошол үй-бүлөө үчүн керек адам. Миң адам капаланса, ал жакшы адам. Ал эми бүтүндөй өлкөнүн эли жоктоп ыйласа, ал бактылуу өлбөс улуу адам.
* * *
Араа арааланып, балка урулуп жатса, ошол жерде бүтүп жаткан жакшы иштер бар.
* * *
Жашоодо эмгек керек. Ишти бүтүрүш үчүн жумушчу керек. Баарынан ошол жумушчуга ден соолук керек.
* * *
Миң койлуу адам да, коюу бар адам, бир коюу бар адам да, койлуу адам. Болгону бирөө бай, экинчиси жардыраак адам.
* * *
Жезге караганда, күмүш кымбат. Күмүшкө караганда, алтын кымбат. Алтынга караганда бизге өмүр менен ден-соолук кымбат.
* * *
Таалайлуу күндөрүбүз алдыда, ошол үчүн келечегибиз жаркын биз үчүн баары алдыда..
* * *
Акылы бар пенде артык, талантты бар киши артык, баарынан акыл, эмгек, талант үчөөн айкалыштып жүргөн андан бетер артык.
* * *
Өлүм баарынан коркунучтуу ал эми, жазыксыз адамды өлүмгө түртүү андан жүз эсе коркунучтуу.
* * *
Кээ бир адамдар таалайды катып койсо болот дешет. Бирок аны эмгекчил адамдар издеп жүрүп таап алышат.
* * *
Акылмандуулук улуулуктан жаралат. Жана башкаларды оңго салуу да ошонон жаралат.
* * *
Бакытты өз өлкөсүнөн издебей башка өлкөдөн издесе, алар өз өлкөсүндөгү бакытты жоготуп алган адамдар.
***
Тапталган жолдон эл тажап, жаңы жол издеп турат. Бийликтегилер ошол тапталган жолдон кеткиси келбей турат. Эд бийликтин жоголушун самап турат. Эл менен бийликтин карама-каршылыгы чукулда чечилген турат.
* * *
Жаштардын жүрөгүнөн шаңдуу ыр угулат. Орто
курактагылардан толкун баскан шаң угулат. Баса карылардын жүрөгүнөн кандай добуш угулуп жатат?
* * *
Азыркы иш азыр бүткөнү жакшы. Бүгүнкү иш бүгүн бүткөнү жакшы. Быйылкы иш быйыл бүткөнү жакшы, демек ар бир нерсе өз учурунда бүткөнү жакшы.
* * *
Түздүккө караганда тоо бийиктиги менен ыйык. Жоголгонго караганда табылган ыйык. Өлүп унутулуп, жок болгонго караганда адамдардын оюнда түбөлүк эсте калган ыйык.
* * *
Байлык деле туруксуз. Бийлик деле туруксуз. Кыскасы элдин таламын жактай албаган нерсенин баары туруксуз.
* * *
Калыс адамдын айтканы туура. Эл үчүн эмгектенген баатырдын иши туура. Талант менен иштелип бүткөн өнөрдүн баары туура.
* * *
Улуу кишилердин жакшы ишин кичүүлөр кайталайт.
Атанын ишин бала кайталайт.
Адамда кайсы жакшы иш болсо ошонун баары кайра кайталанат.
* * *
Адам оор күндө жакшы күндү эстейт. Жокчулукта барчылыкты эстейт. Муңга баткан адам кубанычты эстейт.
* * *
Жакшылыкты жараткан күндөр бактылуу. Адамга жакшылык алып келген адамдар бактылуу.Баарынан элдин биримдигин жараткан адам бактылуу.
* * *
Дагы бир жай өттү дедик. Дагы бир жайнаган өмүр өттү дедик. Өткөн өмүр кайра келбейт дедик.
* * *
Уурулук болгон жерде талап – тоноо болот. Өзүмчүлдүк болгон жерде кара ниеттик болот. Кыскасы андай жерде жаман нерсенин баары болот.
* * *
Созулуп аккан улуу дайранын башы ак карлуу музда жатат. Биздин баяныбыз карыялар айткан сырдуу санжырада жатат.
Өчпөс эмгектин сыры талантта жатат.
* * *
Баардык жапыз нерселерден Жараткан бийик. Ошол үчүн анын жолу бизге үлгү жана түбөлүктүү.
* * *
Күн жок жерде караңгылык бар. Күн бар жерде түбөлүктүү жарык бар. Чыныгы талант, эмгек бар жерде түбөлүктүү жашоо бар.
Адам баласы дайыма түбөдүктүүдүктү издеп өмүр сүрөт.
* * *
Адилеттүүлүктүн артынан дагы эле адилеттүүлүк болсун.
Байлыктын артынан дагы эле байлык болсун.
Жана жакшылыктын артынан дагы эле жакшылык болсун.
* * *
Баарынан акыл астыда болуш керек. Анан аны жолу менен курулган жакшы жашоо бизге келиш керек.
* * *
Асманда жылдыздар бар сыяктуу, ар бир адамдын жүрөгүндө өчпөгөн жаркын жылдызы бар.