Читать книгу Адамдын Асыл ойлору (Кадыр Абакиров) онлайн бесплатно на Bookz (13-ая страница книги)
bannerbanner
Адамдын Асыл ойлору
Адамдын Асыл ойлоруПолная версия
Оценить:
Адамдын Асыл ойлору

4

Полная версия:

Адамдын Асыл ойлору

Ал балдарына бир үй салып каза болду, үй балдарына калган түбөлүктүү аианаты.


* * *


Денеңдеги оорунун кеткени кубаныч. Дене сергип адамдар менен аралашканы кубаныч.Таза дене менен эмгектенип, үй-бүлөңдү бакканың андан бетер кубаныч.


* * *


Өлүм өтө коркунучтуу окуя, бирок ал боло турган окуя.


Коркунуч да, өлүм да өтүп кетүүчү окуя.


* * *


Турмуш бир түрдөн экинчи түргө өтөт. Изденүү жолу да, бир түрдөн экинчи түргө өтөт. Ошентип жашоо жаңыланып жаңы түргө өтөт.


* * *


Талыкпаган эмгегиң – изденүү, жашоонун жаңы жолго түшүшү дагы изденүү, келечектүү жашоонун өзү изденүү.


* * *


Китепти жөн эле окуп койбогун, анын жан дүйнөсүн жүрөгүңө сиңирип ал, китеп ыйык- ал, ошол үчүн жаралган.


* * *


Жаз келеерде көзүмө жылкычы чымчыктын элеси көрүндү, анан жылкычы чымчыктын өзү көрүндү, анан көп өтпөй жадыраган жаздын өзү көрүндү.


* * *


Чындыкка күбө болуп акыйкат турду, ал эми калпка күбө эч ким болгон жок. Анткени ал иш болгон эмес, жөн эле ойдон чыгарылган калп чыгарма.


* * *


Күлкүнүн эки эле түрү бар. Биринчиси чын, экинчиси жалган. Чын күлгөндө адамдын ажары төгүлүп турат.Жалган күлгөндө эки жүздүүлүктүн элеси көрүнүп турат.


* * *


Миң гүлдүн ыргалган кооздугун эч убакта бир гүл бере албайт. Анткени миң гүлдө миң ыргакжашап термелип турган.


* * *


Талаанын көркүн бир түрдүү гүлдөр эмес, ар түркүн гүлдөр чыгарып көрккө бөлөйт.


* * *


Улуу ачылышты ким жаратам десе, ал улуу тобокелчиликке

бара берсин.


* * *


Тантык адамдардын арасында сүйлөбөй койгонуң ал улуу жеңиш. Алар ошол жеңишке ичинен суктанат.


* * *


Ар бир ойчулдун сөзү,сен окуучу улуу китеп.


* * *


Жаз айы – жаш чагың, кыш – улгайган убагың. Экөөнүн ортосунда бир топ узак жылдар созулуп жатат.


* * *


Айрым адамдар ушактан жип ийрип килем токушат. Ал килем кимге эмнеге керек?


* * *


Рухубуз жаңырса, биздин жан дүйнөбүздө чоң майрам башталат.

* * *

Бул өмүрдө элдин ак эмгегин жегендер көп, бирөөнүн ак малын уурдагандар көп, муштуму чоң зөөкүрлөр андан көп, алаасынан бузулган адамдар мындан көп, сага айтаар кеңешим ошолорго кошулуп жаман адамдардын жалпы санын арбыта көрбө!


* * *


Сонун кереметтүү обондуу ырларда бут да, кол да, дене да жок, ал кармалбай эле биздин жан дүйнөбүзгө өзү эле кирип кетет…


* * *


Көл жээгине келип ыр жазып жатам, эч ким мага тоскоол болгон жок. Ак чардактар гана:


– «Акын ырыңды жаза бер бул жашоонун өзү ыр», – деп ары-бери кайкышат.


* * *


Ар бир адам өз көлөкөсүн көргөндөй өз кемчилигин көрсө, кандай сонун болоор эле. Анда бул дүйнөнүн асылдык жагы көбөймөк.


* * *


Көз ирмемдеги эрдик кылымга сакталып калат. Бирок ошол көз ирмем тарыхта унутулбай айтылып калат.


* * *


Бүткүл элдин сезин алган өрт, учкундан эле тутанган.


* * *


Туз ачуу, шекер таттуу.


Дардаңдап эбин таппай көөп турган адамга ачуу мамиле керек, ал эми ындыны сууп, кайраты чөгүп турган адамга таттуу мамиле керек.


* * *


Жоокердин жалаңдаган курч кылычына караганда кызыл тил андан миң эсе курчтук кылат.


* * *


Көл жээгине келип:


– Ырларым кандайсыңар? – дедим.


Толкундун арасынан ырлар башын чыгарып:


– Биз мындабыз, талантың болсо ылдам кармап ал, – дешти.


* * *


Бизге улуу адамдар көп жаралса, ал алтын кылым болот. Алтын кылым улуу адамдары менен даңазаланат.


* * *


Өмүр сага берилген асыл белек. Ошону кастарлап жакшы күтүп, сыйлап өт. Ал сага болочокто түшүмүн төгөт.


* * *


Сен бийликте жогору көтөрүлсөң жөнөкөй адамдарды жерде калды деп эсептебе, аларды бийиктен карабай жердегидей эле жапыздыктан кара. Акыры жерге түшөсүң.


* * *


Акын айтты:


– Түн жымжырттык, мен анын кулумун, кул болгон соң мен эмгектениш үчүн жаралгам, ошол үчүн кулумун.


* * *


Жер үстүндө акыйкат бирөө эле, экөө болсо анда кандай болот? Эки акыйкат болот деп бир жерден эч убакта уккан эмесмин.


* * *


Улуу Карамолдонун комуз күүлөрү бир сонундук, ал жүрөгүбүздүн тереңинде жаралып, чоң кубанычка оролгон керемет. Керемет күүнү жараткан Карамолдонун жүрөгү деле керемет.


* * *


Күн батып баратып айтты:


– «Адамдар эми жакшы калгыла! Бүгүн эмне бакыт, эмне кайгы таптыңар. Ал силердин тагдырыңар. Мен эртең кайра төрөлүп келем. Ага чейин жакшы калгыла!»


* * *


Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө ынак тоосу болот, ал жүрөгүндө жанган үмүтү.


* * *


Адамдар бири-биринин жардамына бел байлап ары жол улайт. Демек жашоодо берилүүчү жардам түгөнбөйт.


* * *


Адам уйкуга киргенде чарчоодон, чаалыгуудан азап-тозоктон кутулат. Ал эми түбөлүк уйкуга киргенде, түбөлүк азап-тозок армандан кутулат. Экөө тең болуучу кубулуш.


* * *


Жеңилип бараткан адам чындык менен адилеттикке таянды эле, ал жеңишке оңой жетти.


* * *


Өмүрлүк жарым айтты:


– Биз бир китеп жаздыкпы? – деди.


–Ооба жаздык, ал жашоо, турмуш, махабат китеби болчу, – дедим.


* * *


Бул дүйнөдө жакшылык өтө көп, эгерде жамандык андан көп болсо, биз азап тартмакпыз.


* * *


Биз келечекке бел байлайбыз, ал өчпөс жашоого бел байлайт. Өмүрүбүз бири-бирине бел байлап уланып жүрүп олтурат.


* * *


Ар кандай кубаттуу таланттын эки жагы бар: Өлбөстүк жана улуулук. Чыныгы даңаза ошол экөөндө.


* * *


Чыныгы атанын мээримине бөлөнгөн бала ата мээримин сезбей да калышы ыктымал. Ал эми ата мээримин көрбөй өскөн бала ошол мээримди сагынып куса болушу ыктымал.

***

Кит чоң балык, майда чабак кичинекей балык, чоң менен кичиненин айырмасын ушул экөө айтып турат.


* * *


Бир үйдүн жарыгы ошол эле үйгө тиет. Күндүн жарыгы бүткүл ааламга тиет. Жакшы хандын жарыгы бүткүл элине тиет. Элинин жарыгы ханга тиет.

* * *


Алысты көргөн көздө умтулуу ошончолук терең болот.


Ал улуулукту көрө билүүнүн негизги башаты.


* * *


Керексиз чыгармалардын унутулуп калышы арман. Анткени аларды автор керектүү болсун деп жаратпады беле. Демек керектүү деген нерсенин керексиз болуп жаралышы дагы арман.


* * *


Сууга чөгүп бараткан адам колун сунуп, адамдардан жардам сурайт. Чындыкты издеген адам башкаларв карап жардам сурайт. Демек адам сууда да кургактыкта да жардам сурайт.


* * *


Чындык касиеттүү анткени анын тамыры терең. Ошол үчүн анын заты негиздүү. Терең тамыр адамдын турмушуна, келечегине өтө керек.


* * *


Бактысыздыкка баткан адамдар башкаларга жамандыкты алып келбесе экен. Мен тааныган, тааныбаган адамдардын тилегеним эле ошол.


* * *


Акылман адам айтты:


– Ким эгерде чындыктын душманы болсо, ал менин да башкалардын да душманы.

* * *


Чыгып келе жаткан күн адамды көп жаңы нерселерге кубанычка жана бакытка чакырат. Анткени ал адамдарга бакыт таратып келе жаткан күн.


* * *


Катуу шамал булуттарды ыраак тарапка айдап салды.


Катаал тагдыр ата-энени баладан бөлүп салды.


* * *


Эртең менен эрте ойгонсом түн бою катуу шамал дарактагы жалбыракты күбүп салган экен. Башымда чачым жок аны жалбырактай кылып, карылык күбүп салганбы? Мага да даракка да, карылык кайдан келе калды?


* * *


Айтып койгулачы!Алар мага чындыкты көргөзбөй жатат. Ошол үчүн мага жардамдашкыла! Чындык жок менин үнүм силерге угулбай жана жетпей жатат!


* * *


Жылаңач адам алоо өрттү аралабайт, денеси күйөт. Чындыкты сүйгөн адам жалгандын отун аралабайт, абийири күйөт.


* * *


Узак ажырашуудан кийин эки дос жолукту. Ал убактылуу мезгил, же жүрөктөгү сагынычты жазаар мезгил.


* * *


Чындыктан корккон адам сөзсүз жалгандыкка жолугат. Жалгандыкка жолуккан адам дагы эмнеге барып жолугат?


* * *


Адилеттик үчүн күрөшкөн адамды түрмөгө салып ташташты. Түрмөгө адамды камабай эле адилеттикти камап ташташты.


* * *


Талантка ээ болгон адам таалайлуу, а бирок ошол талантты андан ары өнүктүргөн пенде андан бетер таалайлуу.


* * *


Бузукулук айтты:


– Биз баарын жок кылабыз. Жакшылык айтты:


– Ага жол бербейбиз, биз баарын сактап калабыз.


* * *


Каакымдар күндүз күн сыяктуу нур таратат. Түн ичинде күн сыяктуу укташат. Алар кичинекей болсо да асмандагы күндүн элесин сактап турат.

* * *

Үйүбүз мүлккө, корообуз малга толгон менен жан дүйнөбүз жарды. Ошонубуз шордуу даам татытып турат.


* * *


Жылдыздар бизди өзүнө чакырат. Адамдагы жаркын үмүт да алдыга келгин деп чакырат. Адамдар да, жылдыздар да, жакшы үүмүт менен башкаларды бакытка чакырат.


* * *


Акыны бар айыл бактылуу эл болот. Анткени ал айылдын тоо таласын, агын сууларын, табияттын кооздугун ырга айлантып өлбөстүктүн күүсүнө киринтет. Акын ошол жердин булбулубу?


* * *


Обон жазгандардын жүрөгүн эмгек, кайрат уяласа ал эң жакшы окуя. Эгер ага талант аралашса, андан бетер өлбөс кубулуш .


* * *


Кыянаттык кылам деген адамдардын жан дүйнөсү бузулган же, болбосо ага бармак эмес. Эми ал башкаларга эмне окуяны алып келет?


* * *


Түн ичинде бак арасында жалгыз жатам. Айланада түн, бардык кыймыл токтогон. Бир гана жел бирде тигил жерден, бирде бу аймактан жортуп жөнөйт. Күндүз анча байкалбаган назик желдин кыймылы түн ичинде даана сезилип жатты. Же жел мага түнкү жомогун айтып жатабы.


* * *


Мен анын жасаган күнөөсүн бетке айттым. Ал мойнуна албады. Кудай бар, ал жагын жаратканым өзү текшерет.


* * *


Бир уруу түбү менен жок болуп кеткен. Анын оордун экинчи уруу басты. Мезгил өзгөрөт, баары өнүгөт. Тарых деген татаал нерсе. Керек болсо, мезгилге жараша турмуш өзгөрөт. Тарых аны жазып жүрүп отурат.


***

Адамдар мен учкул сөз жазып, ааламга батпай баратам, силер дагы учкул сөздү оюуңардан жаратып ааламдын кенен экенин жана сонундук, асылдык бар экенин сезип байкагылачы!

***

Кээ бир адамдар бийликтегилерге жагыш үчүн калп күлкүнү үйрөнөнөт. Калп күлкү жагынуучулукка жардам берет.


* * *


Азиз досум сапарга кетип жатасың. Тагдыр буюрса кайра жолугаарбыз. Жолукпасак жаныбыз бир кудайга аманат.


* * *


Жүрөгүң күн нурундай жарык болсун! Ошондо сенин айланаңда кубаныч менен сүйүү өчпөй нур чыгара жаркып, жарык чыгарып турат! .


* * *


Калптын энеси, атасы бир туугандары да жок. Ошондуктан бат эле айыбы ачылат. Анткени анын коргоочусу жок.


* * *


Өмүрүбүз түштөй өтүп кетиптир. Түштү кармай албаган сыяктуу өтүп кеткен өмүрдү да кармай албай калдык. Өмүрдү кармай албай жүрүп акыры карылыкка жетип калдык.


* * *


Ачууну да, кубанычты да адамдар жаратат. Ачуулу пенденин жүрөгүндө каар каалгыйт. Кубанычты алып жүргөндөрдүн көңүлүндө назик шоола жаркып каалгыйт.


* * *


Жалган атак көргөн түштөй бат унутулат. Алар адамдын эсинде элес-булас жанып анан жоголот. Жалган атакты алып жүргөн адамдар да, унутулат.


* * *


Талант, эмгек, өнөр, шык жакшылыкты таштап кетет. Ал акылмандуулук менен келип, өчпөстүктү таштап кетет.


* * *


Адамдар бир нерсени кеңешип жатат. Алар башка адамдарга жакшылык кылган жатат. Демек, жакшылык бир адамдын жүрөгүнөн экинчисине өткөн жатат.


* * *


Баардык жерде өзүңдүн адам экениңди унутпа! Башкаларга да жакшылык келээрин унутпа! Акыры баарын унутпа!


* * *


Жамандык менен жакшылык тең салмакта эмес. Жакшылыктын салмагы канчалык күчтүү болсо, ошол жерде жашоо өз жолунда баратат.

* * *


Байыркылар актыктын душманы каралык, чындыктын душманы жалгандык дешкен. Азыркылар деле ушул ойду айтып жатышат.


* * *


Ар бир адам бул дүйнөгө жалгыз төрөлөт. Анан тиги дүйнөгө жалгыз жол кетет. Ар бир адамдын башына жалгыздык деген сөз ошондон жаралган.


* * *


Капастагы куш менен эркин учуп жүргөн куштун айырмасы асман менен жердей. Капас – түрмө, асман – канат каккан эркиндик

. Капастагы куш эркиндик үчүн асманга умтулат. Ал ошол эркиндикти самап армандуу ыр мукамын чыгарат.


* * *


Кулагы жакшы сөз, мактоону угууну каалаган адамдын оозунан жакшы сөз жаңылбай чыга берсин.


* * *


Акылмандуулук менен зээндүүлүк биздин жүрөгүбүзгө жашаса, биз бактылуу адамдарбыз.


* * *


Койдун маараганы, жылкынын кишенегени угулду. Бир кездеги балалыгымы көргөнгө жакындадым. Жайлоодо мал баккан ата-энемдин, туугандарымдын элесине жакындадым


* * *


«Тиги дүйнө деле, бу дүйнө деле, чындыктан куралган экен. Тиги дүйнөгө таза барыш үчүн, – «Бу дүйнөдө таза жашагыла» – деп пайгамбарлар айткан экен. Демек эки дүйнөгө тең тазалык керек экен.


* * *


Адамдар бакытка жетиш үчүн күндүр-түндүр ой жүгүртөт. Бирок бакыт жакшы эмгек, же башка адамдарды ийгиликке жеткиргенден кийин келет.


* * *


Тынч жашап башка адамга таалай чачкан пендени теңирим колдойт.


Жакшы тарбия жакшы адамдын жүрөгүн уялап, аны азаптан колдойт.

* * *

Бирөө депутаттарга:

– Силер чимкириксиңер эч нерсе иштебейсиңер,-деп чыкты.

Анда депутаттардын бирөө.

– Биз элдин элитасыбыз бизге сөз тйигизүүгө болбойт, журттун каарына калат- деп чыкты.

Тигил кишиникиби, туурабы же депуттатардыкы туурабы, элдин башы маң. Же экөөндө тең бир мандем бар. Депутаттрга адамдын чимкириги эмне үчүн жармашат.


* * *


Өмүрүм түштөй өтүп кетиптир. Түштү кармай албаган сыяктуу өтүп кеткен өмүрүмү да, кармай албадым.


* * *


Акыйкатты жарата албаган адамдын жан дүйнөсү – караңгы. Чындык – жарык, жалган – караңгылык.


* * *


Бир дагы эне баласына жаманчылык жасабайт, жаманчылык жасаган күнү ааламда жер титиреп, күн тутулуп, эң жаман окуя болот.


* * *


Акылмандуулук жөнөкөйлүктөн башталат. А жөнөкөйлүк турмуштун дал – өзү.


* * *


Китеп – бул турмуш, турмуш да китеп. Ошол үчүн адам китепсиз жашай албайт. Өтүп жаткан өмүрүбүз жазылбаган китеп.


* * *


Зомбулук болгон жерде жакшы иштер жаралбайт. Анткени жек көрүү, каар ошол зомбулуктун өзүнөн төрөлүп, ал жакшылыктын душманы.


* * *


«Кечээ көргөн бүгүн жок, атанын көрү дүйнө бок», – деп кыргыз эли бекер айткан эмес экен.


Көңүл ачуу, эс алуу, эмгектенүү ар бир адам үчүн кайта-кайта келе берүүчү окуя, бирок өлүм адам үчүн бир гана жолу келүүчү окуя. Ар бир адамдын өмүрү ошол үчүн эл айткандай армандуу окуя.

* * *


Буурул кечтин өтүп жатканына өкүнбөйм, мындай кечте токтолбой өмүрүмдүн өтүп жатканына өкүнөм. Жаштык артта калып, улгайып баратканыма өкүнөм. Өмүрүм ошол буурул түн экенин сезип өкүнөм.

* * *


Балалык күндүн көпөлөк кууп жүрүп, өткөнүн билбей калыпмын. Жаштык-мастык жана сүйүү менен өтүптүр. Аны да билбей калыпмын. Токтоо курак анча-мынча эмгек менен өтүптүр. Аны да билбей калыпмын. Анан ак чач болуп карттык курак келгенин да билбей калыпмын. Кыскасы бир ууч өмүрдүн кандай өткөнүн билбей калыпмын.


* * *


Улгайган чагымда тоо түбүнө келип, урап калган жер тамды көрдүм. Өсүп жаткан өлөң чөптөрдү көрдүм. Сайрап жаткан куштарды, безенген күкүктүн үнүн угуп, бул жерде калган балалыкты эскерип жатып ыйладым. Жалгыз болуп, мени сооротор адам такыр табылбады.


* * *


Шаардын четинде куштар сайрап, күкүк күкүктөп жатту. Адамдын көңүлү ошол жакка бурулуп, ошол күкүктун үнүн укканга умтулуп жатты.

* * *


Адам өзүнүн бактысын ак эмгектен таап алды. Адал эмгек маданияттуу өмүрдүн таалайлуу жыйындысы.


* * *


Жаш баланын күлкүсүнөн кубанычтын учкундары чачырап турат. Ал көрүнүш улгайгандардын жүрөгүнө бакытты чачыратып турат. Бала тарбиялап, бала чоңойткон үйдө таалайдын периштелери ойноп турат.


* * *


Түрмөдө адам терезеден учуп жүргөн куштарды карап турган. Анткени анын асыл жүрөгү асманда учуп жүргөн куш сыяктуу асманды самап турган. Ал эркиндикти карап турган.

* * *

Жетекчи элине кадырман болуп, журтту бакубат токчулукта кармап турса, анда ошол өлкөдө биз суктанаарлык жылыштар бар. Жылыштар болсо, биз күткөн келечектүү күндөр бар.


* * *


Жакшы жашап өткөн жылдарды эскерүү кубаныч, ал эми ошондогу жакшы адамдарды эскерүү андан бетер кубаныч.


* * *


Эмгек, билим, өнөр адамды издебейт, адам өзү ошолорду таап, анан бийик максатты издейт.


* * *


Өлбөс, өчпөстүк кайдан башталат анын жолу өтө татаал өтө оор. Акбоз ат минген азамат көптөгөн жоготууларга учурап, анан ийгиликке жетиши да өтө оор.


* * *


Өлгөндөр тирүүлөр аткарсын деп жакшы осуяттарды калтырат. Ал осуят өлгөндөр үчүн эмес тирүүлөр үчүн керек.

* * *


Биз үй-бүлөбүз менен биргебиз, биз эл-журт менен биргебиз, аягында эле барып, биз Ата- Мекен менен биргебиз.


***


Эркиндикти куса болуп сагынган адаи убактылуу күнлү көрө албайт. Кусалыктык өзү күн. Кусалыгы тарагандан кийин ага күн көрүнөт.

***


Элдин байлыгын талап-тоноп качып кеткен эл башчынын кулагына бир шыбыр угулуп турат. « Сен жалгызсың сен элди тоногон адамсың, сени элиң кечирбейт. Сен түбөлүк каргышка калган адамсың!»

* * *


Мерген сыяктуу акын талантты издеп чыгат, ал талантка жолукса бактысы себеби, анын өмүрү олжолуу кайтып келаткан мергенге окшойт.


* * *


Ай толгон күнү жазуучу бакытка жолугат. Себеби, анын жүрөгү канчадан бери изденүүнүнү самап турат. Изденүү – ийгилик, ийгилик – келечек. Келечек ай толгондой караңгысы жок жарык максатка умтулат.


* * *


Жалган атак, арам байлык көп адамдарды жолдон адаштырат. Көптөгөн адамдар ушул ооруга чалынып элин да адаштырат.


* * *


Сабакта отурган кыркы окуучу, мугалим бирөө, ошончо окуучуга билим берүү мугалим үчүн өтө оор, ал эми жакшы билим ала албагандыгы үчүн балдарга да өтө оор, жашоодо жеңил нерсе жок баары эле оор. Бул оордукту сезип, билип турган өкмөткө андан бетер оор.


* * *


Хан элди улуу, журтун мыйзам менен башкарат. Ал мыйзамды эл чыгарган. Мыйзам хандын алып жүргөн ыйык китеби болот. Ошондо хан – хан болот, эл – эл болот.

* * *


Хандын аялы ач көз, дүйнөкор болсо, ал хандан мурун элдин шору. Баарынын мурун хандын шору жана анын аялынын шору.. Мындай шорго малынгандар бизде болуп келген. Айтаарым мындан ары ошондой шорго малынып элдин бетин карай албай калбагыла!


* * *


Кечиримдүү болгула адамдар! Кечиримсиз жүрөк таш болот. Таш катуу, муздак. Анда назик жүрөк жок. Кечиримдүүлүктү Кудайдын өзү жараткан!.

* * *


Жакшы сөз кайдан чыкса, кайра ошол жакка кайтат.


Анткени жакшы сөз чыккан оозго кайра алкыш айтылат.


Жаман сөз чыккан оозго каргыш айтылат.


* * *


Байлыктын жолу ак эмгекте, адамдар ошол сырды билип алгыла! Ак эмгек келечекке жол салганын да унутпай билип алгыла!


* * *


Акыйкат чоң дарак, анын түбү бекем. Аны омкором дегендер дарак жыгылса, алардын өмүрү коркунучта кабылаарын билеер бекен..


* * *


Биз эңсеген бейиш жашоо жомок китепте эмес, турмушта болсун!Ошондо биз бактылуу болобуз. Ошондой болсун!


* * *


Күн бирөө, жер бирөө, ошол сыңары акыйкат, чындык бирөө деп айтылат. Эгер алар экиден болгондо, бардык нерсе жалган чыгып төп болбой калат.


* * *


Адамга аз өмүр берилгени арман. Бирок анын өтөөсүнө эмгек, чыгармачылык менен чыгалы деп жаркын үмүт менен тобокел кылып турабыз.


* * *


Элдин кеңешин ук, алардын сөзү сага жакшылык алып келет. Демек баарын угуп. дитиңе бекем сактап кал!


* * *


Бош болгондо ата-бабанын, жети атанын санжырасын айта бер. Биз ошолордон жаралганбыз. Алар биздин унутулгус санжырабыз. Бизди унутуп салбасын деп алар сени ак жашоого жаратып санжырасын түзүп кеткен.


* * *


Акылдуу, токтоо, таланттуу адамдарды мындан мурун да жакшы көргөм, мындан кийин да жакшы көрөм. Анткени алардын ишинен келечектин өзүн даана көргөм.


***

Элден четтеп калган эл башчыда бир шек бар. Аны мен айтпай эле уойлум. Бирок аны эл билет жана өзү билет.


* * *

Кайсы бир жомоктордо балдардын канын ичкен байлар жашайт дешет. Мындай окуя жомоктордо гана кездешсин. Ал адамдар адам баласынын тукумун көбөйтпөй өз тукумун жеп жаткандар.

* * *


«Чындык, эрдик, кубаныч, талант каякта болсо, мен да ошол жакта бармын», – деп улуу адам айтты.


* * *


Ызы-чуулуу шаарда жүрүп күкүктүн үнүн сагындым.


Күкүгүм айылда калган экен. Күкүгүмдүн үнү:


– Төрөлгөн айылыңа качан кайтасың? – дейт. Анткени төрөлгөн жеримдеги күкүктүн үнү мага тааныш, жагымдуу үн, ал ошол балалыгымда уккан назик үн.


* * *


Эчаакы элине эрдик жараткан баатыр бактылуу. Анын журту да бактылуу. Баатырдыкты унутпаган эли да бактылуу.


* * *


Кыштын узак түнү, узак жашаган өмүрдү эске салат.Таалайлуу

узак жашоо армансыз өткөн өмүрдү эске салат.


* * *


Кеч да кирет, таң да атат, эмне үчүн адамдардын кубанычы кемибейт? Ал түгөнсө жашоонун бир сыры кемийт


* * *


Төрөлгөн күн сыяктуу эртеби кечпи, өлөөр күн келет. Бирок аны кантип тосуп алабыз? Ошол суроо бизге табышмак?

* * *


Адамдар! Мен өзүмдү-өзүм түзүш үчүн эмгектендим. Эмгектенип өзүмдү өзүм, таап алайын! Антпесем бул армандуу жашоодо изим калбай такыр жоголуп кетпейин!


* * *


Чындык, эрдик баатырды өлүмдөн сактайт. Ошол үчүн бул экөө адамдардын айныгыс ыйык досу.


* * *


Акылы жоктук көп жаңылыштык алып келет. Адамдарым, ошол кубулуштан сак болгула!


* * *


Дүйнөдөн кайтканда чириген бай деле, жыйган дүйнөсүнөн алып кетпеди. Болгону денесине орогонго кичинекей ак кепиндик чүпөрөктү алып кетти. Ал баардык байлыгын жер үстүнө таштап кетти


* * *


Сабакка такыр кызыкпай отурган окуучу класстагы ашыкча бала. Мугалим андан ар кандай тартипсиздикти күтө берсе болот.


* * *


Бул дүйнөдө бай адам да, кайырчы да жашап жатат. Экөө тең эле кадимки адам. Болгону бирөө жарды, бирөө бай. Аларды

бири-биринен байлык менен жардылык бөлүп турат.


* * *


Ар бир баланын мүнөзү ар башка. Муну мугалимдер да билиш керек. Алардан мурун ата-энелер да билиш керек.


* * *


Сокур менен дудук ээрчишип сапар жолдо келатат. Сокур жолду көрбөгөн менен кулагы угат. Дудук сүйлөбөгөн менен жолду көрөт. Демек экөө бир адам. Алар сапар жолдо илгерилей алат.

bannerbanner