Читать книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп ( Comment Department of People's Daily) онлайн бесплатно на Bookz (8-ая страница книги)
bannerbanner
Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп
Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп
Оценить:
Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп

4

Полная версия:

Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп

Цитата «Партиядагы пенсионер кадрлардын жана пенсия курагындагы алдынкы коомчулуктун өкөлдөрүнүн ичинен прогрессивдүү коллектив менен болгон жолугушууда» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮМДҮРМӨ

Кеңири таанылган ырдын саптары жолдош Си Цзиньпиндин чын ыкластуу камкордугу жана шашылыш каалоолору менен сугарылган боорукердиктин жана сулуулуктун образын жаратат. Карыя жолдоштордун мойнунда тарыхый өткөн мезгилдер жөнүндөгү эскерүүнү камтыган баа жеткис тажрыйба топтолгон жашап өткөн жылдардын оорчулугу жатат. «Кытай» деген алп кемени кечээки шамал менен жамгырдан ары-бери жылдырып, бүгүнкү нукка түшүүгө, эртеңки сууга кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, эң оор күрөштү бүгүнкү кары-картаңдар өздөрүн аябастан башташкан. Азыр да бул адамдардын баштары агарып турганда, алар жөнүндө байыркы накыл сөз менен айтууга болот – «карыган тайгак күркөдө жатат, бирок анын ойлору миңдеген чакырым алыска багытталган; эр жүрөктү жоокер жаш эмес, бирок анын жүрөгү кайраттуулукка толгон».

Саясий билим, жеке тажрыйба жана талашсыз авторитет түрүндөгү уникалдуу артыкчылыктарга ээ болгон эски муун жаңы муундарга тажрыйбаны, колдоону жана шыктанууну өткөрүп берүүгө катышууга мурдагыдай эле өзүнүн сарпталбаган күчүн жана рухий ынтасын толугу менен багыттай алат. Улгайган жолдоштор жаштардын арасында эскинин жакшы салттарын орнотууга, эмгек фронтунун алдыңкыларынын сапаттарын тереңдетүүгө, баалуу тажрыйбаларды үйрөтүүгө, жаштардын арасында активдүү турмуштук позицияны тарбиялоого, ошону менен өздөрүнүн куч-кубатын жана иштерин жыргалчылыкка кошууга, ушул сыяктуу «эки кылым» күрөшүнүн максаттарына жетүү үчүн, айланасындагыларды жүрөгүнүн ысыгы менен жарыктандырып, жылытууну улантууга жөндөмдүү. Демек, Си Цзиньпин партиянын отставкадагы кадрларын шыктандырат, алар формалдуу түрдө пенсияга чыкса да, сырткы көрүнүшүн жаш болбосо да, жан дүйнөсү жаш бойдон калууда, бирок жоокердик духун сактап, сарпталбаган күчүн жана духун элдин Кытай арзуусуна жетүү жолун жарыктандырууга багыттоодо.

ОРИГИНАЛ

Алдыда келе жаткан карылык, кимдин түйшүгү менен жашашы керек деген ойлор кимди тынчсыздандырбайт?

Эт арыктап барат, демек кемерди катураак тартуу керек болот, чач төгүлүп барганда, баш кийимди бир тарапка кыйшайтууга туура келет.

Көзүмдүн көрүүсү начарлап, китеп окууга мүмкүнчүлүгүм жок, болгону жыл өткөн сайын ооруларды эрмендин жалбырактарын күйгүзүү менен менен дарылайм.

Көп нерсени баштан кечирип, дарыя сууларынын алыстап баратканын көргөндөй жылдардын өтүп баратканын күзөтүп турам.

Ойлоп көрсөм, карылыктын да өзүнө жараша жагымдуулугу бар, андыктан муң басууну жеңип, жүрөк жеңилдик сезимине толот.

Күндүн нурлары тыт менен карагайдын башын гана жарык кылып, күндүн батышын кабарлайт деп айтпа. Батып бара жаткан күндүн нуру дагы эле асманды кочкул оң менен жарыктандырат.

Лю Юйси, «Чоу ле тянь юн лао цзянь ши» («Ле Тянь жиберген «Карылык жөнүндө ыр» ыраазычылык билдирген жооп ыры»), Тан доору

КОММЕНТАРИЙ

«Ле Тянь тарабынан жиберилген «Карылык жөнүндөгү ыр» аттуу жооп ыры тан акыны Лю Юйси (псевдоними Мэн Дэ, «Арман табуу») тарабынан жазылган болуп, ал өзүнүн боорукер досу Бой Цзюйга ( псевдоними Лэ Тянь, «Асманда кубануу») ыраазычылык жообу катары жиберилген. Эки акын тең чыгармаларын «Карылык жөнүндөгү ыр» деп атаганы менен поэтикалык формада жашоого ар кандай көз караштарды билдиришкен».

Лю Юйси менен Бо Цзюйи бир эле жылда – биздин замандын 772-жылы туулган. Жылдар ичинде акындар бири-бирине чыгармаларын тартуулашып, атүгүл «Лю менен Бодун ырларынын альманахы» аттуу биргелешкен поэзия жыйнагын чыгарышкан. Тан императору Вэнь-цзундун (836-ж.) «Кайчэн» («Жетишкендиктердин башталышы») деген ураандын астында башкаруусунун биринчи жылынын күзүндө 64 жаштагы Лю Юйси такты мураскорунун коногу катары борбор шаар Лоянга келген, Бо Цзюй да ушул кезде ошол жерде болгон. Башында Бо Цзюй «Карылык жөнүндө Мэн Дэге белек ыр» деген ырды жараткан: «Мына биз экөөбүз карып калдык жана өзүбүзгө суроо берип жатабыз: кары болуу кандай деп? Көрүү начарлап, түндө эрте уктоого тартат, баш иретсиз, чач таралбайт. Кээде үйдөн чыгып кетем, анда да таякка таянып, бирок көбүнчө кечке чейин үйдө бекинип отуруп калам. Тунук күзгүгө кароого өтө жалкоомун, ал эми китептерден кичине тамгаларды окуу да азаптуу. Барган сайын эски досторумду эстейм, мурдагы жаштыгымдын калдыктары байкалбайт. Ал эми менде жалан курулай жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр үчүн гана энергия калды». Поэмада автор улгайган адамдардын физиологиялык жана психологиялык белгилерин кеңири сүрөттөп, өзүнүн пессимизмин ачык айткан.

Бо Цзюйнин көңүлү чөккөн жана пессимизминен айырмаланып, Лю Юйсинин поэтикалык жообу жашоону тастыктайт. Тактап айтканда, «Күн нурлары тыт менен карагайдын башын гана жарык кылып, күндүн батышын кабарлайт деп айтпа. Батып бара жаткан күндүн нуру дагы эле асманды кочкул өң менен жарыктандырат» деген жакшы мүнөздү жана оптимизмди, ошондой эле автордун жашоого болгон активдүү жана позитивдүү көз карашын толук чагылдырган миң жылдык тарыхы бар атактуу сөзгө айланган.

Жүрөгүңүз үстүнөн бийлигиңиз болбосо, чексиз асманды багынта албайсыз.

Цитата «ККПнын XVIII съездинде ККП БКнын тартипти камсыз кылуу боюнча комиссиясынын 6-жалпы заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

Келтирилген ырдын автору Цин акыны Гун Цзычжэнь. Өз сөзүндө Си Цзиньпин бул акындын дагы бир ырынан: «Жүрөк – дененин кожоюну жана акылмандыктын башкаруучусу» деген фразаны келтирет. Эки сөз тең бир ойду билдирет: жүрөк – ой булагы, рухтун негизи, жакшылыктын төрөсү, адамдын бардык ниетинин, иш-аракетинин башталышы. Адамдын ой жүгүртүүсү жана иш-аракетинин мүнөзү анын ички дүйнөсү менен аныкталат. Таза жүрөк, бийик ой адамды «жүз ууга кол тийбес» кылып, ага түгөнгүс күч-кубат берет. Ар кандай иш жан менен жасалууга тийиш, жан куч-кубаттын булагы болуп кызмат кылууга тийиш, жанды күрөшкө жумшоо керек, жан пландарды орундатуунун ачкычы болуп калууга тийиш.

Антикалык илимпоздор феодалдык доордун этикасына жана моралына таянып, «Жүрөк жөнүндө окуусун» – руханий-адептик жактан өзүн-өзү өркүндөтүү, чындыкка, ой тазалыгына тарбиялоо, максатты түшүнүү жана жашоодо өз ордун табуу жөнүндөгү окууну түзүшкөн. Өз кезегинде партиянын «Жүрөк жөнүндө окуусунда» идеологиялык тарбиялоого, марксизмдин принциптеринин негизинде инсанды калыптандырууга көңүл бурулган. Эгерде партиялык кызматкердин «Жүрөк жөнүндө окуусун» түшүнүүсү канааттандырарлык эмес болсо, ынанымдардын кебелбестигине доо кетирип, принциптерден чегинүү, натыйжада душмандын курчоосунда «багынуу» жолуна түшүү тандалып алынат. Мына ушундан улам партиялык башкаруунун ар тараптуу катаалдыгы тартипти катуу сактоону жана «кызыл сызыкты» сактоону гана эмес, нормаларга жана тыюу салууларга көңул бурууну да талап кылат. Партиялык катаалдуулук көбүрөөк даражада партиянын «Жүрөк жөнүндө окуусунун» негизинде жекече өркүндөтүүгө, партия мүчөлөрүнүн «адам» жөнүндөгү принципти негиз катары жана «жүрөктү» ачкыч катары түшүнүүсүнө, моралдык сапаттарды чыңдоого багытталган жана идеалдарга берилгендикке каратылган.

ОРИГИНАЛ

Чыныгы жолдун кудуретинин үнү табияттын бардык үндөрүнөн күчтүүрөөк, бирок адамдын жүрөгүндө жашап жаткан бул коркок нурлар күчтүн жаркыраган нурун ачуусу үчүн өжөрлүк жана аракет керек. Жүрөгүңүз үстүнөн бийлигиңиз болбосо, чексиз асманды багынта албайсыз.

Феникс менен оттуу куш өзү үчүн карагайдын кургак бутактарын тандабайт. Асмандык рух жан дүйнөсү таза жана асманга ачык болгондорго түшөт.

Жүрөгүмдүн үнүн угуп, укпай калам дүйнөнүн ызы-чуусун. Жоктукта мен жолдун чындыгына ишенимдүү бойдон калам, жашоодо менин рухум бекерчиликтен эркин.

Ушундай жол менен гана океандарды батышты көздөй агызууга жана күндү чыгыштан кайра чыгууга бурганга окшош күчкө толууга болот.

Гун Цзычжэнь, «Жаздан күзгө чейин ар түрдүү ойлорду камтыган 15 ырдын антологиясы» (биринчи ыр)

КОММЕНТАРИЙ

«Жаздан күзгө чейин ар түрдүү ойлорду камтыган 15 ырдын антологиясы» – Цин доорунун аягындагы прогрессивдүү ойчул Гун Цзычжэнь жараткан Тан акындарынын классикалык стилиндеги поэтикалык чыгарма. «Жүрөгүң үстүнөн бийлик болбосо, чексиз асманды багынта албайсың» деген сөз чыгарманын биринчи сабынан алынып, акындын «жүрөк күчү» түшүнүгүнө берилгендигин толук чагылдырат. Ырдын өзөгү сырткы дүйнөнүн кийлигишүүсүн жеңүүгө рухтун күчү жетет деген ойду ачык баяндайт.

«Жүрөгүң үстүнөн бийлик болбосо, чексиз асманды багынта албайсың» деген сөз, эгер адам өз жанын башкара албаса, объективдүү чындыкка баш ийе албайт дегенди билдирет. 1822—1823-жылдардагы башка ырлар жыйнагында «Жэнь жылынан Гуэй жылына чейин пайда болгон ойлор жана байкоолордун жыйнагы» деген ырлар жыйнагында Гун Цзычжендин төмөнкүдөй сөздөрү бар: «Жүрөк күчү жок адамдар карапайым адамдар. Чоң өч алуу, чоң оорудан айыгуу, чоң тоскоолдукту жеңүү, чоң планды аткаруу үчүн жүрөктүн күчү абдан керек». Дүйнөдө «жүрөктүн күчүн» талап кылбаган бир дагы нерсе жок. «Жүрөктүн күчү» болгондо гана адам ар кандай жоопкерчиликти ала алат, кандайдыр бир максатты көрсөтө алат. Чындыгында, Гун Цзычжендин укмуштуудай таланты жана адамдан тышкаркы эрки, зор умтулуулары, бай жана күчтүү поэтикалык образдары жана чексиз сулуулук үлгүлөрү да анын өзүнүн «жүрөк күчү» менен келип чыккан.

Адам нерселерди байкап жатканда анда түшүнбөстүк пайда болот, анын жүрөгү нерселердин маңызын туура аныктай албайт жана бул учурда тышкы дүйнөдөгү нерселердин билими даана боло албайт.

Цитата «Бүткүл кытайлык партиялык мектептин жумушчу заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

Жүрөк нерселердин маңызын туура аныктай албаганда, б.а. пайдубал туруктуулугун жоготкондо сөзсүз баш аламандык жана олку-солкулук пайда болот; эгерде сизде күчтүү ички колдоо болгондо гана эмне туура, эмне туура эмес, эмне чын жана эмне бурмаланганын ишенимдүү баалай аласыз. Си Цзиньпин биринчи кезекте ишенимди бекемдөөгө, партиянын идеалдарына ишеним туусун бийик кармоого жана партиялык мектепти партия кылган принциптерди бекемдөөгө багытталган партиялык мектептин жакшы ишинин негизин көрсөтүү үчүн классикалык сөздөн пайдаланган. Коммунизмге ишенүү жана партиялык мектептердин алардын ысмына толук ылайык келиши эч кандай куру ураандар жана кыйкырыктар болбостон, партиялык мектептердин ишинин бардык жактарынан көрүнүшү керек. Маселен, партиялык мектептерде окууну уюштуруу негизинен теориялык жана партиялык окууга багытталууга, партиялык жетекчи кызматкерлердин духун чындоого, партиялык идеалдарга ишенимди чыңдоого кызмат кылууга тийиш.

Эгерде партиялык окууга зыян келтирип, жогорку адистештирилген техникалык ыктарга басым жасалса, туура саясий курстан четтөөлөр пайда болгонго чейин «ызы-чуулу коноктор үй ээсин сууга чөктүрөт» дегендей, орто билим берүү башкы нерсеге көлөкө түшүрө баштайт. Маселен, коомдук ой-пикирдин ар кандай агымдарынын алдында партия четте калбастан, «согуштун кыйкырыгын көтөрүп, кылычын жаркылдаткандай» тайманбастык менен өз позициясын билдирип, авторитетти көрсөтүүгө тийиш. Марксизмдин рухий чебин коргоп, илимий билимдер аркылуу шектенүүнү жана күмөндүүлүктү жок кыла билүүгө тийиш. Кандай гана жагдай болбосун, Си Цзиньпин белгилегендей, «партия туура саясий багытты бекем кармашы керек жана бул негиз».

Конец ознакомительного фрагмента.

Текст предоставлен ООО «Литрес».

Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на Литрес.

Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.

Вы ознакомились с фрагментом книги.

Для бесплатного чтения открыта только часть текста.

Приобретайте полный текст книги у нашего партнера:


Полная версия книги

Всего 10 форматов

1...678
bannerbanner