Читать книгу Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек (Папан Эргешович Дүйшөнбаев) онлайн бесплатно на Bookz (4-ая страница книги)
bannerbanner
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Оценить:
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек

3

Полная версия:

Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек

Азыр айрым тарыхчылар Кыргызстанда чыныгы партиялык диктат Уюштуруу Курултайында эле башталган деп аны терс көрүнүш катары чечмелеп жүрүшөт. Биз аларга: сиздердин оюңуздар боюнча Курултайдын өз ишин баштабай жатып таркап кеткени жакшы беле? -деген суроону бергибиз келет. Анда ал Союздун жетекчилигинде «айрымдары арызданып, даттанып жатышкандай, булар бир чогулушту да өткөрөт албайт турбайбы. Демек, азырынча өз алдынча улуттук-мамлекеттик түзүм болгонго даяр эмес экен» деген пикир жаратып, бизди РСФСРдин курамынан чыгарып, Казакстанга же Өзбекстанга кошуп салышы да мүмкүн эле. Кийин ККАОну КАССРге айландыруу сунушунун жогортон колдоо табышы өтө татаал маселеге айланмак.

Андай учурда М. Каменскийдин демилгени, баардык жоопкерчиликти өзүнө алып, кысым, басым менен болсо да Курултайды аягына чыгарып, ККАОну легитимдештирип, башкаруу органдарын түзүүсү, чынын айтуу керек, эрдикке тете иш болгон. Ал үчүн болсо да анын эмгегин унутпай, бир көчөгө болсо да ысмын калтыруубуз керек.

Ал эми облпартконференциядагы жаңжал боюнча айтсак, азыр деле дүйнөдө бир да партия өз саясатын колдобогонду жетекчи органдарга сунуштабайт, ошон үчүн саясий партия деп аталат. Азыркы Кытайдын архитектору Дэн Сяопинь «Кандай түстөгү мышык болбосун, ал чычкан кармаса болду» дегендей, ошол убакта М. Каменский жетектеген фракция мүчөлөрүнүн кысым менен болсо да Кыргызстандын жүз жылдаган келечегин аныктоодо эпохалдык тарыхый иш жасашкандары эч кимде талаш туудурбайт деп ойлойбуз.

Бир күн мурда Курултайдагы большевиктер фракциясынын мүчөлөрү чогулушуп, БАКтын мүчөлүгүнө сунуш кылына тургандардын тизмесин бекитишкен. Ал тизме 30-мартта эч кандай өзгөртүүсүз делегаттар (70 делегат катышкан) тарабынан кабыл алынып, БАК, 31-мартта анын президиуму, анын төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган. Аны тирешкен эки топко аралашпагандыгы, теги жагынан жумушчу, басмачыларга каршы күрөштүн активдүү катышуучусу болгону үчүн М. Каменский колдогон. ККАОну КАССРге айландыруу демилгесин биринчи болуп Курултайда М. Каменский көтөргөн.

Азыр улуттук тарыхнаамабызда М. Д. Каменский туруктуу терс каармандарга айлангандардын бири. Аны Сыдыковчуларды эмес, Худайкуловчуларды колдогону, облустук партиялык биринчи конференцияда Ж. Абдрахмановду баш кылып баардыгын кызматтарынан кетиргендиги үчүн айыптап, эң жакшы дегенде кремлдин жасоолу катары сыпатташат. Мында ал 1908-жылдан берки партстажы, партиялык уюштуруу жана идеологиялык иштеринде чоң тажрыйбасы бар, подпольелик жана ачык күрөштөрдө, согуштарда такшалган большевик катары Сыдыковчуларды да, Худайкуловчуларды да коммунист түгүл, коммунист болууга да аракеттенбеген, баш оттору менен топтук, уруулук күрөштөргө кирип кеткен адамдар катары эсептесе, башка эмне кылмак? Ал Сыдыковчуларды толугу менен бай-манаптардын тукумдары, «Алашчылардын», эсерлердин куйруктары деп эсептеген. Ал эми Р. Худайкулов совет бийлигинин алгачкы жылдарында кедей-кембагалдардан түзүлгөн «Букара» коомдук уюмун жетектеп, аны Кыргызстандагы эң массалык «Кошчу» уюмуна айландырган. Анын мүчөлөрүнүн саны 80 миңден ашкан учурлар да болгон. Теги кедей-кембагалдардан чыккан. Мындай учурда өмүрүн пролетариаттын диктатурасы үчүн күрөшкө арнаган адам катары анын Р. Худайкуловго жан тартканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал Худайкуловду колдогон менен жогорку кызматтарга сунуштаган эмес. Аны трибун, эң абройлуу коомдук уюмдун лидери катары гана пайдаланган.

Айрым абройлуу эмгектерде И. Айдарбековду Уюштуруу Курултайында кызматтан четтетишкен деп жазылып жүрөт (15:166). Ревкомдун ыйгарымдары Уюштуруу Курултайына чейин эле болсо, Курултай тийиштүү чечимдерди кабыл алары менен ал автоматтык түрдө жоюлса, ал кантип кызматтан четтетилет? Аны БАКинин Эл Комиссарлар Кеңешине шайлашпай койгон деп жазышса чындыкка жакындамак, бирок жоюлган органдын жетекчисин «смещение» деп жазуу адамдын күлкүсүн келтирерлик жорук. Андайларды академиктик наамдары барлардын уялбай жазышкандары өкүндүрөт.

Тилекке каршы, өңкөрүш-төңкөрүштөрдүн алдыңкы сабына чыккандардын көпчүлүгү өз пикирин гана туура деп эсептеген максималист, башкалар менен ымала түзүп иштешкенге жөндөмдөрү аз адамдардан болорун 1990-жылдардан бери көрүп келатабыз. Ж. Абдрахмановдун М. Каменский менен беш ай бирге иштеше албагандыгы, А. Сыдыковдун партиянын катарынан үч жолу чыгарылып, үч ирет кайра кабыл алынганы эле аны айтып турат. Э. Арабаевдин ачкыл-кычкылдарга жакыныраак болгонун замандаштары эскеришкен. Алардын ККАОнун түзүлүшүндө эмгектери чоң, бирок инсан катары иштешкенге ыңгайсыз адамдардан болушканын да моюнга алуу зарыл.

Россиянын калыптанып, индустриалдык державага айлануусунда Петр-1 менен Екатеринанын ролдору абдан чоң. Бирок, инсан катары алар кандай болгону да эки кылымдан ашык убакыттан бери ачык айтылып жазылып келүүдө. Андан алардын абройлору түшүп деле кеткен жок. Биз да мактагандарыбызды пайгамбарлардан бетер асмандатып, ал эми жамандагандарыбызга жок нерселерди деле жабыштыра бербестен баардыгына калыс, обьективдүү карап талдаганды үйрөнүүбүз керек.

БАК түзүлгөндөн кийин Ревком жоюлуп, бөлүмдөрү автоматтык түрдө анын карамагына өткөрүлгөн. РСФСРдин Баш мыйзамынын 4-бабына ылайык, облустагы эң жогорку башкаруу органы катары советтердин жылына бир жолудан чакырылуучу Курултайы, анын аралыгында ага отчет берүүчү Борбордук Аткаруу Комитети түзүлгөн.

Аны менен падышалык Россиянын убагында Түркстандын төрт облусуна, андан кийин жаңыдан түзүлгөн республикалардын, автономдуу облустун аймактарында калган кыргыздар бир административдик-аймактык түзүмгө бириктирилип, ар элдерге ассимиляцияланып сиңип кетүү коркунучу жоюлган. Азыр улутташтырылган мамлекеттик түзүмдөрдүн чек араларын аныктоодо большевиктер көп кемчиликтерди кетиришкен, а түгүл Борбордук Азиядагы элдерде дайыма чек аралык чыр-чатактардын потенциалдуу коркунучу болуп турушу үчүн атайылап жасашкан деген ойлор айтыла калат. Бир жагынан алганда андай ойлордо да чындыктын үлүшү бар, ККАО түзүлгөндөн кийин Анжиан облусунда мурдатан кыргыздар компактуу жашап келген бир район, Жизакта эки райондой, Ташкентте (Чаткал тоолорунун түшө беришинде) жарым райондой, Памир тарапта эки район, Коженттин айланасында 6 кыргыз айыл башка республикалардын аймактарында калган. Экинчи жагынан, баардыгы бир элдин эрки жана каалоосу менен гана чечилбешин, убагында башка элдердин да ажырымдаштырууда бизге карата дооматтары, талаптары болгонун, жалпысынан алганда ажырымдаштыруу кыргыздар үчүн ийгиликтүү ишке ашырылганын да эстен чыгарбоо керек.

ККАО түзүлгөндө аймагыбыз 195, 7 миң чарчы-километр болсо (3:130), 1996-жылга карата 198, 5 миң чарчы метрди түзгөн (20:364). Башка айрым республикалар облустарынан, райондорунан айрылышса, биздин аймак кеңейген. Анда М. Каменскийден тартып Т. Усубалиевге чейинки жетекчилерибиздин салымдары бар.

Жыйынтыктап айтканда, Орто Азияда улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу процесси үч этапта ишке ашырылган.

Биринчиси, 1921-жылы 11-апрелде Түркстан Советтик Социалисттик Республикасын түзүлүшү. Ал РКП (б) БКнын Түркстан боюнча комиссиясынын иштеринин жыйынтыктарына ылайык, ажырымдаштыруунун алгачкы этабы катары каралган. ТССРдин жетекчилери жер-жерлердеги этникалык абалды иликтеп, үйрөнүшүп, сунуштарын РКП (б) БКга жана ВЦИКке беришкен. Экинчи, этабы Кара-Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча 1921-жылы идея жаралып,1922-жылы 4-июнда кеңешүүчү-даярдык көрүү макамында Курултайдын өткөрүлүүсү болуп саналат. Каршылардын да көптүгүнө байланыштуу ал аябагандай драмалуу мүнөздө өтүп, чыр-чатактар менен аяктап, максатына толук жетпей калганын жогоруда айттык. Бирок, анысына карабастан ал аябагандай чоң дем берүүчү жана мобилизациялык мааниге ээ болгон. Аймактагы элдин көбү ошондо чындап ойгонуп, ККАОну түзүүнү жактагандардын катарын көбөйткөн.

Үчүнчү этабы, 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин ВЦИКинин 2-сессиясынын Орто Азиянын элдерин улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу жөнүндө чечими менен ККАОнун түзүлүшү болуп саналат. Ал чечимде «Во исполнении выраженной всеобщей воли рабочих и дехканских масс кара-киргизского народа предоставить право кара-киргизскому народу выйти из состава Автономной Туркстанской ССР и образовать Кара-Киргизскую автономную область в составе РСФСР» деп жазылган (7:98). Аны материалдаштырып, уюштуруп аткарып, укуктук жактан бекемдөө үчүн беш айдай убакыт талап кылынган. Ал 1925-жылы 27-30-мартта советтердин Уюштуруу Курултайын өткөрүп, легитимдүү мамлекеттик жана башкаруу органдарын түзүү менен аяктаган.

ККАОнун большевиктеринин обкомунун биринчи катчысы М. Д. Каменский Курултайда сүйлөгөн сөзүндө өзүнүн атаандаштырына ККАОну эмес, адегенде эле ККАССРди түзүү сунушу менен чыгыш керек эле деген сын айткан. Аны азыр ар кимдер ар кандай чечмелеп, ал атаандаштарынын кадырын кетирүү, басынтуу үчүн саясый коньюнктуралык максатта айткан деп да жүрүшөт, бирок кандай максатта айтпасын, ал ошол замат колдоого алынып, ККАОнун облаткаруу комитетинин Президиуму 1925-жылы 25-апрелде ККАОну Кыргыз АССРине айландыруу жөнүндө өтүнүчү менен ВЦИКке кайрылган. ВЦИКтин Президиуму 1926-жылы 1-февралда колдогон чечим кабыл алса, аны ВЦИКтин 1926-жылдын 8-18-ноябрында өткөн 3-сессиясы бекиткен. Кыргыз АССРинин советтеринин уюштуруу сьезди 1927-жылы 7-мартта өткөрүлүп, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгү жөнүндө Декларация кабыл алынган. Ал убакта Кыргыз АССРинин укук-ченемдик актылары, Баш мыйзамы болбогондуктан РСФСРдин укук-ченемдик актылары менен иштеген. Ошентсе да ВЦИК менен РСФСРдин Эл Комиссарлар Кеңеши 1927-жылы 21-мартта Кыргыз АССРинин мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө укуктук Жобону бекиткен.

Кыргыз мамлекеттигинин советтик мезгилде кайра жаралып, өнүгүүсүнүн эң драмалуу алгачкы этабы ошентип аяктаган. Андан кийинки 1936-жылы Кыргыз ССРИнин түзүлүүсүнө чейинки мезгил да абдан драмалуулулугу менен айрымаланган, бирок аларды талдоо биздин максатка кирбейт.

Кыргыз мамлекеттигинин кайра жаралуусундагы эң драмалуу 1920-1925-жылдардагы окуялар дүңүнөн жетишинче баяндалып, изилденип, символдук, координаттык оң-терс көрүнүштөр, функционерлер аныкталган менен, тилекке каршы, азырга чейин деталдаштырылып, ар тарыхый окуя, ар тарыхый инсан тарыхыйлуулуктун жана илимийлүүлүктүн негизинде калыс обьективдүү изилденип, тактала элек. Маселен, ВЦИКтин Түрк Комиссиясынын, андан кийинки Туруктуу Комиссиясынын, Түркстан ССРинин, ККАОну түзүүдөгү Ревкомдун, РСДРП (б) нын ККАО Бюросунун иштери, ошол убактагы саясий процесстердин тутумунда өз-өзүнчө предмет катары иликтенип-изилденип такталуусу зарыл. Обзордук материалдарды кийиз тепкендей кылып, бир эле нерсени бирде ары тоголотсо, бирде бери тоголото урдура бергендин, биздин оюбузча чыныгы илимге тиешеси деле жок. Бул жагынан биз белгилүү тарыхчынын: «Из широкого круга научных проблем истории Кыргызстана советского периода остается наименее изученным и наиболее искаженно представленным вопрос, связанный с обретением государственности. До недавнего времени позитивные моменты этого сложного вопроса, считавшегося во многих своих моментах „щепетильным“, раздувались до небес, а негативные-налагалось табу» 24:347) деген пикирине толугу менен кошулабыз. Андай табулар азыр алынбаса, качан алынат? Окурмандарга, жалпы эле коомчулукка асмандатыла апыртылгандардын да, жерден алып, көргө чапкан нигилизмдин, манкурттуктун кереги жок. Канчалык ачуу болсо да чындык гана керек.


АДАБИЯТТАР


1. Кыргыз тарыхы. Негизги окуялар жана даталар. Түзгөндөр: К. Иманалиев, К. Жусупов, Б. «Руханий мурастар» фонду, «Учкун», 94 б.

2. Бабур З., «Бабурнаамэ», Т. Главная редакция энциклопедий, 1993. 434 с.

3. Джуманалиев А., Политическая история Кыргызстана (Становление политической системы кыргызского общества в 1920-1930-е годы), Б. ОсОО «ДЭМИ», 2002., 399 с.

4. Ленин В. И., К вопросу о национальностях или об «автономизации», В книге: Избранные сочинения. Т. 10. 1921—1922. М. Изд. Полит. литературы. 1987., 568 с.

5. Сталин И. В., Политика советской власти по национальному вопросу в России, В книге: Ленин и Сталин. О Средней Азии и Узбекстана, Т. Партиздат ЦК КП (б) Узб. 1940., 282 с.

6. Курманов З. К., Политическая борьба в Кыргызстане 20-ые годы, Б. Илим, 1997., 292.

7. Образование СССР. Сборник документов (1917—1924), под ред: Э. Б. Генкиной. М-Л. Изд. Академии Наук СССР, 1949. 472 с.

8. Эмерсон Р., Эссе. Торо Г., Уолден или жизнь в лесу, М. «Художественная литература», 1986. 639 с.

9. «Фонд Викимедиа».

10. hats:/cenrtasia. orgA?. php? st=1271966700

11. Джунушалиева Г., Эволюция Кыргызской государственности в советский период (20—80 годы ХХ века). Б. «Илим», 2006, 138 с.

12. Ходжаев Ф., Избранные труды. Том 1., Т. Изд: «Фан», 1970., 500 с.

13. Дубинский-Мухадзе И. Куйбышев, ЖЗЛ, М. «Молодая гвардия», 1971. 304 с.


14. Архангельский Вл., Фрунзе, ЖЗЛ. М. «Молодая гвардия», 1970. 510 с.

15. У истоков кыргызской национальной государственности (Ред.: Т. К. Койчуев, В. М. Плоских, Т. У. Усубалиев). Б. Илим, 1996. 384 с.

16. Первые социалистические преобразования в Киргизии. Сборник документов 1918—1920. Отв. редактор Каракеев К. К., Ф. «Илим», 1990, 340 с.

17. Курманов З., Джакупова Г., Парламентаризм в Кыргызстане: первый опыт., Б. ОсОО «Полиглот», 1998., 200 с.

18. Вопросы истории коммунистической партии Киргизии. Ежегодный сборник статьей. Выпуск 2. Ф. Киргосиздательство, 1962, 232 с.

19. Культурное строительство в Киргизии 1918—1929 гг. Сборник документов и материалов. т. 1. Ф. Академии наук Киргизской ССР. Киргизиздательство, 1957., 410 с.

20. Правовые системы стран мира. Энциклопедический справочник. Второе издание. М. Изд. Норма, 2001, 840 с.

21. Письмо И. В. Сталина В. И. Ленину, 22-сентября 1922 г. В Журнале: Известия ЦК КПСС. 1989, №9.

22. Кудайкул уулу, Кыргыз кошчу уйуму. «Эркин тоо», 1924-жыл, 7-ноябрь.

23. Сейфуллин С. Тернистый путь, А-А. «Жазушы», 1975. 432 с.

24. Дж. Жунушалиев, Время созидания и трагедий 20-30-годы ХХ в., В книге: Кыргызы. Двадацати томник. ХХ том. Источники: архивные материалы, монографии. с. 347. Б. «Бийиктик плюс», 2019, 604 с.

25. Будянский, История беженцев-кыргызов (1916—1927 годы). Б. «ДЭМИ», 2007. 196 с.

М. Фрунзенин ККАОну түзүүдөгү ролу

Мени аскердик кафедраларда окуп жүргөнүмдө М. В. Фрунзенин эч кандай башталгыч аскердик билими да жок туруп, фронтторду жетектеп, падышалык Россиянын генштабынын академиясын бүтүргөн, взводдун командиринен армиялардын командачысына чейинки тепкичтерди басып өткөн генералдардын, адмиралдардын аскерлерин талкалаганы таң калтырчу. Университеттин аскердик кафедрасындагы Табеев деген полковник кызыл армиянын полководецтеринин ичинен эң чыгааны Михаил Фрунзе болгон деген сөздү көп кайталап, анын аскердик ишмердигин айтып кирчү. Ал эми Ташкентте Фрунзенин культу бар эле, округдук гезит да «Фрунзевец» деп аталчу.

Ал жарандык согуш мезгилинде төрт фронтту жетектеп, актар Россиянын башкы Башкаруучусу деп жарыялаган Колчактын, Врангелдин армияларын, Орто Азияда басмачылык кыймылды, Бухара эмирлигинин аскерлерин талкалап, Украина менен Крымдагы аскерлерди жетектеп, ал жактарда совет бийлигин орнотуп, Түрккомиссиясынын, БАКтын, Реввоенсоветтин, РСДРП БКнын, Экономикалык советтин, советтердин Бүткүлсоюздук 1-сьезддин даярдоо боюнча Комиссиялардын мүчөсү катары аябагандай жооптуу мамлекеттик иштерди да аткарган.

Ошол эле мезгилде аскердик, согуштук иштер боюнча туптуура он теориялык эмгектин автору да болуп саналат. Ошон үчүн убагында Союздун Коргоо министрлигинин башкы штабынын Академиясы М. Фрунзенин атына коюлган. Россияда азыр деле ал өзгөртүлгөн жок.

Мында кимде болбосун жадегенде жогорку билими, аскердик тажрыйбасы жок адам маршалдык деңгээлдеги бийиктикке кантип жетишкен? – деген суроо пайда болбой койбойт. Тубаса таланттын ээси болуп төрөлгөндүн деле чоң сүрөткерге, жазуучуга же артистке айлануусу үчүн көп жылдар бою окушу, өзүнө чейинкилердин тажрыйбаларын дыкат үйрөнүүсү, анан жадабай машыгуусу, көнүгүүсү керек. Верныйдагы гимназияны алтын медаль менен аяктаса да Петербургка баргандан кийинки өмүрү саясый кружоктор, камоолор, куугундар, сүргүндөр менен өтсө, ал аларга кайдан үлгүргөн?

Эскерүүлөргө, ал тууралуу жазылгандарга караганда, анда адамдарда, өзгөчө жетекчилерде сейрек кездешүүчү сапат болгон. Биринчи кезекте, ал адистердин, тажрыйбалуулардын кеңеш-сунуштарын көңүл коюп угуп, анан өз оюндагыларды ары-бери калчап, салыштырып, оптималдуу чечим кабыл алууга, экинчиден, дайыма тийиштүү адабияттарды окуп үйрөнүп, билимин, түшүнүгүн арттырууга аракеттенген. Ал кесипкөй адистерди сыйлагандыгы, баалагандыгы штабынын башчысы, падышанын убагында эле генералдык даражага жетишкен Ф. Ф. Новицкийге жасаган мамилесинен көрүнүп турат. Экөөсү Ярославлда жолуккандан тартып, жарандык согуш бүткүчө айрылган эмес. М. Фрунзе дайыма ага урмат менен мамиле жасаса, Ф. Новицкий аскердик тактика, стратегия, коргонуу иштерин, чабуулдарды уюштуруу, командирлерди тандоо жагынан жардам берген. «Фрунзе был удивительно восприимчив и отзывчив, – деген ал эскерүүсүндө. Он не боялся принимать оригинальные решения… За каждой боевой операцией видел он людей. Он буквально впитывал в себя военные знания, однако не с тем, чтобы коллекционировать их, а для того, чтобы как можно скорее пустить их в дело» (1:495). Же М. Фрунзе аны саясый революциялык жагынан тарбияласа, Ф. Новицкий аны чыныгы аскердик колбашчыга айландырган.

Командир менен штабдын жетекчиси, же комиссары же Реввоенсоветтин мүчөсү тил табыша албагандан улам аскердик операциялар жабыр тарткан учурлар Жарандык согушта да, Улуу Ата Мекендик согушта да аз болгон эмес. В. Чапаев менен Д. Фурманов кээде жакалашканга чейин барышса, Улуу Ата Мекендик согуштагы Харьков трагедиясы штабдык адистердин пикирлерине көңүл бурбагандан келип чыккан.

М. Фрунзе жашынан адабиятка жакын болгон. Классикалык орус адабиятынын мыкты үлгүлөрүн мектепте, гимназияда жүргөндө эле окуп чыккан. Пишпектин ошол убактагы старостасы, чокундурган атасы, жыгач уста И. Терентьев анын идирегин байкап жардам берип, Пишпекте аны окуу акысынан бошотсо, кийин гимназиядагы окуу акысын да шаардык башкармалыктын эсебинен төлөтүп турган.

«1885-жылы Түркстандын Жети-Суу облусунун Пишпек шаарында төрөлгөм, -деп жазган ал өмүр баянында. Менин атам теги боюнча Херсон губерниясынын Тирасполь уездинин Захарьев волостунан чыккан дыйкан. Улуту-молдован. Аскердик кызматка чакырылганда Түркстандагы аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөп, ал аяктаганда Жети-Сууда калып, фельдшер болуп иштеген. Апамдын теги 70-жылдарда Жети-Сууга көчүп келген Воронеждик дыйкандардан.

Мектепте башталгыч билим алгандан кийин Верный шаарындагы гимназияга тапшырып, аны 1904-жылы аяктадым» (1:5).

Ал революциялык идеяларга гимназиядагы ар кандай кружокторго катышканда эле кызыгып жүрсө, Санкт-Петербургка келгенден көп өтпөй РСДРПга мүчө болот. Ошол убактагы кеңири белгилүү адамдардын бири, акын, драматург жана сынчы И. Ф. Анненский менен таанышат, М. Горькийдин сөзүн угат. Анын институттагы лекция, сабактарга болгон ынтаасы азайып, революциялык идеяларга жана иштерге кызыгуусу көбөйө баштайт. Акырында сабактарды көп калтыргандыгы жана окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн политехникалык институттун экономикалык бөлүмүнөн чыгарылат.

1905-жылы 9-январда митинге чыккан жумушчуларды атууда колунан жарадар болот. Андан кийинки 1917-жылдагы февраль революциясына чейинки өмүрү бирде легалдуу болсо, бирде жашыруун революциялык иштер менен өткөн. Үч жолу өлүмдөн калган. Биринчисинде, кагылышууда атчан казак мойнуна чалма ыргытып, дыркыратып сүйрөтүп жөнөсө, 1909-1910-жылдары полициянын жетекчисине кол салганы үчүн эки ирет өлүм жазасына өкүм кылынган. Бирок, алар каторгалар менен алмаштырылып, 1916-жылы мартта качып кеткиче Шуянын, Владимирдин, Николаевдин, Иркутскинин жана Читанын түрмөлөрүндө отурган.

Ал өлүм жазасын күтүп отурганда англис, италия тилдерин үйрөнүп, саясий экономикалык адабияттарды, Пушкиндин, Чеховдун, Л. Толстойдун ж. б. чыгармаларын окуу менен убактысын өткөргөн. Албетте, ал баардык эле адамдардай эле өлгүсү келген эмес, корккон, бирок өкүмдөрдөн кийинки алгачкы күндөрү апатияга батса да, тез эле кайратын жыйнап, өзүн колго алып, китеп окууга киришкен. Бош убактысы боло калса, гезиттерди же китептерди окуу ага өмүр бою адат болуп калган. Түрмөдө өпкөсүнө суук тийип, кан түкүргөн учурлары да болгон, бирок оорууну, кыйынчылыктарды күчтүү эрки менен жеңген.

Бизге Фрунзе биринчиден, жердешибиз, экинчиден, кыргыз элине дайыма терең симпатияда мамиле жасап, керек учурларда колдоп да турганы үчүн кымбат болуп саналат.

Анын атасы Василий Фрунзе кыргыздарга жакшы мамиле жасаган, Абдыкерим Сыдыковдун чоң атасы Өзүбек Бошкоев, Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдей эле, анын жакын досу болгон. Кыргыздарды өзү иштеген ооруканага жаткырып, дарылап жатканын көргөн Жети-Суу облусунун губернатору фон Таубе: «Превратили больницу в зверинец! Кто додумался помещать сюда инородцев!» (1:8) деп кызматынан куугандыктан маянасы жок калып, кыргыздарды, башка майда элдерден кайрылгандарды дарылап, алар бергендер менен тиричилик кылып жүрүп 1897-жылы жарыкчылыктан өткөн.

Михаил Фрунзе 1919-жылы августта Түркстан фронтунун командачысы, ошол эле жылы 8-октябрда В. Лениндин демилгеси, ВЦИКтин токтому менен анын Түркстан иштери боюнча комиссиясынын мүчөсү да болуп дайындалып, аймактагы советтердин иштерине кураторлук кылган. Анын фронттун командачысы катары 1919-жылдын 23-октябрындагы буйругунун 1-пунктунда: «Всем начальникам и военкомам под их личной ответственностью иметь неослабное наблюдение за тем, чтобы никаких безообразий по отношению к киргизскому населению не учинялось» деп айтылса, 3-4-пункттарында кыргыздарга ыдык көрсөтүп, талап-тоногондорго карата атууга чейинки чаралар колдонуларын эскерткен (2:131). Ал кыргыз тилин жетиштүү, ал эми Түркстандагы башка этностордун өзгөчөлүктөрүн жакшы билген. Ал ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча комиссиясынын отурумунда бир гана Түрк республикасын түзүү жөнүндөгу сунушка: «мында өзбектер, тажиктер, кыргыздар, түркмөндөр да бар» деп категориялуу түрдө каршы чыгып, «РКП (б) БКнын Түркстан бюросун түзө туралы, калганын кийин көрөбүз» (1:406—407) деген сунушун өткөргөн. Кийин 1921-жылы 11-апрелде ТССР түзүлгөн менен ал Борбордук бийлик тарабынан ажырымдаштыруунун алгачкы этабы катары гана каралган. Борбордук бийликте андай көз караштын калыптануусуна М. Фрунзенин позициясы да өз таасирин тийгизбей койгон эмес.

Мында кошумчалай кетчү нерсе, ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча комиссиясында партиялык, мамлекеттик башкаруунун баардык ыйгарымдары болгон. Же аны кийин түзүлгөн ревкомдордой эле, убактылуу өкмөттүн жана партиялык жетекчиликтин алгачкы формасы десе да болот.

ККАО түзүлгөндө, кийин ал КАССРге айландырылганда М. Фрунзе эң жылуу куттуктоолорун жиберген.

Борбор калаабыз 66 жыл даңазалуу полководец, СССРдин Реввоенсоветинин төрагасы, кыргыздардын чоң досу М. В. Фрунзенин ысмын алып жүрдү. Ал кыргыз эли үчүн кайра жаралып, телигип-телчигип, экономикалык жана социалдык, маданий жактан дүркүрөп өсүп өнүгүүнүн мезгили болду. Михаил Фрунзе- тарыхка стратег-колбашчы, чыныгы интернационалист катары кирип калса, анын атындагы борборубуз улуттук кайра жаралып, гүлдөп өсүп өнүгүүнүн символуна айланган. Ошондуктан анын иштерине тарыхый калыстыкта мамиле жасап, ысмын чоңураак администривдик-аймактык субьектиге койгон туура болмок. Эгерде 100 жылдыкты белгилөөнүн алкагында Октябрь же Свердлов районуна Михаил Фрунзенин ысмы берилсе, тарыхый адилеттүүлүк ордуна келмек. Советтик мезгилде расмий түрдө: «Ленин десек- Октябрды, Октябрь десек-Ленинди түшүнөбүз» деп айтылган. Демек, анда бир эле түшүнүктү, атты катарлаш эки райондун алып жүрүүсүнүн зарылдыгы жок. Октябрь менен Ленин Баден-Баден дегендей эле түшүнүк. Бирок, Германияда ал бир эле шаардын аты болсо, бизде бир түшүнүктө эки район аталып келатканы туура эмес. Бизге Лениндин аты калса жетишет. Ал эми Я. М. Свердловдун Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок. Андан бизге М. Фрунзе жүз эсе жакын.

Анын Түркстанда совет бийлигин орнотуп, экономикасын жана маданиятын калыбына келтирүүгө кошкон салымы ата мекендик тарыхчылар тарабынан да жогору бааланат (2:203—213).

Азыркы саясый көз караш менен алганда М. Фрунзе жетектеген Түркстан фронтунун аскерлеринин Бухара хандыгын талкалап, басмачыларды негизинен жойгону айрымдарга туура эместей көрүнүшү да мүмкүн. Андай ойлор айтылууда, жазылууда. Бирок, биздин оюбузча, убагында ал туура эле болгон. Орто кылымдарга мүнөздүү шарияттын катаал мыйзамдары менен жашаган, элине пайдасынан зыяны көп хандыктын келечеги жок болчу. Эгерде басмачылар жеңишке жетишсе, биз экинчи Ооганстанга айланмакпыз, кыргыздардын башы бирикпей Түркстан губернаторлугунун төрт облусунда калып, ошондон ары ассимиляцияланып биротоло жок болмокпуз. Уруулук жана уруктук гана издер калмак. Кандай кемчиликтерди кетирбесин совет бийлиги башыбызды бириктирди, чек арабызды чийип берди, акыбалынын жетишинче агартты, көгөрттү. Ошон үчүн ага нааразы болушубуз керекпи?

bannerbanner