Читать книгу Гастарбайтер (кыргызча тили) (Муса Мураталиев) онлайн бесплатно на Bookz (2-ая страница книги)
Гастарбайтер (кыргызча тили)
Гастарбайтер (кыргызча тили)
Оценить:

3

Полная версия:

Гастарбайтер (кыргызча тили)

– Бек байке, бул жерде чачты таразалап сатышат деп уктум? Ал кеңсе кайда? – деп сурады Шарипа. – Таз кишиден башка барыбызга чач өсөт да, аны алдыруу керек, ал кайра эле өсөт, ошондуктан биз ай сайын акча таап алабыз.

Алма Бекке бурулду:

– Байке, эртең менен турак жай кеңсесине барыңыз. Мария Ивановнага муну жана беркини айтыңыз. Андан бардык көрсөтмөлөрдү алыңыз. Качан жана кайда болушубуз керектигин билиңиз. Же мени өзүңүз менен кошо ала барасызбы!

– Жо-жок! Мен өзүм барайын! – деп Бек чочуп кеткенден үнү барк эте түштү.

Шарипа кошумчалады:

– Аларга ачык эле айтыңыз. Алыс сапардан чарчап келишти, бир күн эс алышат анан ишке чыгат деңиз! Жок, иш күтө албайт дегидей болсо дароо эле чыга беребиз.

МАРИЯ ИВАНОВНАГА ДЕГЕН АКЧА

Алар биринчи кечти бейпил өткөрүштү, көбүнчө кожоюн менен кожойке коноктор суроолоруна жооп беришти. Коноктор кайра да жумуш маселесин көтөргөндө, Соня күйөөсүнө бурулду:

– Эмнеге сүйлөбөйсүң? Эмне үчүн үйдө отурганыбызды айт; алар ушуга кызыгып жатышкандай...

– Менин мекемем кыскартылып жабылганда, – деп баштады Бек үнү бир аз титиреп, – Бир топ адамдар көчөдө калдык. Ырас, кийинчерээк мага эмгек биржасы бир нече кызмат сунушталды, бирок алар менин үйүмдөн ушунчалык алыс болгондуктан баш тарттым. Үйдө болгон: алтын, күмүш, асыл заттан жазалган буюмдарды Соня бүтүндөй зарптады. Башка эмне кыла алмакпыз? Ден соолугуңузду жоготкондо, ал буюмдарың жардам бербейт экен. Үйлөнүү тоюбузга белек катары келген 12 кишилик мельхиор идиш аяк комплексти сатылганда анын акысы эшиктин кашегин кайра орнотууга кетти. Өткөн кылымдагы антиквардык чырак...

– Баса, эшигиңиз жакшы бекитилген эмес, – деп сөздү бөлдү Сармат. – Аны берен ууру ачып алышы оңой. Биринчи айлыгыбызды алаарыбыз менен жаңы эшиктүү болосуз! Мен бул тууралуу азыр ойлондум. Жакында кешегиңиз жаңырат, таяке.

– Жок! Эч кандай кешегиңдин кереги жок, – деп ыргып кетти Бек. – Мобул эле эшик, ушул эле кешик керекке жарайт бизге. – Бул миң эшиктин бири, эмнеге алмаштырасың?

Султан ордунан туруп, терезени ачып, жакынкы көчөгө көз салды. Айлана чөйрө таза, үйлөрдүн баары татынакай. Квартираларда ысык жана муздак суу, жакканга газ, жарык кылганга электир шамы. Дүкөндөр үйдөн жүз метр жерде. Түн киргенде көчөдөгү шамдар бардык жакты таң аткыча жарык кылып турат. Кеч киргенден капкараңгылык өкүм сүрөрү шаарлыктар үчүн болбой турган көрүнүш экен.

Эртең менен Бек турак жай кеңсесине барды. Директор бир жакка шашып кетип бара жатып:

– Жаңы сезонго чейин эч кимди жумушка албайбыз, – деп

артынан кошумчалады. – Мигранттар көп!

– Метронун алдында реклама таратыш керек! – деди Соня кечинде, жатарга маал.

Коноктор ар бир бөлмөнүн өзү ээлеген жеринен бир карыш чыкпай жатышты. Алар кепти укканда баштарын көтөрө коюп угушту. Айрымдары отурушту, айрымдары басып жүрүштү. Ал эми Сармат таякеси Бектин төшөгүнүн үстүндө убакыт өткөрүүнү адат кылып алды. Ал таякесинин чыдамын сынап жаткандай эле. Алма дайыма баарыга көзөмөл болуп алды. Соня ашканада жүргөндө, Алма да ал жерден өзүнө бир иш таап, оң кулагын кожейкеге салчу болду.

Бир күнү ашканада күйөөсү менен урушуп жаткан Сонянын чаңырган үнү баарынын көңүлүн бурдурду.

– Соня, сен андай кыла албайсың, биз конокторду таарынтып алабыз, – деп Бек аны сооротуп атты. – Директор жардам берерине ишенем, убадасы бар.

– Андан паана жок! – деп берки кыйкырды. – Ал жерде канча жолу болдуң? Белиң бүгүлүп сынганы калды. Сулуу кыздын уялчаактыгың сен байкушту катуурак кеп айттырбай атпайбы! Ал болсо куйрукту шилтеп качып кетип атпайбы! Ага катуураак мамиле керек! Ага сөзү өтүмдүү киши барыш керек! Ымтыраган сени анын көзү көргүсү келбейт!

– Болбогон кепти айтпа, э! – деп чачылды Бек. – “Сураган кишиңиз келди!” – дедим анан эмне кылышм керек?

– Ал күнүнө канча адамдан ушундай билдирүү алышын ойлоп көрчү. Эмнеге жээниңин акчасын берген жоксуң? Айылда жатып алып бул жерде баарын акчага сатып алса болот деп ойлошкон турбайбы.

– Мен сага эмне дедим эле? – деп Соня кайра оолукту. – Ал акчага эмес бекер жакшылык кылгысы келген. Бирок азырынча ал жасай албайт. Жээниң муну менен өзүн кылмышкерлер менен бир катарга коюп аракет кылган. Мария Ивановнанын көзү төбөсүндө – ал ким менен иш алып барып атканын билет. Көрөсүң, ал жээниңди жумушка албайт, эгер жумушка алса, аягы жамандап бүтөт.

– Бейкүнөө адамды кылмышкер дештен уялбайсыңбы!

– Мен ошентип айтам, ага эмнеге тынчың кетип жатканың түшүнбөйм?

– Адам жүрөгү менен да бир нерсени туят.

Соня ушул жерден тымм болуп, унчукпай калды. Андан кийин Бек сүйлөдү.

– Мен жүз метр алыстыкта анын кеңсесин айланып өтчүмүн. Ал жерден талап боюнча сертификаттарды алышым керек болгондо барчумун. Эми кубанмакмын, бирок бул жолу мамиле иштебей жатат. Адамдын жакшы күндөрдү, адамдын жөндөмү баалана турган күндөрү болот. Кантсе да, сенин акылың, тажрыйбаң чогулуп атса да аракетиң бир тыйынга жарабай калган күндөрдөн бул! Мен бүгүн эртең менен Сармат уктап жатканда да бардым. Биз аны менен кайрадан бетме-бет келдик, бирок Мария Ивановна менин бар экенимди мойнуна алган жок, учурашканыма да жооп бербей, кетип калды.

– Ал кайда шашып жүгүрөт?

– Жолугушуусу бар экенин айта салды. Эртең анын жообун алабыз!

– Болуптур, эртең дагы барам. Баары аны аягы суюк, бирөөгө кайдыгер адам дешет. Ошондон улам, күйөөсү кызганып, кызы менен Сибирге кетип калган дешет. Андан бери ал кайтып келген эмес. Ал жерде кайра үйлөнгөн деген ушак тарады. Кандай болгондо да эринин ушубакка чейин Мария Ивановна менен эч кандай байланышы жок экени баарыга маалым. Бирок директор дайыма үйүндө кече өткөрүүгө даяр. Албетте, бул анын өзүнүн иши, бирок анын кол астында иштеген бардык эркектерди көзөмөлдөп сыноодон өткөрүп жүргөнүн да айтышат.

– Мария Ивановна мамлекеттик кызматты ээлегенден кийин, андай жосундун баары кечиримдүү. Сен жумушка орношуу үчүн шаар башчысына эмес ага барасың!

– Сен ышкынды майлашың керек! – деп кыйкырып ийди Сармат чоң бөлмөдөн. – Мындай болушу керек; тигиндей болушу крек, мен андай адамдарды жакшы билем. Эмне, Мария Ивановна чын эле бойдокпу? Сарматтын үнү каргылданып чыкты.

Капысынан ашкананын эшигинен Алма пайда болуп, сөөмөйүн эриндерине такап, эркектерге директор жөнүндө сүйлөшүүнү токтотууну талап кылды. Анда Бек:

– Эсимде, ал бир жолу менден, тууганың качан келет? Анын пландары кандай? – деп сурады. – Анан ошондой эле азыр бардык жерде жумушка алуу оор экенин айтты.

А мен:

– Эгер ал келсе, Мария Ивановна, ага орун табылабы? – деп сурадым.

Ал:

– Эгер ал жалпы жыргалчылык үчүн иштөөгө даяр болсо, биз ага жардам беришибиз керек... – деп жооп берди.

– Оо, кандай гана жакшынакай Мария Ивановна! – деп жанындагы үстөлду дүңк бир коюп, кыйкырып ийди Сармат.

– Ал кең пейил! – деп кошумчалады Султан. – Энелик камкордук менен, ал баарыбызды жакшы көрөт.

– Эмнеге барыбызды? – деп сөздү бөлдү Алма. – Мен анын ошондой ойлошун каалабас элем.

– Ал үчүн адамдардын баары бирдей, тең, бирдей жакшы. Ал ар бир кишинин унутулбашын каалайт! Адамдарсыз коом жок! Мария Ивановна эртеби-кечпи эски тартип кайтып келет деп үмүттөнөт. Анан ушул эле кишилер анын кол астында коомдун мүчөлөрү болуп беребиз! Жалгыз адам ал дайыма көз каранды.

– Ага тиги же бу гана керек? – деди Соня кире бериште жолду тосуп алып. – Акылсыздар десе.

– Ал чын эле эски тартиптин кайтып келишин күтөт, – деп улантты Бек. – Анткени эмики адамдарың эмне болуп атканын, эртең эмне болуп кетерин түшүндүрүп бере албайт. Болгону ошол. Демек, ал бир гана муруку коммунзм тилеги менен жашаган адам, эч кандай лидердик касиет анда жок. Ал ошого карабай улуттук эле масштабда ойлонгон жан болсо ал ага кеменгер эсептелет.

– Анын олуя экени бизге көрүнүп турат! – деди кийинки үйдө отургандардын бири. – Бирок менимче, ал кишини кабыл алса жөн гана кабыл албайт! Ал вампир сыңары кимдир бирөөнүн кыйналышта экенин көрөт да терисин сыйрып туруп анан жылаңач канын сорот!

–Мен кедейлердин тонун сыйрып алгандан көрө, таштанды төгүүчү жайларды аралап аңтарып теңтергенди жакшы көрөт элем! – деди Соня.

– Мария Ивановна бир жолу мага, сага жумуш берем деп калды, – деп баштады Бек. – А мен болсо кылыйы-ып, эми жыргадым деп турсам, ал мунтип кошумчалап атпайбы:

– Бирок абийирим жол бербейт. Сени, билимдүү адамды, көчө шыпырчу кылып коюу өлкө үчүн ысырапкордук болор. Чыдай тур! Эгер биз аман эсен болсок, акыры бир нерсе ойлоп табабыз.

Ошондо мен анын көзүн карап ал менден эч нерсе каалабайт: акча да, берилгендик да, ал башкача айтканда, чынында ошндой экенин айтты. Ал жумуш орундарды түзбөйт, жумуш орундарды шаардык бийлик түзөт! Ал ошол тапшырманы гана ишке ашырат. Анын сөздөрү менин жүрөгүмдү жылытты. Ал бир жолу адамдарга жардам берүүдөн ырахат алаарын айткан; ошол эле жерде кызымды жана күйөөмдү анчалык сагынбайм дегени да жакты! Мария Ивановна аларды чындап эле чийден тышкары эсептей турганын жашырбайт. Бирок аларды дайыма ойлонот да экен. Балким, ал бир күнү алар менен кайра бирге болууну да үмүт этер. Бул эки жүздүүлук эмес, ыймандай сырын жашырбоо десе болор.

– Алтындай Мария Ивановна! – деп кыйкырды Сармат.

– Мен анын актыгына ишенбейм! – деп Соня үнүн көтөрө сүйлөп жооп берди. – Ал мен үчүн нагыз алдамчы! Бул жерде, мындай башаламандыкта жашоо мага азаптуу күн, Бек! Мунун баары киши чыдагыс жорук! Мен мындай жашагым келбейт!

– Мен эми эмне кылам, алтыным! Канча убакыт чыдап жашап келебиз. Чыдайлы, муну да баштан өткөрөбүз... – деди Бек.

Бир ай өттү. Бектин жердештери жумуш таба алышкан жок. Эч ким кайтып кетүүнү да пландаган жок. Алар экиге бөлүнүп отуруп тамактанышат Ашканада орун жетишсиз.

Бир жолу кечки тамак учурунда, чоң бөлмөдө күйөөсү менен жалгыз отуруп, Соня ачууланып уруша баштады:

– Мени жумушсуздардын армиясы түбөлүк курчап тура албайт! Алар менен жашап, мен аларга окшош болуп баратам. Алардын катышуусу мага оорчулук келтирет. Жакында бөлүнүү, урушу-талашуу башталат, ошондо алар мага кол көтөрүшөт! Мен муну каалабайм.

– Алар жакында жумуш табышат. Аларга азырынча жашай турган үй керек.

– Сенин баш ийүүңдүн чеги жок. Карачы, алар ар бир бөлмөдө отуруп, биздин сүйлөшүүбүздү угуп, эч нерсе дебей жатышат. Алар менин ордумду, анан сенин ордуңду ээлегиси келет! Үй-бүлөңдү мекендештериңе алмаштырасыңбы!

– Болбогон кеп! – деп Бек кескин үн катты. – Алар да менин үй-бүлөм! Алардын келиши менен менин үй-бүлөм кичинекей кезимде көргөн досторум көз алдымда алып келди. Алар менин тамырым! Мен ушул тамырдан өнүп чыккамын! Мен эч нерсе кыла албайм. Кантсе да, менин тамырым Чеч-Төбөдө экенин байкаган жок белең. Сенин үй-бүлөңдү билбегеним, алибетте, мага уят чыгар. Мен бул тууралуу жаңы эле биринчи жолу ойлоно баштадым.

– Сен биздин жашообузда болгон бардык нерселерди унутуп жатасыңбы?

– Жок кантип унутайын. Менин жашоомдогунун баары жакшы. Болуп өткөн нерселердин баары сенин жана менин аркабызда калды, Сонечка.

– Мен сага айтарым, бул баш оорунун бизге эмнеге кереги бар? Биз аларсыз, алар сенсиз жашадык эле го. Алар бизге эмнеге керек?

– Тынчтан, эй! – деп Алма ашканадан катуу кыйкырды.– Соня тажеңе!

– Унчукпа! – деп Сармат анын сөзүн бөлдү, бирок Алма ашканадан суурулуп чыкты.

Элден мурун Сармат баргысы келген жок, бирок аялынын эч нерседен кайтпаган адатын билгендиктен анын артынан ээрчип чыкты. Экөө ашкананын эшигинен беш кадамдай келип токтошту.

Эки бүлө кайым айтышуусу башталды:

– Алар бул жерде бекер ичип-жеп жашай беришеби же качандыр бир акы төлөшөбү? – деди Соня.

– Кантип болбосун, болот? – деп Бек күйпөлөктөдү. – Алар азыр кыйналып жатышат. Биз болбосок, аларга ким жардам берет?

– Эмнеге ушунча көп адамды вокзалдан ээрчитип келиш керек эле? Согушка бараткан жок да? Алар эмне үчүн баш калкалар үй издешпейт?

– Бар күнөө менде, – деди Бек. – Алар мага тууган. Иш издеп жүрүшөт, акчага муктаж анан мен аларды какаганга муштаган кылып кысымга алсам, тирүүлөй жерге кирип кетишпейби? Адам мал эмес го, камакта калган адамды бошото албасаң да момундай адамдарга кол сунуу биздин милдет!

– Эгер ошентип карасаң, алардын баары өз үй, өлөң төшөгүндө жүрүп атпайбы, анда булар кудай берген үйдөбүз деп унчукпай жүрө беришет. Эч жок дегенде түнөгөнү үчүн акы төлөшсүн!

– Эмнеге аларды кысымга алышым керек? – деп Бек буга да каршы чыкты.– Адам колунда болсо өзү ойлоп туруп төлөп беришет эле. “Сурап ичкен суу ичкен” – деген.

– Аларга сунуш кылуу керек, андан никеси бузулуп кетпейт, алар шаар элинде баары бекер экен деп түшүнүп атышат.

– Чын эле экинчи жагынан алганда жоон топ киши... Жээним бир киши, анын достору, менин да досторум боло алабы? – деп ой жүгүртө баштады Бек.

– Сен эч качан бирөөнү кемсинткенди билбейсиң! – деди Соня. – балакеттин баары ошондо!

Бек унчукпай калды. Анан Соня токтоо үн менен сөзүн улантты:

– Алардын акчасы бар. Эгер алар Мария Ивановнага суусундук алып келгенди билгенден кийин аларда жата турган жайга да акы төлөнү эске алышкан.

– Сен жаңылып жатасың, Соня. Бул алардын акчасы эмес. Ал жерде адамдардын ортосундагы мамилелештер чогулткан аманат акча. Кийин алардын алдында акча, өз колуна Мария Ивановнанын, өттүбү же жокпу айтып беришет.

– Мен силердин мындай кландык иштериңерди билем. Бири бүт бүлөнү башкарат, калгандары ага баш ийишет. Сенин жашооңдун маңызы ушунда.

– Мен аларга, демек, элимин алдында карызмын!

Сармат таякесине боору ооруду. Ал баарына өжөрлүгү менен жеткенин эл айтып калышчу. Жазганды үйрөнгөндө да кагаз жок саргарган жалбыракка жазганын, биринчи класска киргенде алгач бир деген баа алып ошондон кийин тырышып окуп, отличник болуп аяктаганын, Пушкиндин “Алтын балык” жомогу менен сыйланганын айтып калышчу. Ал дайыма көп нерсени билгиси келгенин да айтышчу.

– Мен ар дайым окугум келчү, – деди Бек. – Эгер менин аракетим болбогондо мен, бул учур: же төрдө же көрдө болмокмун. Төргө барар алдында же көргө жатар алдында өзүмдү күнөөлөп жатмакмын. Ошондо тигил экөөнөн башка жашоо бар экенин түшүнүп өкүнмөкмүн! Аны мен эрте түшүндүм. Бир жери андай жашоо биздин айылдан алыс болчу. Мен ал жакка барамын деп талпына баштадым. Бирок бул оңой болгон жок. Айылдаштарымдын бири менин кусамды түшүнүп, мага жардам берди.

– Сен ага пара берсең, ал сага жумуш берген тура!– деген ички үйдөн бирөөнүн үнү угулду.

– Эмне деп жатасың? – деп кимдир бирөөнү тыйган Сарматтын үнү угулду.

– Окуу менин күчүмдү бүт алчу, бирок бардык сабакты өзүм бышырчумун, мага эч кимдин колдоосу керек болгон жок. Колума артыкчылык диплому тийди. Акыбетим ушинтип кайтты. Кыйын учур иш издөөдө келди. Кайда барбайын жумуш жок болуп чыкты. Мен эки жылга чукул иш таппай жүрдүм. Арга кеткенде Жар-Кашатка келдим. Кошуналарым ишке орношуу тааныштын жардамынан улам болорун айтты. Жердешиң кайсыл жерде иштейт ошол жерге бар дешти. Ошентип, мага мен туулган Жар-Кашаттын колдоосу тийди. Бул мен үчүн чыныгы ачылыш болчу! Кийин өзүмдөн өзүм жийиркенчү болдум.

– Ал кантип жардам берди? – деп сурады ички үйдөгү коноктордун бири.

– Мен бар деген кишиге телефон чалдым, ал мени угуп туруп кимден телефонду алганымды сурады да өзү башка бир номерге чалып:

– Менин бир тууганым бар, ага көңүл буруп койчу. – деди. Анан ал адам мени, кезек күттүрбөй, директорго киргизди. Эки ооз сүйлөшкөн соң ал мени кадрлар бөлүмүнө жиберди. Ошол, мени жумушка алышты.

– А сен мага офицерлер бүлөсү үчүн отун жаргамын дебедиң беле? – деди Соня – Мен ойлодум эле, кантсе да совттик офицерлер жардам көрсөткөн го деп.

– Бул чындык!

– Сен эч кимге жердештериң аркылуу жумушка орношконуңду айткан жоксуң, туурабы? Сен үчүн жумуш издөө канчалык кыйын болуп атканын айттың.

– Дал ошондой!

– Чындык кайда?

– Анда менин башка аргам жок болчу. Мына азыр биздин үйдө камалып, зарлап жаткан коноктордой, мен да аргасыз болгом.

– Эгер сен мунун адилеттүү эместигин түшүнсөң, анда эмне үчүн ошол замат эшикти тарс жаап, баса берген жоксуң? Бул сөздөрүңдө логика бузулган. Сен жердештериңин колдоосун пайдалангансың.

– Кийин мага мегаполистен кызмат беришти.

– Демек, сенде азыр шаардын жөлөкпулдары бар, ал эми башкалар сага келип, баш калкалап, жумуш издеп атышат.

– Ооба, анан мен дагы эмне кыла аламак элем, коом ошондой болуп атса?

– Мейли, ошондой болсун! – деп Сонянын үнү эми катуураак чыкты. – Сен эки жүздүү адамсың, Бек! Мен сени менен жашай албайм! Каалагандай жаша! Мен сени таштап кетем!

Төрт бөлмө тең жымжырт боло түштү. Бектин жердештери ашкананын эшигинин аркасында чогулуп, үй-бүлөдөгү уруштун уланышына чын дилдери менен кулак түрүп калышты.

ШАРИПАНЫН КЕЧИГИШИ

– Шарипа эмне мынча көпкө жоголду? – деген Алманын үнү ким кимди кулак түргүздү.

– Ал жүрү десем болбой калып калды, – деди Аскар. – Ал кайсы жердеши менен болбосун бул жерде бирге басуудан өзүн ыңгайсыз сезе тургандыгын айтырп жүрөт. Ошондуктан жумушту өз алдынча издеп атат.

– Мен ага кошулбайм! – деди Сармат баарынын атынан – Биз үйдө калышыбыз керек! Ата-бабаларыбыздын арбактары биз менен! Арбак бизди карап турат.

Анда Кайрат мындай деди:

– Аны кимиң болбосун көндүрүүгө аракет кылгыла! Эгер ал өзүнчө жашагысы келсе, ошондой деле болсун. Бирок ал биз менен жүргөндө, биздин эрежелерди сакташы керек.

Күтүлбөгөн жерден баары бир үн жакындап келаткандай даана уга башташты. Баары кулак түрүшө калганда:

– Ой, сен! Мени эми төбөмдөн басчу көк асман, таманымдан көтөрүп жүрчү Жер-Эне турган жайга алып бар! Качантан силер зерикме болуп алдыңар? Көңүл ачкыла! Жашоо негизи мындай эмес! Мынчалык оор зеригишти өзүңөр ойлоп таптыңар! Кабагыңар карыш түшөт да тим эле!

Алар бул үн Алманын пальтосунун сырткы чөнтөгүнөн чыгып атканын туюп, ал үн Идолдуку экенин түшүнүштү. Башка бирөөнүн үйүндө, буюмдар жыйналмайынча, аны пальтонун чөнтөгүндө кармап атышкан эле.

Тыштан ангыча эки полиция Шарипаны эки колтуктан алып, түз эле Бектин үйүнө алып келишти. Алар кызды эки карыдан мыкчый кармап ортосуна Шарипаны жетелеп келишти. Эшиктен кирип баратканда гана бири Шарипанын алдынан экинчиси артынан, босогону атташты. Калган учурда экөө кыздын эки жагынан катар басып келишти.

– Эмне болду, ботом? – деп кыйкырып ийди Алма. – Ал эмнени туура эмес жазап ийди?

– Күндүз бирөөнү кармай албайсыздар! – деп Аскар полицияларга кыр көргөзө, мыйзам талабын билген киши болуп, кийлигишти.

– Аны дароо камакка алгыла, эмнеге бу жерге алып келдиңер? – деп бир нече үн үйдүн ичинен кийлигишти.

– Биз аны түрмөгө каматпайбыз! – деген да үндөр жаңырды.

– Эмнеге ызы-чуу салдыңар? – деп полиция камарабай жай сүйлөдү – Кана айткылачы, бул кыздын ушул адресте жашарын кимиң көрдү?

– Ал ушул адресте жашайм дейт, – деди экинчи полиция

– Аны дароо коё бергиле! – деп үн катты ички үйдөн Бек Мурза.

– Ал кыз биз менен. Мынабу адамдардын баары менин конокторум. Үй ээси менмин, а бу кыз менин жердешим.

Көрсө, Бек кечээ эртең менен алардын паспортторуна мөөр бастыруу үчүн полиция бөлүмүнө барган экен. Алар бир жума мурун убактылуу жашоого каттоого коюлуптур.

Шарипа, өзүн эки эркек карылуу колдору менен былк эттирбей матап кармап тургандыктан калтаарып атканы көрүнүп турду.

– Дагы кандай жомогуң бар? – деп полиция Бекеке каяша айтты. – Кана айт!

Бек дароо жооп берди:

– Кимиңер полковник Демидовдун буйругун аткаруудан баш тартсаңар, анда мен силерге жомок айтып берүүгө макулмун!

Бек бул ысымды катуу жана так айтты. Бирок абал оңолгон жок. Ошондо Бек шыпылдай басып келип, кыздын ийнине колун коюп, далысынан таптап:

– Марш, үйгө кир! – деп Шарипага ачуулана айтты. – Өз үйүрүңөн бөлүнөм деп карышкырга жем боло жаздадың! Мындай жоругун сага сабак! Билип кой! Сен бизди кыйын абалга калтырдың, өзүңдү эмес, бизди! Ушинтип, кеп жебегениң чоң жаңжалга себепкер болушу ыктымал. Шаарга жангыз чыкпа! Бул жердеги үйдүн ичинде жаша.

– Бир дарак эч качан токой болгон эмес! – деп Алма кепке аралашты. – Биз чогуу болгондо гана бейтааныш адамдар бизден коркот. Жалгыз жүргөн адам баарынан коркот! Андай учурда жада калса арбак да жардам бере албай калат!

Райондук полиция бөлүмүнүн башчысы Демидовдун атын уккан полиция кызматкерлери көңүлү чөгүп, акырын басып чыгып кетишти. Ал эми Шарипа баарынын алдында алар айткан акылга башын ийкеп, унчукпай олтуруп калды.

– Дасторконго чык!

Сармат буйрук берди:

– Кетишти. Бул ишке сенин эч кандай тиешең жок.

Шарипанын айылдаштары анын табиятынын бейкапар, адамдардын ишенимине бат ээ болорун билишчү. Ал ката кетирип коюшу мүмкүн эле. Бул айрымдарды таң калтырса, башкалардын урматтоосун жаратчу.

– Эмне, тилиңди жутуп ийдиңби? – деп Алма ачууланды. Анан ал күйөөсүнө бурулду.

– Ага мындан ары жердештеринин тилин алууга тийиштигин кулагына сал! Бул жерликтер кааласа, ошондой кыла алышат, бирок бул экөбүз шаарга чыкпашыбыз керек. Анысынан да кармалып алган полициянын кызматкеринен: “сиздерде жумуш барбы?” – деп, бу Шарипадай эч ким кайрылмак эмес! – Камап койсо, эч кимге дайны билбей калса канттик?

– Шарипа иштегиси келет, – деп Бек жооп анан ордуна берди кыздын ордуна. – Силердин эч кимиңер жергиликтүү бийлик менен иштешкиңер келбейт, бирок анын иштегисии келет. Кеп мына ушунда.

Баары Шарипага коркуу сезими менен сыртын сала башташты, бирок ошондон соң эч ким аны ачык сындаганды коюшту. Алар Шарипанын мүнөзүнүн баарынын ичинен шаардык кызга окшошуп кеткенине таң калышты. Ал ишенимдүү басып, акцентсиз сүйлөгө аркет кылчу. Ошого карабастан, полиция кызматкерлери аны кармап алышкан.

– Кубангыла! Баарыбыз кубанышыбыз керек! – деп Султан бир жолу башкаларга кайрылды. – Шарипа, менин карындашым, менин татынакайым – ал эркиндикке жетет! Мунун өзү кубанычка себеп эмеспи?

– Капа болбогула! – деген Идолдун үнү башкалардын башында жаңырды. – Майда-чүйдө нерселерге капа болбогула. Силерге биримдик керек!

– Мен шаардык кийим кийип жүрөм. Жуунуп, таранганды билем, алар менден дагы эмнени каалашат? – деди Шарипа күтүүсүздөн. – Эмнеге бизди бул жерде адам катары кабыл алышпайт?

Алма бир жолу жумуш табылары менен күйөөсү экөө бул итканадан дароо чыгып кетишерин айтышкан. Мындай чалпоо кыял Алманын ээлингени аларды чочутту. Алмага кеңеш берүү мүмүн эмес, ал баары бир өзү туура көргөн нерсени жазамак. Ошол эле учурда Бек күн сайын жердештери үчүн жумуш издеп чыгып, кээде эртең мененден кечке чейин шаарга жоголуп кетчү болгон.

– Жердештериңин камын же! – деген Идолдун кеңеши Бекке ачык жетти.

– Аларды менин аракеттерим эмес, мыйзам коргойт! – деди Бек. – Кайгырууга себеп жок, мен алардын өмүрү үчүн кымындай да коркпойм.

Бек Идол оролгон кызыл жыгачты алганы колун сунду. Бирок Алма анын колун дароо кармап алып, экичи ага тийбөөгө убадасын алды. Куурчакты колуна алып, бөлмөнүн алыскы бурчуна алып барып, коюп келди. Төрт бети бар жыгач Идол төрт тарапты карап турду. Арткы жүзү жерге салынгагн килемде отурган конокторго туш келди.

– Бул куурчак менин айтканымды башыма салып турат! – деп мойнуна алды Бек. – Мунун эмне үчүн мага башыма өз ойлорун туюнтуп атат, кантип түшүндүрсө болот? Ким буга ишенет?

– Бул куурчак эмес, таяке! – деп калды Сармат – Бул биздин колдоочубуз.

– Мен үчүн бул эскертүү! – деди анда Алма. – Ал баарына белги бербейт. Биз үчүн ал өзүн курмандыкка чалууга даяр! Ал жана Манас – биздин жаныбызды куткаруу үчүн күрөшкөн мазарлар. Жашоо жолун билбеген адам үчүн алар жол көрсөтүшөт. Үстүбүздөн учуп өтчү жылдызыбыз! Бизге көз болуп, жаныбыздын сакчылыгында турган, улуу кароолчубуз! Курмандык чалып ыраазы экендигибизди билдирүүгө милдеттүүбүз!

– Ар бир майда нерсеге акча коротпош керек! – деп Султан кескин сөз козгоду. – Болбосо, биз жакында штаны жок калабыз.

– Ысыраппы? Жок. Мындай адат ата-бабаларыбыздын мээрим элесине таазим!

Жазгы тийген күн жашыл өсүмдүктөрдү ойготту. Алар бул окуяны Идолдун алдында белгилешти. Алар тегеректей басып, бий ачып, ырым-жырымы үчүн тынымсыз: "Жалынмак бизден, жалгамак сизден!" – деп кайталап атышты. Сармат ушунчалык берилип, өзүн экстазга алдырып, эсин жоготуп, башы айланып келип, жыгылды. Ошондо гана алар бий ырымын токтотушту. Алма куурчакка айран чачты. Алар казанга көжө демдеп Асманды улам карап алгачкы күндун күркүрөөсүн күтүштү, дамбыр ташын даярдашып күн кү-ркүрөөр замат тышты карай ат коюуга камдуу турушту.

bannerbanner