
Полная версия:
Бабалардын жанырыгы
Бала атага:
– Мага жардам бергениңиз үчүн ырахмат ата,-деди.
Акбоз минген карыя көздөн кайым болуп жоголду.
Эне таң калды. Баламын ата-теги касиеттүү жерден экен. Ал каалаган жерине аман-эсен жетет окшойт. Карачоро кара аргымакты минип каргадай болуп көрүнүп калды. Кара аргымактын эки капталында канаты бар эле. Эгерде балага коркунуч келсе, бала аргымакка катуу камчы салса ал абага көтөрүлүп учуп көздөн кайым болуп жоголот.
Эне менен бала коштошуп турду:
– Уулум эми жакшы бар. Менден атаңа салам айт. Мүмкүнчүлүгү болсо, бир келип кетсин. Ушунча жылдан бери энем сени унута элек күтүп жүрөт,– деп айт.
Атаңа алпарып бергин деп сонун тигилген көйнөк, жүз аарчы жана башка толгон буюмдарды баланын артмагына салып табыштады.
– Эне мен ошол жакта калайынбы, же кайра келейинби?
– Жайсыз болсо кайра кел,
– Кош бол кагылайын берекем, ата-бабаңын жерине аман жет, эсен болуп мени эстей жүр,– деп жашыды. Көзүнөн томолок жаштар арман болуп ылдый карай кулап жатты.
Каргадай бала жол улап кетип баратты. Эне кургур «баламын тагдыры татаал болбосо экен»– деп самады. Эне бир кезде Тагай бийди узатты эле эми анын оордуна бой тарттырып уулун ата журтуна узатып жатат. «Кайран өмүр тагдырым мага эмне шыбага ыйгарды экен». Байкуш эне өзүн аяп « тагдырда баары ойдогудай болсо» деп келечекти жакшылыкка жоруп турду. Тагай бийди аяп турду, атасын, ата журтун издеп бараткан каргадай баланы да аяп турду. «Мели көрүнгөн жерде жүрбөй ата конушун таап, өз элине жарыгы тийсе экен» деп эне кургур балага жакшылыкты самап турду.
Кара жол, кара аргымактын үстүндө каргадай бала.
Бала канаты бар кара аргымактын оозун коё берди. Жарыктык кара аргымак араң эле турган экен сызып жөнөдү. Ал кетип баратып артын бурулуп карады. Энеси жалгыз бактын түбүндө жоолугун булгап турган экен. Энесин аяп кайра келгиси келди. Бирок кара тулпар бир арыш алып алган соң кайра артына бурулаар эмес. Аргымак арыш кере учуп күйүп баратат. Аял кетип бараткан баласынын карааны үзүлгөнчө карап турду. «Жаратканым мен узаткан адамдарды коргой жүр!».
Баланы көрүп турган адамдар айтты:
– Кыргыз баласы Карачоро ата тегин издеп Ала Тоого баратат.
– Туура кылат өз жерин таап алсын.
– Ата конуш ар бир адамга ыйык болот.
– Булар касиеттүү кыргыз элдин тукуму.
Ал жол менен жалгыз кетип баратат. Жалгызга эч ким тийген жок. Алдыда жол да жалгыз, каргадай бала да жалгыз, асманда тийип турган күн да жалгыз. Баары жалгыз. Бир гана келечекти самап турган адамдын үмүтү жалгыз эмес. Аны бүтпөс ой кыял жетелеп жүрүп отурат.
Зулайка кыргыз жери анын кайда экенин өтө жакшы билчү. Балага ошонун баарын жакшы түшүндүрүп берген. Жарыктык касиеттүү кара аргымак жолдун нугун жакшы билет окшойт Каргадай баланы үстүнө кондуруп алып, бирде кара жолдо басып, бирде аба да канат кере учуп жүрүп отурду. Ал жүрүп отуруп, жүрүп отуруп түштүк жеринде кетип баратты. Тарапта куштардын сайраган үнү, жыш өскөн карагайлуу жылгалар. Береги жапан талдын башында күкүк конуп сайрап жатат. Балага анын үнү ыргактуу да армандуу да сезилди. Бул аймак балага жакты шагы ийлип ар түркүн мөмөлөр бышып турат. Айлана жөн эле бейишитин жериндей ыргалат. Бир жерде арстан жолборс кетип баратса, бир жерде бугу улагын ээрчитип баратат. Дагы бир жерде балага бейтааныш жаныбарлар жолукту. Бала ойлоду «Менин атам бейиш төгүлгөн жерден го» деп сүйүндү. Карачоро аттан түшүп эс алып жерге отурду. Арыдан адамдын баскан шыбырты угулду. Бала ошол жакты башын көтөрүп карады. Кийми суу болуп, арып-ачып, чачы өскөн сап-сары бир бала келатат. Чоочун бала Карачородон айбыгып, анын жанына келип колун сунуп:
– Салам алекум.
– Алеки салам. Эмне суу болуп кайдан келатасың?
Берки бала көңүлсүз:
– Биздин жердин байы атамы жигиттерине сабаткан. Атам жини келип анын жакын туугандарын жок кылып таштаган. Каарданган бай өлсүн деп энеми, атамы, мени жип менен ташка байлатып, сууга чөктүрүшкөн. Атам энем сууга чөгүп өлдү. Аларды таппайм, кайрандарыман түбөлүк ажырадым, менин жибим үзүлүп кетип, суудан калкып чыгып тирүү калып, жашоо үчүн жай издеп баратам,-деп бала ыйлап жиберди. Ал жонуна асынган баштыгын көрсөтүп, азыгым өтө аз калды. Жегенге азык издеп жер кыдырып баратам. Азыгым түгөнчө ачкадан өлчүдөймүн.
Карачоро балага көңүл айтып сооротуп, – Мен атамы издеп бараткан баламын жүрү мени менен кошо. атыма учкаш.
Ошентип эки бала атты минип андан ары жол тартты. Бирок Карачоронун көңүлүндө бүдөмүк бир нерсе бар эле. Атам мени эмне кылаар экен. Аны мурун көрө элек элем. Аны менен мамилем келишеер бекен же кайра келемби, кандай күндөр болот. Каргадай эки бала кара аттын үстүндө келатат.
Алгачкы күндөрү күн ачык болуп, айлана жылуу тартып мээримдүү мемиреп турду. Жаратылыш эне эчак эле жанданып, куштар ырын төгөт. Жандыктар небак төлдөп, эл небак жайлоого көчкөн убак болчу. Эки баланын сапары кээде түз, кээде дөңдү, кээде тоону аралап жүрүп отурду. Карачоро ата тегин, жети атасынын жолдорун издеп кетип баратат. Өзүн жараткан бабаларына барып кошулгусу келет. Алар баратып шаркырап иримдеп агып жаткан сууга келди. Атынын ооздугун чыгарып, жылкы жаныбарга суу ичирип, чөп чалдырды. Экөө чөптүн арасына барып азыгын жайып тамактанышат. Ошол жерге эс алып укташты. Эртеси таң агарды, куландан соо болуп жаткан жеринен турушту. Алар жолдон калбайлы деп камынып кайра сапарга аттанышты. Эки бала канаты бар кара аргымакты минип, бирде булутка кирсе, бирде ачык асманда шамал менен жарышып, касиеттүү кыргыз жерине келатты. Эки баланын жаадыраган келечеги канаттуу кара аттай, асманда сызгысы келет. Балалык күн ошонусу менен бакытка жетет эмеспи. Асманда уча берип дулдул кара аргымак чарчаган окшойт жерге келип конду да, эс алды. Балдар да буту колун жайып аларда эс алып, тамагын ичип таттуу уйкуга киришти. Эртеси эң сонун абалда ойгонушту. Алар тамак ичип жатканда, аларга кийген кийми айрылып, чач, тырмагы өскөн жүдөгөн бир бала жолугуп Карачоро ага:
– Эй, бала сен кайда баратасың?
– Чукулда биздин жерде ынтымагы жок туугандар бийлик талашып согуш болду. Азаптуу ошол согушта адамдар таланып тентишти. Ата-энемен айрылып жалгыз өзүм калып, тентип селсаяк болуп келатам.
– Кел селсаяк болбой бизге кошул,-деди Карачоро.
– Айтчы деги силер кайда кетип баратасыңар?
– Атам Тагай бий деген киши болот ал алыскы Ала Тоодо мен ошол атамы издеп баратам.
– Андай болсо, жакшы менин атамы өзүмүн көз алдымда душмандары жок кылды. Мындан ары менин атам жок. Мен да атаңы издешем, балким ал менин атам болуп калаар. Ошентип кара жолдо үч жолочу кетип баратат. Мурда экөө эле эми үчөө болду.
Алар жолдо келатса, ак сакалчан карыя турган экен. Ал ээр токулган кара аргымакты жетелеп турат. Кебетеси ал жомоктогу чабандес болуш керек. Жолочулар карыяга салам беришти. Чабандес эки баланы башка бир кара аргымакка мингизди.
– Мен силердин ата-бабаңардын колдоочусумун. Силер туулган жериңерге жете албай кыйналып каласыңар, бобул аргымакты минип алгыла,-деп бат эле көздөн кайым болуп жоголду. Ошентип үч бала эки окшош кара аргымакты минип алып бирде муңдуу чөптүн үстүндө, бирде булуттуу көктүн алдында сызып кетип баратышты. Аларды көргөндөр «касиеттүү Тагай бийдин балдары өз мекенин издеп кетип баратат»– дешти. Алар асман менен бир топко учуп анан жерде кара жол менен кетип баратышты.
Тээ береги саздуу жерде булут түнөп, алар суу ичип жаткан сыяктанат. Жол боюнда ала бата, мээр чөптүн анын өңү агыш боз саргыч тамыры жоон келип, сабагы тик тартат. Гүлү майда агыш жашыл түстө соккон желге жалбырагы назик сеңселет. Айрыкча шыбактын жыты мурунду жарып көңүлдү көтөрөт. Улуу тоонун башына булуттар турук алып турат. Күн бүркөлүп алар бир аздан кийин ылдыйлап жаан-чачынды пайда кылат. Эми мына шыбактуу талаа аяктары менен жол өргө таяна койнун ачып, берекелүү Чүй жери боюун керип жайкалып чыга келет. Карачоро «менин атамын жери кенен ырыскысы төгүлүп, чачылган жерден экен» деп сүйүндү. Кара аргымактар жол нугунан адашпай кетип баратат. Тескей беттерге жаан-чачын көп жаайт экен. Тоонун этегинен тоонун башына чейин токой жыш каптап жатат. Пенденин көңүлүн көтөрүп жапалак арчанын жыты аңкыйт. Баардык жерде түркүн куштардын үнү чыгып, эргүү чачып жаңырат. Андан ары бийик тоону аюу, аркар, каман мекендеп жолочулар ысык күндө токойду көрүп көңүлдөрү ачылып кетти. Алар токойдун ичине кирип булактын жанына токтоп, тамагын ичип жаткан. Капыстан ат кошкуруп, аркы тараптан сербеңдеген караан көрүндү. «Бул ким болду?» деп балдар таң кала карады. Анан көйнөк шымы тытылып айрылган бир бала келатат. Үчөө тең таңдана тиктешти.
Карачоро:
– Эй, бала бери кел, жалгыз токойдо эмне кылып жүрөсүң?
Тиги бала чоочуркай басып келип, үчөөнө салам берди. Анын оозу казыл болуп боёлуп турат. Ачка болгон түрүң бар жер жемишти аябай жеген окшойт. Боюу кыска бечаранын курсагы чедирейип чыгып турат.
Карачоро:
– Жол болсун кайдан токой аралап?
– Айлыбыз бобул токойдон ары тоонун түбүндөгү түзөңдө болчу. Калмак чапкынына учурадык. Атам, энеми туткун катары калмактар айдап кетти. Адамдар жарадар болду, мал-жан таланып калды. Беркилер качып келген баланы көрүп аябай боору ооруду.
– Эми кайда баратасың,-дешти.
– Ата-энем жок кайда бараарымы да билбейм.
– Анда биз менен бол мен Тагай бий атамы издеп баратам, ошол кишиге жолуксак, анан калган иштерди көрө жатабыз.
Чедирейген бала көңүлдөнүп, алар менен кетмей болду.
Үчөө эле төрт жолочу болду эми,
Тагай бийди издеп барат төртөө тең.
Бири үмүт, бири сүйүү, достук анан да
Эрдик деген төрт жолочу жол келген.
Кара аргымактарга эки-экиден бала минип сапар кетип баратышты. Күн чыкты аскаларга булуттар илинип турат. Бийик тоого жакындаган сайын салкындыктын илеби даана байкалат. Ал эми арт жактан чөлдүн илеби уруп турат. Алар бийик тоого жакындап келди. Төрт баланы кара аргымактардын үстүндө келатты. Алар жандай учуп бараткан кузгундарга кайрылды:
– Кузгундар кайда баратасыңар?
– Тарп издеп кетип баратабыз.
– Андай болсо жолуңар болсун издегениңер табылат.
– Биз эч нерсе жебебйбиз, болгону тарп жейбиз. Аны жеп тоо-талааны ар кандай илдеттен тазартабыз. Же болбосо ар кандай жаныбарлардын өлүгүнөн көп оорулар тарап кетмек. Адамдарга жалпы эле жаратылыш энеге ар кандай пайда келтиребиз. А силер кайда баратасыңар?
– Менин Тагай бий деген атам болгон ошону издеп кетип баратабыз.
– Ал тээ береги башын ак кар көк муз каптаган тоо суулары ылдый шаркырап аккан Ысык Көлдүн жээгинде жашайт. Буюрса ал жерге үч күндө жетип каласыңар.
Бул кабарды угуп, «жетүүгө аз калган экенбиз» деп жолочулар аябай кубанып калышты. Алар жол жүрүп келатышты. Адыр менен жүрүштү, шаркыраган суу кечип, колот өрдөп жөнөштү. Токойдун арасына келип жер-жемиш жеп эс алышты. Жаа менен кыргоол атып, куйкалап жешип, курсак тойгузуп, көңүл ачышты.
Жолочуларга салып-уруп эки көк жал чуркап келатты.
Балдар:
– Эй, көк жалдар ээрчишип кайда баратасыңар?
– Улуу тоолор тараптан келатабыз, суур аңдып желип-жортуп жүрөбүз, өзүңөр кайда жол алдыңар?
– Мен Тагай бийдин баласымын ошол атамы издеп баратам.
– Анын конушуна бир күндүк жол калды. Бобул белден өтсөңөр шаркырап аккан кашка сууга жолугасыңар, ошону өрдөп жүрүп отурасыңар, анын конушуна түз эле кирип барасыңар. Төрт жолочу канча жол басты жолдун оорчулугу артта калыптыр. Алар асман тиреген тоолордун ортосундагы бир тар капчыгайды ашып чыгышты. Тоонун таза жели аркырап уруп урду. Төрт жолочунун көңүлү ачылып, канатчан аргымактардын үстүндө каалгый абада учуп баратышты. Балдарга мелтиреп күнгө чагылышып, касиеттүү көл көрүнүп турду. Каз, өрдөктөр каркылдап, үн чыгара баркылдап сүзүп жүрүшөт. Бийик камыштардын арасында күрүлдөп жолборстор жойлоп чыгат. Токойдо марал, кийик, бугу батпайт. Эки жагында аркайган бийик тоолор. Чамына көлгө куюп жаткан дайралар. Көлдүн үстү толо суу куштары. Жарыктык көлдө түркүн балыктар арасында күн нуруна чагылып, адамча сүйлөп алтын балык сүзүп жүрөт. Балдар бул жердин кооздугун көрүп таң калгандыктан ыйлап жиберишти.
– Менин ата-бабам касиеттүү жерден экен,-деди Карачоро.
Балдар көл бойлоп келе жатып бир карыяга жолукту:
– Ата, Тагай бийдин конушу кайда?
– Бобул көлдүн жээги менен жүрүп отурсаңар, көп айылга, жана шаарга кезигесиңер, дагы жүрүп отурсаңар Барскон деген шаар бар ошол Тагай бийдин ордосу болот.
Балдар жүрүп отуруп, адамдардан сурап отуруп, акыры капкалуу Барскон деген шаарга келишти. Ал жерден Тагай бийдин кабарын сурашты. Тагай бий азыр чоң жайлоодо эс алып жатканын айтышты. Балдар ошол жайлоого сапар жөнөштү. Алар капчыгай өрдөп, кенен жайык өрөөнгө туш келишти. Ошол жерде кереметтүү чоң боз үйлөрү бар, ыйык жайлоого туш болушту. Тагай бийдин жайлоодогу конушу ушул экен. Кара аргымак минген балдар боз үйлөргө жакындап келишти. Алар туурда отурган бүркүттөрдү, куштарды көрүштү. Дөңдө сүйлөшүп бир топ карыялар отурушат. Адамдар канаты бар кара аргымактарга суктанышты. Бул жөн балдар эмес, теңиримдин өзү колдогон балдар экенин билишти. Уландар боз үйлөргө жакындап, аларды жигиттер тосуп алып аттан түшүрүп, аргымактарды кермеге байлашты. Балдар дөбөгө чыгып отургандарга ийлип:
– Ассаломуалекум аталар,-деп салам беришти.
– Алекумаассалом, балдар,– дешти отурган карыялар.
Жолочулар дөңдөгү кадырмандардын аягына келип отурушту. Карыялардын алдында калың көлдөлөң салынып, бир олутту баянды куруп жаткансыйт. Эң төрдө сакалы белине жеткен үч карыя адам отурат. Андан бери ар түрдүү курактагы адамдар жайланышкан. Кыраакы адамдар балдардын алыс жактан келатканын сезишти. Алар уландарга көп деле көз салган жок, чарчап келгенгер эс алсын анан аңгемени улайбыз,– деп ойлонушту.
Балдар тамак ичип эс алышты. Анча-мынча убакыт өттү. Карыялар баягы чоң дөбөгө чогулушуп, балдарды жанына чакырышты. Сакалы белине жеткен бир карыя айтты:
– Жол болсун балдар кайсы тараптан келатасыңар?
– Ыраакы Кашкар тараптан, Султан Саид хандын ордосунан чыгып келатабыз,-деп Карачоро айтты.
Отургандар Могол хан дегенде баардыгы тең сестене түшүштү. Жолочуларды алыс жайдан келаткан экен дешти.
– Жол болсун эмне жумуштап, кимди издеп чыктыңар эле.
– Мен Кашгарда төрөлүпмүн атам ушул Ала Тоонун арасында экен. Аты Тагай бий ошону издеп келатам. Бала чоңойгондон кийин ата-тегин табыш керек экен,– дап Карачоро маанилүү баяндады.
– Бар бол балам, сен ата-тегиңди издеп жолго чыккан бала турбайсыңбы, аның жакшы, ата-тегиң сенин келечегиң.
Тагай бийдин сакалын ак чалып, жаш курагы бир топко барып калган сыяктуу, кайраттуу узун бойлуу бүркүт мурун, ал жоон үнү менен сүйлөп турду:
– Болуптур ыраакы жактан келатыпсыңар, жолуңар болуп таалайыңар ачылсын!
– Энем Зулайка айткан атаң Ала Тоодо жашайт мен ошону издеп келатам.
– Ырас айтасың мен ошол Тагай бийдин өзүмүн менин балам экениңди аныктаган эмне белгиң бар?
Карачоро куржунун аңтарып карап, шайы чүпөрөккө өрөлгөн күмүш бычакты, жана жаңы өгөөнү алып чыгып Тагай бийге сунду.
Бий аны ары имерип бир карап, бери имерип бир карап, өңүнөн кубанычтын нуру тамчылады.
Бий эмне деп сүйлөөр экен деп карыялар анын оозун карап калды. Ал көп жылдан бери жоголгон буюмун таап алганына кубанып, күмүш бычакты суктана карап:
– Ооба балам, бул менин таштап кеткен аманат белгим болчу. Сен энеңин курсагыңда калган элең, атың Карачоро болчу жараткан эгем үмүтүмдү актады дагы бир балам алыстан аман-эсен кайтып келди,– деп өгөө менен бычакты өөп касиеттүү буюмдарды колун сунуп, карыяларга узатты.
Карыялар ыйык табылганы ары имерип бир карап, бери имерип бир карап суктана кубанып жатышты.
Бий тагдырына аябай ыраазы болуп толкундана, жоголгон нерсесин таап алагансып турду.
– Болуптур сен менин алыста калган балам экенсиң а бул балдарым ким болот?
Ошондо сууга чөгүп аман-эсен калган бала тизелеп отуруп сүйлөй баштады:
– Менин атам көр оокат кылган адам эле биздин жердин байы аны сабап, аябай ыза кылат. Кордук көргөн атам, жини келип байды өлтүрүп салат. Байдын туугандары ата- энеми, мени жип менен оор ташка байлап, өлсүн деп кирип турган терең сууга салат. Атам менен энем сууга чөгүп өлүшөт. Кудайдын барманы менен мен тирүү калдым. Берекем ата-энем жок болду, түбөлүк жоготтум. Мен Карачоронун азыгын кармап келатам. Өзүм дагы курсагым ачып, жегенге азык издеп жүрүп, Карачорого жолуктум, -деп токтоно албай ыйлап жиберди. Баланын армандуу тагдырын угуп, карыялар ойго батып, тымып калышты. Тагай бий кайрат айтып:
– Кой, балам ыйлаба, кайратыңы жоготсоң жаман болот.
Ал эми бу балам ким болот,-деп андан кийинки балага кайрылды.
Экинчи бала тизелеп отура калып, башындагы арманын айтып кирди:
– Биздин жердин эли ынтымагы жок болуп эки жааташып согушту. Менин ата-энем ошол капсалаңда өлүп жок болду. Мен кайда жашаарымды билбей селсаяк болуп тентип жүргөм. Барбаган жерим, көрбөгөн элим калбады. Жетимчиликтин айынан эмне кордукту гана көрбөдүм. Мени көргөн адамдар «баягы селсаяк» деп жанына жолотпой калды. Акыры Карачорого жолугуп ушуну менен бир келатам,– деп бышактап ыйлап жиберди.
– Кой балам анча жашыба башыңан оор окуялар өтүптүр, эмне кылабыз не болсо да тагдырдын жазганы ошол да.
– А бу балам ким болот, курсагы чедирейип турган балага кайрылды.
– Атам, энем калмак чапкынында учурап каза тапты. Аларды мен таба албай калдым. Экөөнөн тең ажырап ачка болдум, ток болдум. Катуу оорудан курсагым чедирейип чыкты. Эки-үч жылдай көрүнгөндүн эшигинде көрбөгөн кордукту көрдүм,-деп озондоп жаш төгүп турду.
Карыялар:
– Кой балам жаман жорук баштаба кайратаңды жоготпо!
– Ата-энесин жоготкон жалгыз сен эмес биз да жоготконбуз.
– Ким эле ата-энесин түбөлүк кармап жүрсүн.
Бала колу менен жашын аарчып ыйлаганын токтотту. Баланын арманын угуп беркилер да кайгырышты. Отургандар үч баланын кайгысын угуп көңүлдөрү чөгүп капага батышты. Бу жарыкчылыкта кубанычтан арман көппү деп ойлонушту.
Бий кубанычтуу:
– Алыста жүргөн балам Карачоро өз турагы ата мекени Ала Тоого аман-эсен келиптир. Ал жөн келбей өзү менен кошо бир туугандарын ээрчите келиптир. Бир балам Карачоронун азыгын көтөрүп жардам берип келиптир, бу уулумдун аты Азык болсун,– деди кубана. Ал эми экинчи балам, ата-энеси өлүп көрбөгөн кордукту көрүп турмуштун айынан тоо-талаада тентип селсаяк болуптур. Бу уулумдун аты Саяк болсун,– деди ата жылмайып. Карыялар башын ийкеңдетип кубаттап жатышты.
Тагай үчүнчү баланы көрсөтүп:
– Бу балам калмак чапкынына кабылып, ата-энесинен ажырап, оорулуу болуп курсагы чедирейип, көрбөгөн кордукту көрүптүр. Чертип койсо эле жыгылып кетчүдөй абалга келиптир. Атын « Чертике» коёлубу?
– Коёлу,-дешти аксакалдар бир өөздөн кубаттап.
Бий жарпы жазылып кубанып айтты:
– Карыялар ушул күнү мен төрт балалуу болдум, менин балдарым силердин да балдарыңар. Силердики эмес жылпы кыргыз элдики. Менин Богорстон, Койлон, Кылжыр деген уулдарым бар эле, эми аларга Карачоро, Саяк, Азык, Чертике, Черик, Коңурат келип кошулду. Жаадырап күлүп кубанганынан ыйлап жиберди. – айланайын журт жоо жакадан алып турганда кыргыздын саны арбып, бөтөн элге айбат көрсөтсө экен. Атабыз Манастын арбагы колдоп, элибиз эл журт болуп сакталса экен.
Төрдө отурган эң улуу аксакал карыя:
– Айланайын журт калкыбыздын саны арбып, түндүгүбүз бийик көтөрүлсүн! Тагай балам балдарың менен аман-эсен бол! Бул балдарыбыздын тукумдары өз жерин коргогон кыраан баатырлардан болсун! Аксакалдардын өңүнөн нур төгүлүп баардыгы бата кылышты.
– Оомийин!
– Оомийин!
– Оомийин!
– Жаратканым өзү жар болсун!
– Кыргыз элибиз аман болсун!
Тагай бий кубанганынан көп боз үй тиктирип, ак боз бээ чалдырып чоң той берген экен.
– Оомийин!
– Оомийин элибиз аман-эсен болуп, кыргыздын кыйры узарсын!
– Элибиздин саны арбысын, башка чоочун элдин алдында айбаттуу болсун!
– Касиеттүү Манас атабыздын арбагы колдосун!
Тагай бийдин биринчи аялы ай жаркын Бермет эне болгон экен. Кудайым шыбаа айтып койгонбу кыргызда аял заттын акылдуусу, алган жары эр жигиттин бактысын ачат дейт. Бермет Улуу Каныкей энедей ары сулуу, ары акылман бийге жарашыктуу жар болуптур. Ал кыргыз элинин ички муңун, келечек тагдырын бий сыяктуу билип, ага эң сонун акылман кеңешин берип турчу экен. Тагай бийдин иши ошол эненин багыты боюнча өнүгүп, астыга жылганын санжырачылар көп эскерет.
Ошондо ак элечек кийген көп бабиче бешикти көтөрүп, элдин алдына келип, отуруп, Бермет эне ак эмчегин чыгарган экен. Тагай бийдин тондуу балдары Саяк, Азык, Черик, Коңурат, Чертике бирден эмп кириптир жаратканым жардам бердиби, же эненин энелик жан дүйнөсү козголдубу ким билет касиеттүү эненин эмчеги ийип кадимкидей ак сүт чыгып, балдары аныноозанып эмген экен дешет. Касиеттүү ата Тагай бий чоң той берген экен. Ошол Тагай ата той берген күнү күн ачык жаадырап тийиптир. Жайдын сонун учуру экен. Күн ачык туруп эле анан сонун өткүн өтүп, асмандан касиеттүү күн желеси « Асан-Үсөн» көрүп адамдар кудайга жалынган экен.
Чабалакей канаттуу куштар асман менен сызат. Бийик көктө кыраан куш каардуу үн салат. Ал кыргыз жерине кыраандыкты даңаза кылат. Күкүк, күкүктөп, булбул тээ алыскы бакта сайрайт.
Күн ачык. Улуу тоолор шаңкаят.
***
Ала-сала мезгил өттү. Жер-жемиштер толук бышып, айланада эң сонун күз күнү болуп турган. Ошол күнү түштүктөн Гүлчөдөн «Адигене бий катуу ооруп жатат»– деп Тагай бийге чабаган келди. Бул кабарды угуп Тагай бий жолдоштору менен даярданып, абыр-шабыр жөнөп калды. Тагай бий сезимтал адам эле өзү дагы бир нерсесин жоготконсуп жүргөн, агасынын бекер чакыртпасын ал билди. Атчандар күнү-түнү тынбай жол жүрүп келе жатышты. Салт атчандар бат эле Гүлчөгө жете келишти. Адигене бийдин тигип койгон боз үйлөрү алыстан даана көрүндү. Кермеде аттар байланып турат. Эки жакка чабагандар чапкылап кетип жатышат. Бир кырсыктуу окуя болгонун Тагай бий сезип Акбозуна камчы уруп бат эле абыр-шабыр жетип келди. Боз үйдө Адигене бий тил оозсуз жаткан экен. Тагай бий ылдам кирип келип, улуулар менен саламдашып, алсыз жаткан агасын карап, чекесинен өөп саламдашты. Адигене бий күчүн жыйып, инисин көрүп алсыз жылмая анын саламын алик алган болду.
Адигене акыркы күчүн жайып инисине керез осуят сөзүн узатты:
– Келдиңби иним, келгениң жакшы, менден кемчилдик кетсе кечиргин, мындан кийинки бийликти эми өзүң алгын. Элди жакшы башкар,-деп тил ооздон калгансып баратты.
Тагай баатыр менен Адигене бийдин ортосунда жакшы мамиле болбой келген эле. Адигене бий Могол бийлөөчүлөрүнүн таламын жактап келген. Ал эми Тагай бий ар дайыма эркиндикти каалап Моголдорго каршы болгон. Адигене бутпарас динин жактаган адам эле. Ал эми Тагай бий чыныгы мусулманчылыкка берилген адам эмеспи. Эл үчүн Адигене бийге караганда Тагай бийдин кадыр-баркы кичине жогору болгон.
Ошентип Адигене бий тиги дүйнөгө узады. Бийди койгону ар бир уруулардан белгилүү бийлөөчүлөр келишти. Ал учурда кыргыздар бутпарас динине сыйыншчу. Мусулман дини жаңы тарап анча күчүнө кирбей жаткан эле. Адигене бийдин кээ бир туугандары «анын сөөгүн бутпарасча өрттөп салабыз жасаган күнөөсү тазарсын» дешти. Бирок ага Тагай баатыр көңүлдөнбөдү. Акыр ал жеңди. Ошол учурда кыргыз жеринин ичинен Арсланбап токойлору кереметтүү ыйык жер деп эсептелип келген. Тагай бий ошол айланадагы ысык, муздак булак агып, ыйык куштар сайрап жаткан эң бир сонун жерди тапкан. Ошентип Адигене бийдин сөөгү Арсланбап токойуна коюулду. Бий мусулманчылыкты кыргыздардын арасына таратуунун жолунда болгон. Ал курандын сүрөөлөрүн жана аяттарын жакшы түшүнгөн адам эле. Ошол үчүн аны «Мухаммед Кыргыз» деп аталгандыгы тууралы негиз бар. Андан кийин жалпы кыргыздарга Тагай бий шайланып жалпы элдин бийи болуп калды. Тагай кыргыздардын жалпы бийи болгондон кийин Ал кыргыздардын эркиндигин Моголдордон талаша баштады. Анткени эл алык-салыктан эзилип журт аябай начарлап бараткан эле. Бий аскер ишин абдан жакшы өздөштүргөн адам болгон. Ал өзүнчө аскер курап аны Аксак Темирдин тактикасы менен өздөштүрүп бат эле чыңап жиберген. Бий кийинки учурда Могол бийлөөчүлөрүнө баш ийбей салык төлөөнү токтоткон. Могол ханы Султан Саид 12 миң кол курап келип Барскон суусунун жанында катуу салгылаш болот. Кыргыз жоокерлери өтө аз болуп, ошонун натыйжасында жеңилип калган. Тагай бийди колго түшүрүп аны Кашкарга алып кетип ал жактан үйлөнгөнү жөнүндө кабар берген болчубуз.
САРБАГЫШ ЖЕ КЫЛЖЫР АТА
Өз аты экен Сарбагыш,
Кыңая басып мойну ийри
«Кылжыр» деп аты аталган,
Ошентип бул ат таралган.
***
Тарыхта аты катталган,
Кылжыр деген ата бар,
Миң жылдары айтылган,
Мындай баатыр кайда бар.
Күн суук болуп, айлана бозомук тартат. Улуу тоонун башына боз булут уюп түнөк алды. Бобереги көрүнгөн түзөңдөр анан тээ береги дөңсөөлөр бир кезде жашыл эле эми өмүр күзү келип, бозомук өңгө айланды. Куштар да, адамдар да «күз келди, күз келди» деп айтып жатат. Куштар турак издеп алыскы жактарга шашылат. Шаркырап аккан суунун үстү муз болот бирок анын астындагы суу өзүнүн өмүр жолун улап, шылдырт чачып агып жатат. Мындан какшып калбай «өмүр өлбөйт, өмүр өлбөйт» деген кабар келет. Тоо жактан шамал согуп, бозоргон булуттар кайсы бир жакка айдалат. Күн ачык болгондо өрөөн суук тартат. Ал эми бүркөлгөн кезде жерде жылуулуктун илеби топтолот. Тээ береги имерилиш түзөң ылымта жерде Тагай бийдин кыштоосу. Кой жаныбар кыштоодо жайылып, өз турагына кайтып келет. Ал эми жылкы жаныбардыкы такыр башкача, ушул кабалаңдуу учурда анын жоосу өтө көп. Алар билинбей түн жамына келип, малды айдай качып, таптырбай кетет. Ээси карайлап таппай калат. Анан дагы кашабаң бар эмеспи, ал ит болуп билинбей эркелеп келип, курч тиштерин хылкынын кекиртекке матырып жара тартат. Жарадар мал бутун араң солбуп айкарасынан жыгылып, тыбырчалап жан берет. Топ-топ болуп үйгүшкөн кашабалар туш-туштан тиш салып, майкандап киришет. Анан жору, каргалардын тоюу башталып, бат эле кан-жининен өйдө жеп жылан сыйпагансып жок болушат. Кышында жылкы жаныбар кар тээп оттойт. Аяз суук күндөрдө ылымта түзүп бир-бирине ыктоолойт. Эч нерсе көрүнбөй бороон башталса, ал кезде жылкы тоо капталына шамалы жок жерге ыктоолойт. Бобу күтүрөп жаткан жылкы Тагай бийдин жылкылары.