
Полная версия:
Бабалардын Урпагы. 3 китеп
Турагыма бакыт консун.
Мен көргөндүн баардыгы,
Аман-эсен жашасын.
Кыш өтүп жазга айлансын,
Жергемде жаз жайнасын.
***
КЛАССТАШТАРЫМА
Мезгил агып шарын жээкке ургулаар
Кагылайын бирге окуган курбулар!
Элесимен такыр кетпей эстетип,
Элеңдеген бала бойдон калдыңар!
Өткөн күндөр закымдап
Көз алдыма тартылат.
Мектепте өткөн чагымы,
Мезгилим мага кайырат.
Жылгадагы жылкыладай,
Жыбыратып айдап келет.
Көрүнүштөр, өткөндөр,
Көз алдыма кайрык себет.
Эрбең-сербең чабандес,
Эң сонун кат апкелди.
«Эсте жаз-деп, өткөндү»
Эжейлерден кат келди.
Ал кезек артта калды,
Алыстап улам карааны.
«Аныктап жаз-деп,-өткөндү»,
Агайлардан кат келди.
Теминип учкан ыйык куш,
Тектирди конуп жердеди.
«Терип жаз-деп тарыхты»
Теңтуштардан кат келди.
Кайран гана балалык,
Кайда кеттиң таптырбай?
Мезгил деген өкүм экен,
Тизгинин бизге карматпай.
Учурунда өткөн ал чактан,
Укмуш элес шартылдай.
Караанын эми ал күндөр,
Калган тура кайырбай.
Мени менен окуган
Балдар кайда андагы?
Ар кайда жашоо өткөрөт,
Турмуш өкүм өңдөнөт,
Караан жылып, жыл өтөт.
Үч бала мектепте,
Үч жыл катар окудук.
Билимдин ачып капкагын,
Билип чыктык баардыгын.
Төрт бала келип мектепке,
Төрт жылы катар отурдук,
Байыркы жомок баянын,
Баарлашып топтолдук.
Анда эмесе курбулардын,
Аты-жөнүн айтып берейин.
Бапырап өткөн таалайлуу,
Балалыктан элек элейин.
Беш бала келип мектепке,
Беш жыл катар отурдук.
Беш энеге жазылган,
Беш ырды жатка окудук.
Алтынчы жыл болгондо,
Алдыга канат серпкенбиз.
Алтообуз алты дастандан,
Аңгеме айтып кеткенбиз.
Жетинчи жыл болгондо,
Жетөөбүз бирге окудук.
Жетик билип Манасты,
Желпиниш тоого кеткенбиз.
Сегизинчи жыл сызганда,
Сегизибиз чогулдук.
Аңгеме айтып Алманбеттен,
Ал күндө бирге отурдук.
Жылдан-жалга жыл өтүп,
Жыл мезгили жетиптир.
Күндөн-күнгө күн өтүп,
Күн мезгили келиптир.
Он бир бала мектепти,
Ошентип бүтүп кетиптир.
Айта берсе арман көп,
Армандан да аян көп,
Баштагыны козгогон,
Байыркыны жомоктогон.
Баяндагы ырлар көп,
Өтүп кеткен ал күндөр,
Тарых болот жөрмөлөп.
Мен эми ошол өткөндөн,
Сөз курайын бөлмөлөп.
Силер кулак буруңдар,
Алдыңкы жайга туруңдар.
Ал күндөр кандай өттү,
Анын баарын угуңдар.
Карааны тоодой көрүнгөн,
Кагылайын курбулар.
Ошол күндөн айтылбай,
Кайрылбай кеткен аян бар.
Жомок болуп, баяндалган
Жоодураган күндөр бар.
Жароокер жакшы нур калган,
Жамалы жаркын айлар бар.
Сөзүмө кулак буруңдар,
Карааны чыгып калдайган,
Кагылайын курбулар.
Баягы биз окуган,
Кичинекей класста,
Парта турат биз жокпуз.
Баягы биз окуган,
Кичинекей класста,
Доска турат биз жокпуз.
Баягы биз окуган,
Кичинекей класста,
Терезе турат биз жокпуз.
Курдаштардын өзү жок,
Өзү эмес кара көзү жок.
Доска турат агай жок,
Эмнеге караан калган жок.
Жандай көрүп берилген,
Кашый эже дагы жок…
«А» тамгасын окуткан,
Аруун агай өзү жок…
«Ү» тамгасын окуткан,
Үсөн агай кайда кетти?
Ал кишиден дарек жок.
Өзү эмес кара көзү жок.
Кужулдаган балдар жок,
Куруп кетсин дүнө шок.
Шарылдатып тамга тааныткан,
Шаршен агай а да жок.
Май айындай нур чачкан,
Мария эже бу да жок.
Асейин агай кайда кетти?
А кишиден дарек жок.
Апыл-тапыл дүнө шок,
Андагынын баары жок.
Суу башчысы Сулайман,
Менден эмес кудайдан.
Адагы жаш жигиттер,
Ак чач болуп улгайган.
Баардыгыбыз он бир элек,
Он бир бала окуган.
Билим кенин чокуган,
Ошолордун баянын,
Ойлоп жазып отурам.
Бешөө анын кыз болчу,
Беш булак агып сызылган.
Беш кыз бантик тагынган,
Бешөөнө арнап ыр жазгам,
Беш кайыңым шуудурайт
Жагымы анын балалык.
Жаркыткан адам көңүлүн,
Жаштык күндөр ажайып.
Көркөм беш гүл ыргалып,
Өзүнчө ыр чыгарып,
Ырыстуу ошол беш гүлдүн,
Ырлары бизге ажайып.
Жогоруда беш булак,
Бизде окуган курбулар.
Мыскал, Жамал сен экенсиң,
Бопуй жана Бегимжан,
Калтар тура ыргалган.
Ынактарга берилип,
Ышкым толо ыр жазам.
Курбу, курбу, курбу саз,
Куркулдап учат өрдөк каз.
Курдаштарга сыр ачып,
Кудуңдай барам ыр жазып.
Ошол бешөө беш чүрөк,
Бийик көктө көрүнгөн.
Сапар кеткен бешөөнөн,
Үл-бүл элес төгүлгөн.
Бешөө кеткен жакты карап,
Беш энемен ыр түзөм.
Таш кыяда эл келет,
Ташыркап бир ат келет.
Бийик турган белди өрдөп,
Бир эр жигит салт келет.
Көк кыядан эл келет,
Көк жорго деген ат келет,
Көчтү сүрөп алдыга,
Көөнөрөс бир эр келет.
Алты бала эшек минип,
Аңыз бойлоп келишкен.
Бапыратып таалайлуу,
Балалыктан баян эшкен.
Алты бала кунан минип,
Адыр ашып бараткан.
Жагымы жанга шок келген,
Жаштыктан баян тараткан.
Ошол алты баланын,
Баяндайын аттарын.
Класста кимдер бар эле,
Баарысын тең тактайын.
Куркуйган бала Бактыбек,
Сары бала Жаштилек.
Кара бала Турарбек.
Жылкы бакканда төрөлгөн,
Жылдыздуу бала Жылкыбек.
Берки бала Жамансарт.
Кичинекей жоош бала,
Абакирдин Кадыры,
Айылдаштарды сансам,
Алты болду баардыгы.
Куркуйган бала зав караж,
Сары бала соодагер.
Кара бала Көңдөйдүн,
Кадыры өткөн шопуру.
Тоголок бала каадалуу,
Ачендик болуп отуру.
Берки калган экөөбүз,
Кенен көлдөй турмуштун,
Кемеси болуп сүзөбүз,
Мугалим болуп жүрөбүз.
Отуз жыл куушуп өтүптүр,
Андан бери санасам,
«Таптырбай өмүр өттү»-деп.
Таңданам да баш чайкайм.
Ошол күндү элестерин,
Ойго салып баратам.
Караанына кол сунуп,
Кармай албай таң калам.
Ак Кядан көч келет,
Акбоз бир ат келет.
Артына карай кайрылып,
Акбозум неге кишенейт?
Көк Кыядан көч келет,
Көк аргымак ат келет.
Көк аргымак жөн турбай,
Көктү карап кишенейт.
Аргымак ал-балалык,
Ашуу ашып бараткан.
Мезгил эмне мынча күлүк,
Ошону ойлоп таңданам.
Ыраакта калган күндөрдү,
Ырыма коштоп баратам.
Бапырак ошол күндөргө,
Барайын дейм, бара албайм.
Кудай кошкон курбулар,
Куландай соо бололу.
Кайрылып Көңдөй жерине,
Каркыра болуп конолу.
Каткырышып сыр чечип,
Кайрадан бир бололу.
Күңгүрөнүп күү черткен,
Күмүш жаак жез комуз.
Күндө чертсем добуш жок.
Күүгө келбейт досторсуз.
Айдыңдантып чертилген,
Алтын жаак жез комуз.
Абалата чертип кирсем,
Абаны чыкпайт досторсуз.
Бизди окуткан агайлар,
Калың журттан бата алган,
Карыя болуп төрдө отурган.
Бизди окуткан эжейлер,
Ак элечек салынган,
Адамдардын оюндагы,
Алкышына татыган.
Кайрымдуу ага Кадырбек,
Кадыр-баркы эстелет.
Айтылуу Үсөн агайды
Кайрылып эске салабыз.
Айдыңын айта барабыз.
Кулуке, Саяк агайлар,
Эркиндик жана Мусажан,
Орус эжей Мария
Орус тилден берчү эле.
Эмгиче өтүп кеткендир,
Элеси бирок эсимде,
Оң жаагын таянып,
Ойго батып отурчу эле
Калкылдап жылдар сызса да,
Карматпай алга учса да,
Эжей турат эсимде
Сыйлуу болчу жашынан.
Кадырман ага Карагул,
Каадалуу болчу жашынан.
Баардык, баардык агайлар,
Эзибизден кетпеген.
Өмүрдүн жазын аяктап,
Алтын күздү беттеген.
Көк Кыядан көчкөн көч,
Көксөгөн жерге жеткендир.
Көч башкарган эр жигит,
Көөнөрбөс Көңдөй элдендир.
Ак Кыядан көчкөн көч,
Айдыңдуу жерге жеткендир.
Ак боз минген эр жигит
Ак калпак Көңдөй элдендир.
Бир кездеги бирге окуган курбулар,
Тагдыр экен ар кай жакка тарады.
А баягы чурулдаган балдар жок,
Класс болсо мурункудай ээн калды.
Мезгил деген кайда алпарып таштады,
Шар суудай октос берип темине,
Шамал аны башка жакка айдады.
Класс ичин улам-улам каранам,
Ошондогу бирге окуган балдар жок.
Элес кетти, баардыгына таң калам.
Шамал –мезгил небак жылып кетиптир,
Парталарга башка балдар келиптир.
Балалык кез бир жарк этип жоголуп,
Эзибизде жанган элес кетпептир.
Турмуш деген шар экен да, бар экен,
Балалыкты биз унутпай туралы,
Баарлашып-аңгеме дүкөн куралы,
Партадагы бирге өткөргөн күндөрдү,
Балалыктын бир өзүнөн бүткөнбү,
Ар адамдын денеде каккан жүрөгү.
Ошондогу татынакай кыздарды,
Унутпастан кайра эскере баштайлы.
Кыз деген конок болот бир келген,
Жолукканда «классташ»– деп сыйлайлы.
Убакыт таап жолугуша жүрөлү,
Эстеш үчүн небак өткөн күндөрдү.
Айтып бүткүс аңгеме, жомок экен
Алтын көкүл балалыктын өткөнү.
Унутпайлы Темир-Канат мектебин,
Унутпайлы балалыктын кездерин.
А тамгадан билим берип жетилткен,
Аман болсун ошондогу агайлар.
Дайынды айтып аман-эсен жүрөлү,
Дагы далай жолугуучу убак бар.
Унутпайлы Темир- Канат мектебин,
Унутпайлы жаштык күндүн кездерин.
Картайбастан аман-эсен жүрсүнчү,
Кагып-согуп бизди окуткан эжейлер.
Ар бирибиз соо-саламат бололу,
Алдыбызда күндөр жатат кезигеер.
Сапар алып кайда гана жүрбөйлүк,
Сапар алып самолёттчон өтөлүк.
Сапар алып поезд менен көчөлүк,
Тирүүлүктү бу өмүрдө туу тутуп,
Соо-саламат амандыкка умтулуп,
Унутпайлы Темир-Канат мектебин,
Унутпайлы балалыктын кездерин.
КАЙРАН ЭЛ
Жеп ичкич болуп башчысы
Жең ичинен пара жеп.
Жем таппай куруп айласы,
Желип-жортуп сандалып,
Жели чыкты кайран эл.
Тамагын оңдуу таба албай,
Тамтыгы чыгып сандалмай,
Кары, картаң чалдары
Карызгага капталмай.
Алып сатаар соодагери,
Арыктагы чөп болуп,
Андан дагы көп болуп.
Азап тартты кайран эл,
Абалтадан калган эл.
Аракка тоюп алышкан,
Арып калган чалдары.
Бок ооз сөздү оозанышат,
Зөөкүр тартып жаштары.
Бычакташса жулунуп,
Коркунучтуу кайгы учуп,
Кокуйлаган кайран эл,
Кордукту көрүп келген эл.
Эл башкарган кишиси,
Тарп аңдыган жорудай,
«Келе, келе, келе»,– дей берет.
Топукту улам жоготуп,
Тойбос болгон жоругу ай.
Кайдадыр жакка сапарлай,
Калтырып ата-конушун,
Жаштары кетип жатышат,
Жанына алып жолдошун.
Бөлүнгөн соң алысташып,
Көрүшө албай азап тартып,
Бөлүнбөй жүргөн кайран эл
Бөлүнүп эми калган эл.
Ичкилик ичет уялбай,
Бойго жеткен кыздары.
Жарымы чын, жарымы калп,
Жарымы арак, жарымы суу
Аракка улам чыланып,
Азап тартпа кайран эл
Хан Бакайдан калган эл!
Жумуштан качып жигиттери,
Байпак сатып отурат.
Баардыгы эле соодагер
Эч нерседен уялбайт.
Бирин-бири алдай салып,
«Баарысы эле байыйм»,– дейт
Эбелейдей себелек,
Элден ашып кетем,-дейт.
Койду чайга алмашып,
Арзан кетти кайран мал.
Анысына жаны ачып,
Азаптанды кайран эл.
Ар биринин малдары,
Бир четинен уурдалган.
Алсызга күч көрсөтүп,
Алдуусу чыкты жулунган.
Атаны кокуй кайран эл,
Азапты көрүп келген эл.
Билимсизи көп болуп,
Караңгылык каңгыган.
Эркек эмес аялы,
Өкүртө ичип аракты,
Өкүм сүйлөп шаңшыган.
Өсө албаган кайран эл.
Улуусунан уят качып,
Кичүүсүнө жалаа жармашып,
Кара аламан калың эл,
Капага батып калган эл.
Азапты жеңип чыкканы
Аттанып чыкты кайран эл.
Каары кайнап чыңалып,
Кайраттанды кайран эл.
Жалмап-жулуп жуткандарды,
Журтту азапка салгандарды.
Эл байлыгын жалмаганды,
Эл ичинде жамандарды.
Бөтөн элге карматып,
Үзөнгү-Куушту саткандарды.
Көкөтөйдүн ашы өткөн,
Көп жыйындын башы өткөн,
Алдырып ийип башкаларга,
Каркыраны саткандарды.
Адам эмес жалаңкыч,
Жалаңкыч эмес жан алгыч,
Албаң-шалбаң талпактатып,
Айдап чыкты Акаевди,
Айбаты күчтүү калың эл.
Аялы чыкты түрү суук,
Калың элди башкарып.
Баардык болгон байлыкты,
Балдарына талатып
Кум-Төрдү алтынын,
Ой-боюнча талады.
Желип-жортуп жутунуп,
Желмогуз чыкты балдары.
Эл башчыны кууп чыкты,
Башын байлап өлүмгө.
Кээ бирлерин отургузду,
Кармап алып түрмөгө.
Түрү суук желмогуздардын
Жанын сурап жатышат.
Колго түшсө жалаңкычты
Жанын сууруп алышат..
Адам эмес жалаңкыч,
Жалаңкыч эмес жан алгыч
Белинен кармап омкоруп,
Элден сүрүп жоготуп.
Эл башында кайран эл.
Баатыр Бакай баш болуп,
Баарысын тең жеңген эл.
Барктуу болуп башынан,
Байыркыдан келген эл.
Түгөнөт десе түтөгөн,
Түбү түптүү кыргыз эл
Бабалар жолун улантып,
Байыркыдан келген эл.
БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ
Бул китепти мен жазында баштагам,
Чөптөр өсүп гүлдөр жайнай баштаганда.
Күкүк кушум эң бир сонун үн салып,
Күүгө келип, айланам гүлдөп жатканда.
Мына эми кыш келгенде аяктадым
Жазып бүтүп эң акыркы саптарын.
Жазганыман чыны менен не таптым,
Жазмаман кандай ишти жараттым.
Мени менен бирге жүргөн жандардын,
Аз болсо да, бир элесин бере алдым.
Өздөрүнүн көздөрү өтүп кетсе да,
Өмүр сүрүп ырларымда жашасын.
Айланамда адамдар аны окуйбу,
А бул жумуш тааныштардын өз иши
Өтүп кеткен жакындарды эскердим,
Алардын да балким келеер элеси.
Эч бир адам жашабастыр түбөлүк,
Бир кезекте кетебиз го биз да өтүп…
Дал ошондо бизди эскербей отурса,
Ойлоп көрчү кандай гана өкүнүч…
Ошол үчүн көзү өткөндөр жөнүндө
Кагазда калса, аны окуй жүрөлүк.
Өмүр деген бир келген керемет
Эч бир адам жашабастыр түбөлүк.
Кандай жаздым мен аларды ырымда,
Кандай адам дал ошондой жараттым.
Жердештерди мен кантип унутам,
Ырга айлантып, ыр болуп бараттым.
Бир жерде кемчилдиги бар болсо,
Башкалар ошонусун таап айтсын.
Ыр жараткан оңой эмес чынында,
Бетим бырыш, чачтарымды ак чалды.
Мезгил өтүп улгайып баратам,
Баягы жаштык арт жагыман карады.
Бул китепке эч ким акча төлөбөйт,
Жада калса ырахмат да айтпады.
Кечөөгүнкү ыйыктарды унутуп,
Тааныштар кара мүртөз тартканбы.
Күкүк сайрап, жаз келип турганда,
Калем алып бул китепти баштагам.
Ал кезекте жаадыраган жаштык чак.
Мезгил болсо өз кадамын айлантат,
Ак баракты улам тиктеп отуруп,
Эмнегендир көзүм көрбөй калыптыр.
Алып сызып өткөн тура мезгилим,
Ал деле мага келген карылыктыр.
Азыр кыш айланамды карасам,
Адырларда теп-текши кар жаткан
Учур жылды ак чач болуп баратам.
Мен үчүн чындыгында чоң бакыт,
Жердештерге китебмди арнасам.
***
1974-жылы РСФСР жазуучуларынын кыргызстандагы күндөрү болуп калды. Көп жазуучулар Кыргызтанды аралап, Балыкчы шаарына келип калды. Алардын арасын Россиянын аттуу, баштуу жазуучу, акындары алардын арасында Кайсын Кулиев жана башка көптөгөн адамдар бар эле. Кайсын Кулиев Кавказда жашаган балкардын улуу акыны. Анын атагы бүткүл дүйнөгө Чынгыздыкындай белгилүү. Дүйнөлүк көптөгөн сыйлыктарды алган адам. Улуу кеменгер акын.
Анда мен В.И.Ленин мектебинде мугалим болуп иштеп жаткам. Биз горкомдо ошол жазуучулардын кечесине катыштык. Кайсын Кулиев кашка баш шуулдаган ачык-айрым адам экен. Аны менен мугалимдер он мүнөттөй сүйлөштү. Ал атактуу «Тоо арасындагы» чыгарманы кыргыз тилинен орус тилине которгон адам экен. Он жылдай кыргызстанда жашап кеткен тура. Кыргыз тилин суудай билип, кадимки акын Алыкулдун көптөгөн чыгармаларын жана башкаларды орус тилине которгон акын экен. Биз анын билимине талантына, адамдык күч-кубатына ушунчалык суктандык. Ал учурга Союзда Кайсын Кулиевдин, Расул Гамзатовдун, Давид Кугултиновдун, Мустай Каримдин, Э.Межелайтистин… ысымдары баардык журтка белгилүү болуп, баарыбыз аларга сыймыктанчу элек. Аларды улуу адам катары көрчү элек.
Мен жыйындан тарап ооруканага барсам Айгүл эркек төрөптүр. Жолдошторум менен кубанып ала-күү болуп баланын атын ким коёлу деп калышты.Анын атын мен Азизхан койсомбу деп ойлонгом. Ошол күзүндө анда мугалимдер колхозго жардам катары чөп чапчу эле. Биз эркек мугалимдер Балыкчы шаарында саз жакетан чөп чаап жатканбыз. Ошондо бир филолог мугалим айтып калды:– Баланын атын Кайсын коёлу, сен ыр жазасың уулуң ага жетпесе да анын жарымынчалык адам болуп, аман жүрсө болду,– дешти. Мен күлүп: «Азизхан койсомбу» дедим «Андай койбо ал Толубай сынчыдагы терс каарман», деди. Ошентип уулумдун аты Кайсын болуп калды. Алардын айтканын кайдигер карап чансам болбойт го деп ойлондум.
Уулум Кайсын мектепте эң жакшы деген баалар менен бүтүп, борбордогу милициялык окуу жайын артыкчылык диплом менен Москвадагы Академияны окуп, ошол жактан кандидаттык дисертацияны жактап, юридика илимдеринин кандидаты, доцент жогорку окуу жайынын эмгектенип жатат.
Ошол кезде мен дагы ыр жазчумун, бул ырды ошондо жазып катып коюп, кийин жарыкка чыгарып жатам.
Уулумдун атын Кайсын койдум,
Үйүмдө болсун улуу адамдын ысымы.
Коюп жатып ушунчалык ойлондум,
Кор кылбай алып жүрсүн ысымды.
Улуу акындын атын алып жүрүү да,
Тоо көтөрүп жүргөн менен барабар.
Улуу ысымга эмгек менен шерденип,
Уулум балким чоң бакытка аттанаар.
АРНОО ЫРЛАРЫ
Өмүр деген кыйма-чийме кечмелик,
Биз өтөбүз коштошоорго кез келип.
Айылдаш ага-ини, курбу-курдашка,
Арноо ырлары болуп калсын эстелик.
Билинбей өтүп кеткен мезгилде,
Бир-бирибизди жүрөлүчү эскерип.
***
Кыт-кыт этип күлөт экен,
Кытыгыласа жаш баланы.
Бажырайып шаң төгүлөт,
Бактылуу кылып замананы.
Ыр менен баарын кытыгылайм,
Ыңаалап жапжаш баладай.
Күлө бергиле жылмайып,
Күлмүңдөп бакыт чачырай
Баягы боору ката элек
Бажырайып бала чагыңардай
Кулет уулу Темиркан атага
Көрүп калдым Темиркан атаны
Адам эле ак сакалы жайкалган.
Санжыраны сабалатып сайраган
Көп нерсени угуп алгам мен андан.
Бугу эненин уламышын тыңшагам.
Сөзмөр адам ушучалык жактыргам.
Куш агытып илбесинге көз салган,
Кум Кайкыга тору атын чаптырган.
Ачык айрым адам эле жарыктык
Айлыбызды көп жылы башкарып.
Айылдашты эстегенде бир-бирден,
Ал адамдын аты келет кайрылып.
Сүрөтчү, бедизчи, белгилүү педагог
Мусажан агама
Айтам десе жакшынакай сөзү бар,
Иштейм десе беш манжалуу колу бар.
Басам десе такыр талбас эки буту бар,
Карайм десе кап-кара эки көзү бар.
Күлөм десе жылмайган өңү бар
Алгылыктуу албан-албан иши бар,
Алыс жакка атак- даңкы дагы бар
Какшыктайм десе анысы да кошо бар,
Таланты менен болбогонду болтурган.
Тажабай эмгектен килем токуган
Төрт тарабы кыбыладай созулган.
Төп келишип баарысы тең чогулган
Төрө сындуу карааны тоодой агам бар.
Кудайберген уулу Айылчы агага
Абийирдүү адам эле башынан,
Ачык көңүл жана дагы жайдары.
Шайыр болуп бапырап сүйлөсө,
Шаттыкка бөлөп салчу адамды.
Арасында аралай мал багып,
Айдыңдуу тоону мекендеген.
Эртелеп учуп кетсе да,
Элеси жашайт биз менен.
Дүйшөн агама
Дүйшөн байкем бир келип,
Дүйнөдө мага табылгыз.
Адам деген жашай албайт
Ачык көңүл туугансыз.
Узатып койдум агамды,
Арман да мага ал жагы.
Аны менен өткөн күндөр,
Алыс кеткен кайрылбай.
Агамын тоодой карааны,
Ал мезгил мага майрамдай.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаты,
көптөгөн сыйлыктардын ээси
даңктуу чабан
Рысбай агага
Калак-Ташты эстесем,
Рысбай агам эсимде.
Эч убакта унутпайбыз,
Эмгеги сиңген элине.
Узады далай мезгилдер
Алыс калды мейкиндер.
Сагынып бизди жатабы,
Саймаланган элет жер.
Өтсө да далай мезгилдер
Баатыр чабан дайым жаш.
Элине эчак сиңирген,
Эмгеги аны картайтпас.
Урманбет уулу Качкын агама
Көргөн кезде саламдашам,
Карааны тоодой агамын
Карандуу ага берипир,
Кагылайын Жаратканым.
Агам оңой менен сүйлөбөйт,
Бир сүйлөсө катырат,
Катырып эле салбастан
Кайра-кайра каткыртат.
Көрүнүктүү коомдук ишмер, пртиялык жана
чарбалык кызматкер, көптөгөн сыйлыктардын
ээси
Аалы уулу Тукеш абага
Жагымдуу Тукеш абабыз
Жакшы өстүрдү балдарын.
Элине тийсин кереги
Эмгеги сиңип алардын.
Элди унутпай баарысы,
Болсун Түкүш абамдай.
Келип-кетип турса экен,
Көңдөй жерин аралай.
Айдыңдуу Түкүш абанын
Караанын такыр жоктотпой.
Ал киши бизге болгон эле,
Кадимки сонун жомоктой.
Жомоктой болгон атаны,
Сыйлап эми балдары.
Атасынан кем калбай,
Алгыр чыксын баардыгы.
Атчыбек иниме
Кагылайын Атчыке,
Мага ыйык жан элең.
Жаштыгың эске келгенде
Жаш чагың чыга келет.
Эл ичинде аман жүр!
Бак-бак этип бакылдап.
Үнүңү угуп сүйүнөйүн,
«Атчым жашап жатат»– деп,
Жайлоо иниме
Жайлоо иним башынан,
Жайлоо болуп жайкалган.
Жашыл чөптөр жайнаган.
Кызыл гүлдөр жай алган.
Жайлоону кенен аралап,
Жап-жаш иним жай баскан.
Башкалардан өзгөлөнүп,
Басыгы дайым жарашкан.
«Ар дайым болгун таалайлуу».
Аталар бакыт арнаган.
Беккулу атанын тоюн өткөрдүң
Ошонуң сонун иш болгон.
Элдин камын көп ойлон,
Акыл чыгат ошондон.
Дайым жүрүп оң жолдо!
Байкабай калып катүгүн,
Баягыңа жолобо!
Алтымышбай уулу Мукаш абага
Калдайган Мукаш абанын,
Карааны турат эсимде.
Жолугуп калган болчумун
Жомоктой бала кезимде.
Ал адам өткөн жок,
Карааны келсе калдайып.
Унутулбай жүрө берет,
Уланат эсте сакталып.
Аалы уулу Амантурга
Аалы атанын Амантур,
Али да турат эсимде.
Эстүү пенде өтсө да,
Эсибизден кетмек беле.
Өрнөктүү сонун адамдар
Көңүлгө гүл жайнатат.
Тирүү болуп дайыма,
Түшкө кирип кайталанат.
Куланбай уулу Баякун атага
Узун болуу кең далы,
Элеси турат эсимде.
Биз чогу жайлаганбыз,
Самын Сууну кезинде.
Самын Сууну эстесем,
Ал адам келет эсиме.
Чоң ата менен биригип,
Чоң энем турат эсимде.
Садабай уулу Текебай жездеге
Текебай жезде зергер эле,
Сакмалчы болуп келди эле.
Кара тору суп-сулуу
Эжекем да эсимде.
Даам татыдык таттуулашып,
Ал экөө кетпейт оюман.
Жакшы адамдар кетмек беле,
Тирүү адамдын оюнан.
Баякун уулу Кусмидин жездеге
Көңүлдү таап бат эле
Жагымдуу кеп айтчу эле.
Капага баткан адамдын.
Кайгысын сүрүп бат эле.
Анын көзү өтсө деле,
Күлкү турат жаңырып.
Жашоо деген сүйкүмдүү,
Жакшылыктар табылып.
Ал жездени эстесем