Читать книгу Бир кайрыктар (КАДЫР АБАКИРОВ) онлайн бесплатно на Bookz (4-ая страница книги)
bannerbanner
Бир кайрыктар
Бир кайрыктарПолная версия
Оценить:
Бир кайрыктар

3

Полная версия:

Бир кайрыктар

Улуу акындыкы эмес окуучунун арманы

Кызыл жалын жалмап кетип ырларды

Кыпын күйүп күл китепке айланды.


ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ

Мейли ал он чыгарма жазгандыр,

Же беш китеп жазып таштагандыр.

Жоголуп ошол жазган барактары,

« Жолборс териси» гана калгандыр.


Суулар агып далай кылым ала салды

Сур булуттай тарых барагы агылды.

Ала салды канча кылым канча тагдыр,

Аты өчпөгөн гений акын жашап калды.


ВИЛЯМ ШЕКСПИРГЕ

Шекспир десе эске келет,

Канатчан учкул акын пири.

Кыска өмүрдө өлбөстүк бар,

Кыялданткан баардык элди.


Энеден гений болуп төрөлүп,

Гений бойдон өлгөн акын.

Канча кылым өттү унутулбас,

Карачы тагдырдын жазмышын.


АЛЕКСАНДЫР СОЛЖЕНЦИНГЕ

Күнөөлү болуп түрмөгө камалды,

Ким ойлоптур аны мындай болот деп.

Биздин коомго жат элемент башынан

Бийликтегилер жек көрүп жемелеп.


Суук үшүк, дайым ачка азаптуу,

Калем кармай албай тартты азапты.

Бирок чыгарма жазып түрмө жөнүндө

Түрмөдөн эле таап алган бакытты.


СЫНЧЫЛАРДЫН ОЮУ

( ХАЛТУРЩИКТЕР)

Сынчылар мындай кеп айтат

Кеп айтканда деп айтат:

«Алты жүз жазмачынын ичинен

Беш-алтоонун аты калат,

Калганы бүт самопал,

Халтуршик болуп аталат.

Жазуучу болгон турбайбы

Халтуршиктер толтура.

Жаратып начар чыгарманы,

Жазмачылар жок тура.

Алыкул менен Аалы кетти,

Байдылда менен Чынгыз кетти,

Төлөгөн менен Ашым кетти,

Дагы көбү сапар чекти…

Кетирип такыр айланы,

Кеменгерлер калбай калды.

А дүйнөнү көрбөстөн,

Халтуршиктер калабы өлбөстөн.

Алардын жаны бек болот,

Алышса да, оңой өлө койбойт


АКЫНДЫКТЫН КЕРЕМЕТИ ЭМНЕДЕ

«Эл акыны» жана «Эмгек сиңирген» наамдар жөнүндө,


«Эл акыны» деген бийик наамды

Өкмөт жактан сыймык болуп берилет.

Таланты аны эл алдында бааланып,

Тажабай талбай иштей берсе»-дейт.


Кыргызда отуздан ашык жазмачыга,

Элдик ушул наам ыйгарылган.

Эчак эле баары тең алышып,

Эл ичинде атакка жетип калган.

Улуу акын деген атакты,

Жалпы журт таратан ыйгарылат.

Бул даңкты өкмөт бере албайт,

Ага күчү такыр эле келе албайт.


Укмуш улуу акын деген атакты

Аалы менен Алыкулга берилген.

А калганы жетпей келет эмнеге,

Улуулуктун укмуш сыры эмнеде?


АЛЫКУЛДУН «АТА ЖУРТ» ЫРЫНА

Бул ыр аз убакытта жазылып бүтүп,

Тарыхта калат деп эч ким ойлобогон.

Генийдин генийлиги жагы гана болбосо,

Ал деле башкалардай эле адам болгон.


ЫР МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН РОМАН

«Романымдын мааниси тереңинде,

Жаңгактын жей турган мөмөсү ичинде.

Сонуркап келип китебимди аңтарасың

Сонундукту ич жагынан окуп таап аласың».


Ушул сөздү айткан тааныш бир акын,

Сатып алдым кызыгып анын романын.

Башым катып китебиңи окуп жаткамым,

Бармактай жаңылыкты таба албадым.


Окубай таштап аны кеткен жокмун.

Канча акчамы жана убактымы короттум.

Андан таптым китептин гана шакелин,

Акыным жакшы жаз чыгармаңын эмкисин


ЯЗЫР ШИВАЗАГА

Дунгандардын баары эмгекчил,

Бирок Язырдай акын чыкпай калды.

Анан ошондой акын жок болуп,

Кыргыз жери жетимсирей баштады.


Дунган достор жер менен эмгектенип,

Жана дагы соода менен байыды.

Алар чыгармачылык улуу жолду,

Такыр эле унут кылып таштады.


Дунган элин түбөлүккө даңктанткан,

Ясыр Шивазалар такыр чыкпай калды.

Кыргыз эли бир акынын жоготуп,

Ушунчалык кедейленип жакырланды.


Бирок дагы келечекте үмүт бар.

Язырлар ушул элде чыгып калаар.

Кыргызда да бир акын чыкты деп,

Кылым боюу түбөлүккө даңктанаар


АЛТЫ ЖҮЗ ЖАЗУУЧУ

Биздин элде алты жүз жазуучу бар экен

Окуш үчүн алардын чыгармасын.

Алтымыш жыл керек болот шекилдүү,

Аныктап билип чыктым баарысын.


Акырындап окуп кирдим бир четинен,

Андан бери туура он жылга аяк басты.

Капырай ай, беш чачым башта калды,

Карагыла денемдеги кашка башты.


А башкалар китеп кармап окубасын,

Андан көрө тыйын-тыпыр акча таап.

Баардык жерди кор дүйнөгө толтуруп,

«Байыдым» деп башка жанга кабарлап.


Китеп окуп баштарын катырбасын,

Жакшы ишти жасап жатам ойлонсом.

Капырай ай, баарын окуп чыкканча,

Карылык келип капысынан жоголбосом…


Бироо айтат «Сени ким кыйнап жатат»

«Иш башталды аягына сөзсүз чыгам.

А ким классик, а кимиси халтурщик,

Аягында жашыруун сырды кабарлайм.


Балкым бир элүүдөй китеп калаар,

Ошолор классик деп авторлору аталаар.

Калганы бир кудайдын буйругу экен,

Көздү жумуп маклатурадан орун алаар.


ТУРГУНБАЙ ЭОГЕШОВГО

Тургунбай толкуп ташып көрүнүп,

Бир кезде жаңы ыр жазып чыкканда.

Жакшы акын болотко деп үмүт өнүп,

Жаркып күйүп кубанганбыз биз анда.


Тургунбай кеткен бойдон келбеди…

Келечекти үмүт менен карайбыз.

0о,бир жаш акын жаралса деп самайбыз,

Тургунбайдай болоор бекен аныбыз?


ИШЕНБАЙ МАНСУРОВГО

Өксүктөр болот далай эселеп.

Өзүңү унутуп деле таштабайбыз.

Учурунда «Ак Бугуну» жазган деп,

Урпактарга кабар айтып баратабыз.

«Ушунчалык жаш кетти»– деп айтабыз,

Унутпай эстеп, кээде муңга батабыз.

***

Шкафтарга толуп кетти китептер

Оор китептер буюмду нык баскан.

Ошол эле кирпичтей китептерди

Стенкалар көтөрө албай ыйлашкан.


Калем алып ыр жараткан пенделер

Жагымсыз начар ырды жазбагыла.

Алардан буюмдар сынып талкаланат,

Акындарым мебелдерди аягыла!


Оңду-солду китептерди шилтебей,

Оңоюураак чыгарманы шилебей

Ойлондурган шедеврди жараткыла,

Оюу бийик чыгарманы жазгыла!


« АСМАНСЫЗ ЖЫЛДАР» КИТЕБИ

( А. Акаев жана К. Бакиевдин заманы)

Бир акын бир китепти жаратты,

Чыгармасын «Асмансыз жылдар» атады.

Эли болсо жардылыкка кабылып,

Эң жаман ит турмушта жашады.


Акындын эли менен жаны бир,

Ал китебин туура эле атады.

Ал өлкөнү жегич жандар башкарса,

Асманына жылдыз жанбай жатпайбы.


СҮРӨТЧҮ АБДЫСАЛАМ АБДЫРАХМАНОВГО

Кыл калемин колго алып,

Абдыкеңин чийип эле койгону,

Ал сүрөттүн келечекте,

Айтпасак да шедевр болгону,

Тарыхка калды болжолу.

Жазуучунун же акындын,

Келбетин тартып чийгени,

Келечекте кыдыр даарып,

Бакыт кушун мингени.

Ойкуштатып ак кагазга,

Окшоштуруп салганы,

Далай, далай таланттын,

Даанышмандыгы жанганы.


ЖАЗУУЧУ ТУРУСБЕК МАДЫЛБАЙГА

Кыргызча эле эмес орусча, англисче

Каадалана сайрап берет жаңылбай

Эсте калаарлык иштери арбын бир далай.

Акбоз атыңы таскактатып желдире бер!

Ардактуу иним Турусбек Мадылбай


ФИЛОСОФ ЖАЗУУЧУ ӨМҮРАЛИЕВ

ЧОЮНГА

Көп жылдары тынбай иштеп келатат

Көгөйлүү сонун эмгектерди жаратат.

Акыркы жараткан чоң эмгеги,

Кытайлыктардын оозун ачтырат.

Улам окуп «укмуш»– деп таңдантат.

Уланыбызда ачылыштын жолу жатат

Чоюн деген чынында жез эмес,

Чоюн деген ийилген калай эмес,

Мөлтүлдөп ылдый агып кеткендей,

Чоюн деген куюулган сымап эмес.

Далай-далай сонун нерсени ойлонгонбуз

Даңктуу уулубуздун атын Чоюн койгонбуз


АКЫН РАМИС РЫСКУЛОВГО ҮЙҮНӨ МЕБЕЛ

АЛА АЛБАЙ КОЮУПТУР

Эл Новель сыйлыгына жетсе,

Баардыгынан алдыга озуп кетсе,

Чыныгы акын Рамис Рыскулов

Сыйлык берүүчүлөр аны унутуп салыптыр.

Мебел сыйлыгын жетпей арманданыпыр

Эки сыйлык тең ыйгарылбай калыптыр

Арманданба акыным ырыңы жаз дүйнөгө.

Акындык улуу сыйлык бул дүйнөдө.


ӨСКӨН ДАНИКЕВДИН ПОЭМАСЫ

«Кыздын сырын» Аалы акын

Кара сөздө поэма деп атады.

Балким чынында туура окшойт

Аалыкемдин ошол айтканы.

Ачылып жазуучунун бактысы,

Арыбас сонун болсун поэмасы.


Филология илиминин доктору

АбДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВДИН

СЕКИРИГИ

Гебернатор, экс спикер, академия,

Бийликтен далай секирикти жасады.

Эл журтта жетекчилиги ишке ашты,

Эң эле эрте жетилди учкулд канаты.

Илимде да жакшы иштеп келе жатат,

Ийгилик ишинде сын чыгарма жаратат.

Жазганын канаттана окуп жатабыз

Бул жактан да чоң секирик жасады.

Эл ичинде жүз байдын арасынан,

Бир байы экен эң жакшы жашаган.

Себеби эле бул адам бактылуу

Секириктен улам секирикти жазаган.


ЭРКИН БОРБИЕВГЕ

«Таргыл мышыгынын таржымалы»

Балдар үчүн бир чыгарма жаралды.

Ал эң жакшы жомокту жаратты

Армандуу мыё үнү бизди кайгыртты.


КОТОРМОЧУ БАСЫЛБЕК

КУБАНЫЧБЕККЕ

Жаңы котормочу чыкты,

Жаралып ушул дүйнөгө.

Харам болбой адал болуп,

Халтурага кире көрбө.

Ак эмгектен тер агат,

Асыл жашоо жаңырат.

Ээ болуп жаңы максатка,

Эл менен элди жакындат.


Бир акынды билемин ыр жазганда

Граматикалык катасы жок таптакыр.

Ойлуулук, көркөмдүгүн караганда.

Ошол жактан ыры суусап калыптыр.


Бир чыгармачыл адам бар эле

Ыр, повесть, дарама, баарын жазат.

Адабияттын жанын койбой катырат,

Адамдар анын жазганына таңданат.


Ар бир жанырды такыр эле ылгабаган

Баарын жазган бир укмуш гений адам.

Таттууну да ачууну да жей берип,

Тамакты арбын жеп ылгабаган

Же бир тегирмендей ун чыгарган

Делетант калемин коё бербей кармаган


71 ЖАШТАГЫ КИТЕБИ ЧЫКПАГАН ЖАШ

КАЛЕМГЕРМИН

Менин сынчым дагы болгон эмес

«Тигинде жаз, деп кеңеш берген.

Андайдын окуучусу да болбойт экен

Акыл эсин жазган ыры ээлеген.


Сүрөөнчүм жок мага жардамдашкан

«Китебиңи чыгарым» деп кубанткан.

Өрдүү жолго кеч аттанган жолочумун,

Өзүм -өзүм ыр жаздыртып келаткан.


ЖАЛБЫРТ чыгарма

Аман Саспаев менен

Төлөгөн Касымбековго

Жалбырттаган чыгарманы жазам деп

Жакырлыкка бат жолугат жазмачылар .

Жалбырттарды жетекчилер жактырбай

Жазуучуга келет толгон- толгон азаптар.


Жазуучунун от жанган учкун жүрөгү,

Алоо жанып жалбырт китеп жаратат.

Жалбырт китепти ЦК кантип жоготот

Жалынына калып өрттөнүп баратат

Жалбырттаган ошол чыгармалар,

Жашоодо өлбөс болгон даңкы калат.

1960-1980 жылдар


МУСА ЖАЛИЛГЕ

Түрмөдө отуруп акын Муса Жалил

«Маобит дептери» деген китеп жазган.

Алгыр талант ак жашоодо күйүп жанган,

Адамдарга түбөлүктүү белек таштаган.


Түрмөдөгү адам тирүүлүккө талпынат,

Жүрөгүндө өлбөстүктүн ыры жанат.

Өлөөр алдында адам жазган ыйык китеп

Өлбөс болуп тирүүлөргө калып жатат.


АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУНА

Атасы Буйлаш карабай койгон соң,

Арстандай сүрдүү болсун деп,

Ат койду балага дербиш келип,

Азан чакырган аты Арстанбек.


Жер кыдырган ошол кайып адам

Баланын олуя болоорун билгендир.

Же болбосо береги дербиш кайып,

Наристеге өлбөс бата жибергендир

ЭСТЕЛИК

Ээрчи деле тынбастан ээрин чаап,

Балдарына эстелик деп калтырат.

А балдары ал ээрди атка токуп,

Акбоз атын ары-бери чапкылайт.


Эне болсо жазап бүтүп шырдагын,

Белегим деп өз кызына калтырат.

Кызы болсо энеден калган белекти

Кылым боюу жоготпой бек сактайт.


Комузчу комузун жасап бүтүп,

Ал асмапты баласына арнады.

А баласы черте берип комузун,

Абдан эле өз өнөрүн таптады.


Өмүр боюу жазып келген ыр китебим,

Балким элге арналган эстелик эместир.

Комузчу, ээрчи, шырдакчылар сыяктуу,

Тукумума эле арналган бир эстеликтир.


ТАНДАМАЛ

Ыр сындаган сынчылар айтпадыбы,

Алыкул, Байдылданын тандамалы.

Бир эле жупка сымал китеп болот

Биле албайм алар туура айтышабы.


Тандамал деп кээ акын жазуучулар,

Кирпичтей китептерин чыгартты.

Алар Алыкул, Байдылдадан артыкпы

Ошону билбей такыр башым катты


БИР ЫР

Бир жакшы ыр жараткан акынды.

Он киши талантуу деп таанылды.

Миң киши ал жазгычты тааныса,

Шедевр болбойт беле чыныгы.

***

Э. ХЕМИНГЭЙДИН « Чал жана деңиз»

китебине

Балыктардын жашоо шартында

Биз билбеген бир сыр бар.

Түшүнбөгөн ошол сырдын,

Түйүнүн билет балыкчылар.


Айтылбаган аян сырды,

Балыкчылар гана билишет.

Бирок баардык балыкчылар

Билсе дагы айтып бербейт.


Аны айткан күндө да,

Жөнөкөйлөр түшүнбөйт.

Түшүнсө да деңиздин

Түбүнө түшүп сүңгүбөйт.


Балыкчы болуп Э. Хемингуй

Баардык сырлар ачылды.

Сырдана жазган китебинен,

Сырдуу дүйнө жаңырды.

.

Кыргыз эл артисти Алагушов

БАЛБАЙГА

Балбай деген баатыр бар

Элге эчак эле таанымал.

Жолборс менен алышып,

Жонунан сыга кармаган.


Бизде дагы бир Балбай бар.

Музыка изилдөөчү аталган.

Баатырдыгы тиги Балбайдан

Башынан эле кем калбаган.


АбДУКАИМОВ УЗАКБАЙ агабыздын

« Майдан» китебине

Чоң эрдикти анда жасаган

Узакбай агабыз майдандан.

Жоону сүрүп ал тараптан

Жоокерлерди башкарган.


Аман келип алыстагы майдандан,

Кайра тынбай майданга жол тарткан.

Чыгармачылыкта тирмийип отуруп,

Чыныгы « Майдан» китебин жараткан.

***

«Биз Гоголдун «Шинелинен» өскөнбүз» деп,

Орус жазуучулары сүйүнүп кеп кылат

Биз Түкөмүн «Тоо арасынан өскөнбүз» деп,

Кыргыз жазуучулары кобурап мактанат

ТУЛПАРДЫН ТУЯГЫ

Учурурунда ырчы Майрам Керим кызы,

Ыр чыгаргап төкмөлүктө таланттуу эле.

Анын баласы Акжолтой Канат уулу,

Акын болду аты таанылып кыргыз элге


Төкмө ырчы Майрам кайтыш болду,

Жаратканым биздин муңду туябы.

Домбурачан ырдап чыкты калкытып,

Добуш берип, тулпардын ушу туягы.


МУРУН

«Бата берип, баш сөз жазып бер» деп

Мухтар Шаханов, Гамзатовго барыптыр.

« Ырларыңы окуйун кийин кел» дейт,

Ырларын барактап ушул сөздү айтыптыр.


Ал окуяны Расул Гамзатов унутуп калат,

Кийин Мухтар Шаханов кайта сапар барат.

« Баягыда эле сапар келбедим беле

Ырларды окуңуз деп бербедим беле?»


Сенин мурунуң эле эсимде калыптыр,

Баарын мен унутуп такыр калыпмын.

А бул жолу окуп көрөм ырларыңды,

Анан баарын кайта баштан баштаймын.

ки акындын муруну чоң кудайга тобо,

Кудайым ал жагынан такыр аябады.

Кеп мурунда эмес башка жагына экен,

Кеменгердик талантында жатпайбы.


КАЙСЫН ЖАНА АЛЫКУЛ

( ӨЧПӨС СӨЗ)

Улуу Кайсын Алыкулду баалаган

Ага жаккан Алыкулдун ырлары.

Башкалар «халтура» деп атаса,

Батыл сүйлөп «шедевр» атады.


Учурунда акындын ырын көп окуп,

«Улуулук» деп Алыкулду баалаган.

Өмүр өтөөр Кайсындай улуу акындар,

Өлбөс кылып өчпөс изин калтырган.

***

М. Ю. Лермонтовдун КОТОРМОСУН

ОКУГАН ЖАШ АКЫН

Бизде бир жаш акын бар эле

Уккамын мындай кепти айтканын:

«Лермонтов менде эле акын экен,

Котормосунан окуп көрүп айтамын.


Эмнеге эле кургурду улуу деген

Андан көрө өзүм мыкты жазгыч экем.

Талантым такыр байкалбай келатпайбы

Таланттуу деп мени деле аташпайбы».


МУХТАР АУЭЗОВГО

Бир кылымда бир жаралчу шедевр,

Бийиктиги Толстой, Шолоховго барабар.

Мурас калды дүйнө эли сыймыктанаар,

Мухтар Ауэзов деген атактуу агабыз бар.


Кыргыздын Манасын улам даңктап,

Кылымдардан кылымдарга айтылаар.

«Абай жолу» кең дүйнөгө кетти аралап,

Айтып бүткүс ай ааламдык даңкы бар.


«ОРУСЧА-КЫРГЫЗ» СӨЗДҮГҮНҮН АВТОРУ

ПРОФЕССОР К.К. ЮДАГИНГЕ

Сөздүгүн канча жолу барактадык,

Сөз маанисин издедик таап алдык.

Китепти казып карап отуруп,

Китептен китеп которуп жараттык.


Ийнелеп эмгектене кудук казып,

Өчпөгөн улуу эмгекти жаратып.

Эчак эле кеткен болчу арабыздан,

Элине улуу эмгегин таштап салып.


УЛУУ СҮРӨТЧҮ Т. ГЕРЦЕНГЕ

Ал немец уулу болгон ала барман,

Ар дайыма ак эмгекти даңктаган.

Өжөрлөнө түйшүк менен отуруп,

Өнөрүнөн өлбөстүктү таап алган.


Кыргыз канын сиңирип кан-жанына,

Манас даңкын Манас кылган жагы бар.

Кылымдардан кылым агып узаса да,

Кыргыз элге унутулбас даңкы тараар.


АЖАЙЫПТУУ ЧЫГАРМАЛАРДЫН АВТОРУ

В. РАСПУТИНГЕ

Акылман жана улуу орус жазуучусу,

Аны окуганда келет укмуш элес.

Аябай чоң күчтү сарптап жазыптыр,

Андай чыгарма жаратуу оңой эмес.


ЧЫНЫГЫ ЫР

Көп акынды бала чакта окугам,

Чыныгы ырдын не экенин билбегем.

Окуп көрдүм көп жазгычтын ырларын,

Ошолорду чыныгы ыр деп эсептегем.


Окудум Гамзатовдун ырларын

Ичиндемин эргүү менен жалындын

Чыгарма деген бул өзүнчө керемет,

Чыныгы ырдын жалынына кабылдым.

ПАМИРБЕК КАЗЫБАЕВГЕ

Көзү өтсө да Алыкулдун,

Кубана турган жагы бар.

Алыкулду Алыкулдай сүрөгөн,

Памирбек деген иниси бар.


Алыкул аты аталса,

Памирбек кошо аталат.

Агасы менен иниси,

Акбоз минип баратат.

ТҮШ ЖАНА ЫР

Түндө мен түш көрүп жатыпмын

Начар ырды ушунча көп жазыпмын.

Эл мени түрмөгө камап салышты,

« Бул акын начар ырды жаратты».


Энем, жарым жаш төгүп ыйлашат,

Боздошуп турган экен балдарым.

«Ыр жазганды такыр эле таштагын»,

Ызаланам кебин уктум алардын.


А мен болсо болбой эле ыр жазам,

Толгон токой чыгармамы чыгартам.

Китептерим үйгө батпай тирелет,

Кийин эми каякка жайгаштырам.


Бир кезекте мен ойгоно баштадым,

Кара терге түшкөн экен бүт денем.

Жараткан пенделер такыр көрбөсүн

Жаман болот бу дүйнөдө түрмө деген.


Начар акынды түрмөгө камайм десе,

Бат эле ыр жазганын таштаган.

Түрмөдө туруп кээ бир эле акындар,

Түн ичинде шедевирлүү ыр жазган.


Татардын улуу акыны Муса Жалил,

Өлүмдөн коркпой ыр жараткан.

Өлбөстүккө улуулкка умтулуп,

Өлүм өзү андан коркуп алыс качкан.


Ой жиберсем акын иши азаптуу

Ыр жазуу иши өзүнчө эле түрмө да.

Тумчугасың же аныңа акча албайсың,

Туш келесиң далай, азап тагдырга.


Начар ырлар өлүп калат өзү эле

Жазганыңды эч ким деле карабайт.

Адамдар лиранын баркы биле элек

Ардактап ырды сүйүп баалабайт.


Тарыхта жашап калат жакшы ырлар

Тартынбай ой каалоолор ишке ашат.

Адамдардын бүт жашоосу ыр болуп,

Алды жакка ачылышты тилеп жатат.


Анда эмесе менин ыйык акындарым!

Аянбастан жакшы ырларды жараталык,

Уктаганда түрмөгө түшүп калбай,

Урмат менен акылман ырды табалык.


Анда эмесе бизге ыйык акындар!

Албуутанган шайыр ырды жазалык.

Акбоз минип Ала -Тоону кыдыра,

Айдың талаа кыйр менен сызалык.


АТЫ АТАЛГАН ЫЙЫК КҮНДӨР

Күндүзү тигинде турган алтын ай,

Алдыга жолун улап сапарлай.

Түгөл гана нурун чачып таратпай,

Түнгө окшобойт ыйык нуру тарабай.


Анда-мында жазып жүргө жазмачыбыз,

Алыбыз саал китептерди жаратабыз.

Бизден кыйын күнгө окшош талант бар,

Биз алардын жарыгына капталабыз.


Түгөлбай, Аалы,Чынгыз, Төлөгөндүн,

Ошолордун жарыгында жашайбыз.

Алар бийик асманда нурун чачкан,

Бийиктикке биз жетпей калганбыз


Кыштакта бир абышка бар эле,

Ал быйыл туура жүзгө чыкты эле.

Эмгегин үй-бүлөсүнө гана арнап,

Эчтекесин бербей кеткен элине.


Өктөм салып өмүр өтөөр чынында

Жашоонун өткөнү эчтеке эмес.

Абышка жүз эмес миңге чыксын

Андан төгүлбөптүр жаркын элес.


Токсон эмес жүз жашка барсак да,

Жакшы ырды такыр жаза албадык.

Катыгүн ай, ысымыбыз такыр өчүп,

Калем алып күндөй нурду чачпадык.


Алыкул акын жап-жаш чагында эле,

Чыккан экен Шота менен беттешип.

Акындай күндөй болуп нур чачпай,

Ал жеткен бийиктарга жетпедик.


Анча-мынча жараткан ырлар менен

Ыраазыбыз так ошодой тагдырга

Жолубуз оң биз деле жалгыз эмеспиз,

Жогоруда аты аталган күндөр барда.

––


АКЫН АЛЫМ ТОКТОМУШЕВГЕ төрт ыр

Ар бир эле жашап жаткан адамды,

Армандуу, армансыздык коштоп алды.

Алым акын көкөлөгөн жагы болгон,

Ыры менен канат кагып обологон.


Ак жашоодо арман деген болот экен,

Жетүүчү бийиктикке жетпей калган.

Акынга тагдыр деген каскак болду,

Айтпайлы анын өзү кандай арман.


Армансыздык бул өмүрдө бар экен,

Берем дегенин жашоого бербей кеткен.

Тажабай өрт жашоо менен аралышап,

Таш бетине өчпөстүктүн ырын чеккен.


Алымдын « Көл түнү » деген ырына

Акын оор кезеңде,

Шедевр ырын жазган экен.

Оор жашоо, көңүл чөгүү,

Ойлорду кантип тапты экен?


Кейиткен тагдыр алп урушуу,

Кезигиптир сонундукка.

Түрмөдө эле жашап жатып,

Өлбөс ырын жазган тура.


***

Тагдыр экен көп акындар эрте кетти,

Табылды, Беганас, Аман, Турганбай.

Жана дагы Турдалы, Манас, Курбанбай,

Жанаты бейишке чыксын кудай ай.


Акыры анан Алымдын өзүн узаттык,

Жазмыш экен көзүбүздү жаштадык

Армандуу жашоо экен бул турмуш,

Артыңда аны жоктоп биз калдык.


Таланттулар келет экен кетет экен,

Тагдырдын жазган жолу ушул экен.

Буулугуп будуң чаңга аралашып,

Бул жашоого келгенибиз арман экен.

***

Алым деген журналист,

Макаланы мыкты жазган.

Жаратып жаткан чыгарманын,

Жаңыртып майын чыгарган.


Ал чындыкты бетке айтып,

Өлүмдөн да тартынбаган.

Өжөрлүктөн улам жеңилип,

Өлүм андан тартынган.


Жакшы кеп угуп котормодон,

Жакшыны тандап которгон.

Жаны тынбай дайым жазган

Жашынан талант даарыган

***

bannerbanner