Читать книгу Ак чийимдер (Бурмакан Толоновна Мадымарова) онлайн бесплатно на Bookz
bannerbanner
Ак чийимдер
Ак чийимдер
Оценить:

4

Полная версия:

Ак чийимдер

Бурмакан Мадымарова

Ак чийимдер

                  Ак чийимдер


Апаке

Сен, Апаке маӊдайымда шам чырак,

Сен, Апаке жарык чачкан ай сымак.

Сен, биз үчүн күйүп-жанып келесиӊ,

Өчпөстүктүн жалынындай жалбырттап.

1993-ж. «Дил булак» газетасы      


Эне тилим

Эне тилим – эне сүтүм барктаган,

Сени менен түбөлүккө мактанам.

Урпактарга улуу бойдон каласыӊ,

Ырым менен даӊктаганым даӊктаган.


Эне тилдин байлыгына суктанам,

Доор өтсө да эл эсинен чыкпаган.

Көп оозунда жашап, гүлдөп келесиӊ,

Пенде жок го сени сүйүп укпаган.


Кыргызымдын байлыгысыӊ барктаган,

Чынарысыӊ чырпыктары шактаган.

Калпак, комуз, Ала-Тоосу – тил менен,

Өз элинин ишеничин актаган.

1992-ж. «Дил булак» газетасы


… .... .....

Аязынан коркуп кыштын ,

Жаз келгенде сыртка чыктым.

Жылуу шамал жүрөгүмдү бийлеп,

Кыялымды жетелеп балалыкка жүр дейт.

О, андагы

Балалык баёо кезим,

Мөлтүр суудай

Туптунук таза сезим…


Крем-паста


Беш жашымда апам коюп чачымды,

Күндө карайм үстү-башым, кашымды,

Беш көкүл чач, кийген допум күзгүдөн,

Чоӊойгун деп маземди алып шаштырды.


Күзгүнү ачып эндек койдум оозума,

Крем сүртсөм бетим тыз-тыз ачышты.

Бир аздан соӊ бетим ысып тырышып,

Куюп койгон цемент болуп катыды.


Чуркап чыксам мени көргөн индюктар,

Койкоӊдошуп койчу-койчу койчулашып качышты,

Мына ошентип жуулса да крем-паста,

Балалыктан бала жыттуу из калтырды.


Өзүмчүл


Жамгырлуу жаздын бир күнүндө,

Жөнөтүп калды апам бир жеӊемдин үйүнө.

Барсам мен курактуу бир кыз жүрөт,

Жеӊем ага карап жылуу күлөт.


Жеӊемди мен ал кыздан кызгандымбы,

Же чын эле ӨЗҮМЧҮЛ болуп калганмынбы?

Үн сөзү жок буулуга ыйлап үйгө келдим,

Иттен качып жыгылып калдым дедим.


Эрте турамын


Эмнегедир эрте турдум эшик ачтым,

Апам менен Атам жаткан бөлмөнүн.

Аппак шейшеп, калыӊ төшөк ичинде,

Укташууда уйкуларын бөлбөдүм.


Секин алып калак менен челекти,

Мештин күлүн чыгарууга кириштим.

«Ичеги» деп алып келген тезекти,

Калап бүтүп күйгүзөөрдө билишти.


Атам да апам акылдуу жандар өтө эле,

Сүйлөй бербейт ыӊгайы жок жөн эле.

Апам айтты башын өйдө көтөрүп,

«Айтчы балам, канча болду саат өзү?»


Аста басып саатты алып карасам,

Эми араӊ түнкү саат үч экен.

Билгизбестен сааттын бурап толгоосун,

Чоӊу он эки, кичинеси беш дедим.


Мына ошентип күндө эрте турамын,

Аппак бантик Октябрят курагым.

Мына бүгүн бүткүл элдин алдында,

Антым берип Пионер болоор убагым.


Кичине Келин


Чоӊ энем бар бизге коӊшу жашаган,

Жаштыгы өтүп сексенди аркалаган.

Түшүнбөйм ошентсе да бүт айлыбыз,

Атын айтпай «Кичине Келин» деп атаган.


Бир күнү Кичине Келин энем келип:

«Неберем Адылым каникулдап,

Ата-эне үйүнө чөлгө кеткен,

Келгенче бир кызыӊ менин жанымда,

Түнкүсүн шерик болуп жатсын дегем.»


Кеч киргенде апам мени:

«Чоӊ энеӊдин жанына барып жаткын эми.

Энеӊе жомок айтып, жомок угуп,

Эртеси өзү айтканда кайткын.», – деди.


Ошентип нават салган чайдан ичтик,

Алдыма салып берди төшөк, ичик.

Сары-ала таргыл мышык экөөбүз,

Тез эле таттуу уйкуга кирип кеттик.


Ойгонсом чоӊ энем намазын бүтүп,

Мештин күлүн чыгарганы жаткан экен,

Мага карап башын жаӊсап:

«Чш-ш-ш, жата бер! Чай кайнап, үй жылысын,

Төшөгүӊдү муздатпай анан тургун.», – деди.


Чоӊ энемдин көӊүлү ооруйбу деп,

Козголбостон көзүмдү жуумп жатып калдым.

Чоӊ энем сыртка отунга чыгаары менен,

Төшөктөрдү бир заматта жыйып салдым.


Эшиктен кирип келген чоӊ энемдин,

Бырыш баскан мээр жүзү күлүп калды.

«Экинчи Адылым, менин экинчи Адылым!»

деп жалбарган сагынычтуу үнү калды.


Айылым


Ак булуттан минип бирди,

Айылыма учкум келет.

Апамды укпай күнгөй беттен,

Байчечекей тергим келет.


Ак булуттар өзүӊ салган,

Селкинчегиӊ тепким келет.

Алма бактуу, айлуу түндүү,

Айылыма жетким келет.


Таӊкы шоокум,

Жазгы жеӊил салкын аба.

Бакта сайрайт,

Булбул, чымчык шаӊдана.

Тоо кырлары ойгонууда,

Күн нуруна чайкана.


Атам жүрөт бак аралап,

Тал-теректин, алма-өрүктүн,

Арыктарын тазалап.


Апам жүрөт сарай жакта,

Уюн саагоо

Чака кармап чайпала.


Жибин үзүп бошоп кеткен эчкидей,

Мен жүрөмүн короо ичинде секирип.

Эки өрүм чачтарым да сербеӊдеп,

Мен секирсам мени менен секирип.


Короо ичинде ары-бери термелген,

Жолборс сындуу жолборс итим көрүнбөйт.

Жүрсө керек,

Атамды жандап бакты аралап,

Кашаа түбүндөгү анча-мынча тешикти аӊдап,

Жолбун иттен же ууру түлкүдөн,

Короосун коргоонун планын камдап.


Биздин үй айылдын эӊ башында,

Эки тоо эки далысында.

Кокту бойлоп аккан суунун тамыры,

Тоонун тээ чокусунда.


Бала кезде дайыма,

Ошол тоого чыкчумун.

Кучагым жайып талаага,

Шамалын тоонун жутчумун.


Чөп орук маал.

Жайкы таӊда,

Атама учкашып баратамын,

Суктанып табигатка.


Жолборс итим жолду баштап баратат,

Кашка атыбыздын сулуулугу табигатка жарашат.

Бизди жандап сары-айгыр чымчык,

Чык- чырылдап ыр ырдайт.


Атам орот чарчабастан орогун.

Мен артынан кайрак ташып,

Анда-санда андыз жулуп коёмун.


Таш бооруна өсүп чыккан кызгалдак,

Кызыктырып жылуу сезим жаратат.

Жада калса жар боорунда жармашкан,

Жалгыз чие табигатка жарашат.


Айылымдын ар бир турган турпаты,

Ата-энемдин бизге кылган кызматы,

Кайталангыс бул жашоомдун кымбаты.


Күндө көрүп сулуулукту көздөрүм,

Күндө татып тунук суусун өзөндүн.

Арзып айткан ата-энемдин сөзүнөн.

Мен ушундай сулуу болуп өскөмүн.


Бактылуу балалыктан,

Ажарлуу бул дүйнө мага.

Бактылуу балалыктан,

Апапак ич дүйнөм таза.


Мен жашаймын өзүм менен,

Кереметтүү дүйнөдө өзүӊөр берген.

Тажатса тааныган, тааныбаган замандашым,

Тажатпайт таасирлеш табигатым.


Кайталанбас, кайталанбайт жылдарым,

Ойноп-күлүп жол чаӊыткан жыргалым.

Айылымдын алтын-күмүш кыштары,

Эч бир өчпөс жүрөгүмдүн ырлары.


Гүлкайыр өскөн теӊселип,

Кымыздык бышкан кеӊ жерим.

Алмаштым сени шаарга,

Өмүрдү берип теӊ шерик.

Айылымдын жытын эӊсеймин,

Адырлуу тоомду издеймин.

Жүрөктө өчпөйт музыка,

Саратан сайрап түн созгон,

Атакем ырдап үн кошкон.


Эч алмашкыс эӊ алгачкы сүйүүм менин


Секелек кыз сексеӊдеген чачтарым,

Сексеӊдебей мен эс тарта баштадым.

Анын баарын сезип турган өӊдөнүп,

Сен да менин сезиме от таштадыӊ.


Күндө мени тосуп алып көзүӊ менен,

Күлдүрөсүӊ эрке жумшак сөзүӊ менен.

Сабак бүтүп үйүбүзгө таркаарда,

Алдастанып узатасыӊ көзүӊ менен.


Бала кыял тунук таза сезим менен,

Мен жашаймын сенин берген демиӊ менен.

Эч алмашкыс эӊ алгачкы сүйүүм менин,

Сен жашачы өмүрүмдүн күүсү менен.


Кандай бакыт капыс жолдон жолуксак,

Саламдашпай көз кысасыӊ кол жаӊсап.

Мен бараткан жолдорго сен жанашып,

Баратканыӊ сезип турам мени узатып.


Көптөн бери адат таптыӊ мага жаккан,

Сурап алып кол күзгүмдү сабак баштан.

Эӊ акыркы партада каранасыӊ,

Салааӊ менен чачтарыӊды таранасыӊ.

Жагат мага сөздөрүӊ жумшак айткан,

Жагат мага кийген кийимиӊ өзүӊө жарашкан.

Жагат мага мени менен бирге басып,

Коштошоордо кол күзгүмдү коомай берип узаткан.

Кечээ күнү чыгып келдиӊ догдурдан,

Жакшыбы деп сурай албайм ооруган.

Тиктей албайм күнөлүүдөй өзүмдү,

Башым салып парта тиктеп олтурам.


Кийинки саат биздин эжей жоктугун,

Эки класс бирге сабак окуусун.

Шуулдаган кабар берчү кыздардан,

Айтып келди баарыбызды «А» класска кошуусун.


Балдар баары чуркап чыкты шашыла,

Орун ээлеп олтурууга ашыга.

Мен чыккан соӊ сен акырын келе жаттыӊ,

Жерди тиктеп сумкаӊ асынып артымда.


Батпай калып катардагы партага,

Дубал түптөп олтургамын агай басчу катарга.

Көпчүлүктөн сени издеп кирпигимди какканда,

Олтурупсуӊ мени тиктеп терезе жак маӊдайда.


Аппак болуп өзгөрүпсүӊ,

Каш-кирпигиӊ да башкача.

Эми чындап сени алгач көргөндөй,

Айбыктырдыӊ жүрөк козгоп дагы укмуш башкача.


Жыйырма жылдан кийин


Балалыктын баё кыял сезимдери,

Мени менен коштошо элек деп жүрсөм.

Кечээ күнү жоолугуудан тартынган,

Сенин да уяӊ көздөрүӊдөн кетпептир.


Мезгил өтсө өз нугунда чайпалып,

Тагдыр барат мезгил менен айдалып.

Сен да өтөсүӊ, мен да өтөмүн өмүрдөн,

Карылыктын кайыгында калдайып.


Кете электе өмүр бизди жетелеп,

Кете электе мезгил бизди тебелеп,

Саламдашып санааӊдагы ойлорду,

Айтсаӊ болмок жазгы гүлдөй сермелеп.


Өмүр күн желесинде


Күн батып барат,

Бүгүнкү күн артта калат.

Күн желеси кирпигине,

Сүйүүмдү катып калат.


Өткөн күн өчүп барат,

Жаштык кез карылыкка көчүп барат.

Үйгө барчу жолду,

Күн желеси эске салат.


Күн желеси жарыгын чачат,

Тартылган тасма эшигин ачат.

Жылаӊаяк издер басып,

Жашоомдун үзүмдөрү,

Бир көрүнүп менден качат.


Төрт саптар


Эне тилим – эне сүтүм,

Энем менен бирге бүттүӊ.

Эл оозунда жашап, күлгүн,

Чертип кыргыз күүсүн.


Көбкөн жигит кылыктуу,

Күлүп коюп бир сырдуу.

Сүйдүрөсүӊ көп кызды,

Отеллонын Ромэосу сыяктуу.


Сүйүү – чындык айлан көчөк айланган.

Турмуш – айдоочу тагдыр жолдо бараткан.

Мезгил – күзгү алды-артыӊды каранган.

Өмүр – мүнөт сени менен байланган.

Капаланба сен мени сүйгөнүӊө,

Бутуӊ тартпа теминген үзөӊгүдөн.

Окшош сага азыр менин сүйгөнүм,

Ал да мени сүйсө керек окшоштуруп сүйгөнүн.

Өткөн күндүн өткөнүнө не капа,

Келээр күндүн кетээрине не капа.

Жашап жаткан жалган дүйнө өмүрдө,

Бүгүнкү күн эртеӊкиӊе бейбапа.


Өтөт күндөр агып жаткан дайрадай,

Жарым мүнөт артына бир кайрылбай.

Аттиӊ арман өтөт өмүр ушундай,

Бир ууч суусу алаканга кармалбай.


Мага кудай канча жашты атадыӊ,

Берген жашыӊ бергениӊдей жашайын.

Бирок менин мени улантар артымда,

Өзүӊ берген уюткулуу муун калсын.


Эч капарсыз тагдырга жол тособуз,

Ал тагдырга турмуш жолун кошобуз.

Тагдыр деген эски китеп, жаӊы тамга экенин

Билбей туруп окуганга окшойбуз.


Мен жөн гана өз жашоомду сүргүм келет,

Тийбе мага тийбе дүйнө көӊүлүмө.

Дабасыз арман толгон көөдөнүмө,

Өткөн жашоом өзүӊ менен ага күбө.


Чаӊкап жаткан чаӊы чыгып бетине,

Чалкып жаткан жайып төшүн кериле,

Күн күркүрөп жамгыр суусун төккөндө,

Жан киргендей сергий түштү Жер Эне.


Айылым Алтын бешигим,

Ата-энем жашоомду ачкан эшигим,

Турмушта ката кетирсем,

Ак коюнуӊ ачып кечиргин.


О, караӊгы түн жылдыз жоолук жамынган,

Коюнуӊда канча сыр бар жашырган.

Баш айлантып сүйүүлөргө азгырган,

Сырыӊды аччы сыйкыр күчүӊ жашырган.


Сагындырган жазгы жамгыр,

Куйчу жылуу жашыӊды.

Буулуккан жүрөктөрдө,

Зарыккан гүлдөр ачылсын.


Ай акырын аӊдып менин тереземди,

Жетелейт көк асманга жылдыздары чачылган.

Чексиз дүйнөм түбөлүктүү курбуларым!

Сырларым жок мен силерден жашырган.


Кымбат мага,

Баары кымбат.

Баарынан да бийик кымбат,

Абийирим экендигин ким билет.


Сүйгүн бирок сүйүү сага тумар эмес,

Сүйгүн бирок сүйүү төшөк кумары эмес.

Эгер билсеӊ сени менен бир жаратып,

Кудай сага сыноо үчүн берген белек.


Кармашкыла жибек жибин турмуштун,

Аны жандап гүл шаарчасын тургузгун.

Тирүүлүктүн өйдө-ылдый жолунда,

Жибек жибиӊ үзүлбөстөн турмуш кур.


Оору сени бурчка такап жаткызып,

Өлүм менен дос экенин билгизет.

Кеӊ өмүрүӊ чөйчөк суусун бербесе,

Замматта эле сени жерге киргизмек.


Жашооӊ өтөт жакшылыктын ыры болуп,

Эч ким билбес жүрөгүӊдүн сыры болуп.

Бүгүнкү күн эртеӊкинин нуру болуп,

Сен өтөсүӊ өмүрүӊдүн кулу болуп.


Мезгил ченеп убактысын тырыша,

Жаз артынан жайы келет жарыша.

Жашообуздун күзү болот кышы болот,

Мезгил бизди багынтаарын унутпа.


Көрдүӊ беле сулуулугун дүйнөнүн?

Сездиӊ беле улуулугун дүйнөнүн?

Бакыт турса коюунуӊду кытыгылап,

Сен сезесиӊ сулуулугун дүйнөнүн.

Өлүм турса шум ажалы кубалап,

Сен сезесиӊ улуулугун дүйнөнүн.


О, өмүр жүрөгүмдү бөксөртбөчү,

Сүйүүсүз жашоо берип өксүтпөчү.

Муздатып бүт денемди жансыз кылып,

Жалгыздык эрксиз жашоо көрсөтпөчү.


Байлыгым жүрөгүмдүн түпкүрүндө,

Ачкычы шер жигиттин куттуу үйүндө.

Сүйүүнүн акылсыз азгырыгы,

Алмаштырба абийирсиз мас түнүӊө.


О, көк асман! О, күн нуру!

Кубат берип көӊүлүмдү тазалачы.

Жашынган кара булут артына,

Көк көз, заар жүрөктү кубалачы.


Тирүүлөй өлүк адам,

Жашайсыӊ алсыз араӊ.

Айласыз ар бир күнгө,

Таштап кадам.


Акыл тура жүрөгүӊдүн ачкычы,

Акыл тура турмушуӊдун бактысы,

Асыл тура аны билсеӊ өмүрүӊ,

Азап тура билбегенге өмүрү.


Көӊүлүм бошоп, толбой менин жүрөгүм,

Уктап барам болуп жалгыздыктын түнөгү.

Мен сени сүйөмүнбү билбеймин,

Бирок, мени сүйөрүӊдү билемин.


Коркпо жашоодон,

Коркпо өлүмдөн,

Ал экөөнү бизге жараткандан,

Жанаша кылып бир берген.


Бүгүн мен журтта калган иттей болуп,

Жалгызмын бүт дүйнөм муӊга толуп.

Жакынымдын жаны башка, башы башка,

Мүмкүн, менсиз деле ал үчүн дүйнө толук.


Оо, жараткан! Сен чексиз бийик устасыӊ,

Чеберлигиӊе мен таӊ калып тынбаймын.

Кооздоп жасап бул дүйнөнү тегиздеп,

Акыл жеткис чексиз сырдуу кургансыӊ.

Атаганат минип алып боз атты,

Жал-куйругун шамал менен алкынтып,

Артта калган жашыл түстүү куракты,

Ах, чиркин а-ай, кайрып келсем жапыртып.

Баарыбызды баш коштурган энебиз,

Байыркыдан аздек кылып келебиз.

Бир туугандар бул сезимди туу тутуп,

Келечекке мурас кылып беребиз.

Жаштык өтөт шуулдап,

Өткүн өтүп кеткендей.

Жаштык кетет дуулдап,

Бир коноктоп кеткендей.


Сүйүүнүн учкундары


Сүйүү сага,

Сүйүү мага,

Билесиӊби,

Эӊ биринчи түшүбүздө келгенин.


Сүйүү менен мен түшүмдө таанышып,

Жылуу таза сүйүү отко кабылгам.

Күндө тилеп уктаарымдын алдында,

Ошол сүйүүм түшүмө кирсе экен деп жалынгам.


Ачуу-ширин сүйүүгө биз мас болуп,

Сүйүү даамын татканга биз шат болуп.

Ортодогу өчпөс жалын сүйүүбүз,

Жашап келет сымап сымал,

Көкүрөктө миӊ төгүлүп, миӊ толуп.


Жалындуу көзүӊ менен карабачы,

Жылмайып мени өзүӊө арбабачы.

Оттой ысык жүрөгүӊдөн орун алып,

Сүйүктүүӊ мен өзүӊдүн боло аламбы.


Айталбай сага деген сөздөрүмдү,

Көрө албай токтоо тарткан көздөрүӊдү.

Аткан таӊ баткан күнүм гана,

Тагдырдын жазмышына көнүп турду.


Жүр кетели алыс-алыс тоо тарапка,

Жан курбум жашыруун сырым менин.

Кыйкырып аска-тоолор жаӊырганча,

Айтайын менин сырым келгендигин.


Угушуп менин сырым келгендигин,

Тоолор да мени коштой жаӊырышсын.

Билемин менин улуу тоолорум,

Сырларым сага гана жашынышын.


Жамгыр мага сүйүү толгон түн менен,

Алып келген алгач сүйүү күндөрүм.

Ошол сүйүүм, ушул жаткан төшөгүм,

Болчу менин эскирбеген көшөгөм.


Айткым келип көӊүлүмө каткан сырды,

Өзүӊдөй тереӊ сырдуу жигитке мен.

Канчалык акылым айтса дагы,

Жүрөгүм сүйүү демге жетеленет.


Эшиктин шыӊгыр үнүн күтүп турдум,

Алыстан сен мени чакыргандай.

Аӊгыча тып-тып басып эшик ачтыӊ,

Кирип келдиӊ жаркылдап чагылгандай.


Күттүрүп неге мынча кеч келдиӊ деп,

Сүйлөбөй таарынып айтпаймын кеп.

Сен айтасыӊ:

– Мейли ишен, мейли мага ишенбе…

жашап келем бир гана «Сен» деп.


Айткан сөзүӊ жүрөгүмдү ээритет,

Жазгы бышкан өрүк сымал эзилтет.

Сүйүүӊ сенин бүт ааламды кезитип,

Сүйүүӊ сенин бийик ойго ээрчитет.

Мен сени сүйгөндүрмүн көзүӊ үчүн,

Күлгөндө күн нурундай жаркылдаган.

Мен сени сүйгөндүрмүн сөзүӊ үчүн,

Шок тентектин жүрөгүнөн орун алган.


Мен сени сүйгөндүрмүн сырыӊ үчүн,

Менден башка эч кимге чыгарбаган.

Мен сени сүйгөндүрмүн ырыӊ үчүн,

Рыспайдай коӊур үнүӊ ыроологон.

Мени күтүп тургандырсыӊ жайдарым,

Айткыӊ келип маянаӊды алганыӊ.

Тургандырсыӊ көк көйнөгүӊ көп кыздарды каратып,

Колуӊдагы портфелиӊ да бир өзүӊө жарашып.


Отуралбай иш ордумда тынч алып,

Ичим күйөт денем муздап сызданып.

Балким кетти бирге иштеген кыз менен,

Колтукташып сыр бербестен уурданып.


Калп айта бер мен ишене беремин,

Бул жашоого өзүӊ үчүн келгемин.

Кайда жүрсөӊ аман болсоӊ болгону,

Турмушуӊда тийсе болду керегим.


Катар-катар тоскоолдорго карабай,

Кайда болсо келет сени менен агылгым.

Сага деген махабатым өмүр бою тарабай,

Өмүр күнүн бирге сүрүп, бирге келет карыгым.


Ыраазымын тирүүлүктө дүйнөгө,

Сүйгөнүмдү ар бир күнү көргөнгө.


Болсун дайым түгөнбөгөн ууз сүйүү,

Сүйө билсин жашап жүрсө ким тирүү.


Жаштык сүйүүм,

Кайра кайтып келгендей.

Жалындатып,

Жашоомо дем бергендей,

Ошондогу талаа жыты буркурап,

Ошондогу жазгы шамал келгендей,

Коюнумду кытыгылап каткырат.


Кайрыламын,

Ошол сүйүү саптарга.

Кайрыламын,

Ошол жаштык чактарга.

Кармап калып,

Ошол сүйүү саптардан.

bannerbanner